Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-октябры № 503
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкери Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдары болуп тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 503 токтомуна тиркеме |
1. Эшеналиева Назгуль Арстановна.
2. Буребеков Улукбек Баитович.
3. Субанкулов Данияр Рысбекович.
4. Жээнкулов Асранкул Назаркулович.
5. Мамизаир уулу Руслан.
6. Мураталиев Таалайбек Айтмырзаевич.
7. Талантбек уулу Адилет.
8. Саттаров Мавлянкул Камчиевич.
9. Ажыбеков Мээрбек Капалбекович.