Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-октябры № 504
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин ишенимдүү адамдарын чакыртып алуу жөнүндө
2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Т.А.Сариевден өзүнүн ишенимдүү адамдарын чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 7, 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин ишенимдүү адамдары болуп катталган жарандар тиркемеге ылайык чакыртып алынсын.
2. Т.А.Сариевдин ишенимдүү адамдары болуп катталган жарандарга берилген ырастамалар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 504 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин чакыртып алынган ишенимдүү адамдарынын ТИЗМЕСИ
1. Орозобаев Айбек Муктарович, ырастама № 32.
2. Абакиров Жоломан Шайлообекович, ырастама № 33.
3. Дуйшоев Кубанычбек Асангазиевич, ырастама № 35.
4. Жунушов Мэлс Жолдошович, ырастама № 40.
5. Калбаев Талантбек Сагындыкович, ырастама № 41.