Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-октябры № 497
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо маселесин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоонун тартибин жана талаптарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (мындан ары - Өкмөттүн Грамотасы) мамлекеттик курулуш, экономика, илим, маданият, искусство жана агартуу тармагындагы, мыйзамдуулукту чыңдоодогу, ден соолукту жана өмүрдү сактоодогу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу, ошондой эле башка чөйрөлөрдөгү өтөгөн эмгектери үчүн сыйлоонун формасы болуп эсептелет.
Өкмөттүн Грамотасы менен Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында эмгеги сиңген эл аралык жана коомдук уюмдар сыйланышат.
3. Өкмөттүн Грамотасы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулат.
Өкмөттүн Грамотасы менен бирге сыйлануучуга Өкмөттүн Ардак белгиси тапшырылат.
Өкмөттүн Грамотасынын жана Өкмөттүн Ардак белгисинин баяндамалары Өкмөт тарабынан бекитилет.
4. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим Өкмөттүн буйругу менен чыгарылат.
2-глава. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө демилге көтөрүүнүн тартиби
5. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жамааттары демилгелешет жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аппараттарына жиберишет же алар менен макулдашуу боюнча - тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарына жиберилет.
6. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жарандык персоналын сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү демилгелөө тартибин аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары аныкташат.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аппараттары сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү коллегиялуу карашат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) сыйлоо жөнүндө сунушту сыйлоонун белгиленген датасынан эки айдан кечиктирбей мурдатан жиберишет.
8. Сыйлоо жөнүндө сунушту министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин же администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери киргизишет.
9. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери (мындан ары - вице-премьер-министр) жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) менен макулдашуу боюнча демилгеленет.
10. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды сыйлоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча киргизилет.
11. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө Өкмөттүн Аппаратына кароо үчүн келген документтер адегенде Өкмөттүн Аппаратынын иштин тийиштүү чөйрөсүн тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө изилденет жана ал:
- документтер ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайыктыгын аныктайт;
- сыйлыкка сунушталып жаткан адамдын кандидатурасын тейлеген вице-премьер-министрге макулдашууга киргизет.
12. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн тапшырылган документтер ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык келген учурда, ошондой эле тейлеген вице-премьер-министрдин макулдугу бар болсо, Өкмөттүн Аппаратынын иштин тийиштүү чөйрөсүн тейлеген түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - тейлеген түзүмдүк бөлүм) жогоруда айтылган документтерди сыйлоонун белгиленген датасына (тийиштүү кесиптик майрам, белгиленүүчү дата жана сыйлоо үчүн башка окуялар) чейин бир айдан кечиктирбей мурдатан Өкмөттүн Аппаратынын кадр маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө берет.
3-глава. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо үчүн кандидаттарга карата талаптар
13. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарынын сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;
- сыйлоо жөнүндө сунуш, кесиптик ишинде жетишкендиктерине баа берүү, иштеген жылдары, алган мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, төмөндөгү документтер милдеттүү түрдө тиркелет:
коллегиялуу органдардын чогулушунун протоколу, сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө чечими (коллегиялуу орган жок болсо - жетекчисинин чечими);
ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча сыйлоо барагы;
тийиштүү чөйрөдөгү (экиден кем эмес) жетекчилердин жана/же адистердин рекомендациялары, Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоого сунуш кылуунун негизин көрсөтүү менен;
паспортунун жана эмгек китебинин копиялары (иштеген жериндеги кадрлар бөлүмүндө же нотариуста күбөлөндүрүү менен);
сунуш кылып жаткан уюмдун сыйлоого сунушталып жаткан кандидатта Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоого көрсөтүлүп жаткан учурга карата күчүндөгү тартиптик жазалары, ошондой эле мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматчы болуп эсептелген кандидаттарга карата өткөн жылы Этика боюнча комиссияда жана/же Тартиптик комиссияда кароого киргизилген материалдардын жоктугу жөнүндө маалымкаты.
14. Сыйлоого талапкерлер төмөнкүдөй милдеттүү критерийлерге ылайык болууга тийиш:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы, же мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелердеги жана ишканалардагы жалпы иш стажы - 12 жылдан кем эмес;
- Өкмөттүн Аппаратынын иштеп жаткан кызматкерлери үчүн иш стажы - 2,5 жылдан кем эмес (узак мөөнөттүү окуудагы убактысын эске албастан), жалпы иш стажы сакталышын эске алуу менен - 10 жылдан кем эмес;
- мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын кызматкерлери, жарандык коомдун жана бизнес жамааттын өкүлдөрү үчүн тийиштүү чөйрөдөгү жалпы иш стажы - 10 жылдан кем эмес;
- мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлери жана кызматчылары үчүн ведомстволук сыйлыктарынын болушу (ардак грамота, грамота, төш белги жана сыйлыктардын башка түрлөрү);
- мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган тартиптик жазаларынын жоктугу;
- мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматчы болуп эсептелген кандидаттар боюнча өткөн жылы Этика боюнча комиссияда жана/же Тартиптик комиссияда кароого киргизилген материалдардын жоктугу;
- кандидатка белгиленип жаткан сыйлоого чейинки эки жылда Өкмөттүн сыйлыктары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр) атынан алкыш жана энчилүү саат берилбегени.
15. Эрдик кылганы, тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү жогорку жана Кыргыз Республикасына маанилүү жетишкендиктери үчүн өзгөчө учурларда Өкмөттүн Грамотасы көрсөтүлгөн критерийлерди сактабастан, Премьер-министрдин чечими (тапшырмасы) боюнча берилиши мүмкүн.
16. Сыйлыкка көрсөтүп тапшырылган материалдар төмөнкүдөй учурларда Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан каралбастан кайра артка жиберилет:
- ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса;
- ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук тапшырылбаса;
- сунушталган кандидаттар ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбесе.
4-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
17. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссияда (мындан ары - Комиссия) каралат. Комиссиянын курамы Премьер-министрдин буйругу менен бекитилет.
18. Комиссиянын ишин уюштурууну Өкмөттүн Аппаратынын кадр маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмү камсыздайт.
19. Комиссия органдардан жана региондордон сунушталган кандидатуралардын жалпы санын эске алуу менен, мамлекеттик же муниципалдык органдан Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоого көрсөтүлүүчү кандидаттар үчүн региондор боюнча квота белгилөөгө укуктуу.
20. Комиссиянын чечими Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калса Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Комиссиянын мүчөсү - мамлекеттик органдын жетекчиси жок учурда анын орун басары Комиссиянын жыйынына добуш берүү укугу менен катышат.
Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет.
21. Сыйлоо үчүн тапшырылган материалды кароонун жыйынтыгында Комиссия оң чечим кабыл алган учурда Өкмөттүн Аппаратынын кадр маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмү Өкмөттүн буйругунун долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте Премьер-министрдин кароосуна киргизет.
Зарыл болсо Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн буйругунун долбоорун тез чыгарууну Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү ишке ашырат.
22. Комиссия Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлоодон баш тарткан учурда сыйлоо жөнүндө кайрадан сунуш Комиссиянын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен, баш тартылган күндөн тартып бир жылдан кем эмес убакыттан кийин киргизилсе болот.
23. Зарыл учурда Комиссиянын чечими сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
5-глава. Өкмөттүн Грамотасын тапшыруу
24. Өкмөттүн Грамотасын Премьер-министр же анын тапшыруусу боюнча: биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, министрлер, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башка кызмат адамдары тапшырышат.
25. Бир эле адам Өкмөттүн Грамотасы менен бирден ашык жолу сыйланышы мүмкүн эмес. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйланганы жөнүндө маалымат иштеген жериндеги уюмдун кадр кызматы тарабынан эмгек китебине жазылат.
26. Өкмөттүн Грамотасы менен сыйлангандардын эсебин алууну жана каттоону Өкмөттүн Аппаратынын кадр маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмү ишке ашырат.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобого тиркеме |
Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүү барагы
1. Аты-жөнү _____________________________________________________
________________________________________________________________
2. Кызматы, иштеген орду _________________________________________
________________________________________________________________
(уюмдун, мекеменин аталышы)
3. Жынысы ___________ 4. Туулган датасы __________ (күнү, айы, жылы)
5. Туулган жери ___________________________________________________
(облус, шаар, район, айыл)
________________________________________________________________
6. Билими _______________________________________________________
________________________________________________________________
(билими боюнча адистиги, окуу жайдын аталышы, аяктаган жылы)
7. Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы _______________________
________________________________________________________________
8. Кандай мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жана сыйланган даталары
________________________________________________________________
________________________________________________________________
9. Үйүнүн дареги: _________________________________________________
10. Жалпы иш стажы _______________ Тармактагы иш стажы ___________
Бул жамааттагы иш стажы __________________________________________
11. Иштеген жылдары (жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы окуусун, аскер кызматын кошкондо)
Айы жана жылы | Уюмду көрсөтүү менен кызмат орду | Уюмдун турган орду | |
киргени | кеткени |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1-11-пункттарда көрсөтүлгөн маалыматтар эмгек китепчедеги маалыматтарга ылайык келет.
___________________________________________ | ____________ | ___________________ |
(кадрдык бөлүмдүн кызматкеринин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
12. Сыйлыкка сунушталган адамдын конкреттүү салымдарын көрсөтүү менен мүнөздөмө
Талапкер ______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы)
___________________________________________________________________ сунушталды.
(талкуулоо датасы, протоколдун № ______________________)
Жетекчи | Жамааттык органдын төрагасы |
______________________________________ | _____________________________________ |
(колу) | (колу) |
М.О. | М.О. |
______________________________________ | _____________________________________ |
(аты-жөнү) | (аты-жөнү) |
_____________________________________________________________________________ | |
(мамлекеттик органдын жетекчиси) | |
______________________________________ | _____________________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
_____-жылдын "___" _________________".