Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 514
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында соттук эксперттердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо системасын тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жободо:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алдында түзүлөт жана иштейт.".
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.
3. 2019-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) ушул токтомдун 1-пункту.
4. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |