Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы N 443 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиясы (мындан ары - Стратегия) - гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргызстандагы биринчи узак мөөнөттүү документ болуп саналат, ал мамлекеттин көз карандысыздыгынын 20 жылы ичинде ишке ашырылган гендердик саясатынын уландысы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы Пекин иш-аракеттер платформасына кошулуп, аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны (CEDAW) кошкондо бир катар эл аралык конвенцияларды бекитти жана Миң жылдыктын декларациясына кол койду. Мунун натыйжасында мамлекет өзүнө эл аралык саясий жана юридикалык милдеттенмелерди алды, анын ичинде Кыргыз Республикасы БУУнун келишим органдары алдында мезгил-мезгили менен отчет берип тура турган болду. Нормативдик-укуктук база түзүлүп, "Эркектер менен аялдарга бирдей укук менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" жана "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын негиз болуучу мыйзамдары кабыл алынды.
2008-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасы БУУнун Комитетине АБЖКнын жоболорунун аткарылышы тууралуу 3-мезгилдик баяндамасын сунуштады. 2010-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин механизми болуп саналган Универсалдык Мезгилдик Серептин алкагында, Кыргызстан катышуучу мамлекеттерден жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча, анын ичинде аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик маселелери боюнча бир катар рекомендацияларды алган(1).
(1) Кыргызстандын УМС боюнча Жумушчу тобунун доклады, A/HRS/15/2, 2010-ж., 16-июнь.
Өлкөнүн атайын улуттук программаларды кабыл алуусу анын гендердик көйгөйлөрдү чечүүнүн жактоочусу катары көрсөтөт. Биринчи этапта (1996-2000-жж.) Пекиндик иш-аракеттер платформасынын багыттарына негизделген жана аялдардын абалын жакшыртууга багытталган "Аялзат" Улуттук программасын (Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылы 6-марттагы N 94 Жарлыгы менен бекитилген) ишке ашырууда гендердик саясатты институтташтыруунун негиздери түзүлгөн. Аталган программаны ишке ашырууга сарпталуучу каражаттар биринчи жолу республикалык бюджетке киргизилген, аны аткаруу жоопкерчилиги министрликтерге, ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн, аялдардын парламенттеги жана өкмөттөгү өкүлчүлүгүнүн деңгээли жогорулаган.
Өлкөнүн гендердик чараларынын экинчи этабы гендердик теңчилик саясатынын түзүлүшүнө багытталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылы 2-марттагы N 52 Жарлыгы менен бекитилген УИП болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы N 369 Жарлыгы менен 2007-2010-жж. Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча экинчи УИП, Мамлекеттин 2007-2010-жж. Өнүгүү Стратегиясынын алкагында мамлекеттин гендердик саясатын, анын максаттарын, милдеттерин жана принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган негиз салуучу документ кабыл алынды.
Көз карандысыздык жылдарынын ичинде аялдар кыймылы Кыргызстандын демократиялаштырууда жалпы процесстин маанилүү бөлүгү болуп калды. 2005-жылы шайланган Парламентте аялдардын жоктугу саясий катышуу чечимин кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу жаатындагы көйгөйлөрдү ачып көрсөткөндөн кийин дал ушул аялдар кыймылынын активисттери уюштурган кампаниянын натыйжасында Кыргыз Республикасында шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын кодексине аялдарга, жаштарга жана этностук азчылыктарга квоталарды киргизүү боюнча толуктоолор киргизилген. Саясий партиялардын тизмесинде аялдардын жана эркектердин фамилияларынын кезектешүү талаптары 2007-жылы парламенттик шайлоолордо 24 аялдын (26,6%) шайланышына алып келди. 2010-жылы өлкөнүн жаңы Конституциясынын текстинде Кыргызстандын светтик жана социалдык мамлекет катары аныктамасы сакталган.
Мамлекет менен коомдун ортосундагы өнөктөштүктүн активдүү өнүгүшү бардык жетишкендиктерге жетүү мүмкүнчүлүгүн түздү.
Ошол эле учурда гендердик ченемдерди саясатка жана мамлекеттин өнүгүү стратегиясына кошуу боюнча бир нече ирет жасалган аракеттерге карабастан, КГЧ стратегиялык документтерди иштеп чыгуудагы жана түзүүдөгү методологиянын бөлүгү болуп кала алган жок. Анткен менен өнүгүү суроолорун чечүүдө гендердик чаралар аткарылуучу иш тизмелерине ар кандай социалдык топтордун: эркектердин, аялдардын, жаштардын, элет жериндеги аялдардын, улгайган адамдардын, ДМЧАнын талаптарын актуалдуу көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын кошууга мүмкүнчүлүк түзөт. КГЧны ар кандай стратегиялык документтерге киргизүү өзүнө жалпы өлкөнүн өнүгүүсү көз каранды болгон социалдык-экономикалык жана саясий көйгөлөрдү изилдөөнү камтыйт. Ошентип, гендердик теңчиликке жетишүү стратегиясы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги документтеринин бири болуп эсептелинип жана өлкөнүн орто мөөнөттөгү өнүгүү стратегиясы менен, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын стратегиялык жана саясий документтери менен макулдашылган.
2009-жылы өткөрүлгөн гендердик саясатты ишке ашыруунун улуттук институтташтырылган механизмин функционалдык талдоо натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн гендердик теңчиликке жетишүү боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгуудагы мамиле жасоону жана методологияны карап чыгуу зарылдыгын көрсөттү. Бүгүнкү күндө өлкөлүк жана сектордук гендердик программаларды аймактык пландарды эске алуу менен жана бюджеттик мезгилге ченеп бирдей жикке келтирүү зарыл. Бул стратегия берилген жолдомолордун негизинде иштелип чыккан жана төмөнкү принциптерге негизделген:
- натыйжага багытталган башкаруу;
- комплекстүү гендердик мамиле;
- алгач максаттарды тактоо жана ишке ашыруу убагында аткарып көрүп текшерүү.
Бул принциптерди документ чегинде ишке ашыруу өлкөдөгү бүгүнкү күндөгү гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Бул көйгөйлөрдүн эң негизгиси - бул улуттук пландагы жана программалардагы бекитилген мамлекеттик милдеттенмелердин алардын аткарылышы менен дал келбегендиги. Белгилей кетчү нерсе - көз карандысыздык мезгилине чейин советтик социалдык мамлекет теңчилик идеясын бир катар институттар аркылуу колдоп турган:
- аялдардын экономикалык активдүүлүгү балдардын өнүгүүсү жөнүндө камкордукту көрүүгө жардам берүүчү мектепке чейинки мекемелер жана башка билим берүүчү институттар тармагын камсыздаган;
- мансаптык жактан өсүү аялдардын жумушунан жогорулоосу боюнча айтылып же айтылбаган "позитивдүү" дискриминациялоо жаатындагы бир катар эрежелер менен колдоого алынган;
- социалдык көз карандысыздык бекер билим алуу, туруктуу маяналуу жумушка жетүү мүмкүнчүлүгү, ажырашкан аялдарга кошумча төлөмдөр, балдарын күйөөсү жок багып жаткан энелер үчүн жеңилдиктер аркылуу мүмкүн болгон.
