Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 11 майы №160
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жднүндө
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162, 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасыяын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Ресгубликасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-мартындагы № 73
"Эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун натыйжасында чектелген
пенсияларды башка өлкөлөргө которуунун тартиби жөнүндө" токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Эмгектик мертинүүнүн же кесиптик
оорунун натыйжасында чектелген пенсияларды башка өлкөлөргө которуунун
тартиби жөнүндө жободо:
- Жобонун бардык тексти боюнча "Социалдык фонд" деген сөздөрдөн
мурдагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр алып
салынсын;
- 4-пунктунда "алты ай" деген сөздөр "үч ай" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
- II бјлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "II. Кыргыз
Республикасынын чегинен сыртка кетүүнүн алдында үч ай мурда
пенсияларды төлөөнүн тартиби";
- 12. 13 жана 14-пункттарында "алты ай" деген сөздөр "үч ай" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунда:
"алты ай" деген сөздөр "үч ай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"алты" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-пунктунда "6 ай" деген сан жана сөз "үч ай" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162 токтомдун редакциясына
Ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр А.Атамбаев