Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 482
“Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
1-берене
“Инвестициялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”.
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”.
2) 2-статьясында:
- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны - сатып алынган баалуу кагаздардын жалпы санын кемитүү менен кийинки инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы саны.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы - жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:
“Квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында квалификациялуу инвесторго коюлган талаптарга шайкеш келген жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жак. Квалификациялуу инвестор акча каражаттарын инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына инвестициялоо боюнча кандай документтерге болбосун кол коюу учурунда ушундай жак катарында өзүнүн статусун көрсөтүүгө милдеттүү.
Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд – анын акцияларына (үлүштөрүнө) квалификациялуу инвестор гана ээлик кылуучу жабык типтеги инвестициялык фонд.
Инвестициялык үлүш боюнча орто аралык киреше - үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине ылайык инвестициялык үлүш ээлерине төлөнүүчү инвестициялык үлүш боюнча киреше. Орто аралык киреше жылына бир жолудан көп эмес төлөнөт.”.
3) 4-статьясында:
- экинчи абзацы “инвестициялык фонддор” деген сөздөрдөн кийин “(ачык акционердик инвестициялык фонддор)” деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы “укугун берет” деген сөздөрдөн кийин “(интервалдык акционердик инвестициялык фонддор)” деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы “акционерлердин талабы боюнча” деген сөздөн кийин “(жабык акционердик инвестициялык фонд)” деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзацы “инвестициялык фонддор” деген сөздөрдөн кийин “(ачык үлүштүк инвестициялык фонддор)” деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи абзацы “укугун берет” деген сөздөрдөн кийин “(интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор)” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- үлүш ээлеринин (жабык үлүштүк инвестициялык фонддордун) талабы боюнча үлүштүк инвестициялык фонддор тарабынан эмиссияланган инвестициялык үлүштү сатып алуу милдеттенмеси жок үлүштүк инвестициялык фонддор.”.
4) 5-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“инвестициялык фонд ачык, интервалдуу же жабык экендигин көрсөтүү менен “акционердик инвестициялык фонд”;
“инвестициялык фонд ачык, интервалдуу же жабык экендигин көрсөтүү менен “үлүштүк инвестициялык фонд.”;
5) 9-статьясынын 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6) 121-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“121-статья. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы
1. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы ушул Мыйзамда жана уставда берилген ыйгарым укуктардын чегинде акционердик инвестициялык фонддун ишине жетекчилик кылат.
2. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же уставда аныкталган акционердик инвестициялык фондду башкаруунун башка органдарынын өзгөчө компетенциясына кирбеген бардык маселелерди чечүү кирет.
3. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
4. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын функциялары акционерлердин жалпы чогулушун чечими менен башкаруучу компанияга келишим боюнча өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Башкаруучу компанияны тандап алуу жана аны менен келишим түзүү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына кирет. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы инвестициялык активдерди ишеним башкаруу боюнча баалуу кагаздар рыногундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болууга тийиш.
5. Акционердик инвестициялык фонддун уставында фондду башкаруунун тартиби жөнүндө жоболор камтылууга тийиш.
6. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрүнө төлөмдөрдүн тартиби жана сый акылардын өлчөмдөрү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
7. Жыл сайын акционерлердин чогулушунун өткөрүлүшүнө 20 календардык күнгө чейин акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы бухгалтердик балансты, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчетту жана башка финансылык отчетторду камтыган жылдык отчетту даярдоого жана акционерлерге таанышып чыгуу үчүн бул материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого тийиш.
Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын жылдык отчетуна башкарманын төрагасы же башкы директору, же болбосо башкаруучу компаниянын жетекчиси кол коёт жана жылдык отчет акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешин жыйынында каралат жана жактырылат.”;
7) 13-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары
1. Акционердик инвестициялык фонд өзүнүн жөнөкөй акцияларын ачык эмиссиялоо же жеке сунуштоо (жабык жайгаштыруу) аркылуу акча каражаттарын тартат.
2. Акциялар баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылат. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары жайгаштыруу же андан кийинки сатуу учурунда (сатып алынган акциялар үчүн) акча каражаттары менен гана төлөнөт (пайданы капиталдаштыруу учурун кошпогондо) жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө катары берилбейт.”.
8) 15-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15-статья. Акционердик инвестициялык фонд тарабынан акцияларды сатып алуу
1. Акционердик инвестициялык фонд акцияларды акционердик инвестициялык фонддун жайгаштырылган бир акциясына туура келген таза активдердин наркына тең баада сатып алат.
2. Ачык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларын сатып алуу баасы күн сайын ар бир күндүн аягында эсептелет жана ал кийинки күндүн ичинде гана пайдаланууга жарактуу. Сатып алуу баасы сатып алууга тиешелүү өтүнмө берилген күнү аныкталат.
3. Интервалдык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларын сатып алуу баасы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык эсептелет жана фонддун уставында белгиленген интервалдын ичинде колдонулат. Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акциялары жылына бир жолудан кем эмес сатып алынууга тийиш.
4. Жабык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларын сатып алуу “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Инвестициялык фонд сатып алууга берилген акциялар үчүн төлөмдөрдү төмөнкү мезгилден сырткары, 14 календардык күндөн ашык кечиктирүүгө укуксуз:
- фондулук биржа жабык болгон учурда же фондулук биржада баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан соодага тыюу салынган мезгил;
- баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө кырдаалдын бар экендиги аныкталган мезгил, анын натыйжасында инвестициялык фонддун активдери сарамжалсыз жайгаштырылышы же инвестициялык фонд тарабынан анын таза активдеринин наркы адекваттуу эмес аныкталышы мүмкүн.”.
9) төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:
“181-статья. Жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзүүнүн жана башкаруунун өзгөчөлүктөрү
1. Жабык үлүштүк инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлордун инвестициялык үлүштөрү жеке сунуштоо жолу менен гана жайгаштырылган шартта алар үчүн гана түзүлүшү мүмкүн.
2. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде инвестициялык үлүш боюнча орто аралык кирешени төлөп берүү каралышы мүмкүн, мында бул киреше жүгүртүүдөгү баардык инвестициялык үлүштөр боюнча гана төлөнүп берилет. Орто аралык кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын 20 пайыздан ашык төмөндөтпөөгө тийиш. Инвестициялык үлүш боюнча орто аралык кирешени төлөп берүү жөнүндө чечим үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Эгерде орто аралык кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде каралса, бирок үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда мындай төлөм жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда төлөмдөр берилбейт.
3. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу - үлүштүк инвестициялык фондду башкаруунун жогорку органы, анын компетенциясына төмөнкү маселелерди чечүү кирет:
- жабык үлүштүк фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- орто аралык кирешени төлөп берүү жана анын өлчөмүн бекитүү;
- жабык үлүштүк инвестициялык фондду мөөнөтүнөн мурда жоюу.
Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө милдеттүү.
Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесин өзгөртүү жөнүндө маселени үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кароодо жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө каршы добуш берген үлүшчүлөрдүн инвестициялык үлүштөрүн сатып алуу талабына укук милдеттүү түрдө жаралат.
Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү тартиби жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде каралууга жана Кыргыз Республикасынын ачык акционердик коомдору үчүн акционерлердин кезексиз жыйынына карата колдонулуучу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш.
4. Башкаруучу компаниянын үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдары жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзгөн мүлктүн эсебинен төлөнөт.
5. Эгерде жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрдүн 80 пайызынан ашыгына ээлик кылган үлүшчүлөр (алардын өкүлдөрү) жалпы чогулушка катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда катталышса, үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу укуктуу деп таанылат. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда добуштар “бир үлүшчү – бир добуш” принциби боюнча берилет. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушундагы бардык чечимдер чогулушка катышкан үлүшчүлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6. Жалпы чогулуштун протоколунун көчүрмөсү аны өткөргөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбей баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүгө жана ошол үлүштүк инвестициялык фонддун кайсы үлүшчүсүнүн болбосун биринчи талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилүүгө тийиш.
7. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жалпы чогулушта мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбей баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн берилүүгө тийиш.”.
10) 19-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен ошол үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын берген жактардын (инвесторлордун) ортосунда мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишеним башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө ачык оферта шарттарын инвесторлор тарабынан акцептөө аркылуу мүлктү ишеним башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган үлүштүк инвестициялык фонддун эрежеси ушундай ачык оферта болуп саналат. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде ушул Мыйзамга ылайык инвестициялык актив катары аныкталган кандай активдерди болбосун бул үлүштүк инвестициялык фондго өткөрүп берүү каралышы мүмкүн.”.
11) 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
12) 21-статьясынын 1-бөлүгүндө:
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- фонддун үлүштөрүн квалификациялуу инвесторлор гана сатып алат деген көрсөтмө – жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“- инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнун тартиби - жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн;
- орто аралык кирешени төлөөчү жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн мындай кирешени эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби;”;
13) 22-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Инвестициялык үлүштү сатып алууга өтүнмө берүү мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишеним башкарууга берүү жөнүндө офертанын акцепти болуп саналат.”.
14) 23-статьясында:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү ачык сунуштоо аркылуу гана жайгаштырылат. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрү жеке сунуштоо аркылуу жайгаштырылат.”;
- 5-бөлүгүндөгү “эркин конвертирленүүчү валюта” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгү “жана аны” деген сөздөрдөн кийин “инвестициялык үлүштөр ачык жарыяланган учурда” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
“7. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн алгачкы жайгаштыруусунун жыйынтыктарын каттоодо жайгаштырылбай калган инвестициялык үлүштөр жокко чыгарылбастан эмитент сатып алган баалуу кагаздардын эсебине киргизилет жана кийин аларга сатылышы мүмкүн. Инвестициялык үлүштөрдүн эмитенти өзүнүн инвестициялык үлүштөрүн сатуу жана сатып алуу жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды ар айлык негизде маалымдоого милдеттүү.”.
15) 24-статьясында:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24-статья. Башкаруучу компания тарабынан инвестициялык үлүштөрдү кийинки сатуу жана сатып алуу;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Инвестициялык үлүштөрдү сатып алуунун же сатуунун баасын башкаруучу компания үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын өзү жайгаштырган инвестициялык үлүштүн санына бөлүү менен эсептейт.”;
- 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
16) 26-статьясында:
- 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ, акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимди түзгөн же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесин каттаган юридикалык жак.
Башкаруучу компания өз ишин баалуу кагаздар рыногундагы брокердик жана дилердик иштер менен айкаштырууга укуктуу, мында ага баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо учурунда бир эле мезгилде инвестициялык фонддун жана мындай бүтүм боюнча контрагенттин кызыкчылыктарынын өкүлү болууга тыюу салынат.
2. Башкаруучу компания тиешелүү фонддордун инвестициялык декларацияларындагы алардын инвестициялык максаттарынын мазмуну бири-биринен айырмаланган шартта бир нече инвестициялык фонддорду башкарууга укуктуу, мында бир башкаруучу компаниясы бар инвестициялык фонддордун ортосундагы бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.”.
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишеним башкаруу боюнча лицензиядан сырткары, башка лицензияларды албастан фондулук биржалар уюштурган тооруктарга катышууга укуктуу.”.
17) 28-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “8” деген цифра “6” деген цифра менен алмаштырылсын;
18) 31-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31-статья. Инвестициялык фонддун инвестициялык активдерине болгон укуктарды эсепке алууга жана аларды сактоого карата талаптар
1. Акционердик инвестициялык фонд жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланган инвестициялык фонддун депозитарийи менен келишим түзүүгө;
- инвестициялык фонддун инвестициялык портфелин түзгөн баалуу кагаздарга болгон укуктарды инвестициялык фонддун депозитарийинин өз алдынча эсептеринде эсепке алууга;
- эмитент - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес чыгарган баалуу кагаздарды инвестициялык фонддун депозитарийи менен чет элдик депозитарийдин ортосундагы келишимдик корреспонденттик мамилелердин системасы аркылуу инвестициялык фонддун депозитарийинде эсепке алууга;
- инвестициялык фонддун инвестициялык активдеринин курамына кирген банктык депозиттерге, кыймылсыз мүлктөргө жана башка мүлктөргө карата укук белгилөөчү жана укук ырастоочу бардык документтердин көчүрмөлөрүн инвестициялык фонддун депозитарийине берүүгө, ошондой эле инвестициялык фонддун депозитарийинин талабы боюнча мүлккө же депозитке жеке менчик укугун эсепке алуучу органдан мындай депозиттердин жана мүлктөрдүн иш жүзүндө бар экендигин бышыктаган маалымкат/эсеп боюнча көчүрмө берүүгө.
2. Инвестициялык фонддун мүлкүн сактоонун жана баалуу кагаздарга болгон укуктарын эсепке алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.”.
19) 33-статьясынын 1-бөлүгүндө:
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилдик берген мамлекеттик баалуу кагаздарга жана баалуу кагаздарга инвестициялоодон сырткары, инвестициялык фонддун бардык таза активдеринин 20 пайызынан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына же жоопкерчилиги чектелген коомдун үлүштөрүнө инвестициялоого;”;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“-таза активдердин 20 пайызынан ашпаган инвестициялык активдердин күрөөсү менен акча каражаты же башка мүлк түрүндө карыз берүүгө;”;
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- инвестициялык активдер менен репо операцияларынан сырткары, кандай түрдө болбосун кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого,;”.
2-берене
“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 391-берене менен толукталсын:
“391-берене. Квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чектөөлөр
1. Эгерде баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, аларды чыгаруу жөнүндө чечимде, ачык сунуштоонун шарттарында же баалуу кагаздарды чыгаруунун проспектинде баалуу кагаздардын квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы каралса, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары мындай баалуу кагаздарды жалаң гана квалификациялуу инвесторлордун сатып алышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун кызыкчылыгында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунан сатып алынган, квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздардын рыноктук наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында инвестордун чыгымдарына квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвесторлордун алдында жоопкерчилик тартат.
Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу инвестор жөнүндө анын өзү же анын кызыкчылыктары үчүн аракеттенген башка баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу билдирген жалган маалыматтардын негизинде инвесторду квалификациялуу деп тааныса, ушул бөлүктө каралган жоопкерчилик жаралбайт.
3. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болуп саналбаса, же болбосо квалификациялуу инвестордун статусуна ээ болбой калса баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган, инвесторго таандык болгон (же анын пайдасына ишеним башкарууда болгон) баалуу кагаздарды ажыратуу же тындыруу боюнча операцияларды гана мындай инвестор үчүн жүргүзүүгө укуктуу.
4. Квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздарды мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашкан учурда биргелешип тапкан мүлктү бөлүүнүн натыйжасында, жоюлуучу уюмдардын мүлкүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында жана күрөөгө коюлган буюмду өндүрүү учурунда аны өзүнө калтырууда аларды сатып алуу чектелбейт.”.
3-берене
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
39-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген талаптар коомдун иш мөөнөтүнө карата колдонулбайт.”.
4-берене
“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
27-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген талаптар коомдун иш мөөнөтүнө карата колдонулбайт.”.
5-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти