Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна |
Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу маселелери боюнча эксперттик-квалификациялык комиссиянын ишинин уюштурулушун жана тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иши чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу эксперттик-квалификациялык бирдиктүү комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия).
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө талапкер болгон талапкерлердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо үчүн түзүлгөн туруктуу иштөөчү орган болот.
2-глава. Комиссиянын курамы
5. Комиссиянын курамына эксперттик уюмдардын өкүлдөрү жана соттук эксперттер кирет. Макулдашуу боюнча Комиссиянын курамына илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
Комиссиянын түзүмү Комиссиянын төрагасынан, катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.
6. Комиссиянын персоналдык түзүмүн соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) төрагасы бекитет.
7. Комиссия соттук экспертизанын айрым түрлөрү же конкреттүү эксперттик багыттар боюнча ички комиссияларды (секцияларды) түзүүгө укуктуу.
3-глава. Комиссиянын функциялары
8. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
а) Комиссиянын ишинин регламентин аныктайт;
б) компетенттүүлүккө сертификациялоодон өтүү үчүн талапкерлер берген документтерди карайт;
в) экзамендик белеттерге киргизилчү суроолордун тизмесин жана санын бекитет;
г) квалификациялык экзаменди алат;
д) төмөнкүдөй чечимдерди чыгарат:
- компетенттүүлүк сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
- компетенттүүлүк сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө;
- компетенттүүлүк сертификаты жоголгондо жана бузулганда алардын дубликаттарын берүү жөнүндө;
е) сот эксперттеринин компетенттүүлүк маселеси боюнча аларга карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн корутундуларын карайт.
9. Комиссиянын төрагасы:
а) Комиссиянын ишин уюштурат жана жетектейт;
б) Комиссиянын жыйындарын чакырат жана өткөрөт;
в) Комиссия кабыл алган чечимдерге кол коёт:
г) Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышына контролду камсыздайт.
10. Комиссиянын катчысы:
а) Комиссиянын жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;
б) Комиссиянын жыйындарын өткөрүү үчүн материалдарды даярдайт;
в) Комиссиянын ишине байланыштуу иш кагаздарын жүргүзөт, ошондой эле компетенттүүлүк сертификаты берилген эксперттердин эсебин жана сертификаттардын бланктарынын эсебин жүргүзөт;
г) Комиссиянын жыйындарынын протоколдордун жазат жана тариздейт;
д) Комиссиянын дарегине келген материалдарды сактоону уюштурат;
е) сот эксперттеринин компетенттүүлүк сертификаттарын тариздейт жана компетенттүүлүк сертификатын берүүнү каттоо журналына аларды берүүнүн эсебин жазат;
ж) Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сертификациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берет.
4-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
11. Комиссиянын жыйыны эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
12. Чечим талкуунун негизинде, жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
13. Комиссиянын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
14. Комиссиянын жыйыны компетенттүүлүк сертификатын алууга өтүнмөлөрдүн түшүшүнө жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
15. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
16. Комиссиянын жыйынын өткөрүүчү жер, күнү жана убактысы, ошондой эле күн тартиби жөнүндө маалымат Комиссиянын мүчөлөрүнө катчы тарабынан жыйынды өткөрүүчү күндөн беш иш күн мурда жиберилет.
17. Комиссия жеке жана юридикалык жактардан өз функцияларын аткаруу үчүн керектүү жазуу түрүндөгү жана оозеки маалыматтарды, тийиштүү документтерди сураганга жана алганга укуктуу.