Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 527
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1994-ж., № 3, 76-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу жана жазаларды компетенциясынын чегинде аткаруу;
- жол кыймылынын коопсуздугун компетенциясынын чегинде камсыз кылуу жана ушул чөйрөдөгү контролдоп-уруксат берүүчү чараларды көрүү.";
2) 6-беренесиндеги "эл аралык укуктук макулдашуулар жана келишимдер" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 8-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 1-4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) адамдын жана коомдун коопсуздугун, ошондой эле коомдук тартипти коргоону камсыз кылууга;
2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды табууга, алдын алууга, аларга бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматты Кыргыз Республикасынын кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоого;
3) кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырууга;
4) кылмыш жана жорук жасаган, сотко чейинки өндүрүш органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазык жазасын өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жок болуп кеткен, ошондой эле издеп табуу милдети ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;";
б) 5-пунктундагы "укук бузуулардан" деген сөздөр "кылмыштардан, жоруктардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 6-пунктундагы "кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган" деген сөздөр алып салынсын;
г) 9-пунктундагы:
", наркотиктери бар" деген сөздөр алып салынсын;
"мыйзамдарында" деген сөз "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте кылмыш иштери, жорук иштери жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча далил буюмдарды сактоого, ташууга жана жок кылууга;";
е) 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, анын ичинде качкындар тарабынан миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын компетенциясынын чегинде контролдоого;";
ё) 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
ж) 14-15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
15) компетенциясынын чектеринде жаза чараларын аткарууга;";
з) 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) атайын ташууларды уюштурууга жана аскердик ташууларга көмөк көрсөтүүгө;";
и) 19-пунктундагы "жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды камтыбаган ички иштер бөлүмдөрүнүн тиешелүү картотекаларынан пайдаланууга укук берет" деген сөздөр "жетүү үчүн чек коюлган маалыматтарды камтыбаган ИИОнун тийиштүү маалыматтык базаларынан маалымат алууга" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
к) 20-пунктундагы "тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
4) 9-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Ички иштер органдарынын укуктары
Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган кылмыштарды, жоруктарды, бузууларды жана аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мажбурлоонун мыйзамдарда каралган чараларын колдонууга;
2) кылмышты, жорукту же бузууну жасады деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо жарандардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин, ошондой эле аткарылышын контролдоо ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерди текшерүүгө;
3) бузуулар жөнүндө протоколдорду толтурууга, компетенциясынын чектеринде жаза чараларын колдонууга, укук бузуучуларды кармоого жана ички иштер органдарына жеткирүүгө, буюмдарды жана транспорт каражаттарын жеке карап чыгууга, буюмдарды жана башка нерселерди алып коюуга, бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонууга;
4) кылмыш, жорук жасагандыгы боюнча шектүү деп кармалган, же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды, шектүүлөрдү, айыпкерлерди жана соттолгондорду Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бузуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда сүрөткө тартууга, үнүн жаздырып алууга, кино жана видео тасмага тартып алууга, дактилоскопиядан жана каттоодон өткөрүүгө;
5) жеке-алдын алуучу каттоосунда турган адамдардын эсебин жүргүзүүгө, алардын үстүнөн контролдоого, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү колдонууга;
6) эгерде аларды токтоосуз бөлөк кармоо зарыл болсо, он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдардын арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана аларга жеткирүүгө, ошондой эле атайын окутуу-тарбиялоо мекемелерине Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жиберүүгө;
7) бузууну жасаган аскер кызматкерлерин кармоого жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүүгө;
8) кылмыш жана жоруктарды жасады деп шектүү болгон жана айыпталган адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;
9) кылмыш, жорук жасаган жана тартип бузган адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги, баңгилик, токсиндүү жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы боюнча текшерүүдөн өткөрүүгө, же аларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;
10) өз өндүрүшүндө болгон кылмыш иштери, жоруктар жөнүндө, бузуулар жөнүндө иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакырууга, жарандардан көрсөтмөлөрдү, түшүнүктөрдү, маалымкаттарды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жарандарды мажбурлап алып келүүгө;
11) кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү, ревизияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, тергөө аракеттерине, атайын тергөө аракеттерине жана ыкчам иш-чараларга катышуу үчүн адистерди, эксперттерди тартууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга, анын ичинде кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында техникалык каражаттарды колдонууга;
13) компетенциясынын чегинде экстремисттик жана террористтик идеологияны Интернет тармактарында үгүттөгөн жана жайылткан адамдарды, адамдардын топторун жана уюмдарды табуу боюнча соттун чечимине ылайык сайттарды тосмолоо чараларын колдонуу менен иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
14) бажы органдары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн колундагы буюмдарын, жүктөрүн жана жүргүнчүлөрдүн өздөрүн кароого;
15) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жайларына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолсуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандардын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 сааттын ичинде сот тарабынан каралууга тийиш. Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;
16) мыйзамда каралган негиздер болгон учурда баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабай (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка) ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына, ошондой эле жарандар тарабынан жеке өз алдынча иш аткаруу үчүн пайдаланылган бөлмөлөргө тоскоолсуз кирүүгө, менчик ээсинин же анын өкүлүнүн, же ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктөрдү сактай турган жана пайдалана турган башка жерлерди карап чыгууга; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешелүү болгон зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү, түшүнүктөрдү алууга;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгондо "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоо жөнүндө чечимди кабыл алууга;
18) жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү максатында жарандардын айрым участокторго, объектилерге жана аймактарга тоскоолсуз кирүүсүн чектөөгө же убактылуу тыюу салууга;
19) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, карантиндик иш-чараларды өткөрүү учурунда, ошондой эле баңги каражаттарын камтыган жапайы өсүмдүктөр өтө көп өскөн жерлерде, балыктардын баалуу тукумдары урук таштап жаткан жерлерде, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана атайын коруктардын аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдук-өткөрүүчү пункттарды орнотууга;
20) кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин түрүнө карабай банктардан, финансылык-кредиттик мекемелерден, ошондой эле мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык, оперативдүү жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө, анын ичинде компьютердик, маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алууга; кассаларды, акча сакталган башка жерлерди, товардык-материалдык баалуулуктарды жана документтерди мөөр басып бекитүүгө, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; контролдук сатып алууларды жүргүзүүгө; сырьелордун, жарым фабрикаттардын жана продукциялардын үлгүлөрүн алып коюуга;
21) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоого көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жеке өз алдынча иш аткарган адамдарга жана ишкердиктин башка түрү менен алектенген адамдарга сунуш киргизүүгө;
22) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү багыттагы коомдук транспорттун бардык түрүнөн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде жолдо бара жаткан транспорттун бардык түрүн акысыз пайдаланууга; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоого же кезексиз сатып алууга;
23) окуя болгон жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөн жерлерге жетүү үчүн, медициналык тез жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш кылган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын багыттагы транспорт каражаттарынан башка) тоскоолсуз пайдаланууга;
24) кызматтык максаттар үчүн юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолсуз пайдаланууга;
25) кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын алдын алуу, кылмыштардын жана жоруктардын жагдайларын жана аларды жасаган адамдарды аныктоо, тергөөдөн, жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жок болгондорду, автотранспортторду издеп табуу, таанылбай калган өлүктөрдү аныктоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын акысыз пайдаланууга;
26) компетенциясынын чектеринде жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уулуу жана башка заттарды, буюмдарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча контролдоп-уруксат берүү жана чектөө чараларын жүзөгө ашырууга; курал сата турган дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачууга;
27) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жол кыймылынын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулуштарын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу жаатындагы ишин контролдоого жана милдеттүү түрдө аткарыла турган тапшырмаларды берүүгө; иштин ушул чөйрөсүнө таандык болгон эрежелердин, ченемдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашууга; зарыл болгон учурда көчөлөрдөгү жана жолдордогу жөө адамдардын жана транспорттун кыймылына чек коюуга жана тыюу салууга, жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерге, техникалык жактан бузук болгон транспорт каражаттарын пайдаланууга чек коюуга жана тыюу салууга, транспорт каражаттарын токтотууга жана айдоочулардын аны пайдаланууга жана башкарууга болгон укугунун документтерин, жолдомо барактарын жана ташып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтерге ылайык келишин текшерүүгө; мас абалдагы жана транспорт каражаттарын башкарууга же аларды пайдаланууга укук берген документтери жок адамдарды транспорт каражаттарын башкаруудан четтетүүгө; транспорт каражаттарын кармоого жана убактылуу атайын токтотуучу жерлерге жеткирүүдө бузуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерине чара колдонууга.
28) кылмыш жана жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга;
29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берүүгө;
30) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик, ошондой эле коргоо ишканаларынын ишин контролдоого;
31) иш кагаздарды жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди кабыл алуунун жана каттоонун электрондук формасын колдонууга;
32) кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын жана окуялардын, анын ичинде коомдук жайларда жасалган жагдайларын документтештирүүдө, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерин белгилөө үчүн техникалык каражаттарды, аны менен бирге аудио фото жана видео тартууну пайдаланууга;
33) жарандар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууга, алынган маалыматты жарандар, чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат базасына киргизүүгө;
34) жеке мүнөздөгү маалыматтар менен иштөө, ошондой эле электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалымат базасын түзүүгө жана жүргүзүүгө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти