Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 459
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 459 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Digital C.ASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет.
Долбоордун максаты жеке сектордун инвестицияларын инфраструктурага тартуу жана мамлекеттик саясат менен ченемдик укуктук базаны жөнгө салууну өркүндөтүү аркылуу Борбордук Азиянын кургактык менен курчалган жана Түштүк Азия аймактарындагы өлкөлөрүндө Интернет: тармагына кеңири тилкедеги жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн региондук жана трансчекаралык мамилелерди киргизүү болуп саналат.
"Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору өз ара байланышкан төрт компоненттен турат: (1) телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү компоненти (санариптик байланыштын региондук инфраструктурасы); (2) санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү компоненти (маалымат иштетүү боюнча региондук борборлор, санариптик платформалар жана интеллектуалдуу чечимдер); (3) институттук өнүктүрүү жана санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү компоненти; (4) программаны башкаруу жана санариптик лидерликти өстүрүү компоненти.
"Санариптик байланыштын региондук инфраструктурасы" деген биринчи компонент була-оптикалык байланыш линияларынын магистралдык тармагынын кыргыз бөлүгүн кеңейтүүгө жана трансчекаралык байланыштарды чыңдоого багытталган. Ошондой эле бул компоненттин алкагында мамлекеттик расмий байланыш максатында гана колдонулуучу "G-Net" мамлекеттик тармагынын өткөрүү жана камтуу жөндөмүн кеңейтүү каралган.
"Маалымат иштетүү боюнча региондук борборлор, санариптик платформалар жана интеллектуалдуу чечимдер" деген экинчи компонент "Eurazia Cloud" региондук маалымат иштетүү борборунун жана "Government Cloud" (мамлекеттик булут) мамлекеттик маалымат иштетүү борборунун булуттук технологияларынын негизинде санариптик платформаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле калкка санариптик кызмат көрсөтүү үчүн интеллектуалдык чечимдерди өнүктүрүүнү колдоого багытталган.
"Санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү" деген үчүнчү компоненттин алкагында долбоордун компоненттерин укуктук жана институттук негизде ишке ашырууну камсыздоо; маалыматтык агартуу кампаниясы; санариптик экономиканын шартында зарыл болгон санариптик көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү каралат.
"Долбоорду башкаруу" деген төртүнчү компонентке долбоорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү, анын ичинде көз карандысыз финансылык аудит, экологиялык жана социалдык мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралар кирет.
Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнгөн каражаттар долбоордун компоненттерин ишке ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдарды, операциялык чыгымдарды каржылоого жана аткаруучу органдын (Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети) жана долбоорду ишке ашырууга катышкан башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталат.
Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасына грант түрүндөгү атайын займдын 17200000 укуктарына эквиваленттүү сумманы жана кредит түрүндөгү атайын займдын 17200000 укуктарына эквиваленттүү сумманы берет. Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык төлөмдөрдүн валютасы АКШ доллары болуп саналат. Ага ылайык атайын займдын 17200000 укуктары 25 миллион АКШ долларына эквиваленттүү (2018-жылдын 31-январына карата колдонгон алмашуу курсу боюнча (1 АКШ доллары = 1,457 атайын займ укуктары, жакынкы жүз миңге чейин айлантуу менен).
Кредитти жоюу 2024-жылдын 15-апрелинен тартып башталат. Кредитти тейлөө үчүн комиссия төмөнкүлөрдөн турат:
- алынбай калган калдыкты резервациялоо үчүн - жылына 0,5%;
- кредиттик каражаттардын эсептен алынган калдыгын тейлөө үчүн - кредиттин төлөнгөн суммасынан жылына 0,75%.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 219-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол койгон.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.