Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-сентябры № 440
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Сымап камтыган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;
2) 13-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти