Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 23-октябры № 500

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 "Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-ноябрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун "з", "и" пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы № 311 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 271 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу  стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев