Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 429
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Токторов А. С., Жамалдинов 3. И., Нурматов К. С., Бокоев К. С., Тиллаев Т.Г., Примов У.Б., Салянова А.Ж., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Касымалиева А.К., Икрамов Т.И., Строкова Е.Г., Акаев Ж.К., Момбеков Р.Ч. тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 17 сентябрындагы
№ 429 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, “Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
“Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык бул Мыйзам социалдык тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздерин, ошондой эле аларды аткаруунун, токтото туруунун жана токтотуунун тартибин аныктайт.
Ошону менен катар, белгилей кетүүчү жагдай “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жана талаптары белгиленген.
Бирок мыйзам долбоорунун жоболору жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына ылайык келбейт, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун түзүмү жана мазмуну сапаттуу иштеп чыгууну талап кылат.
“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясында “социалдык кызмат”, “социалдык-турмуш-тиричилик кызматтары”, “социалдык-медициналык кызматтар”, “психологиялык-педагогикалык кызматтар”, “социалдык-укуктук кызматтар”, “социалдык-психологиялык” сыяктуу түшүнүктөр жана алардын маанисине түшүндүрмөлөр берилгендигин белгилей кетүү зарыл.
Ошону менен катар мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө мазмуну жогоруда аталган Мыйзамда келтирилген түшүнүктөргө ылайык келбеген ушул сыяктуу түшүнүктөрдүн каралганын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле укук колдонуу практикасында талаш кырдаалды болтурбоо жана ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарга жол бербөө үчүн мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн терминдерди жогоруда аталган Мыйзамга ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Ошондой эле “мамлекеттик кепилденген социалдык кызматтар” деген түшүнүк эмнени билдирерин аныктоону сунуштайбыз, себеби мыйзам долбоорунда колдонулган терминдердин маанисин чечмелеген жоболор каралган эмес.
3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн тартып колдонуларын жана аткарылууга тийиш экендигин эске алуу менен мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пункту менен муниципалдык кызматкер социалдык талондун номиналдык наркын аныктоо боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Ошону менен катар эске алуучу нерсе, “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык социалдык талондун номиналдык наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.
5. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда “мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы ушул Мыйзамды колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда токтотулушу мүмкүн” деп каралган.
Муну менен катар белгилей кетүүчү нерсе, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын (түзүмдүк элементтин) эсеп кылынган мөөнөтү бүткөндүгү ченемдик укуктук актынын (түзүмдүк элементтин) колдонулушун токтотуу учурларынын бири болуп саналат.
Бирок бул мыйзам долбоорунун колдонуу мөөнөтү белгиленген эмес.
6. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктундагы “эгерде бул бузуулар көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышын татаалдаштырган шарттарды түзсө” деген туюндурманы кайра карап чыгууну сунуштайбыз, себеби бул туюндурма коррупциогендик мүнөзгө ээ жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүргүзүү үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максатсыз пайдалануусуна алып келиши мүмкүн, ошондой эле жоопкерчиликтен качуу мүмкүндүгүн берет.
7. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда “эгерде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн болбосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча ушул Мыйзамдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну токтотууга мүмкүн” деп белгиленген.
Бирок сунушталган туюндурма бүдөмүк мүнөзгө ээ, анткени конкреттүү кайсы себептер тууралуу сөз болуп жаткандыгы белгисиз экендигин белгилей кетүү керек.
Жалпыланган жана конкреттүү эмес туюндурмалар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартууга түрткү бергендиктен, жогоруда аталган туюндурманы кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
8. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде башкасы мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө мыйзамда каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде күчүнө кирет.
Муну менен катар мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүндө мыйзам долбоорунун күчүнө кире турган конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан аны кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
9. Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Ошону менен катар, бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүгө белгилүү убакыт талап кылына тургандыгын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоору мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну караштыргандыктан, ошондой эле аларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана илгерилетүү жол-жобосунун узактыгын эске алып, мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда тапшырманы аткаруу үчүн оптималдуу мөөнөттү аныктоону сунуштайбыз.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренеси боюнча да ушул сыяктуу сын пикирлер берилет.
10. Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “2018-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эки сынактык районунда мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү сыноо үчүн он миллион сом өлчөмүндөгү чыгымдарды алдын ала кароо” тапшырмасы берилген.
Ушундан улам бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылат.
Ошону менен катар, “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылга республикалык бюджет бекитилген жана жогоруда аталган каражаттар республикалык бюджетте каралбагандыгын белгилей кетүү зарыл.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоосу менен жүзөгө ашуучу ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш экендигин белгилей кетүү керек.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам долбоорунун аталышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9-пунктунун талаптарына ылайык келбейт, ушуга байланыштуу аны жогоруда аталган Нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү аймакта кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштырууда жана уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймакта көрсөтүүлүүчү кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын керектөөлөрүн баалоонун жыйынтыктарын эске алат” деген ченем менен толуктоо сунушталат.
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилей кетүү керек.
Алсак, аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар тууралуу жобону бекитет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун 3-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык сунуш кылынган Мыйзамдын долбоору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат долбоордун негиздеме-маалымкатында чагылдырылышы керек (аталган Мыйзамдын 25-беренеси). Мында сунушталган негиздеме-маалымкат аталган Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбей тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керектигин белгилейбиз.
Бирок сунуш кылынган Мыйзам долбоорунун жоболору жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык келбейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда берилген жогоруда аталган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен каралып жаткан мыйзамдардын долбоорлорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.