Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 410
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорду, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароону өтүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри кошумча баяндамачы болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-б) төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-пункттун 1-бөлүгүнүн 2-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы «бюджетте» сөзүн «бюджеттерде» сөзү менен алмаштырылсын;
3) 8-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6-бөлүгү төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«6. Функционалдык классификация алардын функционалдык ишинин аткарылышына карай мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери боюнча бюджеттердин чыгымдарынын классификациясын билдирет.»;
4)14-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4.Бул Кодекстин 105-беренесинде каралган чаралардан сырткары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар жана мамлекеттик органдар бюджеттен сырткаркы каражаттарды жана фонддорду түзүү жана пайдаланууга тыюу салынат».
5) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «алынган» сөзүнөн кийин «расмий» сөзү менен толукталсын;
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
6) 21–берененин 3-бөлүгүндөгү «финансылык» сөзүн «бюджеттик» сөзү менен алмашырылсын;
7) 22-берененин аталышындагы «Учурдагы операциялык» сөзүн «Операциялык» сөзү менен алмаштырылсын.
8) 24-берененин 2-бөлүгүндөгү «бюджет резерви жана суммалары» сөзүн «резервдик фонддордон жана муниципалдык көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр» сөздөрү менен алмаштырылсын.
9) 25-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«25-берене. Резервдик фонддор
1.Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Президентин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини, ошондой эле областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын резердик фонддоун түзүү каралат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынын 0,02 пайызынан ашык эмести түзөт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун өлчөмү областтар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык бекитилет.
3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдеринин, негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарына жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин тиешелүү чечимдери менен аныкталат.
Областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасыныны Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери менен аныкталат.
Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарында квартал сайын жарыяланууга жатат.
4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү чукул жана күтүлбөгөн чыгашалар үчүн каржылык камсыз кылууга пайдаланылат;
5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин, областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына жана материалдык сыйлык берүүгө;
4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчетко тиркелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына милдеттүү жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддун жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчыларынын пайдалануу тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчыларынын чечиминин тиркемесинин көчүрмөсү кварталдык отчетко тиркелет.».
10) 28-берененин 3-бөлүгүнүн 1 пунктундагы «тышкы» сөзүн алып салынсын;
11) 30-берененин 1-бөлүгүндөгү «кошкаржылоо» сөзүн «каржылоо» сөзү менен алмаштырылсын.
12) 1) 32-беренеде:
а) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү «формасындагы» деген сөз «долбоорлор» деген сөзгө алмашылсын;
г) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
13) 7-главанын аталышынын «Структура» деген сөзүнөн кийин «бюджет» деген сөзү менен толукталсын.
14) 40-беренедеги «түзүү» сөзүнөн кийин «,кароо» деген сөздөр менен толукталсын;
15) 41-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«41-берене. Бюджет кирешелери
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин кирешелерине төмөнкүлөр кирет:
1) базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга республикалык бюджеттеналынган каражаттар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарга ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү,төлөөчүлөр тарабынан төлөнгөн төгүмдөр
3) 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
4) пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнө компенсация катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
5) бала чагынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана социалдык жөлөк пул алуучу адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнө компенсация катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
6) алар 21 жаш курагына жеткенге чейин баштапкы кесиптик окуу жайлардын орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнө компенсация катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
7) калктын мамлекеттик жумуштуулук кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнө компенсация катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
8) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын офицерлери,прапорщиктери,аскер кызматчыларына милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнө компенсация катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар;
9) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
10) милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин берүүдөн түшүүлөр;
11) келишимдик милдеттенмелерин тиешелүү эмес аткаргандык үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен соттук жана соттук эмес тартипте өндүрүлүп алынуучу каражаттар;
12) сот чечимдери боюнча зыяндын ордун толтуруу суммасын кошкондо материалдык, административдик жана кылмыш жоопркерчилигинин чараларын колдонуу натыйжасында алынган каражаттар;
13) бюджеттик мыйзамдарга ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджет каражаттарын мыйзамсыз жана максатсыз пайдалануу натыйжасында өндүрүлүп алынуучу каражатттар;
14) милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда эсептелген жана толук эмес чегерилген эместик үчүн туумдар жана айыптар;
15) кайрымдуулук фонддорунан, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк жарандардан түшүүчү каражаттар;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
2. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен каралган жылдык бекитилген көлөмдүн он экиден бир бөлүгүнө барабар суммадагы тең бюджеттик жылдын аралыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнөт.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун бюджетинин кмрешелерин түзүү жана аткаруу Бюджеттик классификацияга ылайык ишке ашырылат.»;
16) 42 - беренин 1-бөлүгү төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:
1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо;
2) мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу базалык алкагында жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоо;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга;
4) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн медицина жаатында техникалык жабдылоону жана жаңы технологияларды киргизүү;
5) корголгон чыгымдар беренелерин кепилдигин камсыздоо үчүн алыскы жетүүгө кыйын зоналардагы Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылык колдоо;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонунун камсыздандыруу запастарын толуктоо;
7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонунун бюджеттин кассалык аткарууну маалыматтык-коммуникациялык тейлөө боюнча кызматтарды төлөө;
8) банктык кызматтарды төлөө;
9) ММК полистерин даярдоо;
10) медициналык камсыздандыруу жаатында эл аралык кызматташууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо;
11) Өкмөттүн чечимдери боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды жана башка чараларды жана төлөөлөрдү аткаруу.»;
17) 47-берененин 1-бөлүмүнүн 26-пунктун күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 53-берененин 2-бөлүгүнүн 2 пунктундагы «бюджет» сөзүн «бюджеттер» сөзү менен алмаштырылсын;
19) 54-берененин 1-бөлүгү төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1. Теңдөө трансферттери - жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздуулук деңгээлин теңдөө үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар».;
20) 55-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «бул», «деңгээлден» сөздөр алынып салынсын;
б) 2-бөлүктөгү 1 пунктагы «же бюджеттик жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калуулары» сөзү алынып салынсын.
21) 62-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «Жогорку Кеңеш» сөзү «Кыргыз Республикасынын мыйзамы» деген сөзү менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктөгү «Жогорку Кеңеш» сөзү «Кыргыз Республикасынын мыйзамы» деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 5-бөлүк төмөндөгүдөй мазмунда экинчи абзацы менен толукталсын:
«Тышкы рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу алынган займды же ички займга тийешелүү юридикалык корутундундуга Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан кол коюлууга тийиш».;
22) 63-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«63-берене. Мамлекеттик карыздык кепилдиктер
Мамлекеттик карыздык кепилдиктер - зайымчы карыздык милдеттемелерин белгиленген мөөнөттө талаптагыдай эмес аткарган же аткарбай койгон учурда, Өкмөт кредиторлор алдында карызды толук же жарым-жартылай тындырууга милдеттенме алган жазуу түрүндөгү милдеттемелер.
Кыргыз Республикасы мамлекеттик карыздык кепилдиктерди сунуштабайт.».;
23) 67-беренедеги «эгер» сөзүнөн кийин «жыл сайынкы» сөзү менен толукталсын;
24) 70-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1 пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1) Орто мөөнөттүү бюджеттик негизди бекитет;»;
төмөндөгү редакцияда 9-1) пункт менен толукталсын:
«9-1) бюджет ресурстарынын администраторлорунун тизмесин аныктайт жана бекитет;».
25) 71-берененин 1-бөлүгүндө:
1 жана 2 пункттар төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1) мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы фискалдык саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
2) мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы фискалдык саясаттын Негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгат жана Өкмөттүн кеңештин кароосуна киргизет;»;
6 пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«6) жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын баалоону жүргүзөт;»;
9 пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«9) жалпы мамлекеттик кирешелер боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленген ченемдердин чегерүүлөрүнө ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда аларды аныктайт;»;
17 пункттагы «уюмдары» сөзүн «мекеме» сөзү менен алмаштырылсын;
18 пункта «бөлүмдөрдө» сөзүн «бөлүмчөлөрдө» сөзү менен алмаштырылсын;
19 пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын :
«19) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте Бирдиктүү казыналык эсепте болгон акчалай каражаттар менен эсеп-чотторду башкарат жана операцияларды ишке ашырат;»;
26) 72-берененин 1-бөлүгүндө:
1 пункттун «и» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2 пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3 пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«3) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун бюджеттерин аткарылышы тууралуу отчетторго карата корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна аларды киргизген күндөн 10 күндөн кеч эмес тапшырат;».;
27) 73-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
28) 74-беренеде:
1 бөлүк төмөндөгү «д» пунктча менен толукталсын:
«д) салык жана бажы-тарифтик саясатынын жаатындагы фискалдык саясатынын негизги багыттары;»;
29) 75-берененин 7 пункттагы «ведомстволук» сөзү «ички» сөзү менен алмаштырылсын.
30) 76-берененин 8 пункттагы «мамлекеттик бюджет» сөздөр «мамлекеттик башкаруу секторунунун бюджети» сөздөрү менен алмаштырылсын.
31) 77-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«77-берене. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун компетенциясы
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду бюджеттик мыйзам мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана жарандардын ден соолугун коргоо жаатында башка программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун бюджети жөнүндө мыйзам долбооруг, бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө, милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун бюджет каражаттарын түзүү, эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Өкмөт кароосуна киргизет;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткаруу үчүн зарыл болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү боюнча сунуштарды киргизет
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондуна чегерилүүгө тийиштүү бардык киреше жана бюджеттик түшүүлөр топтолот;
5) мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу базалык программаларын, ошондой эле амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек программаларын жүзөгө ашырат;
6) каржылык туруктуулукту камсыздоо үчүн камсыздандыруу запасын түзөт;
7) алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарынын ишин каржылык колдоону ишке ашырат;
8) бюдждеттик табыштамаларды даярдайт жана республикалык бюджеттен ассигнованиелерди алуу үчүн негиздеме түзөт;
9) республикалык бюджеттен ассигнованиелерди аткаруу, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондуна бюджетти аткаруу тууралуу отчеттуулукту жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча башка маалымат боюнча отчетту түзөт жана тапшырат;
10) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн медицина жаатында техникалык жабдууларды жана жаңы технологияларды киргизүүгө каражаттарды багыттайт;
11) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун жана саламаттык сактоо уюмдарынын максаттуу жана натыйжалуу ички аудитин жүргүзөт;
12) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарынын консолидирленген каражаттарын пайдалануу үчүн ички финансылык контролдукту ишке ашырат;
13) медициналык, профилактикалык жана фармацевтикалык көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарын стимулоо боюнча иш чараларды өткөрөт;
14) акылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн, бюдждеттик сметаны бекитүү жана тактоо, отчеттуулукту түзүү жана кабыл алуу бөлүгүндөгү түшүүлөр боюнча Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү жана аткарууну тескөөнү ишке ашырат;
15) милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, протоколдорду даярдайт жана аларды веб-сайтка жарыялайт;
16) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.»;
32) 80-беренеде
а) 1 бөлүктүн биринчи абзацындагы «негизинде түзүлөт» сөзүнөн кийин «ортомөөнөттүү» сөзү менен толукталсын;
б) 4 бөлүктө:
- экинчи абзацтагы «1-июль» цифрасын жана сөзүн «31-март» цифрасы жана сөзүнө алаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы «көрсөтүлгөн мөөнөттө» сөзүн «31-март» цифрасы жана сөзү менен алмаштырылсын;
33) 81-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«81-берене. Өкмөттүн кеңеши
1. Өкмөттүн кеңеши орто мөөнөттүү мезгилге бюджет жана инвестициялык саясатка тиешелүү Фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишин координациялайт.
2. Өкмөттүн кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрөгалары, сот системанын өкүлү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет.
Өкмөттүн кеңеши өз жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын жетекчилерин тартууга укуктуу.
Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун жана бюджетке тиешелүү маселелерди Өкмөттүн кеңештин жыйынында кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары - тармактык комитеттеринин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катышышы мүмкүн.
3. Өкмөт кеңеши:
1) фискалдык саясаттын Негизги багыттарын жактырат;
2) фискалдык саясаттын Негизги багыттарын долбоорлору боюнча,сот системасынын жана Эсептөө палатасынын бюджет долбоорлору боюнча кайчы пикирлерди карайт;
3) Өкмөттүн жана гранттардын кепилдиги алдындагы тышкы карыз алуулар эсебинен пландалган мамлекеттик инвестициялар алкагында инвестициялык долбоорлорду жактырат;
4) Өкмөт кепилдиги алдында алынуучу мамлекеттик инвестициялардын тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын макулдашат;
5) өнүктүрүүнүн расмий жардам алкагында мамлекеттик инвестициялардын инвестициялык долборлорун жүзөгө ашыруунун финансылык мониторингинин жыйынтыктарын карайт;
6) мамлекеттик инвестициялар алкагында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун учурдагы маселелерин карайт.».;
34) 82-берененин 6-9-бөлүктөрү төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 20-майынан кечиктирилбестен түзүлөт жана Өкмөттүн кеңешинин кароосуна берилет.
Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негиздеринин долбоору менен биргеликте контролдук цифралар боюнча кайчы пикирлер боюнча ыйгарым укуктуу органга тапщырат:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундулары;
2) бюджет ресурстарынын администраторлорунун башкы тескөөчүлөрү(бөлүштүрүүчүлөрү) бюджеттик каражаттардын негиздемелери.
7. Өкмөт кеңеши фискалдык саясатынын негизги багыттары бюджеттик жылдан мурдагы жылдын кезектеги бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жактырат жана орто мөөнөттүү бюджеттик негиздин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.
Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары ушул жылдын 5-июнунан кечиктирбестен кезектеги бюджеттик жылдын мурдагы бюджетти пландоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат жана жайгаштырылат.
8. Орто мөөнөттөгү бюджеттик негизи Өкмөттүн токтому менен кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен кабыл алынат жана Жогорку Кенешке жиберилет.
9. Орто мөөнөттөгү бюджеттик негизи кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 5-июлунан кечиктирилбестен бюджетти пландоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат жана жайгаштырылат.».;
35) 83-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
36) 84-беренеде:
1-бөлүк төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1. Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясы стратегиялык максаттарды жана милдеттерди, бюджеттик программаларды жана тиешелүү тармакта (сектордо) мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишининин натыйжаларынын көрсөткүчтөрүн аныктайт»;
4-бөлүктөгү «, кароо жана аткаруу» сөздөрүн «жана кароо» сөздөрү менен алмаштырылсын;
5-бөлүк төмөндөгү мазмундагы биринчи сүйлөм менен толукталсын:
«Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырганга чейин бюджеттик чыгымдардын Орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорлору боюнча коомдук угууну жүргүзөт. ».;
37) 86-берене төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1. Натыйжалуулук индикаторлору бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (бөлүштүрүүчүлөрүнүн) бюджеттик программалардын максаттарына жетишүүнүн монитринги үчүн пайдаланылат.
2. Натыйжалуулук индикаторлору конкреттүү, жеткиликтүү болууга тийиш, ошондой эле сандык жана сапаттык көрсөткүчтөргө ээ. Ар бир бюджеттик программа жана иш-чара үчүн өзүнчө натыйжалуулук индикаторору аныкталууга тийиш.
3. Натыйжалуулук индикаторлору аныктоонун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.».
38) 87-берененин 2-бөлүгүндөгү «натыйжалуулук индикаторун аныктоо жана» сөздөрү алынып салынсын.
39) 89-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге түзүлөт.
2. Республикалык бюджеттин долбоору кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттик негизде үч болжолдуу жылда каралган параметрлерден, ошондой эле Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясынын негизги жоболорунан түзүлөт.»;
б) 4-бөлүк төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«4. Орто мөөнөттүү бюджеттик негизде каралган ресурстардын болжолу менен салыштыруу боюнча негизделген бюджет ресурстарынын көлөмүнүн көбөйүү жагына өзгөртүүлөрү болуусунда айырма суммасы бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.»
40) 90-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү биринчи абзацтагы «эки болжолдонуучу мезгил» сөздөрү «болжолдонуучу мезгил» сөздөрү менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктөгү 4 пунктунун а) пунктчасындагы «тышкы» сөзү алынып салынсын;
в) 2-бөлүктөгү 2 пункту төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«2) бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын түзүүнүн принциптери, фискалдык тобокелчиликтерди баалоо;».
41) 91-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
«2. Орто мөөнөттүү бюджеттик негизде белгиленген чыгымдардын ведомстволук классификациясы боюнча контролдук цифралар кезектеги бюджеттиик жылга жана болжолдонуучу мезгилге ведомстволордун бюджеттеринин долборлорунун бюджеттик каражаттарынын башкы тескөөчүлөрүү үчүн негиз болуп саналат.»;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
42) 92-берененин 1-бөлүгүндөгү экинчи абзацтагы «финансылык» сөзүн «бюджеттик» сөзүнө алмаштырылсын;
43) 94-беренеде:
а) берененин аталышындагы «бюджет» сөзүн «бюджеттер» сөзү менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн “Бюджеттин долбоору” сөзү “Бюджеттердин долбоору” деген сөз менен алмаштырылсын.;
44) 95-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 15-июлунан кеч эмес, төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
1) бюджеттик процесстин календардык планы;
2)жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча методикалык сунуштамалар;
3) жалпы мамлекеттик кирешелердин болжолу;
4) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери;
5) бюджет аралык трансферттердин көлөмү.».
б) мамлекеттик тилде баяндалган 3-бөлүктө «1-октябрынан» деген сөз «1-сентябрынан» деген сөзгө алмаштырылсын.
45) 96-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бул Кодексттин талаптарына ылайык Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна кезектеги бюджеттик жылдын жана болжолдолгон мезгилдин республикалык бюджети жөнүндө жактырылган мыйзамдын долбоорун кароого киргизет.
2. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана комитеттери:
1) Жогорку Кеңештин комитеттерине, Эсеп палатасынын жана Улуттук банктын төрөгаларына, Соттор кеңешинин өкүлдөрүнө тиешелүү кирген суроолор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтарын угат. Бюджеттик долбоорлордун бюджеттик каражаттарын башкы тескөөчүлөр тарабынан ачык жана айкын ишке ашырылышын мамлекеттик же мыйзамдык коргоо менен камсыздалганын эсепке алуу менен аларды кароонун жүрүшүндө маалыматтарды жарыялоо менен каралат.
2) Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин кароосуна, мамлекеттик сырларды коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген чектөөлөрдү эске алуу менен, тескөөчү багыттар боюнча республикалык бюджет долбоору боюнча корутундуну берет.
Республикалык бюджеттин долбоорун, профилдик комитеттерден тышкары, Жогорку Кеңештин фракцияларында жана комитеттеринде кароо, республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңешке берилген учурдан баштап 20 календардык күн ичинде аякташы керек.
3. Жогорку Кеңештин Профилдик комитети:
1) алардын тескөөчү багыттары боюнча фракциялардын жана комитеттердин корутундусун жалпылоо үчүн карайт;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, фракциялардын лидерлеринин, Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен, мыйзам тарабынан сакталуучу мамлекеттик же башка сырды коргоону камсыздоону Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин сунуштарын эске алып, республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңири жыйын өткөрөт жана кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат жарыяланат;
3) биринчи окууга чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;
4) фракциялардын жана комитеттердин корутундусун эске алуу менен, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде кароо, долбоорду Жогорку Кеңешке сунуштагандан 30 календардык күндүн ичинде каралып бүтүшү керек жана чектелеген эсебине келүү менен белгиленген укуктук ченемдик актыларда каралат.
5. Эгерде Жогорку Кеңештин фракцияларында жана комитеттеринде милдеттүү тартипте республикалык бюджеттин белгиленген чыгымдарын жогорулатуу кабыл алынса, чыгымдардын талапка ылайык көлөмдөгү башка категорияларын кыскартуу тууралуу сунуш киргизилет же кошумча чыгымдарды финансылоого конкреттүү булактар белгиленет.».;
46) 98-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун Бюджеттик классификацияга ылайык, тиркемелерге ылайык сунушталган төмөнкү параметрлерди экинчи окууда карайт жана кабыл алат:»;
- 5 жана 6 -пункттундагы «кийинки» деген сөз алынып салынсын;
- Мамлекеттик тилде баяндалган 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) Кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин»;
- 7-пункттундагы «кийинки» деген сөз алынып салынсын;
б) 2-бөлүктөгү «кийинки» деген сөз алынып салынсын;
47) 99-берененин 1-бөлүгүндөгү «кийинки» деген сөз алынып салынсын;
48) 101-берененин 2-бөлүктөгү «бюджет жөнүндө мыйзам» деген сөздөр «бюджеттер жөнүндө мыйзамдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
49) 103-беренеде:
а) 1-бөлүк «Социалдык фонд,» деген сөздөрдөн кийин «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду,» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө «бюджеттин» деген сөз «бюджеттик системанын бюджеттери» деген сөздөргө алмаштырылсын.
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин аткаруу, Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте бюджетти квартал сайынкы бөлүштүрүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.».
50) 104-беренеде:
а) 2-бөлүк «Социалдык фонд» деген сөздөрдөн кийин «, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пункту «Бирдиктүү казыналык эсепке» деген сөздөрдөн кийин «Ушул кодекстин 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн 3-пунктундагы «, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө» деген сөздөр алынып салынсын.
51) 105-беренеде:
а) 1-бөлүктүн «мамлекеттик органдардын операциялары» деген сөздөрдөн кийин «жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаатысыз коммерциялык банктарда эсеп ачууга укугу жок.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсеп ачууга белгилүү бир мезгилге, төмөнкүдөй учурларда уруксаат берет:
1) каражаттарды эсепке алуу үчүн коммерциялык банктарда өзүнчө эсеби болушу жөнүндө грант берүүчүнүн шарттарында, Бюджеттик мекемелер тарабынан чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдарды алуу үчүн;
2) бюджеттик мекемелердин өзүнчө операцияларынын стандарттык казыналык жол-жобосун эсептөө жана иштеп чыгууну камсыздоо мүмкүн эместигинде.»;
в) 5-бөлүктө «күн» деген сөз «үчүн бюджеттин» деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Каражаттардын түзүлүү булактары боюнча казыналык өздүк эсептер бюджеттик, администрациялануучу, атайын жана депозиттик эсептер:
1) бюджеттик эсептер – бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн негизги ишин каржылоого бюджеттен багытталуучу бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу эсептер;
2) администрациялануучу эсептер – бюджеттин ресурстарынын админстраторлору болуп эсептелген ыйгарым укуктуу тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан админстрациялануучу, Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдүн эсебинин эсеп-чоту.
3) атайын эсептер – буларга төмөнкүдөй түрдөгү түшүүлөр эсепке алынат:
а) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр;
в) камкорчулук төгүмдөр;
г) кайрымдуулук же гранттык жардам;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;
е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан каражаттар;
ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган каражаттар.;
4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана аныкталган шарттар келгенде аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же арналышы боюнча которууга жаткан каражаттар боюнча операциялар эске алынуучу кардардын эсептери.
Мамлекеттик мекемелердин Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептердеги каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.»;
52) 106-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) бюджетке кассалык түшүүлөр жана Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттен кассалык төлөөлөр боюнча бардык операцияларды жүргүзүшсүн.»;
б) 4-бөлүктө «бөлүм» деген сөз «бөлүк» деген сөзгө алмаштырылсын.
в) 10-бөлүк төмөндөгү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Бюджеттик каражаттарды алуучулары тарабынан колдонулбаган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон бюджеттик каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылдын эки жумалык мөөнөттө бюджеттик каражаттарды алуучулары тарабынан республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш.»;
53) 108-беренеде:
а) берененин аталышындагы «бюджетти» деген сөз «бюджеттерди» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк «мамлекеттик орган тарабынан» деген сөздөн кийин «, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүктүн «бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча» деген сөздөр «, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүк «мамлекеттик орган» деген сөздөрдөн кийин «, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөздөр менен толукталсын;
54) 109-берененин 2-бөлүгүндөгү «финансылык» деген сөз «бюджеттик» деген сөзгө алмаштырылсын;
55) 110-берененин 1-бөлүгүндө «мамлекеттик» деген сөз «республикалык» деген сөзгө алмаштырылсын;
56) 112-берененин 2-бөлүгүндөгү биринчи абзацында «кем» деген сөз «ашык» деген сөзгө алмаштырылсын;
57) 114-беренеде:
а) 2-бөлүктө «акыга кызмат көрсөтүүлөрдөн кирешелер» деген сөздөр «акыга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан түшүүлөр» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында «акыга кызмат көрсөтүүлөрдөн кирешелер» деген сөздөр «акыга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан түшүүлөр» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «бюджеттик мекемени өз убагында каржылоо шартында» деген сөздөр алынып салынсын.
58) 115-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) өзгөчө бюджетти кабыл алуу зарылдыгы;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) Өкмөт тарабынан чыгымдардын секвестрин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу.»;
59) 116-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана бекитүү
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.
2. Бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко кыскача макроэкономикалык баяндама жана төмөнкү маалыматтар кирет:
1)Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин көрсөткүчтөрүнүн: кирешелердин, чыгашалардын, дефицитинин, каржылык жана каржылык эмес активдер менен операциялардын жана башкалардын аткарылышы жөнүндө;
2) мамлекеттик бюджеттик резервдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министрдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;
3)бюджеттик мекемелердин насыялык жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;
4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;
5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;
6) отчеттук мезгил үчүн бюджетти аткаруу тууралуу.
