Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 413
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча так чараларды көрүшсүн;
- Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турсун.
4. Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 74 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Пландалган натыйжа/продукт | Жооптуу органдар | |
ИШКЕРДИК ЧӨЙРӨНҮ ЖАКШЫРТУУ | ||||||
Ишкердикти колдоо жана бизнести өнүктүрүү | ||||||
| Бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | Текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттерди (айрым бир критерийлерге жооп берген) текшерүүсүнө 2 жылга мораторий киргизүү | 25-ноябрь | Өкмөттүн чечими менен ишкердик субъекттерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынды. Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | ЭМ | |
Бизнестик омбудсмен институтун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Ишкер субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын ишин баштоо үчүн укуктук база түзүлдү (бизнес-омбудсмен) | ЭМ | |||
«Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу | 15-ноябрь | Энтамга басуу жана апробациялоо бөлүгүндө баалуу металлдар рыногу монополиядан чыгарылды, Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн энтамгаларын таануу | ФМ | |||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 «Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 10-ноябрь | Республиканын зергер тармагынын ишканаларын сырье менен камсыздоо маселесин жарым-жартылай чечүү максатында жеке чайкоочулардан сатып алынган кум түрүндөгү алтынды милдеттүү аффинаждоо жөнүндө ченемдер жокко чыгарылды | ФМ | |||
Бизнес-долбоорлорду даярдоо фондун түзүү | 20-ноябрь | Эл аралык фонддордон чакан жана орто ишканалар тарабынан насыяларды алуу үчүн бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча инструменттер иштелип чыкты | ЭМ, Инвестиция агенттиги | |||
Көйгөйлүү маселелер боюнча бизнес менен өз ара аракеттенүү үчүн онлайн платформаны түзүү | 30-октябрь | Онлайн платформа ишке кирди, бизнестин көйгөйлөрү ыкчам чечилүүдө | ЭМ | |||
Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү маселесин иштеп чыгуу | 25-октябрь | ИТБнын иши боюнча Концептуалдуу көз караш аныкталды | ЭМ | |||
| Лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу | «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 30-ноябрь | Лицензиялык-уруксат берүү документтерин оптималдаштырууга/ кыскартууга жана электрондук лицензия киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды | ЭМ, лицензиар органдар | |
| Юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоо системасын пилоттук режимде киргизүү | Юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоону тесттик режимде киргизүү | 15-ноябрь | Юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоонун мөөнөттөрү кыскарды, коррупциялык көрүнүштөр тобокелдиги азайды | ЮМ, МТБМК, Улутстатком (макулдашуу боюнча) , Соцфонд, МСК | |
| Соода-рыноктук комплекстердин аймагында жайгашкан соода түйүндөрүн милдеттүү камсыздандыруу механизмин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Соода-рыноктук комплекстердин аймагында жайгашкан соода түйүндөрүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу | 10-ноябрь | Соода-рыноктук комплекстердин аймагында жайгашкан соода түйүндөрүн милдеттүү камсыздандырууну караган мыйзам долбоору жактырылды | Финкөзөмөл | |
Инвестицияларды тартуу жана МЖӨнү өнүктүрүү | ||||||
| «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде өлкөнүн позициясын жакшыртуу | «Энергия менен жабдуу системасына кошулуу» индикатору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу чараларын көрүү | 30-ноябрь | Энергия менен жабдуу системасына кошулуу боюнча жол-жоболордун саны жана мөөнөттөрү кыскарды | ОЭЖМК, Экотехинспекция, ОЭКМА, «УЭХК» ААК (макулдашуу боюнча) | |
«Контракттардын аткарылышын камсыздоо» индикатору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу чараларын көрүү | 30-ноябрь | Контракттарды аткарууну бузуу үчүн санкциялар күчөтүлдү | ЮМ | |||
Региондор үчүн Doing Business рейтингинин улуттук аналогун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Региондордо ишкердик жүргүзүүнү баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн индикаторлор иштелип чыкты | ЭМ | |||
| Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартууну өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү | Инвестициялык фонддордун ишинин натыйжалуулугу үчүн шарттарды түзүү | 30-ноябрь | Тышкы жана ички инвесторлорду тартуу аркылуу инвестициялык фонддордун рыногун жандандырууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды | Финкөзөмөл | |
| Инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын координациялоо | Инвестициялык лотторду түзүү үчүн укуктук база түзүү | 1-ноябрь | Кыргыз Республикасында инвестициялык лоттор жөнүндө жобо бекитилди | ЭМ, Инвестиция агенттиги | |
Инвестициялык лоттордун тизмегин түзүү | 15-ноябрь | Инвестициялык долбоорлорду «ачкычка берүү» даярдалды. Инвестициялык лотторду ишке киргизүү үчүн 20 өсүү-түйүн шаарында жер участоктору аныкталды | Инвестиция агенттиги | |||
Инвесторлор үчүн «Бирдиктүү терезени» ишке киргизүү | 20-ноябрь | Инвестиция агенттигинин базасында долбоорлорду ишке киргизүүдө инвесторлорлор менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана инвесторлор үчүн долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон маалыматтык-консультациялык көмөктөшүү платформасы түзүлдү | Инвестиция агенттиги | |||
| Инвестицияларды тартуу үчүн МЖӨ механизмин киргизүү
| МЖӨ борборун түзүү | 25-ноябрь | Өлкөнүн экономикасына жеке инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мамлекет менен бизнестин ортосундагы өнөктөштүк шарттарын түзүү боюнча органды уюштуруу көз карашы аныкталды | ЭМ | |
МЖӨ механизмдерин колдонуу менен долбоорлорду ишке киргизүү | 20-октябрь | МЖӨ механизмин колдонуу менен 5 инфратүзүмдүк долбоордун ТЭНи даярдалды | Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТЖМ, МБК, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | |||
| Ипотекалык кредиттөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү | Мамлекеттик турак жай-аманат кредиттик компаниясын түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | 30-октябрь | «Турак жай-аманат кредиттик компания жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылды. Ипотекалык кредиттөөнүн жаңы механизмдери киргизилди | ЭМ, «МИК» ААК (макулдашуу боюнча) | |
Тышкы экономикалык иштер жана экспортту өнүктүрүү | ||||||
| Мамлекеттин экономикалык артыкчылыктарын илгерилетүү | Европанын рынокторуна чыгуу үчүн ВСП+ статусун пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу | 20-октябрь | Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды ЕБнин рыногуна чыгаруу боюнча Иш-аракеттер планы бекитилди. ЕБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 60 млн АКШ долларына чейин көбөйдү | Инвестиция агенттиги, ЭМ | |
Экспортту өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | 15-ноябрь | Эң чоң экспорттук дарамети бар 4 сектор аныкталды (тигүү тармагы, кайра иштетилген мөмө-жемиш азыктары, сүт тармагы, жашыл жана инновациялык прибор куруу) | ЭМ, кызыкдар мамлекеттик органдар | |||
ТИМдин мүмкүндүктөрүн колдонуу менен максаттуу рыноктордо (Индия, КЭР, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр, Персия булуңу өлкөлөрү) ата мекендик продукцияны илгерилетүү | 20-ноябрь | КЭР, Иран, Россия, Борбордук Азия өлкөлөрүнө, БАЭ, Катарга товарларды экспорттоонун көлөмү көбөйдү | Инвестиция агенттиги, ТИМ, ЭМ | |||
ЕАЭБдин электрондук фитосанитардык сертификациялоо системасы аркылуу электрондук фитосанитардык сертификаттарды алмашуу системасын киргизүү | 15-декабрь | Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өткөн карантиндик продукцияларды көзөмөлдөө камсыздалды | Ветфитосан-инспекция, АЧТММ | |||
Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо долбоорун ишке ашырууну улантуу | 20-октябрь | Экспортко багытталган ишканаларды колдоого 100,0 млн сом бөлүндү | ЭМ, ФМ, Инвестиция агенттиги, АЧТММ, ӨЭЖМК | |||
Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча 2018-2023-жылдарга карата программанын долбоорун иштеп чыгуу
| 15-ноябрь | Айыл чарба продукцияларынын соода-логистикалык борборлорунун жайгашкан жери жана өндүрүштүк кубаттуулугу, саны аныкталды | АЧТММ, ЭМ, ӨЭЖМК, КРӨ облустардагы өкүлдөрү | |||
| Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерин автоматташтырыл-ган маалымат тутумуна кошуу | Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерин автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизүү: - «Паспорт», «ЖААК», «Жарандык»; - «Консулдук эсеп» | 30-ноябрь | Өлкөнүн тышында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырды | ТИМ, Мамкаттоо, ФМ | |
| Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспортун илгерилетүү (медицина)
| Медициналык жождордо клиникалык базаларды ачуу үчүн мүмкүндүктөрүн түзүү | 30-октябрь | Медициналык жождор тарабынан билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспортун өнүктүрүү боюнча план иштелип чыкты | БИМ, Саламатсакмин, ТИМ | |
Фискалдык саясат | ||||||
| Салык системасынын жана салыктык башкаруунун негизги ыкмаларын кайра карап чыгуу | 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын программасынын долбоорун даярдоо | 10-ноябрь | 3 жылга фискалдык саясат боюнча негизги иш-чаралар аныкталды | ЭМ, МСК, ФМ | |
Салык төлөөчүлөрдүн каржылык жана убактылуу чыгымдарын кыскартуу | 30-ноябрь | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча социалдык төгүмдөрдү башкаруу функцияларын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү аяктады | МСК, Соцфонд | |||
Региондорду өнүктүрүүгө дем берүү максатында 2019-жылдан баштап этап менен жогорулатуу тарабына жергиликтүү бюджетке киреше салыгын чегерүү ченемдерин кайра карап чыгуу | 30-ноябрь | ЖӨБО өнүктүрүүнүн каржылык-экономикалык негиздери бекемделди | ФМ, МСК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ облустардагы өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү | 10-ноябрь | Электрондук эсеп-фактураларын колдонуу, электрондук патентти берүү, товарларды маркировкалоо, электрондук документ түрүндө салык отчетторун берүү тартиби аныкталды | ЭМ, МСК, МТБМК, МБК | |||
Республиканын бүткүл аймагында электрондук патент берүү механизмин ишке киргизүү | 1-октябрь | Патенттерди сатып алуу механизми жөнөкөйлөтүлдү. Коррупциялык көрүнүштөр үчүн байланыштар жана мүмкүнчүлүктөр минималдаштырылды | МСК | |||
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына алып кирүүдө (импорттоодо) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын ишке киргизүү: - «Чоң-Капка авто жолу», «Чалдыбар авто жолу», «Ак-Тилек авто жолу»; - «Ак-Жол авто жолу»; - транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун станционардык пункттарын куруу (көчүрүү, кайра профилдөө) боюнча иштерди жүргүзүү |
20-сентябрь
10-октябрь 20-декабрь | ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарлар импорттолгондо салыктарды эсепке алууну башкаруу жакшырды | МСК, ФМ, ТЖМ, Мамкаттоо, Курулуш агенттиги, ӨКМ, Чүй жана Талас облустарынын ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
Кирешелерди/капиталды легалдаштыруу (мунапыс) боюнча кампанияны өткөрүү | 20-ноябрь | Салык алымдарынын базасы кеңейди жана капиталды көмүскө жүгүртүү көлөмү кыскарды | ЭМ, ФМ, ЮМ, МСК, МБК, УКМК, Финчалгын | |||
Канаттуулар фабрикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 20-ноябрь | Айыл чарба канаттууларын өндүрүүчүлөр тарабынан төлөнгөн импорттолгон тоюттарга КНСтин ордун толтуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылды | ЭМ, АЧТММ | |||
| Бажы иши чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине шайкеш келтирүү | «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүү | 20-ноябрь | Бажы иштери чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык жөнгө салынды | ЭМ, МБК | |
«Кыргыз Республикасындагы бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүү | 20-ноябрь | Кыргыз Республикасындагы бажы тарифи ЕАЭБдин Бажы кодексине шайкеш келтирилди, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар сыяктуу өзгөчө алымдар күчүн жоготту деп таанылды, тарифтик жеңилдиктерди берүү учурлары аныкталды | ЭМ, МБК | |||
| Бажылык операциялардын ачыктыгын жогорулатуу (бажы постторунда күнү-түнү онлайн видеобайкоону этабы менен киргизүү) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратына онлайн режимде маалыматтарды берүү мүмкүндүгүн түзүү максатында финансылык каражаттардын муктаждыгын аныктоо жана эсептөө үчүн бажылык тариздөө жерлеринде жана өткөрүү пункттарында болгон инфратүзүмдөрдү жана техникалык видеофиксация каражаттарын (байланыш каналдары, маалыматтарды сактоо жана аларга мониторинг жүргүзүү үчүн жабдыктар) инвентаризациялоо | 10-ноябрь | Өткөрүү пункттарында жана бажылык тариздөө жерлеринде күнү-түнү онлайн видеобайкоону ишке киргизүүнүн биринчи этабы аяктады | МБК | |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин кайра карап чыгуу | 20-декабрь | Бажы чек арасы аркылуу товарларларды алып өтүүдө убактылуу чыгымдар кыскарды | МБК | |||
| «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык ишке катышуучулардын жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | Тышкы экономикалык ишти «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүү үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо
| 20-ноябрь | Жобо бекитилди, экспорттук жана импорттук лицензияларды жарым-жартылай электрондук форматта берүү башталды | ЭМ | |
Мамлекеттик финансыларды башкаруу | ||||||
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоону киргизүү | Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун иштиктүү баалоо үчүн шарт түзүү | 20-ноябрь | Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоону жөнгө салган ченемдик укуктук актынын долбоору кабыл алынды | ФМ | |
| Экономикалык изилдөөлөр жаатында илимий базаны калыбына келтирүү | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында илимий мекемени/ институтту түзүү боюнча маселени иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Фискалдык саясат жана экономика жаатында колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн илимий мекемени/ институтту түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды | ЭМ, ФМ | |
| Мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу | Мамлекеттик сатып алуулардын чөйрөсүндө реформа жүргүзүү: - электрондук каталогду киргизүү; - «Мамлекттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарийлерди иштеп чыгуу; - мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталында «Эки этаптуу метод» электрондук модулун киргизүү | 30-ноябрь | Анча чоң эмес сумма боюнча түзүлүүчү келишимдерге электрондук ыкма менен кол коюу жана келишимдерди аткаруу этабын жарыялоо үчүн деталдарды генерациялоо, бааларды автоматтык түрдө салыштыруу, билдирмелерди/сунуштарды жана талаптарды даярдоонун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү | ФМ | |
| Кепилдик фонддорун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө бөлүгүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталган мыйзам долбоору жактырылды, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн банк насыяларынын жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана кепилдик фонддорунун корпоративдик башкаруусун, каржылык абалын жакшыртууга багытталган ченемдер киргизилет | ЭМ, макулдашуу боюнча: Улуттук банк, «Кепилдик фонду» ААК | |
«Кепилдик фонд» ААКны капиталдаштыруу | 20-декабрь | «Кепилдик фонд» ААК 300 млн сомго капиталдаштырылды. 500,0 млн сомго кепилдиктер берилди | ЭМ, макулдашуу боюнча: Улуттук банк, «Кепилдик фонду» ААК | |||
Мамлекеттик мүлктү башкаруу | ||||||
| Мамлекеттик активдерди системалуу жана натыйжалуу башкарууну ишке киргизүү | Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти 2018-2020-жылдарда менчиктештирүү программасынын долбоорун жактыруу | 30-сентябрь | Менчиктештирилүүгө тийиш болгон объекттер, 100% акциясын сактоо менен чарбалык коомдорго өзгөртүлүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишканалар, ошондой эле кийин мамлекеттик акциялардын пакети менчиктештириле турган объекттер аныкталды | ЭМ | |
Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү | 20-ноябрь | Мамлекеттик ишканалардын финансы-чарбалык ишин контролдоону күчөтүү максатында алардын башкаруу органдарын түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү маселелерин регламенттеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды | ЭМ | |||
Натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу | 15-ноябрь | Натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды. Республикалык бюджеттен дотациялар кыскарды | ЭМ | |||
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн жол-жоболорун автоматташтыруу | 15-ноябрь | Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн электрондук соода аянтчалары ишке киргизилди | ММБФ, МТБМК | |||
| Мамлекеттик жана муниципалдык менчик тууралуу маалыматты эркин пайдаланууну камсыздоо | Мамлекеттик мүлктү тескөө процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо | 30-ноябрь | «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган системасы толук кандуу иштейт | МТБМК, ММБФ
| |
Муниципалдык жерлерди ижарага берүүнүн жол-жоболору автоматташтырылды | 20-ноябрь | Бишкек шаарынын муниципалдык жерлерин ижарага берүүнүн электрондук системасы ишке киргизилди | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | |||
2 | Ишенимдүү башкарууну ишке киргизүү | Мамлекеттик компанияларда корпоративдик башкаруунун эң мыкты практикаларын, иштин конкреттүү натыйжаларына, иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнө (KPI) байланыштыруу менен башкаруу органдарынын мамлекеттик өкүлдөрүнө жоопкерчилик жана мотивациялоо системасын киргизүү | 1-октябрь | Жыл сайын 10-майга чейин ММБФ ведомстволук сайтында төмөнкүлөрдү жайгаштыруу камсыздалат: - мамлекеттин үлүшү бар ААКнын жана МИнин акыркы 5 жылдагы ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматты, алардын жетекчилеринин (анын ичинде директорлор кеңешинин жана ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрү) тизмеси менен; - мамлекеттин үлүшү бар ААКнын жана МИнин мыйзамдарды бузуу жана башка терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган, натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө жол берген жетекчилеринин тизмеси | ММБФ | |
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга инвестицияларды тартууну активдештирүү | 15-ноябрь | МЖӨ долбоорлору үчүн ишенимдүү башкарууга берилген мамлекеттик объектилердин тизмесин түзүү | ММБФ, ЭМ | |||
РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ | ||||||
| Региондорду өнүктүрүү боюнча системалуу чараларды ишке ашыруу | Административдик-аймактык түзүлүштү оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик-аймактык башкарууну реформалоо боюнча сунуштар киргизилди | ЖӨБ жана этностор агенттиги, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, КРӨ облустардагы өкүлдөрү, УСИИ | |
Ар бир облустун адистешүүсү боюнча мастер-планды иштеп чыгуу | 1-октябрь | Кластердик долбоорлорду түзүү боюнча мастер-пландар даярдалды: - айыл чарба кластери; - туристтик кластер; - тигүү кластери | ЭМ, АЧТММ, ММТМ, ОЭЖМК, КРӨ облустардагы өкүлдөрү, бизнес ассоциациялар жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
Курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын эске алуу менен республиканын региондорунда билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерине иш жүзүндөгү муктаждыкты аныктоо (аймактын башкы планы, калктын саны ж.б.) | 10-декабрь | Региондордо курулуштардын тизмеги түзүлдү | БИМ, ССМ, Курулуш агенттиги, КРӨ облустардагы өкүлдөрү | |||
Социалдык-маданий багыттагы 150 объектини (мектептер, ооруканалар, суу менен жабдуу объектилери) капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана курулуш иштерин аяктоо | 20-декабрь | Республиканын региондорунун калктуу конуштарындагы инфратүзүмдөр жакшырды | Курулуш агенттиги | |||
Өсүү түйүндөрү катары тандалган шаарларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо | 1-ноябрь | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 20 шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программалары киргизилди | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЭМ, КРӨ облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБ жана этностор агенттиги | |||
Өсүү түйүндөрүн - шаарларды региондук жана эл аралык транспорттук коридорлор менен бириктирүүчү жолдорду реабилитациялоо жана куруу боюнча картаны иштеп чыгуу | 15-ноябрь | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жолдорду реабилитациялоо жана куруу боюнча карта киргизилди | ТЖМ, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), КРӨ облустардагы өкүлдөрү, ЭМ | |||
«Нарын» ЭЭА өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү | 25-сентябрь | Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык соода-логистика комплексин куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды | ЭМ | |||
Куру-Тегерек кенинде алтын камтыган концентратты чыгаруу боюнча «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуу фабрикасын пайдаланууга берүүнү камсыздоо | 10-декабрь | Жаңы жумуш орундары түзүлдү (500дөн ашык); салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөр камсыздалды | ӨЭЖМК, Экотехинспек-ция, Курулуш агенттиги, Инвестиция агенттиги, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | |||
«Кыргызалтын» ААКнын филиалы «Макмал алтындын» базасында инвестицияларды тартуу боюнча конкурс өткөрүү | 30-ноябрь | Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Кыргызалтын» ААК филиалынын иши жандандырылды | «Кыргызалтын» ААК (макулдашуу боюнча), ММБФ, ӨЭЖМК | |||
Региондордо инвестицияларды жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештердин ишин активдештирүү | 20-ноябрь | Жер-жерлерде бизнестин көйгөйлөрү ыкчам чечилүүдө | ЭМ, Бизнести жана инвестиция-ларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы | |||
Нарын облусунун Ат-Башы айылында, Чүй облусунун Сокулук районунда калкты тейлөө борборлорун жаңы форматта ачуу | 20-ноябрь | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө калктын жеткиликтүүлүгү камсыздалды: Сокулук районунда күнүнө 400 кишиге чейин тейлөө жүргүзүлөт; Ат-Башы айылында- 150 кишиге чейин | Мамкаттоо | |||
| Калктын коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын курууну жана реабилитациялоону камсыздоо | 30-ноябрь | 45ден кем эмес айылдар ичүүчү таза суу менен камсыздалды | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ | |
Жалал-Абад (I фаза), Талас, Бишкек (I фаза), Ош (I фаза) шаарларында ичүүчү суу жана канализация системаларын курууну жана реабилитациялоону камсыз кылуу | 30-ноябрь | Шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу жана саркындыларды чыгаруу системаларына туруктуу жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды | Курулуш агенттиги, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | |||
ЭКОНОМИКАНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ТАРМАКТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ | ||||||
Агроөнөр жай комплекси | ||||||
| Орто жана ири тамак-аш кайра иштетүү комплекстерин түзүү, товар рынокторунда логистиканы өнүктүрүү | Орто жана ири тамак-аш кайра иштетүү комплекстерин түзүүгө көмөктөшүү | 20-декабрь | Төмөнкү облустарда тамак-аш кайра иштетүү ишканалары ишке киргизилди: Баткенде - 2; Жалал-Абадда - 3; Ошто - 5; Ысык-Көлдө - 2; Нарында - 1 | АЧТММ, КРӨ облустардагы өкүлдөрү | |
| Өндүрүлүүчү айыл чарба продукциясынын чектелген номенклатурасы боюнча региондордун адистигин аныктоо | Айыл чарба продукциясын өндүрүүдө региондордун адистиги боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 20-октябрь | Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары аныкталды, айыл чарба продукциясын өндүрүүдө региондордун адистиги боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | АЧТММ | |
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору боюнча каржылоо принциптерин кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү | 20-октябрь | «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүдө кластердик каржылоо принциптери аныкталды | АЧТММ, ФМ, ЭМ | |||
| Экологиялык таза жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү камсыз кылуу | «Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну илгерилетүү | 30-ноябрь | Органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн, аны сертификациялоо, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери аныкталды | АЧТММ | |
Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | 15-ноябрь | Өлкөнүн экосистемасын жана ар түрдүү балык булактарын жана биологиялык тең салмактуулукту сактоо, табигый көлмөлөрдөгү балыктардын сырьелук базасын сапаттуу жакшыртуу жана калыбына келтирүү, аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү боюнча комплекстүү милдеттер жана иш-чаралар бекитилди | АЧТММ | |||
Экологиялык таза жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү регламенттөө | 20-ноябрь | ИСО, ХAССП жана ЕАЭБ ТР стандарттарына шайкеш келген «кыргыз эти»; «кыргыз сүтү»; «кыргыз алмасы» экологиялык таза жана органикалык продукцияга улуттук бренддин стандарттары иштелип чыкты | АЧТММ | |||
| МЖӨ механизмин колдонуу менен айыл чарбаны өнүктүрүүдө жогорку технологиялуулук-ту камсыздоо | Агротехникалык тейлөөнүн региондук борборлорун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 20-ноябрь | Агротехникалык тейлөөнүн 20 региондук борборлору ачылды | АЧТММ, КРӨ облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
| Ирригациялык инфратүзүмдү куруунун жана реабилитациялоо-нун эсебинен сугат жерлеринин аянтын көбөйтүү | Жаңы сугат жерлерин киргизүү үчүн ирригациялык курулмаларда долбоордук жана курулуш иштеринин комплексин жүргүзүү | 1-ноябрь | 239 га жаңы сугат жерлери колдонууга берилди жана 2300 га аянтта жерлердин суу менен камсыздалышы жогорулатылды | АЧТММ, ФМ | |
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин комплексин жүргүзүү | 1-ноябрь | Оңдолду: - 458 км каналдар; - 860 бирдик негизги суу менен камсыздоо жана гидротехникалык курулмалар | АЧТММ, ФМ | |||
Жерлерди мелиоративдик жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү | 1-ноябрь | 4700 га аянттагы сугат жерлеринин мелиоративдык абалы жакшырды | АЧТММ, ФМ | |||
Ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо боюнча долбоордук жана реабилитациялык иштердин комплексин жүргүзүү | 1-ноябрь | 30000 га аянттагы ирригациялык инфратүзүмдөргө реабилитациялоо жана модернизациялоо жүргүзүлдү | АЧТММ, ФМ | |||
Өнөр жай | ||||||
| Текстиль, булгаары өнөр жайынын жаңы ишканаларын ишке киргизүүнү камсыз кылуу | «Технополис» түзүү боюнча инвестициялык долбоорду илгерилетүүгө жана РКӨФтөн, ЕРӨБдөн жана башка финансылык институттардан кредиттик каражаттарды алууга колдоо көрсөтүү | 30-ноябрь | 3 млн АКШ доллар суммасында каржылоо камсыздалды | ӨЭЖМК, макулдашуу боюнча: «Легпром» ассоциациясы, РКӨФ | |
Ош шаарында «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын инвестициялык долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү | 20-ноябрь | Ош шаарында өнөр жай паркын курууга уруксат берүүчү документтер алынды | Курулуш агенттиги, ӨЭЖМК, Ош ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | |||
Текстиль, булгаары өнөр жай ишканаларын уюштуруу боюнча «Silk Way» индустриалдык паркынын курулуш долбоорун ишке киргизүү | 20-ноябрь | Индустриалдык паркты курууга жер участогу трансформацияланды | ЮМ, Мамкатоо, КРӨ Чүй облусундагы өкүлү, ӨЭЖМК, Инвестиция агенттиги | |||
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн адистештирилген бут кийимди жана жумушка кийүүчү адистештирилген бут кийимди чыгаруу үчүн «Империал групп» ЖЧКга өндүрүштү кеңейтүүгө жана кошумча жабдууларды сатып алууга көмөк көрсөтүү | 30-ноябрь | Аскердик жана жумушка кийүүчү бут кийимди чыгаруу боюнча линия ишке киргизилди жана маморгандар менен контракттар түзүлдү | ӨЭЖМК, Инвестиция агенттиги, РКӨФ (макулдашуу боюнча), ӨКМ, ИИМ, Коргоо комитети | |||
| Ишканаларды финансылык колдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-июнундагы № 114 «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууда жеңилдетилген салык салынуучу өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүн аныктоо | 30-ноябрь | Региондордо өнөр жай ишканаларын ачуу үчүн шарттар түзүлдү | ЭМ, МСК, АЧТММ, ӨЭЖМК, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор | |
Ата мекендик ишканалар өндүргөн продукцияны бир булактан сатып алууну караштырган ченемди киргизүү | 10-октябрь | Ата мекендик ишканаларды финансылык колдоо максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди | ЭМ, ФМ, ӨЭЖМК | |||
Туризм | ||||||
| Негизги салттуу жана потенциалдуу туристтик рыноктордо Кыргызстандын туризм өлкөсү катары таанылышын жогорулатуу | «Электрондук виза» системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү | 20-ноябрь | Виза берүү автоматташтырылды | ТИМ, УКМК, ИИМ, МЧК, Миграция кызматы | |
Кыргыз Республикасынын ишкерлерине КЭРге виза алууну жөнөкөйлөтүү маселесин иштеп чыгуу | 1-октябрь | Инвестиция агенттигинин сунуштамасы боюнча (штрих коду жок эле) КЭРге Кыргыз Республикасынын ишкерлери тарабынан КЭР ыйгарым укуктуу органдарынын чакыруусуз виза алуу иш-аракеттер алгоритми киргизилди | ТИМ, Инвестиция агенттиги | |||
| Туризмди өнүктүрүү үчүн натыйжалуу институттук негизди түзүү | Туризм боюнча өз алдынча институт түзүү | 30-октябрь | Туризм чөйрөсүндө өз алдынча мамлекеттик орган түзүлдү | ММТМ | |
Туристтик рынокто Кыргыз Республикасынын имиджин түзүү жана Кыргызстандын туристтик брендинин таанымалдуулугун жогорулатуу | 20-декабрь | Туризм боюнча коммуникациялык стратегияга бюджет көбөйдү | ФМ, ММТМ | |||
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жана туристтик уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу инструменттерин иштеп чыгуу | 20-декабрь | Туризм жана сервистик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү стандарттар бекитилди | ММТМ, БИМ, туристтик ассоциациялар, Тоо гиддеринин ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | |||
| Өлкөгө туристтерди кабыл алуунун жана жайгаштыруунун, алардын коопсуздугун камсыз кылуунун базалык инфратүзүмүн өнүктүрүү | Ар бир облустун өзгөчөлүгүн жана болгон туристтик потенциалын эске алуу менен өлкөнүн региондорунда туризмди активдүү өнүктүрүү | 30-ноябрь | Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда кемпинг борборун куруу долбоору иштелип чыкты, каржылоо булактары жана курулуш оруну аныкталды | ММТМ, ТЖМ, ФМ, Курулуш агенттиги, ЖМА | |
Өлкөдө туристтердин жүрүү жана кабыл алуу коопсуздугун камсыздоо | 30-ноябрь | Туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралардын комплекси бекитилди | ИИМ, ММТМ, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор | |||
Курулуш | ||||||
| Курулуш боюнча талаптарды кайра карап чыгуу | Мамлекеттик органдар жана курулуш уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттар түзүлдү | 20-декабрь | Бир айдын ичинде курулушка уруксат берүү жана ар кандай ресурстун түрлөрү боюнча объектилерге коммуникацияларды кошуу процессине тартылган бардык мамлекеттик органдарды бир жерге жайгаштыруу менен «Бирдиктүү терезе» киргизилди (1-этап Бишкек шаарында)
| Курулуш агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | |
Курулуш ченемдерин жана эрежелерин актуалдаштыруу | 20-декабрь | ЕАЭБдин стандарттарына интеграциялоо бөлүгүнө 22 курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланды, экологиялуулугуна, энергияны үнөмдөөгө, имараттардын жана курулуштардын коопсуздугуна карата талаптар кайра каралып чыкты | Курулуш агенттиги | |||
| Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн турак жай курууну камсыздоо | Эксплуатацияга берүү: - 2029 а/б аскер кызматчылары үчүн 24 батирлүү турак үйдү; - 2030 а/б аскер кызматчылары үчүн 24 батирлүү турак үйдү | 20-ноябрь | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кызматын уюштуруу жана аны өтөө үчүн шарттар түзүлдү
| МЧК | |
Жол-транспорт сектору | ||||||
| Автомобиль жолдорунун, жасалма курулмалардын тармактарын сактоо | Асфальт бетон катмарын төшөө менен автожолго капиталдык оңдоо жүргүзүү жана жолдун бодурлуу катмарын каптоо менен эскирген катмарын калыбына келтирүү | 20-ноябрь | 180 км асфальт бетон катмарын төшөө аяктады. 110 км бодурлуу катмарын каптоо аяктады | ТЖМ | |
Кара шагыл жана шагыл төшөө | 30-ноябрь | 10 км кара шагыл төшөө аяктады. 97 км шагыл төшөө аяктады | ТЖМ | |||
10 көпүрөнү куруу | 30-ноябрь | 10 көпүрөнүн курулушу аяктады | ТЖМ | |||
Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоону улантуу | 30-ноябрь | 25 км асфальт бетон катмарын төшөө аяктады | ТЖМ | |||
| Эл аралык автотранспорт коридорлорунун транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыздоо, кыймылдын шарттарын жакшыртуу жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу | «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу» долбоору: - 1-фаза, Кызыл-Жылдыз а. - Арал а. участогу (183-195 км), Казарман а. - Жалал-Абад ш. (291-433 км); - 2-фаза (Арал а. - Казарман а. участогу (км 195-291) | 30-ноябрь | 25 км асфальт бетон катмарын төшөө аяктады (өздөштүрүү- 13%). 12 км асфальт бетон катмарын төшөө аяктады (өздөштүрүү - 14%) | ТЖМ | |
БАРЭК 3коридорун өркүндөтүү боюнча долбоор (Бишкек-Ош автожолу), 4-фаза (Бишкек – Кара-Балта участогу) | 30-ноябрь | 6 км асфальт бетон катмарын төшөө аяктады (өздөштүрүү - 15%) | ТЖМ | |||
«Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоору, 4-фаза» (Маданият – Жалал-Абад участогу) | 30-ноябрь | Подрядчы аныкталды, курулуш иштери үчүн техниканы мобилизациялоо башталды | ТЖМ | |||
Бириктирүү жолунун долбоору, БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 коридорлору (89 км – 159 км Кочкор – Эпкин участоктору), (Түндүк-Түштүк, 3-фаза) | 30-ноябрь | Консультант жана подрядчы аныкталды, курулуш иштери үчүн техниканы мобилизациялоо башталды | ТЖМ | |||
| Ош-Баткен-Исфана-Кожент жол коридорунун участокторун реабилитациялоо-ну караштырган «Борбордук Азия жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын биринчи фазасы (БА ЖКЖП-3)» долбоорунун алкагында курулуш иштерин аяктоо | Жалпы узундугу 56 км Исфана-Кайрагач, Баткен – Кызыл-Бел, Баткен-Төрткүл жол участокторун реабилитациялоону аяктоо | 30-ноябрь | Исфана-Кайрагач, Баткен – Кызыл-Бел, Баткен-Төрткүл участокторунда автомобиль жолдоруна эки катмарлуу асфальт-бетон төшөө аяктады жана зарыл болгон ыңгайлаштыруу иштери жүргүзүлдү (жол сызык белгилери, белгилер ж.б.) | ТЖМ | |
| Эл аралык автотранспорт коридорлорунун транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, кыймылдын шарттарын жакшыртуу жана коопсуздук деңгээлин жогорулатууну камсыздоо | Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу, 159-183 км, 3-фаза, (Дыйкан айылы-Кызыл-Жылдыз айылы) | 30-ноябрь | Подрядчы компанияны тандоо аяктады, жол курулуш иштери үчүн техниканы мобилизациялоо башталды | ТЖМ | |
Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо, 75-108 км (Караван айылы - Көк-Талаа айылы) | 30-ноябрь | 10 км жолго асфальт-бетон төшөө (өздөштүрүү - 30%) | ||||
Республиканын түштүгүндөгү 3 салмак габариттик контролдоо пункттарында салмак габариттик контролдоонун динамикалык системасын орнотуу | 30-ноябрь | Төмөнкү участоктордо СГКДС орнотулду: - Кок-Талаа (Ош - Баткен - Исфана жолунун 93 км); - Каратай (Ош - Сары-Таш - Иркештам жолунун 22 км) - Жаңы-Арык (Бишкек - Ош автожолунун 629 км) ПУДПС ЦА-1.1 алкагында) | ТЖМ | |||
| Аэронавигациялык жана метеорологиялык жабдууну модернизациялоо, учуулардын коопсуздугун камсыздоого жана ИКАО жаңы стандарттарын киргизүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга багытталган келечектүү техникалык каражаттарга жана CNS/ATM технологияларына өтүү | Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде зоналык навигациянын каттамдарын, ошондой эле PBN мүнөздөмөлөрүнө негизделген навигацияны киргизүү: - «Ош» эл аралык аэропортунун районунда; - Тажикстан Республикасы менен | 30-ноябрь | Учуулардын коопсуздугу жогорулатылды, ИКАО заманбап стандарттары киргизилди. Аба кыймылын тейлөөнүн жана аэронавигациялык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты дүйнөлүк стандарттардын деңгээлине чейин жакшыртылды. Базалык жылга салыштырмалуу аба кемелеринин агымы жана аларды тейлөө 10 %га жогорулатылды (региондо стабилдүүлүк сакталганда) | ТЖМ, «Кыргызаэронавигация» МИ (макулдашуу боюнча) | |
Байланыш линияларын модернизациялоо жана «Манас» аэропортунда колдонуудагы байланыш линияларын БОБЛ менен алмаштыруу - 12км | 30-ноябрь | |||||
«Ош» эл аралык аэропортунун районунда көп позициялуу байкоо системасын орнотуу | 30-ноябрь | |||||
| «Манас» эл аралык аэропорту» ААК аэропортторун модернизациялоо жана реконструкциялоо | «Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзалдык комплексин модернизациялоо долбоору жана инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди аяктоо: - учуу, учуп келүү жана күтүү залдарын реконструкциялоо жана кеңейтүү; - «Манас» эл аралык аэропортунда учурдагы жасалма учуп-конуучу тилкени реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | 20-декабрь | Учуу, учуп келүү жана күтүү залдары кеңейтилди; «Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имараттарында тарткыч-сордурма желдетүүнүн, абаны кондициялоонун жана жылытуунун жаңы системасы орнотулду | ТЖМ, «МЭА» ААК (макулдашуу боюнча) | |
МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен «Манас» аэропортун модернизациялоого инвестиция тартуу | 25-декабрь | Стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду | «МЭА» ААК (макулдашуу боюнча), Инвестиция агенттиги, ЭМ, ММБФ, ТЖМ | |||
«Ош» эл аралык аэропортунун жасалма учуп-конуучу тилкесин (ЖУКТ) 400 метрге узартуу боюнча ишти аяктоо | 30-ноябрь | ЖУКТ 400 м узартылды | ТЖМ, «МЭА» ААК (макулдашуу боюнча) | |||
Региондук аэропорттордун инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу: - «Баткен» эл аралык аэропортунда ЖУКТ, магистралдык рулеждик жолчону, рулеждик жолчону жана перронду оңдоо; - «Чолпон-Ата» аэропортунун аэродромунун периметри боюнча тосмо куруу; - «Талас» аэропортунун аэродромунун периметри боюнча тосмо куруу; - «Казарман» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имаратын оңдоо; - «Нарын» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имаратын оңдоо; - «Кербен» аэропортун реконструкциялоо | 30-ноябрь | Жүргүнчүлөрдү жана авиакомпанияларды тейлөө деңгээли жогорулатылды. Учурдагы финансылык каражаттардын чегинде региондук аэропорттордун инфратүзүмүн реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү караштырылды. «Баткен» эл аралык аэропортунда ЖУКТ, МРЖ, СЖ жана перрон оңдолду. «Чолпон-Ата» аэропорту тосмо менен курчалды. «Талас» аэропорту тосмо менен курчалды. «Казарман» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имараты оңдолду. «Нарын» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имараты оңдолду. «Кербен» аэропортунун аэровокзалынын имараты жана учуп-конуучу тилкеси реконструкцияланды | ТЖМ, «МЭА» ААК (макулдашуу боюнча) | |||
| Эл аралык жана ички аба каттамдарында авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү | «Аба эркиндигинин» 5-даражасын колдонууга киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү | 20-ноябрь | «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды. Эл аралык авиакомпаниялар үчүн рынок ачылды, бул авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө түрткү берет
| ТЖМ, Жарандык авиация агенттиги | |
Кыргыз авиаташуучуларын Евросоюздун «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча чараларды көрүү | 30-ноябрь | Кыргыз авиаташуучуларын Евросоюздун «кара тизмегинен» чыгаруу үчүн алгылыктуу натыйжалары менен ИКАО (Учуулардын коопсуздугу боюнча Еврокомиссия) жарандык авиациянын эл аралык уюмунун аудити өткөрүлдү
| ТЖМ, Жарандык авиация агенттиги | |||
| Жүргүнчүлөр транспортун өнүктүрүүнү камсыздоо | Шаардагы жолдордо чыңалуу, тыгындар жана аварияларды азайтуу
| 20-ноябрь | Газ мотордук отун менен иштеген жогорку сыйымдуулуктагы шаарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 40 бирдик автобус сатып алынды, атмосферага чыгарылган зыяндуу заттар азайды жана шаардагы экологиялык жагдай жакшырды | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | |
Энергетика | ||||||
| Энергетика саясатын өркүндөтүүнү камсыздоо | 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексин өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Өлкөнүн энергетикалык секторун узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн багыттары жана артыкчылыктары, ошондой эле аны ишке ашыруунун айрым этаптарында мамлекеттик энергетикалык саясаттын механизмдери аныкталды | ӨЭЖМК, УСИИ, ОЭКМА макулдашуу боюнча: «УЭХК» ААК, Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту | |
| Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | ЭКБ иштеп чыгарган электр энергиясына тарифтерди түзүү методикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 20-ноябрь | ЭКБ субъекттери үчүн тарифтерди коюу жол жоболору регламенттештирилди | ОЭКМА | |
| Энергетиканы өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча ишти жүргүзүү | «CASA-1000» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында 500 кВ электр берүү линияларында жана 500 кВ «Датка» электр подстанциясынын ячейкаларында курулуш- монтаждоо иштерин жүргүзүүгө подрядчыны тандоо боюнча тендер өткөрүү | 20-ноябрь | Подрядчы тандалды | Макулдашуу боюнча: «УЭХК» ААК, «КУЭС» ААК, ӨЭЖМК | |
«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 2» долбоору боюнча затворлорду жана гидротехникалык курулмаларды оңдоого подрядчыларды тандоого тендер өткөрүү | 15-декабрь | Тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол коюлду | ӨЭЖМК, макулдашуу боюнча: «УЭХК» ААК, «Электр станциялар» ААК | |||
Бишкек шаарынын ЖЭБ-1ден курулуп жаткан «Бишкек» 110/35/6 кВ подстанциясына чейин 110 кВ кабелдик линиясын курууну аяктоо жана экспулатциялоого берүү | 20-октябрь | «Бишкек» 110/35/6 кВ подстанциясы экспулатцияга берилди | Макулдашуу боюнча: «УЭХК» ААК, «Түндүк электро» ААК, | |||
| Кыргыз Республикасынын газ транспорттук системасын өнүктүрүүнү камсыздоо | Калктуу конуштарды газ менен камсыздоо | 30-ноябрь | «Кара-Жыгач», «Ак-Ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Өргө» жаңы конуштары, Кант, Токмок шаарлары жана Сокулук айылы газ менен камсыздалды | ӨЭЖМК, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК (макулдашуу боюнча) | |
Кен казуу | ||||||
| Кен тармагынын инвестициялык жагымдуулугуна финансылык түрткү берүүчү инструменттерди иштеп чыгуу жана киргизүү | Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты казууну башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | 10-ноябрь | Жергиликтүү калкка курулуш материалдарынын (кум, шагыл жана чопо топурак) жеткиликтүүлүгү жана жергиликтүү рынокто жеке курулуш үчүн материалдардын жетиштүүлүгү камсыздалды | ӨЭЖМК
| |
Алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводдордун курулушун өбөлгөлөөгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводдордун курулушуна негиз түзүүчү мыйзам долбоору жактырылды | ӨЭЖМК, ЭМ, ФМ | |||
| Инвесторлордун укуктарын сактоо кепилдигин камсыз кылуу жана кен казуу ишканалары менен жергиликтүү калктын ортосунда жаңжалдардын пайда болуу мүмкүндүгүн минималдаштыруу | Жер казынасын адилеттүү пайдаланууну камсыздоо | 20-ноябрь | «Биринчи берилген билдирме» эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ачык жана адилеттүү механизми түзүлдү
| ӨЭЖМК | |
Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды өткөрүү жөнүндө жобого жергиликтүү калк менен жаңжалдык абалдарды азайтууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү | 10-ноябрь | Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерге мамлекеттин катышуусунун милдеттүү үлүшүн караган механизм иштелип чыкты | ӨЭЖМК | |||
СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ | ||||||
Билим берүү | ||||||
| Балдардын мектепке чейинки уюшулган билим алуусун жана мектепке чейинки даярдоодон өтүүсүн камсыздоо | Балдардын мектепке чейинки уюшулган билим алуусун 5,5 жаштан 7 жашка чейин камтууну мектепке чейинки даярдоо программаларынын эсебинен камсыздоо | 30-ноябрь | Окуу жылынын ичинде мектепке чейинки даярдоого 5,5 жаштан 7 жашка чейинки балдардын болжол менен 100 миңге жакыны камтылды | БИМ, ФМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
Бюджеттик каржылоонун ченемдик стандартынын негизинде мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо боюнча пилоттук долбоорду кеңейтүү | 10-октябрь | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары ченемдик каржылоого өткөрүлдү (2021-жылга чейин этабы менен) | БИМ, ФМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
| Мектептерде билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу | Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Атайын билим алуу муктаждыктары бар балдар үчүн жалпы билим берүү мекемелеринде билим берүүнү уюштуруу жолдору аркылуу сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу боюнча милдеттер жана иш багыттары аныкталды | БИМ, ЭСӨМ, Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги | |
5-6 класстар үчүн иштелип чыккан окуу китептери менен мектептерди 100 % камсыздоо | 20-ноябрь | 5-6 класстар үчүн окуу китептери менен мектептер 100 % камсыздалды | БИМ | |||
Республиканын мектептеринде окуу китептерин ижарага берүү системасын уюштуруу жана киргизүү | 10-сентябрь | Республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү системасы иштеп жатат | БИМ, ФМ | |||
Электрондук окутуу материалдарын түзүү менен андан ары 60 мектепте жана Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин серверинде орнотуу боюнча иштерди аяктоо | 10-сентябрь | 60 заманбап электрондук китепкана түзүлдү | БИМ | |||
Республиканын бардык мектептерин Интернет менен камсыздоо | 25-декабрь | Мектептердин 100% Интернет түйүндөрүнө кошулду | БИМ, МТБМК | |||
Инновациялык мектептерди ишке киргизүү | 30-ноябрь | «Инновациялык» мектеп критерийине ылайык республикадагы тандалып алынган 30 мектеп заманбап жабдуулар менен жабдылган | БИМ | |||
Мектеп чыгымдарына жана мектептин отчет берүү карталарына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү | 20-ноябрь | Мектептин отчет берүү карталарынын электрондук форматтары, анын ичинде мектеп бюджети жөнүндө модуль Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына киргизилген | БИМ | |||
Саламаттык сактоо | ||||||
| Калкка активдүү дене тарбия маданиятын жайылтуу | Шыктандыруу чараларынын системасы менен дене тарбиянын улуттук ченемдик негиздерин киргизүү | 15-октябрь | Калктын бардык курактагы топтору үчүн дене тарбиянын ченемдик негиздери бекитилди | Жаштар жана спорт агенттиги | |
| Медициналык персоналдын ишинин натыйжалуулугун жана диагностиканын сапатын жогорулатуу максатында маалыматтык технологияларды киргизүү | Саламаттык сактоо уюмдары үчүн «Электрондук медициналык карта» программалык камсыздоону киргизүү | 20-ноябрь | Электрондук медициналык карта Бишкек ш. №8 ҮМБ, Ысык-Көл облусунун Тоң жана Түп райондорунун ҮМБ, Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда киргизилди | ССМ, ММКФ | |
| Баштапкы жана стационардык деңгээлде финансылык шыктандыруу механизмдерин жайылтуу | Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары үчүн шыктандыруу индикаторлорун аткаруунун жыйынтыгы боюнча жүйөлөштүрүүчү төлөм системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 15-сентябрь | Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында жүйөлөштүрүүчү төлөм системасы киргизилди. Стационардык деңгээлде көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жакшыртылды | ММКФ, ССМ | |
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын эмгек акысын көбөйтүү | 15-октябрь | Баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү деңгээлинде иштин жыйынтыгы боюнча эмгек акы төлөө системасы киргизилди | ССМ, ММКФ, | |||
| Саламаттык сактоо инфратүзүмдөрүн модернизациялоо
| Ош шаарында саламаттык сактоо уюмдарынын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу | 30-ноябрь | Ош шаарында көп профилдүү жаңы оорукананы куруу аяктады | Курулуш агенттиги, ССМ | |
Кечиктирилгис акушердик жана неонаталдык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына медициналык жабдууларды жеткирүүнү уюштуруу | 19-октябрь | 10 саламаттык сактоо уюму медициналык жабдуулар менен жабдылды | ССМ | |||
Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын госпиталга чейинки тез жардам көрсөтүү үчүн жабдуулардын базалык топтомдору менен жабдуу | 25-октябрь | 7 облустук жана алыскы райондордогу 5 үй-бүлөлүк медицина борборлору жабдуулардын базалык топтомдору менен камсыздалды. Бишкек жана Ош шаарларындагы кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору даярдалды | ССМ | |||
| Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | Медициналык багыттагы дары каражаттарынын жана буюмдардын электрондук маалыматтар базасын киргизүү | 15-ноябрь | Дары каражаттарынын бирдиктүү кодификаторун киргизүү менен Сатып алуулар департаментинин Порталында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан дары каражаттарын электрондук сатып алуусу оптималдаштырылды | ССМ | |
Электрондук жеңилдетилген рецепт моделинин программалык камсыздоосун иштеп чыгуу | 30-ноябрь | Жеңилдетилген рецептерди жазып берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү жана калктын дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгү жогорулады | ММКФ | |||
Социалдык коргоо | ||||||
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү системасын эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү | Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук документтерин белгиленген тартипте иштеп чыгуу | 30-октябрь | Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча даярдоо иштери жүргүзүлдү | ЭСӨМ | |
«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды реабилитациялоочу жана өнүктүрүүчү республикалык борбор түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 30-ноябрь | Жалал-Абад жана Беловодск интернат тибиндеги балдар мекемелеринин базасында Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды реабилитациялоо жана өнүктүрүү боюнча республикалык борбор түзүлдү | ЭСӨМ, БИМ | |||
| Оор турмуштук жагдайдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды эсепке алуунун аналитикалык-маалыматтык системасын иштеп чыгып, киргизүү жана жеке эмес маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Оор турмуштук жагдайдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоонун, эсепке алуунун жана коштоп жүрүүнүн электрондук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 30-ноябрь | Пилоттук режимде оор турмуштук жагдайдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоонун, эсепке алуунун жана коштоп жүрүүнүн электрондук системасы киргизилди | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
Асыроого тийиш болгон балдар, потенциалдуу асырап алуучулар жана фостердик үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалымат базасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 30-ноябрь | Асыроого тийиш болгон балдарды, потенциалдуу асырап алуучуларды жана фостердик үй-бүлөлөрдү ачык эсепке алуу жүргүзүлүүдө | ЭСӨМ, МТБМК | |||
Интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдар, анын ичинен асыроого тийиш болгон балдар жөнүндө маалыматты камтыган электрондук маалымат базасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 10-ноябрь | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде болгон, анын ичинен асыроого тийиш болгон балдарды ачык эсепке алуу жүргүзүлүүдө | ЭСӨМ, МТБМК | |||
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында оор турмуштук жагдайдагы балдар жана үй-бүлөлөр үчүн борборлорду түзүү | 20-декабрь | Оор турмуштук жагдайдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо жана реабилитациялоо үчүн шарттар түзүлдү | ЭСӨМ | |||
| Муктаж болгон үй-бүлөлөргө (жарандарга) мамлекеттик социалдык колдоо системасын өркүндөтүү | Муктаж болгон балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо системасын жакшыртуу | 25-ноябрь | Муктаж болгон балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоону жакшыртууну караштырган мамлекеттик жөлөкпул, ишке орноштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды | ЭСӨМ | |
Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 1-октябрь | Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү | ЭСӨМ, ФМ | |||
| Тариф саясатын өркүндөтүү | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ылайыктуу тарифтерин киргизүү максатында жеке ишкерлер жана фермердик дыйкан чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жеңилдиктерди кайра кароо | 30-ноябрь | ЖИ жана ФДЧ үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жеңилдиктерди кайра кароо мүмкүнчүлүгүнө баалоо жүргүзүлдү | Соцфонд | |
| Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо ченемдерин өркүндөтүү | «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу | 30-октябрь | «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясы жактырылды | Миграция кызматы | |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону жакшыртуу | 20-декабрь | Россия Федерациясынын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу федералдык кызматы менен эмгек миграциясы жаатында мекемелер аралык макулдашууга (меморандумга) кол коюлду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенген адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоору иштелип чыгып ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге макулдашууга киргизилди | Миграция кызматы, ССМ, ММКФ | |||
Маданият | ||||||
| Эл аралык деңгээлдеги демилгелерди ишке киргизүү | «Чыңгыз Айтматов жана бүгүнкү күндүн чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүү
| 30-октябрь | «Чыңгыз Айтматов жана бүгүнкү күндүн чакырыктары» III эл аралык Ысык-Көл форумун даярдоо жана өткөрүүнүн концепциясы, программасы, чыгымдардын сметасы, ведомстволор аралык планы бекитилди | ММТМ | |
«Айтматов жана театр» деген эл аралык театрдык фестивалын өткөрүү | 30-октябрь | «Айтматов жана театр» деген эл аралык театрдык фестиваль жөнүндө жобо бекитилди | ММТМ | |||
Москва шаарында Ч.Айтматовго эстелик орнотууну камсыз кылуу | 20-декабрь | Эстелик даярдалды жана орнотулду | ММТМ | |||
Пекин маданий алмашуулар борбору менен бирге сүрөтчүлөрдүн «Тынчтык үчүн саякат» деген эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү | 30-октябрь | Пекин маданий алмашуулар борбору менен бирге Кыргыз Республикасында «Тынчтык үчүн саякат» деген эл аралык көргөзмөнү даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу планга ылайык көргөзмөнүн концепциясы иштелип чыкты жана бекитилди | ММТМ | |||
| «Кыргыз жараны» жарандык интеграцияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу менен этностук жамааттардын күндөрүн өткөрүүнү уюштуруу | 5-сентябрь | Этностук жамааттарды жакындаштыруу жана «Кыргыз жараны» жарандык интеграциялоону жайылтуу үчүн шарттар түзүлдү | ЖӨБ жана этностор агенттиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы (макулдашуу боюнча) | |
| Маданият жана искусство тармагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу | Тарыхый окуяларды жана белгилүү даталарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 30-ноябрь | Мыйзам долбоору жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү | ММТМ | |
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУ РЕФОРМАЛОО | ||||||
| Мамлекеттик органдардагы башкаруу жол-жоболорун автоматташтыруу үчүн алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мамлекеттик жана коомдук мониторинг жүргүзүү системасы жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын баалоо үчүн калк менен кайтарым байланыш механизмдери аныкталды | ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар | |
Жаңыланган 2.0 версиясындагы «Транспортту каттоо» жана 2.0 версиясындагы «Айдоочулук курам жана тестирлөө» АМТ ишке киргизүү | 20-октябрь | Айдоочулук курам жана транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндө бизнес процесстер оптималдаштырылды жана автоматташтырылды | Мамкаттоо | |||
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы аркылуу берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү | 23 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режимге которуу | 20-декабрь | Электрондук портал аркылуу берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси 45ке чейин көбөйдү | МТБМК, министрликтер жана ведомстволор | |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги уюмдарында берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү | 30-ноябрь | Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги уюмдарында 2017-жылдагы (eID) үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын кабыл алуу, тариздөө жана берүү тартиби регламенттелди | Мамкаттоо, ТИМ | |||
| Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ачыктыгын жана отчеттулугун жогорулатуу боюнча жол картасын даярдоо | 25-сентябрь | Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилди | КРӨА, маморгандар | |
| «Элкарт» - «Элкарт-мобайл» улуттук төлөм карталарынын тиркемеси аркылуу финансылык кызматтарга жетүүнү кеңейтүү | Накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү | 20-ноябрь | «Элкарт» улуттук төлөм карталарынын карта кармоочуларына мобилдик телефондордун жардамы менен бардык төлөмдөрдү төлөө мүмкүндүгү берилди | Улуттук банк (макулдашуу боюнча) | |
| Киберкоопсуздук жана маалыматтар жаатында эл аралык уюмдарда CERT-KG аталышын алуу жана каттоодон өткөрүү | CERT-KG аталышын андан ары АКШдагы Корнеги-Меллон университетинде каттоо үчүн билдирмени, анкетаны жана тийиштүү документтерди даярдоо жана жиберүү | 20-ноябрь | Эл аралык аянтчада андан ары өз ара аракеттенүү үчүн компьютердик инциденттерге чара көрүүгө ыйгарым укуктуу улуттук орган аккредитациядан өттү | УКМК | |
КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУКТУК ТАРТИПТИ КАМСЫЗДОО | ||||||
| Укук коргоо органдарынын ишин оптималдаштыруу | Каралып жаткан иштердин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу системасындагы паракорчулуктун деңгээлин олуттуу азайтуу | 30-ноябрь | «Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри» сынамык автоматташтырылган маалымат системасы киргизилди | ИИМ | |
| «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке киргизүү | «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке киргизүү менен байланышкан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 30-ноябрь | Аппараттык-программалык комплекстери менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузуу үчүн административдик айып төлөө тартиби аныкталды | ИИМ, ЮМ, МТБМК, Мамкаттоо, ФМ, УКМК, ЭМ, МСК, Финкөзөмөл | |
«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу | 25-декабрь | Аппараттык-программалык комплекстери менен фиксацияланган транспорттук агым, видео байкоодон алынган маалыматтар жана Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузуу жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматтык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс өткөрүлдү жана жеңүүчү аныкталды | МТБМК, ИИМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, ТЖМ, ФМ | |||
| Чек ара инфратүзүмүн жакшыртуу | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын такталган участокторуна тосмолорду жана инженердик курулмаларды коюу | 30-ноябрь | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын 20 км инженердик тосмолор менен жабдылды | МЧК | |
| Натыйжалуу чара көрүүнү камсыздоо үчүн кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу | Потенциалдуу-кооптуу участоктордо авариялык-калыбына келтирүү иштерин, капиталдык курулуштарды жана атайын алдын алуучу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү | 20-декабрь | 16,5 миң турак үйдү жана 1,7 айыл чарба жерлерин коргоо камсыздалды | ӨКМ | |
Турак үйлөрдү жана инфратүзүмдөрдү коргоо үчүн токой мелиорациялык иш-чаралары аркылуу «жашыл долбоорду» ишке ашыруу | 1-ноябрь | Жердин кыртышын бекемдөө үчүн 100 миң жашыл көчөттөр отургузулду
| ӨКМ, Токой агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
Жооп кайтаруунун ыкчамдыгын жогорулатуу үчүн өрттөн куткаруучу бөлүмдөрдү түзүү | 20-ноябрь | Учурдагы түзүмдөрдүн базасында Сузак, Жети-Өгүз, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Жалал-Абад шаарында өрттөн куткаруучу бөлүмдөр түзүлдү | ӨКМ | |||
Калкка өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана пайда болушу жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн мобилдүү тиркемени иштеп чыгуу | 30-ноябрь | «Кыргызстан 112» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди | ӨКМ | |||
Натыйжалуу чара көрүүнү камсыздоо үчүн кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу | 30-ноябрь | Республиканын бардык региондоруна 112 кызматынын диапазону кеңейди | ӨКМ | |||
| Мамлекеттик бийлик түзүмүндө системалуу коррупциянын себептерин жоюу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында коррупцияга каршы кеңештин ишин жаңыланган форматта кайра жандандыруу | 15-октябрь | Жарандак коом менен өз ара аракеттенүүгө натыйжалуу аянтча түзүлдү | КРӨА | |
Өлкөдө коррупцияны аныктоо боюнча улуттук методологияны иштеп чыгуу | 30-ноябрь | Европа кеңешинин кабыл алынган ченемдеринин, GRECO стандарттарынын, ЭКӨУнун баалоо стандарттарынын, ошондой эле Transparency International’дын жана Дүйнөлүк банктын сурамжылоолорунун негизинде өлкөдөгү коррупцияны аныктоо боюнча улуттук методология бекитилди | УСИИ, КРӨА, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча) | |||
Улуттук элдик кызматкерлердин электрондук маалымат базасы боюнча жобону иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Электрондук маалымат базасын жүргүзүүгө укуктук негиз түзүлдү | Финчалгын, Кадрлар кызматы, УКМК, ЭККМК, ЮМ | |||
Чиновниктердин чыгымдарынын ачык-айкындыгын, өзүнүн жакын адамдарына каттатып, мыйзамсыз кирешелерин жашырган адамдарды аныктоону камсыздоонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу | 20-ноябрь | Кирешелерди декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды | ЭМ, МСК, Мамкаттоо, МКК (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК | |||
Коррупцияга каршы күрөшүү процессине жарандык коомду активдүү тартуу үчүн шарттарды түзүү | 30-ноябрь | Жарандык коомду мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы пландарын иштеп чыгуу жана андан ары мониторингдөө процессине тартуунун механизми иштелип чыкты | КРӨА, мамлекеттик органдар | |||
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүү | «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына камсыздандыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 20-октябрь | «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына камсыздандыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды | Финкөзөмөл, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК (макулдашуу боюнча) | |
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүү | «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Милдеттүү автокамсыздандыруу бюросун түзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 30-октябрь | «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Милдеттүү автокамсыздандыруу бюросун түзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды | Финкөзөмөл | |
ЭКОЛОГИЯ | ||||||
| Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына жооп берген Ысык-Көл облусунда катуу жана турмуш тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү системасын киргизүү үчүн негиздерди түзүү | Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин социалдык-экологиялык абалын жакшыртуу | 25-октябрь | Ысык-Көлдүн жээк зонасы суунун түбүндөгү тиричилик калдыктарынан тазаланды | Токой агенттиги | |
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлгөн конкурстун негизинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүүчү комплексти (калдыктарды кайра иштетүүчү заводду) курууга техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу | 14-декабрь | Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл районунун аймагында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү комплексин курууга ТЭН иштелип чыкты | Токой агенттиги, КРӨ Ысык-Көл облусундагы өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
| Мөңгүлөрдү турмуш-тиричилик калдыктарынан тазалоону уюштуруу | «Хан-Теңири» чокусунун районундагы мөңгүлөрдү турмуш-тиричилик калдыктарынан тазалоо акциясын өткөрүү | 5-ноябрь | Хан-Теңири чокусунун мореналары жана мөңгүлөрүнүн ачык бөлүктөрү турмуш-тиричилик калдыктарынан тазаланды | Токой агенттиги | |
| Атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу | Атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу | 30-ноябрь | Бишкек жана Ош шаарларында атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүү станциялары сатылып алынды жана орнотулду | Токой агенттиги | |
| Натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн экологиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде экологиялык маалыматтарды жыйноо жана талдоо системасын түзүү | «Кереге» экологиялык маалыматтарды башкаруу системасын иштеп чыгуу | 30-ноябрь | «Кереге» экологиялык маалыматтарды башкаруу системасы түзүлдү | Токой агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча), АЧТММ | |
Климаттын өзгөрүшү боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдүн топтомун иштеп чыгуу | 15-ноябрь | Климаттын өзгөрүшү боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдүн топтому статистикалык эсепке алуу системасына киргизилди | Токой агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | |||
| Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу | Биологиялык түрлөрдү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча артыкчылыктарды аныктоо | 30-ноябрь | Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоо боюнча 2040-жылга чейин улуттук стратегиялык документтин долбоору иштелип чыкты | Токой агенттиги | |
Токой тармагын натыйжалуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиялык документти иштеп чыгуу | 25-октябрь | 2040-жылга чейин токой чарбасын өнүктүрүү концепциясы жактырылды | Токой агенттиги | |||
| Токой өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү | Токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана плантацияларды түзүү | 20-сентябрь | 1110 га аянтка токой өсүмдүктөрү отургузулду жана плантациялар түзүлдү | Токой агенттиги | |
Тез өсүүчү породасындагы отургузуучу материалды даярдоо | 30-ноябрь | 500 миң даана тез өсүүчү бактардын породасындагы отургузуучу материалдар өстүрүлдү | Токой агенттиги | |||
| Адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү экологиялык жагдайды жакшыртуу максатында көмүртеги төмөн жана көмүртеги жок транспорттук системаны өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыздоо | Экологиялык таза транспорт каражаттарын (гибриддер жана электр автомобилдер) жана тиешелүү инфратүзүмдү колдонуу боюнча талдоо жүргүзүү | 20-ноябрь | Транспорт комплексинен чыккан зыяндуу заттарды азайтууга жана калктын оорууларга чалдыгуусун төмөндөтүүгө багытталган сунуштамалар даярдалды | ЭМ, ТЖМ, Токой агенттиги | |
Кыскартуулардын тизмеси:
а/б – аскер бөлүгү
ААК – ачык акционердик коом
АКШ – Америка Кошмо Штаттары
АРИС – Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги
АЧТММ – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
БА – Борбордук Азия
БАРЭК – Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык
БАЭ – Бириккен Араб Эмираттары
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
БКББ – башталгыч кесиптик билим берүү
БОБЛ – була-оптикалык байланыш линиялары
Ветфитосанинспекция – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
ВСП – Жалпы преференциялар схемасы
ГЭС – гидроэлектрстанциясы
ЕАЭБ – Евразия экономикалык бирлиги
ЕБ – Европа бирлиги
ЕРӨБ – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы
ЕЭК – Евразия экономикалык комиссиясы
ЖАК – Жабык акционердик ком
Жарандык авиация агенттиги - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги
Жаштар жана спорт агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
ЖИ – жеке ишкердик
ЖМА – жергиликтүү мамлекеттик администрация
ЖӨБ жана этностор агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик
ЖӨБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЖУКТ – жасалма учуп-конуучу тилке
ЖЧК – жоопкерчилиги чектелген коом
ЖЭБ – жылуулук электр борбору
ИИМ – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ИКАО – Жарандык авиациянын эл аралык уюму (International Civil Aviation Organization)
Инвестиция агенттиги – Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги
ИСО – Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюм (англ. International Organization for Standardization, ISO)
КНС – кошумча нарк салыгы
КРӨ облустардагы өкүлдөрү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
КРӨА – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
Курулуш агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
«Кыргызаэронавигация» МИ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы
Кыргызпатент – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
КЭР – Кытай Эл Республикасы
Мамкаттоо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
МБК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
МЖӨ – мамлекеттик жеке өнөктөштүк
МИ – мамлекеттик ишкана
Миграция кызматы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
«МИК» ААК – «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому
МКК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
ММБФ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
ММКФ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ММТМ – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Монополияга каршы агенттик – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
МРЖ – магистралдык рулеждик жолчо
МСК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
МТБМК – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
МЧК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
«МЭА» ААК - «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому
ОЭКМА – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
ӨКМ – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ӨЭЖМК – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
РЖ – рулеждик жолчо
РКӨФ – Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду
РПККЖжДИ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту
СГКДС - салмак габариттик контролдоонун динамикалык системасы
Соцфонд – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
ССМ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ТЖМ – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
ТИМ – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Токой агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
ТЭН – техникалык-экономикалык негиздеме
УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Улутстатком – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Улуттук банк – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
УСИИ – Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
«УЭХК» ААК – «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому
ҮМБ – үй-бүлөлүк медицина борбору
ФДЧ - фермердик дыйкан чарба
Финкөзөмөл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Финчалгын – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
ФМ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ХАССП – (HASSP) – Hazard Analysis and Critical Control Point (тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук точкаларды аныктоо)
ЭКБ – энергиянын кайра жаралуучу булактары
ЭККМК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)
Экотехинспекция – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
ЭКӨУ – Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму
ЭМ – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
«ЭМА» ААА – «Эл аралык «Манас» аэропорту» ачык акционердик коому
Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту
ЮМ – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
CERT-KG – Кыргызстанда компьютердик инциденттерге чара көрүү борбору
KPI – натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү
PBN – мүнөздөмөлөргө негизделген навигация