Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-октябры № 467
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) - идентификациялык жеке номерди ыйгаруучу жана өзгөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү;";
- 4-пунктундагы "ЖААК органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө" деген сөздөр жана аббревиатура "аймактык бөлүмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы "ЖААК органдарынын каалаган аймактык бөлүмдөрүндө" деген сөздөр жана аббревиатура "каалаган аймактык бөлүмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пунктундагы "ЖААК органдары" деген сөз жана аббревиатура "Аймактык бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Тартиптин жана анын тиркемелеринин бардык текстинде ар кайсы жөндөмөдөгү жана сандагы "ЖААК органдары" деген сөз жана аббревиатура тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Тартиптин 2-тиркемесинин 13-пунктундагы "ЖААКБ" деген аббревиатура "аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) алуу үчүн көрсөтүлүүчү документтердин тизмесин шайкеш келтирүү жана жарандарды жерине барып документтештирүү жол-жобосун бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте үч айдын ичинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |