Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 446
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Турсунбеков, А.Т.Сулайманов тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 446 токтому менен жактырылган |
"Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Турсунбеков, А.Т.Сулайманов демилгелеген "Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун аталышындагы "жана пландаштыруу" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени пландаштыруу - бул максаттарды жана милдеттерди коюу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, өзгөрүүлөрдү башкаруу сыяктуу бир нече баскычтардан турган башкаруу циклинин бөлүгү. Баяндалганды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун тексти боюнча тийиштүү оңдоолорду киргизүүнү сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин төртүнчү абзацындагы айрым жоболор так эмес, жалпыланып жана баалоо мүнөзүндө берилген, тийиштүүлүгүнө жараша мындай түшүнүктөр укук колдонуу практикасында тигил же бул жагдайды укук колдонуучунун каалоосу боюнча чечмелөөгө алып келет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны колдонуу менен берилет. Колдонулбай калган жана көп маанидеги сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды, кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт.
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин төртүнчү абзацындагы "тармактардын жана секторлордун, региондордун, тармактар аралык жана секторлор аралык, коомдун жашоосунун башка чөйрөсүндө" деген сөздөрдүн баяндамасын конкреттештирүүнү сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "ишти макулдашуу" деген сөздөр, 12-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "стратегиялык документтер үчүн чечимдерди кабыл алуу боюнча" деген сөздөр, 16-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "ишке ашыруу субъекттери" деген сөздөр, 18-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "пайда болгон ички жана тышкы факторлор" деген сөздөр боюнча да ушундай эле сунуштарды айтабыз.
3. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин биринчи абзацына ылайык мамлекеттик стратегиялык документтер мамлекеттик таасир этүүнүн масштабына жараша статусу боюнча деңгээлдерге бөлүнөт. Андан ары, Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин экинчи-төртүнчү абзацтары менен мамлекеттик стратегиялык документтер иерархия деңгээлдерине бөлүнө тургандыгын белгилөө сунушталат (улуттук стратегия - иерархиянын 1-деңгээли, жалпы мамлекеттик программалар - иерархиянын 2-деңгээли жана мамлекеттик программалар - иерархиянын 3-деңгээли).
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун жоболорунун маанисинин бирдей эместигине жол бербөө үчүн документтин деңгээлин аныктоо боюнча түшүнүктөрдүн бирин Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде колдонууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Андан тышкары Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин жоболоруна ылайык тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен бекитүү сунушталган мамлекеттик стратегиялык документтерди деңгээлдерге (иерархияга) бөлүү жөнүндө Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин жоболорун эске алуу менен долбоордо каралган деңгээлдер же иерархиялар долбоордо аталган мамлекеттик стратегиялык документтер бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын иерархиясынын бар болгондугуна байланыштуу бузулушу мүмкүн экенин белгилейбиз. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган.
Мында, Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин үчүнчү абзацындагы жалпы мамлекеттик программаларды бекитүү тартибин аныктаган жоболорду алып салууну сунуштайбыз, анткени Мыйзам долбоорунун 15-беренесинде бардык деңгээлдеги стратегиялык документтерди бекитүү тартиби белгиленген.
4. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же болбосо мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессин демилгелөөдө координациялык кеңештер түзүлүшү мүмкүн. Тиешелүү түрдө мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгууда координациялык кеңештер мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу демилгечилеринин каалоосу боюнча түзүлүшү мүмкүн деп эсептөөгө болот.
Бирок Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу катышуучуларынын ишин макулдашуу Улуттук жана Координациялык кеңештер аркылуу ишке ашырыла тургандыгы каралган.
Андан тышкары Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 4-бөлүгүндө мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо натыйжалары отчёт түрүндө бериле тургандыгын жана мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырыларын жана тийиштүү деңгээлдеги Улуттук же Координациялык кеңештин кароосуна чыгарыларын көрсөтүү сунушталган.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 9-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган жоболор мамлекеттик стратегиялык башкарууга жана пландоого катышуучулардын ишине Координациялык кеңештин милдеттүү мүнөздө катышуусун карайт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мамлекеттик стратегиялык башкарууга жана пландоого катышуучулардын ишинде Координациялык кеңештин ролун так аныктоону сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
6. Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык статустагы жана типтеги стратегиялык документтерди каттайт. Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунда аталган документтерди типтерге бөлүүнүн критерийлери каралган эмес. Ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен бекитүү пландалгандыктан, мамлекеттик стратегиялык документтерди кошумча каттоо деген түшүнүктү тактоо талап кылынат.
7. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде Улуттук кеңеш өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү концепциялар, стратегиялар жана башка документтер боюнча чараларды көрүү жана иштеп чыгуу функцияларына ээ. Ошону менен бирге долбоордо жогоруда аталган концепциялардын жана стратегиялардын статустары аныкталган эмес. Мында Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүндө стратегиялык документтерге стратегиялар, программалар, макулдашуулар, меморандумдар кире тургандыгы белгиленгендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бул документтердин укуктук статусу ачык берилген эмес.
8. Мыйзам долбоорунун 13-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагындагы маселелер боюнча стратегиялык пландоону демилгелөө ким тарабынан жүргүзүлөрүн аныктоо максатка ылайык.
9. Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленгендей, сот системасынын улуттук стратегиясы, мамлекеттик стратегиялык документтери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет, өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик стратегиялык документтери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору менен бекитилет, мамлекеттик программалар түрүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилет.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеги аныкталган, аларга улуттук стратегияны жана сот системасынын мамлекеттик стратегиялык документтерин бекитүү кирбей тургандыгын белгилеп кетүү керек.
10. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүндө "кабыл алынган стратегиялык документтерди" деген сөздөрдү "кабыл алынган улуттук стратегияларды" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени улуттук стратегия - өлкөнү узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, милдеттери, максаттары, багыттары, жалпы стратегиялык көрүүнү камтыган башкы стратегиялык документ болуп саналат.
11. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Өкмөттүн токтомдору тийиштүү критерийлерге жооп берген ченемдик укуктук актылар болуп эсептелет. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 20-беренесинин 5-бөлүгүндө аталган документтердин аталышында бул документтер ченемдик укуктарды камтый тургандыгын аныктоо мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу аталган структуралык элементтерде "токтомдор менен" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
12. Каралып жаткан Мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык реестрге киргизүү үчүн колдонуудагы мамлекеттик стратегиялык документтерди үч айдын ичинде инвентаризациялоо тапшырмасын Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү сунушталууда.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо жана мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартибин бекитүү боюнча өз чечимин кабыл алууну Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ишке ашырат.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүндө Мыйзам долбоорунун 7-беренесин ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн тийиштүү актыларын алгачкы бекитүү убактысын эске алуу менен колдонуудагы мамлекеттик стратегиялык документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инвентаризациялоонун мөөнөттөрүн карап чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде ушул Мыйзам долбооруна шайкеш келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Мыйзам менен мыйзам актыларынын ортосундагы укуктук вакуумду болтурбоо үчүн Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдойт жана ушул корутундуда белгиленген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.