Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 529
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
203-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Колдонуу мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш болгон автотранспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу укугу менен берилүүчү ишеним каттарынан тышкары, ишеним каттын колдонуу мөөнөтү үч жылдан ашпайт. Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, автотранспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу укугу менен берилген ишеним каттарынан тышкары, ошол ишеним кат түзүлгөн күндөн баштап бир жыл бою күчүндө болот.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
332-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы ", ошондой эле мүлк объектисине менчик укугу толук же жарым-жартылай берилгенде жыл ичинде мүлк объектисинин жаңы ээсине ушундай өткөрүп берүү таризделген учурда" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 7-февралы, № 15-16) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) юридикалык күчү, бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен тастыкталган, электрондук документ түрүндө таризделген, фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуп алынган материалдарды тиркөө менен бузуу жөнүндөгү иш боюнча токтомдор;";
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт.";
2) 40-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жаза чарасын колдонуу жөнүндө аткаруу документтерин аткаруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык аткарылууга тийиш.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти