Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 токтомуна |
Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартибин аныктайт.
2. Аткаруу документинде камтылган талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары карызкордо болбогон учурда, ушул Жобого ылайык анын баалуулуктары өндүрүлүп алынат.
3. Жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүп алынган баалуулуктарды сактоо жана баалоо боюнча чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык сот аткаруучуларына жүктөлөт.
4. Жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттин пайдасына өндүрүп алынган баалуулуктардагы баалуу металлдардын камтылышын аныктоо үчүн экспертизаны жана контролдук анализдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана тиешелүү аккредитацияланган лабораториялар ушул Жободо каралган учурларда жүргүзүшөт.
Мамлекеттин пайдасына өндүрүп алынган баалуулуктарды эсепке алуу, сактоо жана баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүлгөн баалуулуктарды сатууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
5. Жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүлүп алынган баалуулуктарды алып коюу, сактоо, экспертизалоо жана баалоо тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
II. Өндүрүп алынган баалуулуктарды алып коюу, сактоо, экспертизалоо жана баалоо тартиби
6. Мамлекет өндүрүүчү болгон учурда аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкордо баалуулуктар табылганда сот аткаруучу ошол баалуулуктарды фотосүрөткө тартат, тизмелеп жазат жана камакка алат, камакка алуу тууралуу актты түзүп, баалуулуктарды алып коёт, андан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эсепке алуу, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу үчүн аларды өткөрүп берет жана бул тууралуу кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө акт түзүлөт.
7. Жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүп алуу үчүн сот аткаруучу ошол баалуулуктарды фотосүрөткө тартат, тизмелеп жазат жана камакка алат, андан кийин аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камакка алуу жөнүндө тиешелүү актыны түзөт.
8. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы бул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык түзүлөт.
9. Баалуулуктарды алып коюу сот аткаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жана негизде ишке ашырылат.
10. Жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүп алынган баалуулуктарды алып коюу, аларда баалуу металлдардын камтылганы изилденгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти же анын аймактык башкармалыгы менен баалуулуктарды сактоо жөнүндө келишим түзгөн жакка же мамлекеттик уюмга жооптуу сактоого сот аткаруучу өткөрүп берет, мында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана сактоо боюнча келишим түзүлөт, сот аткаруучунун жана баалуулуктарды сактоого жооптуу ыйгарым укуктуу жактын колдору коюлат. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына коюлган колдор сот аткаруучулар кызматынын бөлүнүшүнүн жана ыйгарым укуктуу жактын мөөрү менен ырасталат. Баалуулуктарды сактоого өткөрүп бергенге чейин алардын сактыгы үчүн жоопкерчилик баалуулуктарды алып койгон сот аткаруучуга жүктөлөт,
Ыйгарым укуктуу жак тапшырылган мүлктү короткондугу же ээлеп алгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет.
11. Баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эки нускада түзүлөт, анын бири сот аткаруучуда калат, экинчиси ыйгарым укуктуу уюмдун өкүлүнө же ыйгарым укуктуу жакка берилет.
Баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- орду, датасы, жана убактысы;
- баалуулуктардын аталышы, сүрөттөмөсү (салмагы, өлчөмү, саны, түсү ж.б.);
- сот аткаруучунун жана ыйгарым укуктуу уюмдун өкүлүнүн же ыйгарым укуктуу жактын кызматы, аты-жөнү;
- сот аткаруучулар кызматынын бөлүнүшүнүн аталышы;
- өткөрүлүп берилүүчү баалуулуктардын түстүү фото сүрөтү.
12. Алып койгон баалуулуктарда баалуу металлдардын камтылышын эксперттик изилдөө максатында сот аткаруучу алып койгондон кийин эки жумуш күндөн кечиктирбей баалуу металлдардан жасалган зер жана тиричилик буюмдарын, ошондой эле асыл таштарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.
Өндүрүп алынган рудаларды, концентраттарды, куймаларды, сыныктарды жана баалуу металлдарды камтыган калдыктарды сот аткаруучу аккредитацияланган лабораторияга тийиштүү экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берет.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алып койгон баалуулуктарга тийиштүү экспертиза жүргүзүү үчүн сот аткаруучунун арызынын негизинде баалуулуктарды кабыл алат.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуулуктардагы баалуу металлдардын камтылышын аныктоо үчүн экспертизаны жана контролдук анализди атайын бөлүнгөн бөлмөдө (лабораторияда) беш күндүн ичинде жүргүзөт.
15. Экспертизанын жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот аткаруучуга баалуулуктар менен кошо тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде берет.
16. Сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык баалоо үчүн экспертти дайындайт.
17. Эксперт баалуулуктарды баалоону баалуулуктар сакталган жерде жүргүзөт. Эксперт корутундуну жазуу жүзүндө үч жумуш күндүн ичинде берет.
18. Баалоо боюнча эксперт берген корутундусунун ырастыгына жана объективдүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
19. Баалуулуктарды баалоо жана сактоо боюнча чыгымдар "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
II. Баалуулуктарды сатуунун тартиби
20. Баалуулуктарды сатуу боюнча аукционду өткөрүү учурунда сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өндүрүп алынган баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын жана баалуулуктарды баалоо боюнча корутундунун негизинде өткөрүп берет.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган торукту өткөрүү жөнүндө маалыматты аны өткөрүүгө отуз күн мурун жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырууга тийиш. Кабарлоо аукционду өткөрүүнүн убактысы, жери, предмети жана катышууну тариздөө тартиби жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баалуулуктардын баштапкы баасы жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда алып койгон баалуулуктарды сатуу боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия), ал аукцион өткөрүү боюнча адисти тартуу менен 5 адамдан турат.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуулуктарды кардарларга эксперттин баалоосунун негизинде сунуштайт, мындагы баасы баалуулуктардын наркынан төмөн болбошу керек.
24. Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган торуктарды ачык аукцион формасында жарандык мыйзамдарда жана аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте өткөрөт.
25. Баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имаратында өткөрүлөт.
26. Аукционго катышууну каалаган адамдар катышууга өтүнмө берүүгө жана аукционго алардын катышуусу үчүн тоскоолдуктар жоктугу жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү. Аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу аукциондун башталышына бир күн калганда аяктайт.
27. Аукционду баштоонун алдында катышуучулар Комиссияга адамды күбөлөндүргөн документтерин - жеке жак үчүн, же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү жана өкүлдүн ишеним катын көрсөтүшөт. Ушул документтердин көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына тиркелет.
28. Аукциондун башында Комиссия аукционду өткөрүүнүн эрежелерин, сатылып жаткан баалуулуктардын аталышын жана анын кыскача мүнөздөмөсүн, бааны өзгөртүүнүн кадамын жарыялайт. Бааны өзгөртүүнүн кадамы баалуулуктардын баштапкы баасынын 2 пайызы өлчөмүндө белгиленет. Ушул маалымат жарыялангандан кийин аукциондун башталганы жана баалуулуктардын баштапкы баасы жарыяланат.
29. Эгерде баштапкы баа жарыялангандан кийин аукциондун эки жана андан ашуун катышуучусу өзүнүн аукциондук номерлерин бир убакытта көтөрсө, анда комиссия баанын өзгөрүшүнүн кадамына ылайык баштапкы бааны көтөрөт жана жаңы бааны жарыялайт. Аукцион жаны жарыяланган аукциондук баа боюнча бир катышуучу гана номерин көтөргөнгө чейин улантылат. Комиссия баалуулуктардын жаңы баасын жана бул катышуучунун номерин үч жолу атайт жана аны сатып алуучу деп жарыялайт.
Эгерде баалуулуктардын баштапкы баасын жарыялагандан кийин аукциондук номерин бир гана аукциондун катышуучусу көтөрсө, анда Комиссия ушул катышуучунун номерин үч жолу атайт жана аны сатып алуучу деп жарыялайт.
Комиссия сатып алуучуну жана баалуулуктардын сатып алынган наркын көрсөтүү менен аукциондун протоколуна тиешелүү жазууларды калтырат. Аукционду өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелерди Комиссия ошол жерден чечет жана алар протоколго жазылат.
30. Сатып алуучу жана Комиссия аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат, ал келишимдин юридикалык күчүнө ээ болот.
31. Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбей баалуулуктардын сатып алынган наркын толугу менен төлөөгө милдеттүү.
32. Сатып алуучу бардык сатып алуу суммасын төлөгөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот аткаруучунун катышуусунда болуп өткөн аукцион жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн жана сатылган баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү жолу менен сатып алуучуга өткөрүп берет.
Баалуулуктарды сатуудан түшкөн сумма аткаруу өндүрүшүнө ылайык алып коюучуга өткөрүп берүү үчүн сот аткаруучулар кызматынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине түшөт. Эгерде баалуулуктарды сатуу суммасы карыздын суммасынан ашып кетсе, айырмасы карызкорго берилет.
33. Аукционго төмөнкүлөр катыша алышпайт:
1) өндүрүшүндө ушул аткаруу өндүрүшү болгон же турган сот аткаруучулары;
2) ушул ишти караган Кыргыз Республикасынын судьялары;
3) камакка алынган мүлктү баалаган эксперт, адис, баалоочу;
4) ушул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын ата-энеси, балдары, жубайы;
5) карызкор, анын өкүлү;
6) мүлктү тизмектеп жазууга жана камакка алууга катышкан адамдар.
34. Ушул Жобонун эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн аукцион анын катышуучуларынын биринен арыз түшкөн учурда Комиссиянын чечими менен аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Өткөрүп жиберилген мөөнөт жарандык мыйзамдарда каралган негиздер боюнча кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.
35. Комиссия аукционду өткөрүлбөгөн деп жарыялайт, эгерде:
1) аукционго катышууга экиден аз адам өтүнмө берсе, же аукционго экиден аз катышуучу келсе;
2) аукционго келген катышуучулардын эч кимиси баалуулуктардын баштапкы баасына үстөк баасын кошпосо;
3) аукционду утуп алган катышуучу протоколго кол койбосо;
4) аукционду утуп алган катышуучу тоорук өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндүн ичинде баалуулуктардын сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөсө.
36. 35-пункттун 1-3-пунктчаларында каралган учурларда аукцион өткөрүлбөгөн деп жарыяланганы жөнүндө Комиссия акт түзөт, ал аукцион өткөрүлгөн күнү жарыяланат жана баалуулуктарды сот аткаруучуга өткөрүп берет.
37. 35-пункттун 4-пунктчасында каралган учурларда аукцион өткөрүлбөгөн деп жарыяланганы жөнүндө Комиссия аукционду утуп алган катышуучу баалуулуктардын наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөн кийинки күндөн кечиктирбей акт чыгарат.
38. Аукцион өткөрүлбөгөн деп жарыяланганы жөнүндө акт аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.
Ушул Жобонун 35-пунктунун 4-пунктчасында каралган учурларда Комиссия баалуулуктардын сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөгөн аукциондун катышуучусуна да актты тапшырат же жиберет.
39. Комиссия биринчи аукциондун өткөрүлбөй калганы жарыялангандан кийин, ушул Жобонун 35-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө сот аткаруучуга билдирет, ал өз кезегинде өндүрүп алуучуга карызкордун сатылбаган баалуулуктарын биринчи аукциондун алгачкы баасы боюнча өзүндө калтырууну сунуштайт.
Карызкордун сатылбай калган баалуулуктарын калтыруу жөнүндө сунушунда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга карызкордун баалуулуктарын калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул Жободо белгиленген мөөнөттө сунушка жоопту жөнөтпөөнүн кесепеттерин түшүндүрүүгө милдеттүү.
Өндүрүп алуучу аталган сунушту алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сатылбай калган баалуулуктарды өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
40. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучулар болгондо, сот аткаруучу сунуштарды өндүрүп алуучуларга аткаруу документтеринин сот аткаруучуларынын аймактык бөлүмдөрүнө келип түшкөн кезегине ылайык жиберет.
41. Баалуулуктарды өзүндө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүлүп берилүүчү баалуулуктардын баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келүүчү сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезегин сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон суммалардын эсебинен депозиттик эсепке киргизиши керек.
42. Сатылбаган баалуулуктарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтомду сот аткаруучу чыгарат. Сот аткаруучу карызкордун баалуулуктарын өндүрүп алуучуга өткөрүп бериши кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
43. Өндүрүп алуучу карызкордун баалуулуктарынан жазуу жүзүндө баш тарткан учурда же сатылбаган баалуулуктарды өзүнө калтыруу чечими жөнүндө беш күндүк мөөнөттө кабарлабаган учурда, баалуулуктар башка өндүрүп алуучуларга сунушталат.
44. Карызкордун баалуулуктарын өзүнө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими болбосо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбогондо, сот аткаруучу баалуулуктардын алгачкы наркын төмөндөтүү методун колдонуу менен аукционду кайрадан өткөрүү жөнүндө он күндүн ичинде жарыялайт.
45. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Жободо белгиленген тартипте жарыяланат.
46. Кайрадан өткөрүлүүчү аукциондун башында Комиссия аны өткөрүүнүн эрежелерин, сатылып жаткан баалуулуктардын аталышын жана анын кыскача мүнөздөмөсүн, бааны өзгөртүү кадамын жарыя кылат. Бааны өзгөртүү кадамы баалуулуктардын алгачкы баасынын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Кайрадан өткөрүлүп жаткан аукциондо баалуулуктардын алгачкы баасы биринчи аукционго коюлган баалуулуктардын алгачкы баасын түзүшү керек. Мында баалуулуктардын кайрадан өткөрүлүп жаткан аукцион үчүн белгиленген алгачкы баасын Комиссия бааны өзгөртүүнүн жарыяланган кадамы менен төмөндөтөт.
Ушул маалыматты жарыя кылгандан кийин Комиссия аукциондун башталышын жана баалуулуктардын алгачкы баасын жарыялайт.
Эгерде алгачкы бааны жарыялагандан кийин аукциондун катышуучуларынын бири да өз номерин көтөрбөсө, Комиссия жаңы бааны жарыялоо менен аукциондун кадамына ылайык алгачкы бааны төмөндөтөт. Алгачкы баа жарыяланган кадам менен аукциондун катышуучуларынын ичинен бири (же бир нечеси) баалуулукту жарыяланган, бирок минимумдан кем болбогон баада сатып алууга макул болгон учурга чейин төмөндөтүлөт. Баалуулуктардын минимумдук баасы биринчи тоорукка коюлган баалуулуктардын алгачкы баасынын 80 пайызынан төмөн болбошу керек.
Баалуулуктардын наркы төмөндөтүлгөндөн кийин Комиссия баалуулуктардын наркын төмөндөгөнү жөнүндө билдирет жана бааны төмөндөткөн катышуучуну көрсөтүү менен аукциондун протоколуна тиешелүү жазууну калтырат.
47. Эгерде аукциондун бир же андан көп катышуучусу жарыяланган төмөндөтүлгөн баа боюнча сатып алууга макул болсо, анда уюштуруучу ошол эле кадам менен жогорулатууга алардын ортосунда аукцион өткөрөт. Аукцион Комиссия тарабынан жарыяланган жаңы баа боюнча аукциондук номерди бир гана катышуучу көтөргөнгө чейин улантылат. Комиссия баалуулуктардын жаңы баасын жана бул катышуучунун номерин үч жолу атайт жана аны сатып алуучу деп жарыялайт.
Комиссия сатып алуучуну жана баалуулуктардын сатып алынуучу наркын көрсөтүү менен аукциондун протоколуна тиешелүү жазууларды калтырат. Тооруктарды өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелерди Комиссия ошол жерден чечет.
48. Баалуулуктардын алгачкы наркын төмөндөтүү методун колдонуу менен кайрадан аукцион өткөрүүдө жалпы эрежелер колдонулат.
49. Ушул Жободо каралган негиздер боюнча, ошондой эле эгерде аукциондун келген катышуучуларынын бири да баалуулуктарды минимумдук баада сатып алууга макул болбогон учурда, кайрадан өткөрүлүп жаткан аукцион комиссия тарабынан өтпөй калган болуп таанылат.
Кайрадан өткөрүлүп жаткан аукцион өтпөй калган болуп жарыяланган учурда баалуулуктар акыркы жарыяланган баасы боюнча, бирок баалуулуктардын минимумдук наркынан төмөн болбогон баа боюнча сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга сунушталат.
50. Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же сатылбай калган баалуулуктарды өзүнө калтырууга алардын чечими болбогондо, сот аткаруучу он жумушчу күндүн ичинде аларды камактан алат жана баалуулуктарды карызкорго кайтарып берет.
51. Сот аткаруучунун баалуулуктарды карызкорго өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
52. Баалуулуктарды сатуу боюнча чыгымдар "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
|
| Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ
20___ж. "___" _____________ |
| ___________________ |
"___" с. _______________ мин. |
| (чыгарылган жери) |
Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу
_____________________________________________________________________________
(райондун, облустун (шаардын) аталышы)
_____________________________________________________________________________
(сот аткаруучунун аты-жөнү)
төмөнкүнүн негизинде __________________________________________________________
(аткаруу документинин аталышы)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнө өткөрүп берди (аты-жөнү, кызматы):
1. __________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________
төмөнкү баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган
буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын (баалуулуктарды);
№ | Баалуулуктардын аталышы | Сыпаттоо (салмагы, өлчөмү, саны, түсү ж.б.) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ушул актыда көрсөтүлгөн баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын (баалуулуктарды) алдык, кабыл алынган баалуулуктарды коротуу, ажыратуу, катуу же алмаштыруу үчүн жазык жана материалдык жоопкерчилик жөнүндө эскертилди:
1. __________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________
(баалуулуктарды кабыл алган адамдын аты-жөнү, кызматы, колу)
Колу:
Сот аткаруучу ________________________________________________________________
Мөөрдүн орду:
___________________
(САКБ)