Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-ноябры № 522
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Макулдашуунун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялангандыгы тууралуу кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 5-ноябрындагы № 522 токтому менен жактырылган
2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашууга кол коюлганга чейин тийиштүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 163-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-беренесинин 1-пунктунун 2-абзацына ылайык иштелип чыгарылган, ага ылайык Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү тараптар менен эл аралык келишимдерди түзүү маселеси Бирликтин алкагында эл аралык келишим менен аныктала тургандыгы каралган.
Макулдашууда Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык биримдиктер менен эл аралык келишимдерди түзүү, алардын колдонулушун токтотуу жана убактылуу токто туруу тартибин аныктайт, ошондой эле эл аралык келишимди түзүү үчүн башка зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан (башкы этап – түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, биргелешкен изилдөөчү топтун иши ж.б.) маселелерди жөнгө салат.
Макулдашууга Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери кол койгонго чейин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен эксперттик деңгээлде, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде макулдашылган жана жыйынтыгы боюнча Макулдашуунун долбоору Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 10 буйругу менен жактырылган.
«Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Макулдашуунун 24-беренесине ылайык ал ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо терс финансы-экономикалык кесепеттерге алып келбейт жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.