Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 445
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларында:
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү абактарынан бошотулуучу адамдардын суткалык үлүшүнүн № 1-1 нормасы менен толукталсын;
- № 4 норманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тарбиялоо абактарында кармалган жашы жете элек балдардын, ошондой эле тергөө изоляторлорунда, түзөтүү абактарында жана түрмөлөрүндө кармалган I жана II топтогу майыптардын суткалык үлүшүнүн № 4 нормасы";
- № 4 норманын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул норма жашы жеткен жана тарбиялоо абактарында кармалган соттолгондорго карата колдонулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "71" деген цифралар "99" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу соттолгондорду кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери" менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу, сезонго жараша зарыл болгон кийими, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаты жок адамдар ушул токтом менен белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик каражаттын эсебинен жарандык үлгүдөгү кийим-кече менен камсыздалат.";
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 4-1-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда "Балдар үйү үчүн жабдуулар жана буюмдар" ченеми менен толукталсын.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун алкагында тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү абактарынан бошотулуучу адамдардын суткалык үлүшүнүн № 1-1 нормасы
№ | Азык-түлүктөрдүн түрү | Суткасына 1 адамга норма (грамм) | Энергетикалык баалуулугу |
1 | I сорттогу буудай унунан жасалган нан | 644 | 1333 |
2 | Эт-өсүмдүк консерваларынын түрлөрү (1/350 гр.) | 700 | 963 |
| - же балык консервалары (1/250 гр.) | 500 |
|
| - же балык-өсүмдүк консервалары (1/250 гр.) | 500 |
|
3 | Кум шекер | 30 | 117,6 |
4 | Табигый чай | 1 |
|
5 | Йоддолгон туз | 10 |
|
| Жыйынтыгы: |
| 2413,6 |
Эскертүү. Ушул токтомдо каралган алмаштыруу нормаларына ылайык бул норма боюнча нанды кара буудай, II сорттогу кара буудай унунан жасалган кургатылган нан менен алмаштырса болот.".
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу соттолгондорду кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери
Эркектер үчүн
№ | Буюмдардын аталышы | Саны | Эскертүү |
1 | Кепка (жайкы баш кийим) | 1 даана | Кийим-кече буюмдары сезонго жараша берилет |
2 | Кышкы тумак | 1 даана | |
3 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
4 | Жемпир, свитер | 1 даана | |
5 | Шым | 1 даана | |
6 | Футболка | 1 даана | |
7 | Майка | 1 даана | |
8 | Трусы | 1 даана | |
9 | Кебезден токулган байпак | 1 жуп | |
10 | Бут кийим | 1 жуп |
Кыз-келиндер үчүн

1 | Жарым жүн жоолук | 1 даана | Кийим-кече буюмдары сезонго жараша берилет |
2 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
3 | Көйнөк | 1 даана | |
4 | Кышкы тумак | 1 даана | |
5 | Чолок пальто | 1 даана | |
6 | Ич көйнөк | 1 даана | |
7 | Бюстгальтер | 1 даана | |
8 | Панталон | 1 даана | |
9 | Узун байпак (колготки) | 1 даана | |
10 | Кебезден токулган байпак | 1 даана | |
11 | Көйнөк | 1 даана | |
12 | Бут кийим | 1 даана |
".
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү
1. Эркектер үчүн:
1) Жайкы баш кийим (кепка)
Кара-көгүш түстөгү кездемеден тигилген жайкы баш кийим сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, маңдайчадан, бир аз өйдө ийилген төрт бурчтуу капталдан турат.
2) Кышкы тумак
Күрөң түстөгү токулган кышкы тумак.
3) Кышкы күрмө
Ичтелген, каралжын түстөгү, бир борттуу, топчулама кышкы күрмө. Жакасы кайырма.
4) Жемпир
Токулган, каралжын түстөгү, жеңи узун, топчуламасы жок, жакалуу жемпир.
5) Шым
Кайып тигилген кашаты менен, топчулама, каралжын түстөгү кебез кездемеден тигилген шым.
6) Футболка
Ачык түстөгү, топчусу, жакасы, чөнтөгү жок, кыска же узун жеңдүү, тулку бойду, колдун жарымын, жамбаштын үстүн жапкан, баштан кийилген футболка.
7) Майка
Кебез жиптен токулуп жасалган ачык түстөгү кездемеден, каптал жана ийин тигиштери бар түз формада тигилет. Жеңдин жана моюндун оюктары жээктелген.
8) Трусы
Кара же каралжын-боз түстөгү кебез кездемеден тигилген эркектердин трусысы, эки алдыңкы жана эки арткы бөлүктөн турат. Трусынын үстүңкү жээгине чоюлгуч тасма салынган.
9) Байпак
Каралжын түстөгү кебез жиптен токулган, формага келтирилген, иштелип чыккан латекс жибинен, согончогу токулган жана манжа тарабы тигилген бир борттуу байпак.
10) Бут кийим
Жасалма териден тигилген, сыдырмалуу, жасалма мех менен ичтелген, таманы резинадан, такасы жок, баш жагы тегерек формадагы бут кийим (ботинка).
2. Кыз-келиндер үчүн:
1) Каралжын түстөгү жүн жоолук
2) Кышкы күрмө
Ичтелген каралжын түстөгү, бир борттуу, топчулама кышкы күрмө. Жакасы кайырма.
3) Көйнөк
Бир түстөгү гүлдүү кездемеден тигилген, жакасы кайырма көйнөк.
4) Кышкы тумак
Күрөң түстөгү токулган кышкы тумак.
5) Чолок пальто
Бир түстөгү каралжын кездемеден тигилген, бир борттуу, топчулама чолок пальто. Жакасы кайырма.
6) Ич көйнөк
7) Бюстгальтер
8) Панталондор
9) Узун байпак (колготки)
10) Байпак

11) Көйнөк
12) Бут кийим
Жасалма териден тигилген, тогоосу чаптагыч, такасы жок, таманы полиуретандан, батеги текстилден, баш жагы тегерек формадагы бут кийим (туфли).".
4-тиркеме
"Балдар үйү үчүн жабдуулар жана инвентарь
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Балдар керебети | даана | 1 | 1 балага |
2 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | Соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 1 балага |
4 | Тамактануучу стол | даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Отургуч | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
6 | Дубалга тагылуучу илгич | даана | 1 | Соттолгонго |
7 | Кийим үчүн шкаф | даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Электр чайнеги | даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Таш чайнек | даана | 1 | Бөлмөгө |
10 | Табак | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
11 | Аш кашык | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
12 | Чай кашык | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
13 | Аш айры | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
14 | Балдарды киринтүүчү пластик ванна | даана | 1 | Бөлмөгө |
15 | Бычак | даана | 1 | Бөлмөгө |
16 | Карниз | даана | 1 | Бөлмөгө |
17 | Парда | даана | 1 | Бөлмөгө |
18 | Саат | даана | 1 | Бөлмөгө |
19 | Тиричилик термометри | даана | 1 | Бөлмөгө |
20 | Желдеткич | даана | 1 | Бөлмөгө |
21 | Илеген | даана | 1 | Бөлмөгө |
22 | Шыпыргы | даана | 1 | Бөлмөгө |
23 | Чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
24 | Пол жууган чүпүрөк | даана | 1 | Бөлмөгө |
25 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
26 | Тиричилик муздаткычы | даана | 1 | Корпуска |
27 | Жуунгуч | даана | 1 | Корпуска |
28 | Түнкү горшок | даана | 1 | 1 балага |
29 | Душ бөлмөсү | даана | 1 | Корпуска |
(*) Эскертүү. Балдар үйүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка тиричилик буюмдары жана техникалык каражаттар менен жабдууга жол берилет.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 445
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларында:
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү абактарынан бошотулуучу адамдардын суткалык үлүшүнүн № 1-1 нормасы менен толукталсын;
- № 4 норманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тарбиялоо абактарында кармалган жашы жете элек балдардын, ошондой эле тергөө изоляторлорунда, түзөтүү абактарында жана түрмөлөрүндө кармалган I жана II топтогу майыптардын суткалык үлүшүнүн № 4 нормасы";
- № 4 норманын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул норма жашы жеткен жана тарбиялоо абактарында кармалган соттолгондорго карата колдонулат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомуна ылайык күчүн жоготту)