Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 515
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Баатырбеков А.Б., Турсунбаев А.А., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т., Кыдыралиев У.Т., Бакиров М.И., Турускулов Ж.К., Тулендыбаев П.Р., Бекешев Д.Д. тарабынан демилгеленген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 515 токтому менен жактырылган |
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Баатырбеков А.Б., Турсунбаев А.А., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т., Кыдыралиев У.Т., Бакиров М.И., Турускулов Ж.К., Тулендыбаев П.Р., Бекешев Д.Д. тарабынан демилгеленген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясын "алардын үй-бүлөлөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле, райондук коэффициенттер белгиленген жерлерде он календардык жылдан кем эмес аскер кызматын өтөгөн пенсионерлердин" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясы менен жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган офицердик курамдагы, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы пенсионерлердин, алардын үй-бүлөлөрүнүн ушул Мыйзамга ылайык дайындалуучу пенсиялары, (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдөгү) алар бул райондордо жашаган мезгилде белгиленген тиешелүү райондук коэффициентти колдонуу менен эсептелип чыгарылат деп белгиленген.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат.
Ушул Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарга барган адамдарга берилет, башкача айтканда жогоруда аталган коэффициент бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, иштеген жана аларга барган адамдарга карата эсептелет.
Эске алуучу нерсе, азыркы учурда "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бийик тоолуу жерлерде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай камсыздандыруусуна райондук коэффициентти эске алуу менен кошумча акы төлөнөт, ошондой эле пенсияга чыгууда кызмат өтөгөн жылдары жеңилдетилип эсептелет.
Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери он жылдык кызмат өтөө мезгилинде райондук коэффициентке ар кандай өлчөмдөгү кошумча акы каралган республиканын түрдүү аймактарында кызмат өтөй алышат.
Аталган ченемди киргизүү аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бир жерден экинчи жерге которуштурууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кадр саясатына терс таасирин тийгизет, анткени райондук коэффициенттер каралган жерде 10 жылдан кем кызмат өтөгөн адамдар ар кандай жолдор менен бул ченемдин талаптарына шайкеш келүүгө аракеттенишет, ошону менен катар кызматка дайындоолордо жана орун которуштурууда коррупциялык элементтер жаралат.
Эгерде мыйзамдын долбоору кабыл алынса, пенсия чектөөдө пенсияларды эсептөө үчүн кайсы коэффициентти - эң жогорку же эң төмөнкү коэффициенти колдонуу боюнча маселе жаралат.
Ошондой эле бул мыйзамдын долбоорунда аскер кызматына кайрадан чакырылып, кийин мыйзамдуу түрдө кайрадан пенсияга чыккан аскер пенсионерлерине пенсия чектөө механизми каралган эмес.
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык алдын ала эсептөөлөр боюнча райондук коэффициенттер белгиленген жерлерде 10 (он) календардык жыл ичинде аскер кызматын өтөгөн пенсионерлердин пенсияларынын өлчөмдөрүнө райондук коэффициентти төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ишке ашырууга 1,0 млрд. сомдон 1,5 млрд. сомго чейин кошумча финансылык каражаттар талап кылынат, республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгында аларды табууга мүмкүнчүлүк жок.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келсе, каржылоо булагы аныкталганга чейин алар кабыл алынбайт.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, киргизүүчү ченемдик укуктук актынын долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Баатырбеков А.Б., Турсунбаев А.А., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т., Кыдыралиев У.Т., Бакиров М.И., Турускулов Ж.К., Тулендыбаев П.Р., Бекешов Д.Д. тарабынан демилгеленген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.