Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 444
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетин аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы көрсөткөн кемчиликтерди четтетүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын республикалык бюджетин аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги:
1) төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- мамлекеттик карызды ишенимдүү жана туура эсепке алуу, ошондой эле аны натыйжалуу тейлөө;
- мамлекеттик инвестицияларга талдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү;
- күрөөнү камсыздоосуз бюджеттик кредиттерди берүүгө мораторий киргизүү;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен болгон операциялардын чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- Япония Өкмөтүнүн топтоо эсебине каражаттарды кайтаруу.
2) 636,8 млн (алты жүз отуз алты миллион сегиз жүз миң) сомго мамлекеттик карыздын өлчөмү боюнча статистикалык маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын түзүмүнө ылайык келтирсин;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө боюнча статистикалык отчеттордо «өздөштүрбөө үчүн комиссияны» пайыздардан өзүнчө чагылдырсын;'
4) 1994-жылдан баштап 19 кредит боюнча KFW менен 66,8 млн (алтымыш алты миллион сегиз жүз миң) немец маркасына жана 97,5 млн (токсон жети миллион беш жүз миң) еврого; ИӨБ менен 19250,0 миң. (он тогуз миллион эки жүз элүү миң) АКШ доллары жана 17,9 млн (он жети миллион тогуз жүз миң) ислам динарына; ЕАӨБ менен 290,0 млн (эки жүз токсон миллион) АКШ долларына Эсепке алуу китебиндеги карыз милдеттенмелерин каттоого алсын.
5) төмөнкүлөрдү системалуу түрдө жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын аткаруунун мониторингин жана анын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү баалоону;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун талдоону, тышкы жана ички карыз алуулардын чектүү деңгээли боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну жана анын натыйжаларын коомчулукка билдирүүну;
- кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча тобокелдиктерди баалоону;
6) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын түзүмү» Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы жөнүндө отчеттордун формасын иштеп чыксын жана бекитсин;
7) Эсепке алуу китебинде мамлекеттик карызды жана мамлекеттик кепилдиктерди, бардык зайымдык (кредиттик) макулдашууларды жана мамлекеттик кепилдиктерди кредиттик макулдашуулардын түп нускаларынан алынган көчүрмөлөрүнүн негизинде жазууларды өз убагында эсепке алууну камсыздасын;
8) түзүлгөн кредиттик макулдашуулар боюнча «комиссиялык төлөмдөр» жана «бир жолку жыйымдар» категориясындагы чыгымдарды кошуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына толуктоолорду киргизсин;
9) эл аралык стандарттарга жооп берген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алуунун жана контролдоонун бирдиктүү базасын жүргүзүү үчүн жаңы программалык камсыздоону орнотуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
10) мамлекеттик балансты түзүүдө мамлекеттик казыналык векселдер боюнча дисконттук (пайыздык) төлөмдөрдү тындыруу боюнча операцияларды чагылдырсын;
11) бюджеттин киреше бөлүгүндө төмөнкүлөрдү чагылдыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн:
- бекитилген методика боюнча 2035,0 миң (эки миллион отуз беш миң) АКШ долларына барабар болгон бардык техникалык жардамды толугу менен;
- Кыргыз инвестициялык кредиттик банк жабык акционердик коомунун кредиттик линиясы боюнча 4,7 млн (төрт миллион жети жүз миң) еврого барабар болгон топтолгон кайтарым суммаларды;
12) бюджетке төмөнкүлөрдү калыбына келтирсин (каржылоодо чегерсин) :
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча Эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» нускамага ылайык 2018-жылдын 1-январьша карата товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана жалпы суммасы 78,3 млн (жетимиш сегиз миллион үч жүз миң) сомго барабар болгон эсептеги калдык каражаттарды;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти боюнча атайын эсептин 1848,7 миң (бир миллион сегиз жүз кырк сегиз миң) сомго барабар болгон которулбаган суммасынын калдыгын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин бардык каражаттарын, анын ичинде демөөрчүлүк жардамды, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөрдү Бирдиктүү казыналык эсепке чегерүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги менен биргеликте мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөнү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын бирдиктүүлүк жана ырааттуулук принциптерине шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д Абылгазиев |