Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 619
Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункту "алгачкы киргизүүдө ыйгарат жана" деген сөздөрдөн кийин "жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жободо:
- 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү ТАРТИБИ
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Приложение 1 - тиркеме
Формасы/форма
Идентификациялык жеке номерин берүү жөнүндө маалымкат/Справка о присвоении персонального идентификационного номера
1 | ИЖН берүү датасы Дата присвоения ПИН |
2 | ИЖН: ПИН: |
3 | Фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо) Фамилия, имя, отчество (при наличии) |
4 | Жынысы Пол |
5 | Туулган күнү Дата рождения |
6 | ИЖН ыйгарган органдын аталышы Наименование органа, осуществившего присвоение ПИН |
7 | Ыйгарылган ИЖН жөнүндө маалымкат берген органдын аталышы Наименование органа, выдавшего справку о присвоенном ПИН |
8 | Маалымкат берилген күн Дата выдачи справки |
10 | ИЖН ыйгарган/ыйгарылган ИЖН жөнүндө маалымкат берген ЖААК органынын кызматкеринин аты-жөнү ФИО сотрудника органа ЗАГС, осуществившего присвоение ПИН/выдачу справки о присвоенном ПИН |
| ЖААК органынын башчысы: Руководитель органа ЗАГС: |
|
Приложение 2 - тиркеме
Формасы/форма
Идентификациялык жеке номерди алуу үчүн АРЫЗ/ЗАЯВЛЕНИЕ на получение персонального идентификационного номера
* менен белгиленген талаалар милдеттүү түрдө толтурулат
Поля, отмеченные *, обязательны для заполнения
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Приложение 3 - тиркеме
Формасы/форма
Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн АРЫЗ/ЗАЯВЛЕНИЕ на внесение изменений в присвоенный персонифицированный идентификационный номер
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.