Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 449
"Биоотун жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Биоотун жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Биоотун жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү боюнча мамлекеттик саясатты жана укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) биологиялык жаратымдагы чийки заттар - биологиялык жаратымдагы продуктулар, анын ичинде, биохимиялык компоненттерге бөлүнгөн жана биоотун өндүрүү үчүн колдонулган;
2) биоотун - биологиялык жаратымдагы чийки заттардан өндүрүлгөн отун;
3) биоотунду жүгүртүү - биоэтанолду сатуу (сатуу же жеткирүү) процесси (баскычы), анын ичинде, биоотунду ташып келүү (импорт) жана ташып чыгаруу (экспорт), ошондой эле, алар менен байланыштуу куюу, маркалоо, сактоо жана ташуу процесстери;
4) ыйгарым укуктуу орган - биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган мамлекеттик орган;
5) биоотунду утилдештирүү - максаттуу арналышы боюнча пайдаланууга жараксыз биоотунду жана биоотун өндүрүшүнүн кошумча продуктуларын белгиленген сапаттагы биоотунга же башка продукцияга технологиялык иштетүү;
6) биоэтанол өндүрүү - биоэтанол алууну камсыз кылуучу чийки затты кайра иштетүү боюнча иштердин комплекси;
7) биоотун өндүрүүчү - биоотунду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү ишке ашыруучу юридикалык жак;
8) биоэтанол - нефтепродуктулар менен милдеттүү түрдө аралаштыруу үчүн же биоотундун башка түрүн өндүрүү максатында пайдаланууга арналган биологиялык жаратымдагы чийки заттардан өндүрүлгөн дегидратталган этил спирти;
9) дегидратталган этил спирти - суунун үлүшү бир пайыздан ашык болбогон, суусуздануу процессине дуушар болгон этил спирти;
10) денатурланган биоэтанол - тамак-аш азыгы же тамак-аш азыгына кошунду катары пайдаланууга мүмкүндүк бербеген касиеттерди ыйгаруу максатында химиялык заттар менен аралашуу процессине дуушар болгон дегидратталган этил спирти;
11) өндүрүш паспорту - биоотунду өндүрүү боюнча заводдун өндүрүштүк кубаттуулугунун көрсөткүчтөрүн, биоотунду өндүрүүнүн технологиялык процессин сактоо үчүн болгон жабдууну колдонууну регламенттеген негизги мүнөздөмөсүн чагылдырган белгиленген формадагы документ;
12) тамак-аш чийки заты - тамак-аш азыгын жана биоотунду өндүрүү үчүн жарактуу биологиялык жаратымдагы чийки заттардын түрү;
13) коштомо кагаз - биоотунду кабыл алуу жана берүү операцияларын тариздөө үчүн керек болгон, жөнөтүүчүдөн алуучуга чейинки жолдогу биоотундун кыймылын контролдоону ишке ашырууга арналып, бир түргө келтирилген документ.
3-берене. Биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
1. Биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр:
- отун-энергетика ресурстарын үнөмдөө жана Кыргыз Республикасынын алардын импортунан көз карандылыгын азайтуу максатында биоотунду өндүрүү үчүн чийки заттын ар кандай түрлөрүн иштеп чыгууга жана пайдаланууга көмөктөшүү;
- өндүрүштүн ченемдик аныкталган үлүшүн этап менен жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте биоэтанолду жана аралашма мотордук отунду колдонуу;
- ар кандай иштин калдыктарынан биоотун өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдалануунун эсебинен айлана-чөйрөнүн абалына тийгизген терс таасирин азайтуу, өндүрүштүн экологиялык коопсуздугун сактоо, биоотунду ташуу, сактоо жана керектөө;
- биоотунду өндүрүүнүн жана пайдалануунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктарын калк арасында үгүттөө;
- биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, дүйнөлүк илим жана техниканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
4-берене. Биоотунду аныктоонун тартиби
1. Отундун биоотунга тиешелүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилген отундун идентификациясы жөнүндө документ менен ырасталат.
2. Товардык продукция катары сатуу үчүн арналган биоотундун түрлөрү "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык милдеттүү сертификаттоодон өтүү керек.
3. Отундун идентификациясы жөнүндө документти берүүдөн баш тартуу же аны берүү тартибин бузуу соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Өз продукциясын сатып жаткан чарбакер субъекттер сатып алуучунун талабы боюнча сапатын жана анын биоотунга тиешелүүлүгүн ырастаган документти берет.
5-берене. Биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелердин өзгөчөлүгү
1. Биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштер менчиктин баардык түрүндөгү субъекттер тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
2. Биоотунду өндүрүүнүн ар түрдүү технологияларын пайдаланган чарбакер субъекттер биоотун рыногуна кирүүгө бирдей укуктарга ээ.
3. Биоотунду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
4. Биоотун өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
5. Биоотун өндүрүү төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:
1) өндүрүштүн паспорту жана биоотун өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга биоотун өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүүнү камсыздаган эсепке алуунун контролдоочу приборлору болгондо;
2) биоотун өндүрүүчүгө менчик укугунда таандык болгон биоотун өндүрүү боюнча заводдо.
6. Биоотунду ташууга ал жеткирилүүчү жолдун баардыгына коштомо кагаз болгондо жол берилет.
7. Биоотун өндүрүүдө жана жүгүртүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тамак-аш чийки затын биоотун өндүрүү жатындагы ыйгарым укуктуу орган белгилеген квотадан ашкан көлөмдө биоотунду андан ары кайра иштетүү үчүн пайдаланууга;
2) тамак-аш чийки заты катары 1 жана 2-класстагы буудайды пайдаланууга;
3) 2011-жылдын 18-октябрында Бажы бирлигинин комиссиясынын № 826 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин 013/2011 "Автомобиль жана авиациялык, дизель жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткыч отунуна жана мазутка талаптар жөнүндө" техникалык регламентинде белгиленген курамга туура келбеген курамдагы биоотунду сатууга;
4) денатурланбаган биоэтанолду жүгүртүүгө, буга биоотун өндүрүү боюнча заводго же биоотундун башка түрлөрүнө кайра иштетүү үчүн нефтини кайра иштетүүчү заводго аны жеткирип берүү учурлары кирбейт;
5) алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө;
6) генетикалык модификацияланган булак (объект) болуп саналган же генетикалык модификацияланган булактарды (объектилер) камтыган чийки затты кайра иштетүүгө кабыл алууга;
7) биоотун өндүрүү боюнча бир эле заводдо эки же андан ашык биоотун өндүрүүчүлөрдүн биоотун өндүрүүлөрүнө;
8) биоотунду өндүрүүнү өндүрүштүн паспортусуз, биоотунду өндүрүүнүн көлөмүн эсепке алууну контролдоочу приборлорсуз же алар бузулган учурунда ишке ашырууга;
9) биоотунду өндүрбөгөн жана (же) нефтепродуктуларды компаундаштырууну ишке ашырбаган жактарга биоотунду сатууга, буга биоотунду экспорттоо кирбейт;
10) биоотун рыногунун катышуучусу болбогон жактарга өндүрүлгөн биоотунду сактоо үчүн берүүгө;
11) коштомо кагазын тариздебестен биоотунду сатууга.
8. Биоотунду өндүрбөгөн жана (же) нефтепродуктуларды компаундаштырууну ишке ашырбаган жактарга биоотунду сатууга тыюу салынат.
6-берене. Биоотунга болгон коопсуздукка жана анын баштан аяк циклинин процесстерине жалпы талаптар
Техникалык жөнгө салуунун объектилери болуп биоотун жана анын баштан аяк циклинин процесстери эсептелет.
Биоотундун коопсуздугу жана сапатына карата керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү иш-аракеттердин алдын алуу максатында биоотунду өндүрүүчүлөр сатып алуучуларга жана керектөөчүлөргө биоотундун коопсуздугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө толук жана так маалыматты беришет.
Биоотун жана анын баштан аяк циклинин процесстери техникалык регламенттин талаптарына ылайык адамдардын жашоосу жана ден соолугу, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн коопсуз болушу зарыл.
Биоотун санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келген атайын арналыштагы кампа жайларында сакталат.
Опурталдарга жараша биоотунду сактоодо коопсуздуктун талаптары 2011-жылдын 18-октябрында Бажы бирлигинин комиссиясынын № 826 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин 013/2011 "Автомобиль жана авиациялык, дизель жана кеме отунуңа, реактивдүү кыймылдаткыч отунуна жана мазутка талаптар жөнүндө" техникалык регламенти менен белгиленет.
Биоотунду ташуу кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган талаптарга жана техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык атайын жабдылган жана ташууга жол берилген транспорт менен ишке ашырылат.
Биоотунду ташуу биоотундун коопсуздугун, сапатын жана сакталышын камсыздоосу зарыл.
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында арналышы боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп таанылган биоотун андан ары аны пайдалануу же жок кылуу (утилдештирүү) үчүн экспертизадан өтүүсү керек.
7-берене. Биоотундун өндүрүлүшүнө, жүгүртүлүшүнө, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролдоо жүргүзүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, биоотундун өндүрүлүшүнө, жүгүртүлүшүнө, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролдоо ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу юридикалык жактын же жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
8-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти