Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 455
«Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө
1-берене
«Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын 1-бөлүгүнүн:
а) экинчи абзацы «инвестициялык» деген сөздөн кийин «, брокердик» деген сез менен толукталсын;
б) төртүнчү абзацы «товарлар» деген сөздөн кийин «, анын ичинде технологиялар жана программалык камсыздоолор» деген сөздөр менен толукталсын;
в) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«экспорт жана импорт - контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына(н) ташып кирүү жана ташып чыгаруу. Экспортко маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен техникалык каражаттардын жардамында технологияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгарып берүү да теңдештирилет;»;
г) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
реэкспорт - өлкөнүн чегинен сырткары өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирилген контролго алынуучу кайра иштетилбеген продукцияларды экспорттоо;
д) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«транзит - Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташыла баштаган (транспорттолгон) жана ошол аймакта жеткирилүүгө тийиш болгон контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткерүү (Кыргыз Республикасынын аймагына конбогон аба кемелеринин эл аралык транзиттик учууларынан тышкары);»;
е) төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы - жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
«брокердик иш -контролго алынуучу продукцияларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо, жеткирүү боюнча, ошондой эле финансылык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, контракттарды даярдоо же контролго алынуучу товарларды өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү;
кызмат көрсөтүүлөр - брокердик ишти, техникалык жардамды жана контролго алынуучу продукцияларды транспорттоону кошкондо үчүнчү жактардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш;
идентификациялоо - контролго алынуучу продукцияларга карата товарларды, маалыматтарды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин натыйжаларынын таандыктыгын (шайкештигин) белгилөө;
техникалык жардам - контролго алынуучу продукциялар жана технологиялар менен байланышкан техникалык колдоо көрсөтүү;
технология - илимий-техникалык маалымат жана модель, прототип, чийме, диаграмма, долбоор, нускама, программалык продуктулар түрүндө же болбосо көзгө көрүнбөгөн түрдө - товарды иштеп чыгуу, өндүрүү же пайдалануу үчүн талап кылынган окутуу, техникалык камсыз кылуу (тейлөө) түрүндө берилген интеллектуалдык иштин жыйынтыктарынын башка натыйжалары (аларга укуктар);
ядролук, химиялык жана биологиялык куралга жана аны жеткирүү каражаттарына тиешелүү материалдар - тиешелүү ар тараптуу (эл аралык) келишимдердин жана макулдашуудардын (жалпыга кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы) аракетине туш келүүчү же ядролук, химиялык жана биологиялык куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын долбоорлоо, иштеп чыгуу, өндүрүү же колдонуу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон улуттук контролдук тизмеге киргизилген материалдар, жабдуулар жана технологиялар.»;
2) 2-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мамлекеттик органдар жана уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан жасалган (түзүлгөн) аракеттер (макулдашуулар) жалпыга кыргын салуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, жалпыга кыргын салуучу куралдарды түзүүнүн технологияларын жайылтууга түрткү берүүчү же Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүчү учурларда да колдонулат.»;
3) 5-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«экспорттук контролду жүргүзүүнүн жол-жоболорун жана ыкмаларын жалпы таанылган эл аралык ченемдер менен тажрыйбага шайкештөө;
экспорттук контролду анын максаттарына жетүүгө зарыл болгон көлөмдө гана жүзөгө ашыруу;»;
4) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукцияларынын улуттук контролдук тизмеси экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык жаңыртылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукцияларынын улуттук контролдук тизмесин жаңылоо зарылдыкка жараша, бирок акыркы жаңыланган мезгилден тартып эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукциялар менчиктин түрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүрүлгөн мезгилине карабастан, экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификациялоо тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын милдети болуп саналат.
Тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролго алынуучу продукцияларды идентификациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюм (мындан ары- эксперттик уюм) менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу контролго алынуучу продукцияларды идентификациялоо жүргүзүүнү эксперттик уюмга тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу продукцияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.»;
5) 7-статьясынын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы «туура келүүсүн» деген сөздөрдөн кийин «(идентификациясын)» деген сөз менен толукталсын;
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«лицензиялоону же анын мамлекеттик жөнгө салынышынын башка түрүн белгилеген контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүгө уруксат кылуучу тартиби;»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - жетинчм абзацтар менен толукталсын:
«чет мамлекеттердин экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу жана башка өз ара аракеттенүү;
жалпыга таанылган эл аралык ченемдерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен Контролго алынуучу продукциянын жана товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук контролдук тизмесин аныктоо;
Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролго алынган продукцияларды пайдаланууга карата мамлекеттик кепилдиктерди, анын ичинде акыркы пайдалануучунун сертификаты түрүндө берүү;
баарын камтуучу контроль;»;
б) 8-статьясынын 1-бөлүгүндө;
а) алтынчы абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи - тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«контролго алынуучу продукцияларды идентификациялоо тартибин белгилейт;
экспорттук контроль боюнча ведомстволор аралык комиссияны тузөт, ал жөнүнө жобону жана анын курамын бекитет;
билдирилген максаттарда импорттолгон (экспорттолгон) өзгөчө товарларды пайдалануу боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мамлекеттик контролду уюштуруу тартибин белгилейт;»;
в) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«контролго алынуучу продукцияларды идентификациялоо тартибин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;»;
7) 9-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«Баарын камтуучу контроль:
тышкы экономикалык иштин катышуучуларына эгерде бул продукция жана интеллектуалдык иштин, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары чет элдик мамлекеттер же чет элдик юридикалык жактар, жеке жактар тарабынан жалпыга кыргын салуучу куралдарды же аны жеткирүү каражаттарын түзүү, өндүрүү же пайдалануу максатында жана террористтик актыларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн пайдалана тургандыгы белгилүү болсо, анда товарлар, технологиялар, программалык камсыздоолор, интеллектуалдык иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө же аларга кандай гана түрдө болбосун катышууга тыюу салынат;
тышкы экономикалык иштин катышуучулары ушул Мыйзамдын 6-статьясынын аракеттерине туш болбогон товарлар, технологиялар, программалык камсыздоо, интеллектуалдык иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын жана (же) уруксатын белгиленген тартипте алууга милдеттүү, алар төмөнкүдөй учурларда:
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары ыйгарым укуктуу орган же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы тарабынан ушул продукция же интеллектуалдык иштин натыйжалары жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланыла тургандыгы жөнүндө маалымдалса;
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары ушул продукциянын жана интеллектуалдык иштин натыйжалары жаппыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланылышы мүмкүн деп болжолдоого негиздер болсо»;
8) 10-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
«Контролго алынуучу продукцияны республика ичинде өткөрүп беруүгө ыйгарым укуктуу органдан берилген тиешелүү уруксат болгон учурда жол берилет.
Республика ичинде контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүгө уруксат берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцига экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартибине ылайык аныкталат,»;
9) 14-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча санкцияланбаган тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок кызмат көрсөтүү;»;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 -статья менен толукталсын:
«15-1-статья. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу.
Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашырууда тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин, аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.».
2-берене
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-беренесинин 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«34) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларга идентификациялоо жүргүзүү укугу, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити, ошондой эле республиканын ичинде өткөрүп берүү;».
3-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти