Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры № 538
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Калкка. сапаттуу социалдык-медициналык кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- "Кызмат орундарынын аталышы" графасынын 34-пункту "кенже медициналык айым" деген сөздөрдөн кийин, ", патронаждык кызматкер" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |