Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомуна |
Жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Убактылуу тартип "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 12, 13-бөлүктөрүндө каралган сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартибин (мындан ары - Убактылуу тартип) аныктайт.
2. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 12, 13-бөлүктөрүндө каралган сугат айдоо жерлеринин (мындан ары - сугат айдоо жерлери) жер участокторун которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Райондук мамлекеттик администрация, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясы которулуп жаткан жер участогу аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, төмөнкү мамлекеттик органдардын райондук, шаардык аймактык бөлүнүштөрүнүн: жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, айыл жана суу чарбасы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен туруктуу иштеген райондук, шаардык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт.
Зарыл болгондо Комиссиянын төрагасы башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн ишке тартууга укуктуу.
4. Комиссияны райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары, республикалык же облустук маанидеги шаардын вице-мэри жетектейт. Жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекциянын өкүлү Комиссиянын төрагасынын орун басары болот.
5. Комиссия ушул Убактылуу тартиптин талаптарына ылайык жер участогун жерлердин башка категориясына которуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечимин 15 жумуш күндүн ичинде чыгарат.
6. Комиссиянын жыйыны өткөрүлө турган датаны, убакытты жана орунду Комиссиянын төрагасы белгилейт.
7. Комиссиянын жыйынына Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен аз эмеси катышкан шартта Комиссия чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу болот.
8. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүүдө Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. Комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүдө калыс болууга укуксуз болушат,
10. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия чечим кабыл алат, анда чечим чыгарылган дата жана орун, маселени караган Комиссиянын курамы көрсөтүлөт. Чечимге төрагалык кылуучу жана Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
11. Комиссия материалдарды карап чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды каалаган мамлекеттик органдардан талап кылууга укуктуу, мамлекеттик органдар 10 жумуш күндүн ичинде каралып жаткан жер участоктору жана алардын укук ээлери боюнча өздөрүндө болгон маалыматтарды толук көлөмдө жана акысыз негизде берүүгө милдеттүү.
12. Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда Комиссиянын мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, мындай пикир Комиссиянын чечимине тиркелет.
13. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча маалыматтын (материалдардын) тууралыгы үчүн жоопкерчиликти которулуп жаткан жер участогу жайгашкан жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, шаардын мэри тартат. Мамлекеттик органдардын корутундуларында камтылган маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти ушул мамлекеттик органдардын райондук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жеке тартышат.
14. Сугат айдоо жерлерин "калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы же жер участогунун менчик ээси жер участогу жайгашкан жер боюнча Комиссияга арыз менен кайрылат.
15. Сугат айдоо жерлерин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жер участогунун менчик ээси жер участогу жайгашкан жер боюнча Комиссияга арыз менен тиркелет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
-арыз ээсинин – жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-эгерде арыз ээси жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу болуп эсептелсе, жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
-административдик-аймактык түзүлүштөрдү, башка аймактык объекттерди райондук пландоонун аймактык комплекстүү схемалары жана долбоорлору (мындан ары – райондук пландоо схемалары) жана калкты жайгаштыруу схемасы;
-ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн жер участогунун менчик ээси тарабынан инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө жөнүндө макулдашуу;
Ушул Убактылуу тартиптин 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимдери бар жер участокторуна материалдарды даярдоодо материалдарга ушул Убактылуу тартиптин 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук мурастоочусунун жетекчилеринин мөөрү жана колдору менен күбөлөндүрүлгөн, ошондой эле ушул Убактылуу тартип күчүнө киргенден кийин датасы коюлган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери тиркелет.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Комиссия арыз ээсинин катышуусу менен төмөнкү материалдарды даярдайт:
- масштабы, аянты, чек аралары жана аралыктары көрсөтүлгөн жер участогунун (сугат айдоо) планын, административдик-аймактык түзүмдөрдүн, башка аймактык объекттердин аймактык комплекстүү схемалары жана районду пландаштыруунун долбоорлорун (мындан ары - районду пландаштыруунун схемалары) жана калкты отурукташтыруу схемасы;
- айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз болгон жер участогуна айыл чарба чөйрөсүндө аймактык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү корутундуну;
- пайдалуу кен байлыктардын бар же жок экендиги жөнүндө корутундуну;
- аймактык органдардын экологиялык корутундусун;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ) корутундусун;
- райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусун;
- сот органдарынын чечимдери бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты;
- архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, авиациялык талаптарды сактоо жөнүндө корутундуну;
- ыйгарым укуктуу органдардын тийиштүү чектөөлөрдү киргизген чечимдеринин бар экендиги жөнүндө маалыматты;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундуну.
Документтер келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде Комиссия жер участогун которуу мүмкүн экендиги же мүмкүн эмес экендиги тууралуу чечимди ушул пунктта аталган материалдар менен бирге райондун мамлекеттик администрациясына, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясына берет.
Кошумча материалдарды сурап алуу же иликтөө же талаа иштерин жүргүзүү үчүн негиздер бар болсо, материалдарды кароонун убактысы Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими менен бир жолу, бирок 15 жумуш күндөн көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Райондук комиссиянын чечиминде төмөнкүдөй маалыматтар да чагылдырылат:
- жер участокторуна жеке турак үйлөрдүн курулгандыгы (пайыздык катышта) же "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына. жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимдеринин бар экендиги жөнүндө;
жана/же
- жер участокторуна жеке турак үйлөрдүн курулгандыгы (пайыздык катышта) же "Сугат айдоо жерлерин башка категорияларга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык айыл чарбалык максаттуу багыты менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарбасында пайдалануу үчүн жараксыз болгон жер участоктору жөнүндө.
Контурларды аныктоо "Сугат айдоо жерлерин башка категорияларга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда колдонулуучу "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасынын жерлерин инвентаризациялоонун материалдарынын негизинде жүргүзүлөт.
Контурдун курулгандыгын аныктоо үчүн Комиссия ачык картографиялык булактардын материалдарын колдонууга укуктуу, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тиешелүү көчүрүү актысы менен бекитилүүгө жана белгилүү жер участогун трансформациялоо боюнча материалдарга тиркелүүгө тийиш.
Жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар, мындан ары айыл чарба өндүрүшү үчүн пайдаланууга мүмкүн болбогон жер участокторун которуу контурду көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча Комиссия терс корутунду берген учурда райондук мамлекеттик администрация, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясы чечим чыгарылган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ичинде Комиссиянын баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же жер участогунун ээсине жиберет.
Комиссиянын сын-пикирлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жер участогунун ээси тарабынан жоюлган учурда материалдар чечимге тиркелет.
19. Райондук мамлекеттик администрация, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясы Комиссиянын жер участокторун которууга (трансформациялоо) мүмкүн экендиги жөнүндө чечими жана тиешелүү материалдар келип түшкөн учурда сугат айдоо жерлерин "калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алууда:
- райондук мамлекеттик администрация, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясы аны ушул Убактылуу тартиптин 15-пунктунда аталган материалдар менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна жиберет;
- республикалык маанидеги шаардын мэриясы аны ушул Убактылуу тартиптин 16-пунктунда аталган материалдар менен бирге кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберет.
Берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү алар келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде өзүнүн корутундусун материалдарды тиркөө менен кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдардын негизинде, алар ушул Убактылуу тартиптин шайкеш келген учурда жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун даярдайт жана аныжерге жайгаштыруу иши менен бирге жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна белгиленген тартипте киргизет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдар ушул Убактылуу тартипке шайкеш келбеген учурда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган он жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жетишпеген материалдарды сурап алат.Андай болбогон учурда документтерди жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайтарат”.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
21. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. Жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоору менен бирге жерге жайгаштыруу ишин кайрат жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет.
Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу иши ушул Убактылуу тартиптин ченемдерине ылайык келбеген учурда жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды он жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарат.
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сын пикирлерди жоюудан кийин тиешелүү материалдарды ушул Убактылуу тартипке ылайык жерге жайгаштыруу иши менен кайра киргизүүгө укуктуу.
-Тартип бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)