Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 511
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчету көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөнкүдөй кемчиликтерге жол берген жетекчилерине тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулсун:
1) мамлекеттик карыздын өлчөмү боюнча статистикалык маалыматты 636,8 млн. (алты жүз отуз алты миллион сегиз жүз миң) сомго бурмалагандарга;
2) төмөндөгү карыздык милдеттенмелерди Каттоо китебине өз убагында каттабагандарга:
- Герман өнүктүрүү банкынын 66,8 млн. (алтымыш алты миллион сегиз жүз миң) немец маркасындагы жана 97,5 млн. (токсон жети миллион беш жүз миң) евро кредити боюнча;
- Ислам өнүктүрүү банкынын 19,25 миң (он тогуз миллион эки жүз элүү миң) АКШ долларындагы жана 17,9 млн. (он жети миллион тогуз жүз миң) ислам динарындагы кредити боюнча;
- Евразия өнүктүрүү банкынын 290,0 млн. (эки жүз токсон миллион) АКШ долларындагы кредити боюнча;
3) Кытай экспорт-импорт банкынын 4622,4 миң (төрт миллион алты жүз жыйырма эки миң төрт жүз) АКШ доллары жана 541,2 миң (беш жүз кырк бир миң эки жүз) кытай юаны суммасындагы; Герман өнүктүрүү банкынын 355,0 миң (үч жүз элүү беш миң) евро суммасындагы кредиттери боюнча "өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн комиссиялардын" төлөмдөрүн "процент" түрүндө чагылдыруу жолу менен мамлекеттик карыздын статистикасын бурмалагандарга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызалтын" ААК менен биргеликте алтын казуучу "Центерра Голд Инк." компаниясынын акциялары боюнча 600,0 млн. (алты жүз миллион) сом суммасында дивиденд алуу маселесин иштеп чыксын.
5. Планда көрсөтүлгөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Пландын аткарылышы тууралуу маалымат беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
7. Планды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликте болоору белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 444 "2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн сунуштары жана сын пикирлери | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | Каражаттар жетиштүү көлөмдө каралган учурда бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүлөрүнүн табыштамалары толук болбогондуктан чыгымдар боюнча корголгон беренелерди 856,0 млн. сомго кем каржылоо | Эсептөөлөр менен негиздемелердин толуктугун жана сапатын контролдоону камсыздоо. Чыгымдар боюнча корголгон беренелерди кем каржылоого жол бербөө | 2019-жыл | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
2 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча 131,0 млн. сомго кредиттик карызынын пайда болушуна жол берүү | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен трансферттерди максатсыз пайдаланууга жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата финансылык санкцияларды колдонуу жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2019-жылдын I кварталы | ФМ |
3 | Ишкер субъекттери тарабынан зер буюмдарын пробирлөө жана белги коюуга берүү боюнча белгиленген мөөнөттөрдүн, ошондой эле тиешелүү механизмдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоктугу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-ж. 27.06. № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу, атап айтканда Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка тиричилик буюмдарын пробирлөө жана белги коюу тартиби жөнүндө жобого ишкер субъекттери тарабынан баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган ташып киргизилген зер буюмдарын пробирлөөгө жана белги коюуга берүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2019-жылдын II кварталы | ФМ |
4 | Мамлекеттик контролдоо актылары болбогон учурда бажылык контролдоо жүргүзүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүү | Мамлекеттик контролдоо актылары болбогон учурда товарларды бажылык тариздөөгө жол бербөөнү контролдоону камсыздоо | Туруктуу негизде | МБК |
5 | Субъекттерге текшерүү жүргүзүүнүн алдында 10 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоо менен жылына бир жолу текшерүү жүргүзүүгө байланыштуу белги коюлбаган жана сапатсыз буюмдарды жашыруу мүмкүндүгүнүн мыйзамдарда болушу | Субъекттерге текшерүү жүргүзүүнүн алдында 10 календардык күндөн мурун кабарлабастан текшерүү жүргүзүүнү караштырган тартип боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо | 2019-жылдын II кварталы | ЭМ, ФМ |
6 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-ж. 29.09. № 626 "Бирдиктүү казыналык системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомунун талаптарын бузуу менен коммерциялык банктарда ачылган эсептерге мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелери тарабынан демөөрчүлүк жардамдын, ыктыярдуу жана камкордук төгүмдөрүнүн которулушу | Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин баардык каражаттарын бирдиктүү казыналык системасынын эсептерине которуу боюнча сунуштарды киргизүү | 2018-жылдын IV кварталы | БИМ |
7 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти боюнча атайын эсептеги которулбаган суммасынын 1848,7 миң сом калдыгынын болушу | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин пайдасына 1848,7 миң сомду которуу | 2018-жылдын IV кварталы | Жогорку сотко караштуу Сот департаменти |
8 | 2017-жылдын аягына карата жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын 2029,9 млн. сом бош калдыгынын болушу | Жергиликтүү бюджеттердин жыл аягындагы каражаттарынын бош калдыктарын биринчи кезектеги тартипте тийиштүү жылга бюджеттерди түзүүдө карыздарды жоюуга багыттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2019-жылдын I кварталы | ФМ |
9 | Бюджетти программалык негизде түзүү боюнча кеп жылдык практикага карабастан республикалык бюджетти түзүү жана бекитүү процесси жалпысынан өткөн жылдардагы базалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелген контролдук цифраларга ылайык жүргүзүлүп келүүдө | Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетин программалык негизде түзүү | 2018-жылдын IV кварталы | ФМ |
10 | Бюджеттен конкреттүү программаларга бөлүнгөн каражаттар менен алар боюнча жетишилген натыйжалардын ортосунда өз ара байланыштын жоктугу. Жетишилген натыйжалар контролдонбойт, бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү, бул программалык негизде бюджеттештирүүгө карата формалдуу мамиленин сакталгандыгын айгинелейт жана тиешелүү түрдө бюджеттик каражаттарды башкаруу сапатына таасирин тийгизет | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомунда каралган талаптарга ылайык программалык бюджеттерди сапаттуу, өз убагында түзүү жана аткаруу боюнча ишти камсыздоо | Туруктуу негизде | Министрликтер жана ведомстволор |
11 | Кыска жана узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча тобокелдиктерди баалоо | Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча тобокелдиктерди баалоо жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө түшүндүрмө катка тобокелдиктердин тандоосун ар жылдык негизде киргизүү | 2018-жылды IV кварталы | ФМ |
12 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алуунун жана контролдоонун бирдиктүү базасын жүргүзүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы программалык камсыздоону орнотуу | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алуунун жана контролдоонун бирдиктүү базасын жүргүзүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы программалык камсыздоону орнотуу | 2020-жыл | ФМ |
13 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алуунун жана анын кыймылын жүргүзүү боюнча ички ченемдик документтерди (нускамалар, жоболор, колдонмолор ж.б.) иштеп чыгуу жана отчеттук формаларын (айлык, кварталдык, жылдык ж.б.) бекитүү | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы боюнча отчеттук формаларды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын IV кварталы | ФМ |
14 | Чегерүүлөрдүн ченемдерин оптималдаштыруу жагына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы мамилени бюджеттик жөнгө салууну өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда киреше салыгын жергиликтүү бюджетке чегерүү ченемин 50%дөн 70%ке чейин көбөйтүүнү караштыруу. Жергиликтүү бюджеттин пайдасына киреше салыгынан чегерүү ченемин этабы менен бөлүштүрүү жана 100%га чейин жеткирүү, аны менен кошо сатуудан алынуучу салыкты чегерүү ченемин республикалык бюджеттин пайдасына көбөйтүү | 2018-жылдын IV кварталы | ФМ |
15 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинде каралган маалыматты Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчеттордо чагылдырууну камсыздоо: - Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө; - бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карызынын абалы жөнүндө; - республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө | Республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетто толук жана деталдуу маалыматты берүү: Мамлекеттик бюджеттик резервди пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен; Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Премьер-министринин резервдик фонддорун пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынан; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынан; - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө | 2019-жылдын II кварталы | ФМ, КРПӨИБ, КРЖКИБ, министрликтер жана ведомстволор |
16 | Мамлекеттик баланста баалуу кагаздарды (дисконт) чыгарууга тагымдар боюнча милдеттенмелерди, кепилдик милдеттенмелерин тындыруу боюнча операцияларды чагылдыруу | Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын сунуштарына ылайык мамлекеттик баланста баалуу кагаздарды (дисконт) чыгарууга чыгымдар боюнча милдеттенмелерди, кепилдик милдеттенмелерин тындыруу боюнча операцияларды чагылдыруу | 2019-жылдын II кварталы | ФМ |
17 | Бекитилген методика боюнча бардык техникалык жардамды (2035,0 миң АКШ долл.) толугу менен Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнө чагылдыруу жана киргизүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагындагы техникалык жардам жөнүндө маалыматты мамлекеттик инвестициялардын бюджеттерин аткаруу боюнча түшүндүрмө катка жана тиешелүү жылдарга бюджеттердин түшүндүрмө катына киргизүү | 2019-жылдын III кварталы | ФМ |
18 | Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын кредиттик багыты боюнча топтолгон кайтарымдуу суммаларын бюджеттин киреше бөлүгүнө чагылдыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү (4,7 млн. евро) | "Жеке ишканалар үчүн" топтолмо эсебине кайтарылуучу акча каражаттарын эсепке алуу маселесин Германия банкы менен жөнгө салуу. 2012-жылдын февралына чейин тындырылган суммаларды эсепке алуу маселесин Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы менен жөнгө салуу | 2019-жылдын I кварталы | ФМ |
19 | 2017-жылдын аягына карата пайдаланылбаган каражаттардын 2232,8 млн сом суммасындагы бардык калдыгын, ошондой эле коммерциялык банктардагы мамлекеттик органдардын депозиттик эсептериндеги каражаттарды Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнө чагылдыруу жана киргизүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Төмөнкү каражаттарды бирдиктүү казыналык эсепке киргизүү боюнча чараларды көрүү: - коммерциялык банктардын долбоордук эсептериндеги; | 2019-жылдын I кварталы | Министрликтер жана ведомстволор, ММБФ |
- "Азия Универсалбанк-Чүй" ачык акционердик коомунун филиалындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун эсебиндеги; - "Росинбанк-Борбор" ачык акционердик коомунун филиалындагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эсебиндеги | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | |||
20 | Атайын эсептерге түшүүлөрдү инвентаризациялоо жана Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилбеген кызмат көрсөтүүлөр боюнча бюджеттик мекемелердин атайын эсептерин жабуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Атайын эсептерге түшүүлөрдү инвентаризациялоо жана Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилбеген кызмат көрсөтүүлөр боюнча бюджеттик мекемелердин атайын эсептерин жабуу | 2019-жыл | МФ |
21 | Капиталдык салымдын ар бир объектине пландык чыгымдардын негизделген эсептөөлөрүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин 2,9%га чейин каражаттарын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштарды ишке ашыруучу заказчы-курулушчуларды күтүүгө чыгымдардын ченемин каржылоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Турак-жай-жарандык курулуш департаментин Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоого талдоо. жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүү, аны күтүүгө чыгымдардын жаңы ченемин иштеп чыгуу | 2019-жылдын II кварталы | Курулуш агенттиги, ФМ |
22 | Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды мажбурлап өндүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү. Өндүрүп алууну күрөөдөгү мүлккө айландыруу аркылуу соттук актыларды аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, карызкорлордун башка мүлктөрүн аныктоо жана карызды өндүрүү үчүн сот органдарына жиберүү боюнча материалдарды өз убагында даярдоону камсыздоо | Мөөнөтүнөн кечиктирилген карыздарды мажбурлап өндүрүү жөнүндө сот органдарына доо материалдарын даярдоо боюнча туруктуу негизде иштерди жүргүзүү. Соттордун чечимдерин аткаруу боюнча тиешелүү иштерди туруктуу негизде жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ |
23 | Мамлекеттик карызды финансылык эсепке алуу жана аны эсепке алууга тиешелүү окутууларды жүргүзүү менен аны тейлөө функциясын киргизүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын финансылык эсепке алуу жана аны тейлөө функциясын киргизүү маселеси боюнча окутуу | 2019-жылдын I жарым жылдыгы | ФМ |
24 | Жеңилдетилген мезгилди пайдалануу мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн кредиттик макулдашууларды тез ратификациялоо, ошондой эле түзүлүүчү келишимдерде жеңилдетилген мезгилди эсептөө датасын биринчи транштын түшүү датасынан тартып кароо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Кол коюлган макулдашууларды ратификациялоо боюнча чараларды көрүү | Туруктуу негизде | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
25 | Түзүлгөн кредиттик макулдашуулар боюнча "Башка төлөмдөр" категориясындагы чыгымдарды киргизүүгө карата Бюджеттик классификацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | "Башка төлөмдөр" категориясындагы чыгымдарды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын IV квартал | ФМ |
26 | 2017-жылга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча акча каражаттарынын кыймылына карата аткаруучу агенттиктерден ырастоолорду талап кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Берилген ырастоочу документтерге ылайык мамлекеттик инвестициялардын алкагында 2017-жылдагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту даярдоо | 2018-жылдын IV квартал | ФМ |
27 | Командировкалык чыгымдар, отчеттук суммалар, азык-түлүк паегу ж.б. ордуна компенсациялар боюнча накталай эмес эсептешүүлөргө которуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Бюджеттик мекемелердин эсептешүүлөрүн накталай эмес формага которуу боюнча иштерди улантуу | Туруктуу негизде | ФМ |
28 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 59 жана 64-беренелеринин ченемдеринин тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карыздын туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн эске алуу жана зайым берүүчү жана алуучу кредиторлорду жана зайымчыларды, аны берүү жана төлөө шарттарын, ошондой эле зайымчы менен кредитордун ортосундагы түзүлгөн тиешелүү макулдашууларды көрсөтүү менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн кароо бөлүгүндө сакталышын камсыздоо | 2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 59 жана 64-беренелеринин ченемдеринин сакталышын камсыздоо | 2018-жыл | ФМ |
29 | Кредиттик макулдашуулардын түп нускаларынын көчүрмөлөрүнүн негизинде бардык зайымдык (кредиттик) макулдашууларды жана мамлекеттик кепилдиктерди Эсепке алуу китебинде жазууларды эсепке алуу жана каттоону камсыздоо | Эсепке алуу китебинде жаңы карыздык милдеттенмелерди өз учурунда каттоону камсыздоо | Туруктуу негизде | ФМ |
30 | Коммерциялык банктарда ачылган долбоордук эсептер боюнча акча каражаттарынын кыймылын так эсепке алууну жана контролдоону, анын ичинен каражаттардын калдыгы боюнча. алар менен ай сайынкы салыштырып текшерүүлөрдү камсыздоо | Акчалай операцияларды тейлөө үчүн атайын эсептер ачылган тиешелүү коммерциялык банктар менен акча каражаттарынын кыймылын (кириш, чыгым) кошкондо, каражаттардын калдыгы боюнча салыштырып текшерүү актыларынын аткаруучу агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын берүү | Туруктуу негизде | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
31 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын аткарууга системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү жана аны ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү баалоо | 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ |
32 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугуна системалуу түрдө талдоо жүргүзүү жана тышкы, ички карыз алуулардын чектүү деңгээли боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана анын жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүү | Мамлекеттик карыздын туруктуулугуна талдоо жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүү | Туруктуу негизде | ФМ |
33 | Комиссияларды төлөөгө байланышкан кошумча чыгымдарга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликти катуулатуу менен аткаруучу агенттиктердин каражаттарын өз учурунда өздөштүрүүсүнө мониторинг жүргүзүү | Комиссияларды төлөөгө байланышкан кошумча чыгымдарга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликти катуулатуу менен аткаруучу агенттиктердин каражаттарын өз учурунда өздөштүрүүсүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо | Туруктуу негизде | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
34 | Мурда берилген кредиттер боюнча пайыздарды жана суммаларды төлөө жаатында милдеттенмелерди аткарган шартта чарба жүргүзүүчү субъекттерге зайымдык каражаттарды берүү | Мурда берилген кредиттер боюнча пайыздарды жана суммаларды төлөө жаатында милдеттенмелерди аткарган шартта чарба жүргүзүүчү субъекттерге зайымдык каражаттарды берүү | Туруктуу негизде | ФМ |
35 | Максималдуу экономикалык пайда алуу принцибин колдонуу аркылуу ликвиддүүлүк деңгээлин эске алуу менен бюджеттик кредиттерди мындан ары берүүнү ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтом долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жылдын I кварталы | ФМ |
36 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2018-жылдын 1-январына карата эсептөөдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана каражаттардын калдыктардын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жалпы 78,3 млн. сом суммасында калыбына келтирүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2018-жылдын 1-январына карата эсептөөдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын жалпы 78,3 млн. сом суммасында калыбына келтирүү | 2018-жылдын IV кварталы | ФМ |
37 | Өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыгы тууралуу жыл сайын берилүүчү отчетту даярдоодо бюджеттин киреше бөлүгүндө бардык техникалык жардамдын толук бойдон чагылдырылышынын зарылдыгына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин көңүлүн буруу | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруунун жыйынтыгы тууралуу жыл сайын берилүүчү отчеттордо мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун алкагында техникалык жардам жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу | 2019-жылдын III кварталы | ФМ |
38 | Өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыгы тууралуу жыл сайын берилүүчү отчетту даярдоодо бирдиктүү казыналык эсептен (БКЭ) тышкары ачылган бюджеттик эмес фонддордун бардык эсептерин Казыналыктын системасына которуу зарылдыгына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин көңүлүн буруу | БКЭден тышкары ачылган бюджеттик эмес фонддордун бардык эсептерин Казыналыктын системасына которуу боюнча иштерди улантуу Тийиштүү жылга бюджеттердин түшүндүрмө катын жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагында техникалык жардам жөнүндө маалыматты киргизүү | 2019-2020-ж. | ФМ |
39 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо багытында чараларды көрүү | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо |
| КРӨ Аппараты |
40 | Мамлекеттик инвестицияларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү боюнча чараларды көрүү | Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2019-жылдын I кварталы | ФМ |
41 | Эл аралык финансы институттары менен бирге мамлекеттик программаларды аткарууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү | Эл аралык финансы институттары менен бирге мамлекеттик программаларды аткарууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү | Туруктуу негизде | Министрликтер жана ведомстволор |
42 | Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын бирдиктүүлүк жана ырааттуулук бюджеттик принциптерин сактоо менен шайкеш келтирүү | Өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасынын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын кабыл алынган бирдиктүүлүк жана ырааттуулук бюджеттик принциптерин сактоо менен шайкеш келтирүү маселесин карап чыгуу | 2019-жыл | ФМ, ЭСӨМ, МКК (макулдашуу боюнча) |
43 | Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча кошумча чыгымдарды пайда кылуучу кредиттер, ссудалар жана зайымдар боюнча карыздарды реструктуризациялоону алып салуу багытында чараларды көрүү | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын эске алуу менен кредиттер жана зайымдар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө маселени кароо | Туруктуу негизде | ФМ |
44 | Күрөөлүк камсыздоосуз бюджеттик кредиттерди берүүгө мораторий киргизүү боюнча чараларды көрүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлорун кароодо милдеттүү күрөөлүк камсыздоону талап кылуу, буга жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагындагы кредиттер кирбейт | Туруктуу негизде | ФМ |
45 | Баалуу металлдар жана андан жасалган буюмдар менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын катуулатуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү багытында чараларды көрүү | Баалуу металлдар жана асыл таштар менен иштөөдө эрежелерди жана жоболорду бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жана тиешелүү айыптарды белгилөө жөнүндө ченемдерди киргизүүнү караштырган "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ |
46 | Япония Өкмөтүнүн топтолуучу эсебине каражаттарды кайтарып берүү боюнча чараларды көрүү | Япония Өкмөтүнүн Утурлама фондусунун топтолуучу эсебине каражаттарды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн кароо | 2019-2020-жылдар | ФМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
БКЭ | - | Бирдиктүү казыналык эсеп; |
КРПӨИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы; |
КРЖКИБ | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы. |