Бюджетти аткаруу тууралуу отчеттун курамы Өкмөт тарабынан бекитилет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик бюджетти аткаруу тууралуу отчеттун курамында республикалык бюджетти аткаруу тууралуу жылдык отчетту түзөт жана Өкмөткө отчеттон кийинки жылдын 1-майынан кеч эмес берет.
4. Өкмөт республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоорун отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен карайт жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
5. Өкмөт мурунку жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчеттун карап чыгып, белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ал боюнча ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана мурунку жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоору менен бир убакта отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-сентябрына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
6. Кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамды анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен бир окууда кабыл алат.».
60) 117-берененин биринчи абзацында «республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү трансферттер» деген сөздөрдөн кийин «, активдер жана милдеттенмелер жана башкалар менен операциялар» деген сөздөр менен толукталсын.
61) 118-беренеде:
а) аталышындагы «бюджеттин» деген сөз «бюджеттерин» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетко төмөнкүлөр кирет:
1) бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн: кирешелердин, чыгашалардын, дефициттин/профициттин жана башкалардын аткарылышы;
2) резервдик фонддун пайдаланылышы;
3) өнүктүрүү фондун түзүү жана аткаруу жөнүндө отчет;
4) насыялык жана дебитордук карыздын абалы жөнүндө отчет;
5) пландаштырылган максаттар боюнча жыйынтык көрсөткүчтөргө жетишүү жөнүндө маалымат;
6) отчеттук мезгил үчүн бюджетти аткаруунун көрсөткүчтөрү боюнча түшүндүрмө.»;
в) 4-бөлүктө «мыйзам долбоору» деген сөз «мыйзамдардын долбоорлору» деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүктө «мыйзам» деген сөз «мыйзамдар» деген сөзгө алмаштырылсын.
62) 119-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
63) 23-главада:
Главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23 – глава. Мамлекеттик ички каржылык контроль жана мамлекеттик тышкы аудит»;
124-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«124-берене. Мамлекеттик тышкы аудит
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан жүзөгө ашырылат:
ар жылы - республикалык бюджеттин жана Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы, мамлекеттик менчикти пайдалануу;
эки жылда бир жолудан кем эмес - жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жана муниципалдык менчикти пайдалануу.
Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга жатат.».
64) 125-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына төмөнкү документтерди жайгаштырууга - алар белгиленген тартипте бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде жашыруундуулук режимин, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү:
1) Фискалдык саясаттын негизги багыттары;
2) Орто мөөнттүү бюджеттик негиз;
3) республикалык бюджеттин долбоору;
4) жарандык бюджет;
5) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;
6) республикалык бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасы;
7) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Эсептөө палатасынын аудитинин отчету;
8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;
9) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айдагы отчеттор.».
65) 127-беренеде:
а) 1-бөлүк «аткаруу бийлигинин» деген сөздөрдөн кийин «же Жогорку Кеңештин» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Коомдук бюджеттик угууларды демилгелеген мамлекеттик орган коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн сунуштарды жалпылайт, кайчы пикирлердин протоколун даярдайт жана ведомстволук веб-сайтка жарыялайт.».
66) 131-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«131-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылык тартиптин сакталышынын контролу жана анын мониторинги
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына мониторингди, бюджет аралык трансферттерди жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан финансылык тартипти жана ушул Кодекстин жоболорунун сакташын кошуп алганда, бюджеттик ассигновалиердин максаттуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат.
Бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн ички жана тышкы аудитинин бюджеттик мыйзамдарды бузууларды табуулар натыйжалары боюнча аларды жүзөгө ашырууда (пайдаланууда ) табылган көрсөтүлгөн бузуулар боюнча программаларды жана иш-чараларды каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүүгө) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөткө сунуштар киргизилет.
Чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.
Бузуулардын табылган фактылары кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджетти тактоодо жана бюджеттин долбоорлорун түзүүдө четтетилет.
2. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары акыга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдү түзүүнүн жана пайдалануунун фактылары табылган учурда көрсөтүлгөн кирешелердин суммасы тиешелүү бюджеттин кирешесине кошуп эсептөөгө жатат.
Бюджеттик мекеменин казыналык атайын эсебинде каражаттар болбогондо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелердин эсебинен же болбосо бюджеттик чыгашаларды кыскартуунун эсебинен тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрүп алынат.».
2-берене
1. Бул Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|