Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна) |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдердин НУСКАМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмүн жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында пруденциялык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөө жөндөмүнүн ченемдери;
2) финансылык туруктуулугунун ченемдери.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин ликвиддүүлүгүн эске алып, алган милдеттенмелери менен активдеринин ортосундагы ченемдик катышынын сакталышы анын төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчү болуп саналат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн;
2) камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин өлчөмдөрүн.
4. Ушул Нускаманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик маанилерди жана көрсөткүчтөрдү эсептөө методикаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2-глава. Төлөө жөндөмүнүн ченеми
5. Төлөө жөндөмүн камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму төлөө жөндөмүнүн төмөнкүдөй ченемдерин сактоого тийиш:
1) жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченемин, ал камсыздандыруу резервдеринин суммасына карата жогорку ликвиддүү активдердин наркынын катышы катары төмөнкүдөй формула боюнча чыгарылат:
мында:
Нва - жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми;
ВА - ушул Нускаманын 3-главасына ылайык активдердин сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен эсептелген жогорку ликвиддүү активдердин наркы;
СР - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык аталган резервдердеги кайра камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып салуу менен эсептелет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш;
2) капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми, ал иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин суммасына кемитилген бардык активдердин сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен алардын наркынын катышы катары төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Нк - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеми;
А - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун бардык активдеринин наркы, ал ушул Нускаманын 3-главасына ылайык алардын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен эсептелет;
СР - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык аталган резервдердеги кайра камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып салуу менен эсептелет;
О - камсыздандыруу резервдеринин суммасынан тышкары камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмеси;
Мк - иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш;
3) компаниянын учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми, ал камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана операциялык чыгымдардын суммасына карата камсыздандыруу сыйлыктарынын неттосунун катышы катары төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Нтп - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми;
СПн - камсыздандыруу сыйлыгынын неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кайра камсыздандырууга берилген сыйлыктарын чыгарып салуу менен отчеттук мезгилдеги камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;
ПК - кайра камсыздандыруу комиссиясы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун отчеттук мезгилде кайра камсыздандыруучудан алган комиссиялык акысынын суммасы;
СВн - камсыздандыруу төлөмдөрүнүн неттосу - аталган камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү кайра камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып салуу менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун отчеттук мезгилде төлөп берген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы;
ОР - операциялык чыгымдар.
Көрсөткүч иш жүргүзүүдө камсыздандыруу төлөмдөрүн (жүргүзүлгөн сарптоолор) жана учурдагы чыгымдарды жабуу үчүн камсыздандыруу сыйлыктары түрүндө түшкөн каражаттардын жетиштүү экендигин мүнөздөйт. Бул көрсөткүч кайра камсыздандыруу боюнча операцияларды эсепке албастан чыгарылат.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш.
3-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин наркы
6. Төлөө жөндөмүн жана финансылык туруктуулугун аныктоодо сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин наркынын эсебине төмөнкүлөр кирет:
1) акча каражаттары:
кассадагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
түшүп жаткан акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
банктагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө.
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жайгаштырылган салымдар (депозиттер):
талап боюнча салымдар - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
мөөнөттүү салымдар - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
4) акционердик коомдордун баалуу кагаздары - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
5) жеке жана юридикалык жактарга зайымдар (ушул пункттун 5-1-пунктчасында көрсөтүлгөн зайымдардан башкасы) камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө - негизги карыздын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
5-1) өмүрдү камсыздандыруу боюнча иштеген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруучуларга зайымдар - топтолгон пайыздарды эске алуу менен негизги карыздын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
6) аффилирленген уюмдарды инвестициялоо жана аларга төмөнкүлөр боюнча коюлуучу талаптар:
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын капиталдарына, карыз жана/же үлүштүк баалуу кагаздарына инвестицияларга - сатып алуу наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздарына - карыздын учурдагы суммасынын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
7) кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайра камсыздандыруучулардан алына турган төмөнкү суммалар:
кайра камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
8) кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайра камсыздандыруучулардан алына турган төмөнкү суммалар:
кайра камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
9) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучулардан алына турган төмөнкү камсыздандыруу сыйлыктары:
камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
10) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча алына турган эсептер:
төмөнкүдөй түрдө алына турган комиссия:
мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
төмөнкүдөй түрдө алына турган башка эсептер:
мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
11) материалдык эмес активдер (амортизацияны кошпогондо) - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
12) негизги каражаттар (амортизацияны кошпогондо):
жер - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
имараттар жана курулмалар - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
бүтө элек капиталдык курулуштар - баланстык наркынын 30 пайыз көлөмүндө;
машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары - баланстык наркынын 50 пайыз көлөмүндө;
негизги каражаттардын башка түрлөрү - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
13) материалдар - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
14) күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервдер - резервдик сумманын 0 пайыз көлөмүндө;
15) башка дебитордук карыздар:
а) кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч айлык мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
үч айдан алты айга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 70 пайыз көлөмүндө;
алты айлык мөөнөттөн ашкан - карыздын суммасынын 40 пайыз көлөмүндө;
б) узак мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч жылга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 20 пайыз көлөмүндө;
үч жылдык мөөнөттөн ашкан - карыздын суммасынын 0 пайыз көлөмүндө;
16) келечектеги мезгилдин чыгымдары - чыгымдардын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
17) төмөнкүлөргө берилген аванстар:
камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча - аванстын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
башка операциялар боюнча - аванстын суммасынын 0 пайыз көлөмүндө;
18) башка активдер - башка активдердин суммасынын 0 пайыз көлөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин наркын эсепке алуу жана кайра баалоо финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун эсепке алуу саясатына ылайык жүргүзүлөт.
8. Наркы чет элдик валюта менен көрсөтүлгөн активдердин наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча бааланат.
9. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ушул нускаманын 6-пунктунун 1-17-пунктчаларына ылайык келбеген активдери башка активдер деп таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 222 токтомунун редакциясына ылайык)