Совет доорунда гендердик теңчиликти камсыздоо жаатында жасалып келген саясат жогоруда белгиленгендерди кошуп, азыркы учурда иштебейт, ошол эле учурда үй-бүлөнү камсыздоо, балдарды тарбиялоо же билим берүү боюнча аялдарга жүктөлген милдеттер мурдагыдан көбөйдү. Демократиялаштыруу процесстери гендердик теңчиликти нормативдик жана укуктук жактан колдоо боюнча Кыргызстанды алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк түздү, бирок кабыл алынган милдеттенмелерди иш жүзүндө аткаруу дагы эле көйгөйлүү бойдон калууда. Бүгүнкү күндө аялдардын экономикалык активдүүлүгү азайды, алардын башкаруу чөйрөсүнөн алыстаганы айкын, аялдардын үй-бүлөлүк мамилелерде көз каранды болушу жогорулады, аялдардын аброюн басынткан жаңы маданий нормалар жана стереотиптер пайда болду ("токол алуу" институту, ала качуу, өтө жаш кезинде никеге туруу жана кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө).
Гендердик теңсиздик жана басмырлоо чөйрөсүндөгү системалык көйгөйлөрдүн көбөйүшү булардын артында жаткан социалдык жана башкаруу механизмдерин кыйла өзгөртүүнү, бул чөйрөгө көңүл бурууну жана бийликтин бул көйгөйлөрдүн бар экендигин моюнга алуусун талап кылат. Кыргызстан бүгүнкү күндө тушугуп жаткан гендердик чөйрөдөгү чакырыктарга тек гана ведомстволук жана сектордук программалар менен жооп берүүгө мүмкүн болбой калды. Ошондуктан, бул стратегиянын алкагында кызыкдар болгон жактар менен кеңири кеңешүүлөрдүн натыйжасында гендердик теңчиликтин көйгөйлөрүн комплекстүү жана иреттүү түрдө чечүүгө жардам берүүчү сектор аралык алгачкы максаттар аныкталып, аткарылуучу маселелер такталган.
Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары - УИП-3) Стратегиянын аткаруучу документи болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Абалды талдоо
Бул стратегиянын алкагында учурдагы абалды талдоо гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эң курч көйгөйлөрдү бөлүп чыгып, келечекте ал көйгөйлөрдү чечүү боюнча алгачкы максаттарды тактоого жардам берет.
Мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар жаатындагы гендердик көйгөйлөрдүн орду
Гендердик чөйрөдө эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого болгон мамлекеттин дагы, коомдун дагы мамилеси маанилүү маселе бойдон калууда. Башкаруу деңгээлинде гендердик көйгөйлөргө болгон мамиле формалдуу түрдө гана болуп, актуалдуу башкаруу чечимдеринин агымынан такай алынып салынууда. Гендердик маселелерге көңүл буруунун жогорулашы жана ведомстволордо гендердик маселелер боюнча жооптуулардын пайда болуусу сындуу жылыштарга карабастан, тармактык саясаттарды иштеп чыгуу чараларында калктын көп бөлүгүнүн бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүсүндө байкалаарлык өзгөрүүлөр болгон жок. Гендердик экспертизанын формалдаштырылган куралдары мамлекеттик органдардын ишинин бир бөлүгүнө айланган жок. Бийлик түзүмдөрүнүн гендердик саясат аймагындагы улуттук милдеттенмелерге кайдыгер мамилеси айкын көрүнүш боюнча калууда. Өкмөттүн өлкөдөгү гендердик саясатты ишке ашыруу аракеттери тууралуу парламентке отчет берүүсү иш жүзүндө колдонулган эмес. Башкаруу маданиятынын элементи катары мындай мамиле эл аралык милдеттенмелерди аткарууда дагы байкалат. Юридикалык да, саясий да (АБЖК, Универсалдык Мезгилдик Сереп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин N 1325 резолюциясы) милдеттенмелер боюнча улуттук отчеттор мезгил-мезгили менен жана өз убагында берилбей келет. Бул документтерди керектүү жол-жоболорго жараша дайындоо жана сунуштоо боюнча кайсы мамлекеттик орган жооптуу экендиги ушул күнгө чейин белгисиз.
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруудагы, ошондой эле расмий түзүмдөрдүн деңгээлинде улуттук мыйзамдарды укук колдонуу чөйрөсүндөгү кемчиликтер коомдук пикирге жана адамдардын күндөлүк турмушундагы жүрүш-турушуна таасирин тийгизет. Натыйжада укуктук жана социалдык нормалардын мындай майышуусу атуулдардын жеке да, эл алдындагы да жашоо-турмушуна да таасирин тийгизбей койбойт. Ал эми коомдо бул аялдар менен, эркектердин чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн бирдей болбой калышын шарттайт. Жеке жана кесиптик чөйрөдө бул гендердик басмырлоонун күчөшүнө, анын ичинде гендердик зомбулукка алып келет.
Чечим кабыл алуунун бирдей мүмкүнчүлүктөрү
Бүгүнкү күндө аялдар менен эркектердин чечим кабыл алуудагы жана башкаруудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн теңчилиги башкаруу органдарынын курамында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында, ошондой эле шайлоо органдарына (улуттук жана райондук деңгээлде) аялдар менен эркектердин катышын аныктоонун атайын чаралары сыяктуу механизмдери менен колдоого алынат.
Мыйзамга жана колдонуудагы башкаруу практикаларына жараша саясий партиялар жана ЖӨБО жумушчулар үчүн саясий чечимдерди кабыл алуу деңгээлдерине кирүү жана мансаптык өсүү үчүн негиз болушу керек. Бирок бул институттардын ичинде гендердик теңчиликти жылдыруу туруучу, камсыздо-
онун ченемдик жактан бекемделген механизмдери азырынча жок. Мамлекет саясий партияларга карата мажбурлоо механизмин колдонуп, шайлоо органдарындагы гендердик тең салмактуулук боюнча жоопкерчиликти жүктөп берет, бирок ЖӨБО, партиялар, профсоюздар жана башка уюмдарда гендердик маданиятты өнүктүрүүнү уюштуруу боюнча системалуу түрдө жумуштар аткарылбайт.
Саясий чечимдерди кабыл алуудагы гендердик теңчиликти орнотуудагы мыйзам нормаларынын аткарылуусун мамлекеттик контролдоонун (текшерүүнү жана мониторингди камтыган) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөтү, Мамлекеттик кадрлар кызматы, Башкы прокуратура сыяктуу мамлекеттик органдар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бирок, чындыгында мындай көзөмөл толук эмес өлчөмдө жана туруктуу негизде болбой жатат. Мыйзамдарды аткарууну контролдоонун боштугу мыйзам чыгаруучу орган өзү мамлекеттик органдарга талапкерлерди киргизүүдө жана бекитүүдө гендердик теңчиликти жылдыруудагы атайын чараларды жана нормаларды сактабаган учурларга алып келет.
Аялдардын жумушунан жогорулоосу тең салмактуу кадрдык резервдин болушу менен тыгыз байланышта. Адатта аялдардын саясий жетекчилиги жарандык коомдор тарабынан өткөрүлүүчү аялдарды жетекчиликке окутуу жана дайындоо сабактарында түшүндүрүлүп, ишке ашырылат. Бирок аялдардын жетекчилик окууларын өтүү менен аларды саясий чөйрөгө кошуу жана жумуш боюнча жылдыруунун ортосундагы жөнгө салуу байкалбайт.
Ошентип, мамлекет өзү бекиткен чечим кабыл алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү механизмдери аларды контролдоонун боштугунан улам иштебейт, бул өз учурунда гендердик маселелердин маанилүү көйгөйлөрдүн тизмесинен четке чыгарып коюу тенденциясын чагылдырып турат. Коомдук чөйрөдөгү теңсиздик гендердик көйгөйлөрдүн бар экендигинин жеке турмушта моюндалбашына алып келип, басмырлоонун булагы катары аялдардын адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши менен тыгыз байланышта болот.
Гендердик акыйкаттуулук жана адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгүнүн алкагындагы басмырлоо маселелери
Эки УИПны ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторинг гендердик басмырлоону жоюу багытындагы аракеттер биринчи кезекте өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлөөрүн көрсөттү. Ошол эле убакта бул процесске мамлекеттик мекемелердин кошулушу колдонулуп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатаары байкалды. Коомдун бардык түзүмдөрүнүн биргелешкен аракети аялдарга карата зомбулукка жана басмырлоого каршы аткарылган чаралардын натыйжалуулугунун башкы шарты болуп саналат. Бирок, бул көйгөйлөргө мамлекет жактан аз көңүл бурулгандыгы гендердик акыйкатчылык көйгөйлөрүнө коомчулук тараптан болгон туура эмес мамиле менен коштолот.
Азыркы убакта үй-бүлө зомбулугунун деңгээли жогорулады, көп аялдуулук, эрте никеге туруу, жумуш ордунда сексуалдык асылуу учурлары көбөйдү, эмгектик жана сексуалдык пайдалануу максатында аялдар менен соода кылуу сыяктуу гендердик зомбулуктун жаңы түрү пайда болду. Коомдун аялдарга болгон мамилесинин дагы башка индикатору катары "ала качууну" айтса болот, анткени бул көрүнүшкө кылмыш катары укук коргоо органдары дагы, калк дагы жалпысынан кош көңүл мамиле жасайт. Экономикалык көз карандылык, алименттерди төлөтүү механизмдеринин жоктугу, үй-бүлөнү жана балдарды жалгыз бага албагандык себебинен көптөгөн аялдар айласыз никеде жашоого же аброюн басынткан экинчи-үчүнчү ("улуу" же "кичүү") жубай болуп жашоого аргасыз. Мындай үй-бүлөлөрдө психологиялык чыңалуу өтө бийик деңгээлде болуп, гендердик зомбулук мүмкүнчүлүгү кескин жогорулайт.
Өлкөнүн турмушунда бул көрүнүштөрдүн пайда болуусу жана көпчүлүктүн аларга карата болгон мамилеси басмырлоо көйгөйлөрү, анын ичинде гендердик белги боюнча басмырлоолор ачык түрдө таанылбай тургандыгын аныктап турат. Бар болгон көйгөйдү жокко чыгаруу тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруунун гендердик көз караштарына гана эмес, башка дагы белгилер боюнча (курагы, этностук таандыктыгы, ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши боюнча) басмырлоонун болушуна таасир берет. Басмырлоо маселелери ачык айтылбайт жана алардын талкууланбоосу коомдук аң-сезим, сот жана укук коргоо органдарынын тажрыйбалары бул чөйрөдө кесиптик, маданияттык, социалдык нормаларды өзгөртүүгө даяр эместигине алып келет.
Экономикалык жана социалдык теңсиздиктин гендердик ченемдери
Гендердик теңсиздик чөйрөсүндө эң курч жана көңүл бурулчу көрүнүш - бул аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жетүү деңгээлинин кескин төмөндөшү. 1991-2010-жылдар аралыгында эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын арасындагы экономикалык активдүүлүк 81,6%дан 41,9%га чейин, кээ бир аймактарда (Нарын облусунда 30,6%га чейин)(2) андан дагы азайды. Эмгек рыногунун гендердик көз караштарын жана ишкердүүлүктү өнүктүрүүнү изилдөөнүн маалыматтарына жараша аялдар эмгектин формалдуу эмес рыногунда, тейлөөнүн жана сооданын кээ бир секторлорунда гана басымдуулук кылат. Мындан тышкары аялдар майда кредиттөө негизиндеги өз алдынча алектенүү жаатында көпчүлүктү түзөт. Бул көптөгөн аялдарды кепилденген мисалы, саламаттык сактоо чөйрөсүндө, эс алуу укугу, ж.б. сыяктуу социалдык жеңилдиктерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн автоматтык түрдө ажыратат. Мамлекет жарандардын эмгек шарттарын камсыз кылуудагы жөнгө салуу функцияларын аткарбастан, өзү дагы үлгүлүү жумуш берүүчү боло албайт(3).
(2) Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери: гендердик бөлүнгөн статистика жыйнагы, Бишкек 2011; Кыргыз Республикасынын 12-чи беш жылдыгынын убагындагы социалдык өнүгүүсү, Бишкек, 1991.
(3) Орто мөөнөттөгү өлкөнүн өнүгүү стратегиясындагы пландаштырылган мамлекеттик кызматчылардын жумуш шарттарын реформалоого байланыштуу иштеп жаткан аялдар үчүн тобокелчиликтер кескин жогорулайт.
Алектенүүнүн чөйрөсүнө жана формасына карабай аялдар үй-бүлөдө роль аткарууда акыйкатсыз мамилеге, жумуш ордунда гендердик талаптарды эске алуунун жоктугуна жана жынысы боюнча басмырлоонун ар кандай түрлөрүнө дуушар болушат. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын айрым үй-чарбаларын изилдөө үй-турмуш тиричилигин эске албаганда маяна төлөнүүчү эки же андан көп чөйрөдө алектенген аялдардын салыштырмалуу салмагы эркектерге караганда кыйла жогору экендигин аныктады(4). Бирок аялдардын жумушу жана кошкон салымдары коом үчүн көрүнбөгөн бойдон калууда.
(4) Кыргыз Республикасынын үй-чарбаларына аралашып, изилдөө. Бишкек, 2009.
Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөр аялдардын жеке көз карандысыздыгына жана турмуш деңгээлине гана таасир этет дегенге болбойт. Алар жашоо тиричиликтин көптөгөн маанилүү чөйрөлөрүнө дагы таасир берет. Аялдардын жумушу ашыкча көп болгондугу алардын балдарды өстүрүп багууга сарптаган убактысына, анын ичинде балдардын билим алуусуна да таасир бербей койбойт. PISA(5) окуучулардын сабакка жетишүүсүнө эл аралык баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан 2006-жылда дагы, 2009-жылда дагы эң акыркы орунду ээледи. 2008-2010-жылдардагы окутуунун жыйынтыктарына улуттук баа берүүнүн маалыматтары боюнча окуучулардын жарымынан көбү оңой эле тапшырмаларды аткара албайт, алардын жоопторунун деңгээли мамлекеттик стандарттарга ылайык келбейт(6). Окуучулардын жетишүүсүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири мектепке даярдоонун жетишсиздиги, бул болсо өз учурунда ата-энелердин көңүл буруусунун жана баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча тажрыйбанын жоктугу менен шартталат. Ошол эле учурда бул иш-чаралардын ичинде аталардын колдоочу ролун актуалдаштыруу үй-бүлө мамилелеринде кадимки көрүнүш болуп кала элек.
(5) Окуучулардын билимдеринин жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа. Изилдөөнүн максаты - жалпы милдеттүү билим алган окуучу, коомдо толук кандуу функционалдашуусу үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө ээ боло алгандыгын баалоо. Билим жетишкендиктерин баалоо менен катар бул жетишкендиктерге таасирин тийгизүүчү, мектептен сырткары кездешкен, окуучулардын жана алардын үй-бүлөлөрү, мектептер жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан түрдүү факторлордун тийгизген таасири иликтенет.
(6) Баалоонун жыйынтыктары менен ЦООМОнун сайтынан таанышса болот www.testing.kg.
Гендердик тең салмаксыздык мындан башка дагы социалдык чөйрөлөрдө байкалат. Бүгүнкү күндө эркектердин ден-соолугу олуттуу кабатырланууну жаратууда. Бул үй-бүлөлүк тарбиялоодогу калыптанып калган "чыныгы" эркек дайыма ден-соолукта болууга тийиш, майда сыркоолорго көңүл буруп, врачтарга баруунун кажети жок деген сыяктуу гендерлик көз караштарга да байланыштуу. Өзүнүн ден-соолугуна мындай мамиле кылуу муундан-муунга, балдарды тарбиялоого активдүү катышпаган учурда дагы атадан балага өтүп келет.
Ошондуктан гендердик көз караштарды эмгек чөйрөсүндө гана эмес, күнүмдүк турмушта дагы четке кагуу социалдык жана экономикалык проблемалардын курчуп кетишине алып келет. Натыйжада ар бир кийинки муун абалдын мурункудан дагы начарлашына тушугуп, өз мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу, татыктуу маяна алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине дуушар болот. Бул атайын кесиптик жөндөмдөрдүн жоктугуна гана байланыштуу болбостон, экономикалык ийгиликке жетүүнү, мансаптык өсүүнү жана саламаттык маданиятын камсыз кылган жалпы жөндөмдөрдүн жоктугуна дагы байланыштуу болот. Мындай шарттарда керектүү маалыматтар жана зарыл болгон тиричилик жөндөмдөр мектептерде алына албагандыктан сырттан келген формалдуу эмес билим берүүнүн ролу жогорулайт(7).
(7) Формалдуу эмес билим берүүнүн маанисинин жогорулашы расмий мектептик системанын гана көйгөйлөрүнө гана байланыштуу эмес. Азыркы учурдагы экономикада эмгек шарттары жана иш менен камсыздоонун түрлөрү бат алмашып турат. Бул жеке адамдарга дагы, жалпы мамлекетке дагы турмуш-тиричиликтеги аманчылык шарты болгон "өмүр бою билим алуу" концепциясын ишке ашыруу зарылчылыгынын пайда болуусуна алып келди. Ошондуктан окуу сабактарын изилдөөгө эмес, жашоо-тиричиликтин тигил же бул аймактарында тажрыйбалуу-багытталган билимдерди жана жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө көңүл бурган функционалдык билим берүү экономикалык өсүүгө гана эмес, калктын жашоо сапатынын жогорулашына дагы маанилүү таасир берет.
Гендердик чөйрөдөгү жөнгө салуу саясаты
Жашоо-тиричиликтин ар кандай аймактарындагы гендердик теңсиздикти чагылдырган айырмалардын болушу мамлекеттик жана ведомстволук саясаттардын көп бөлүгүн ишке ашыруучу чараларды гендердик ченемдерди сөзсүз эске алуу менен кайра караштырууну талап кылат.
Мамлекеттик түзүлүштөрдүн өз функцияларын, алардын эң негизгиси бул калкты тейлөө кызматы экенин түшүнүүсү маанилүү болот. Аткарылуучу кызматтардын тизмелери жана мазмундары гана эмес, бул кызматтардын салык төлөөчүлөргө, ар башка жыныстагы адамдарга берген таасиринин натыйжалары дагы такталуусу талап кылынат. Мамлекеттик кызматтарды гендердик талдоо мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын алгачкы жана кийинки маселелер кылып тактоого, теңдешсиздиктин күчөп кетишине жол бербөөгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик саясат деңгээлинде аялдардын дагы, эркектердин дагы укук жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы өтө курч көйгөйлөрдү жана айырмаларды актуалдаштырууда гендердик статистиканы жакшыртуу зарыл. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалымат базасынын чоң бөлүгүндө жыныс белгилери боюнча жеке көрсөткүчтөр жалпы көрсөткүчтөргө кошулбай калган. Ошону менен бирге кээ бир көрсөткүчтөрдүн (мисалы Джинни коэффициенти(8)) катталуусу токтоп, алардын динамикасы жоголууда. Жада калса азыркы убактын талаптары менен зарыл болгон көрсөткүчтөр дагы сейрек пайда болууда.
(8) Джинни коэффициенти - кандайдыр бир изилденип жаткан белгиге карата ошол өлкөдөгү же аймактагы коомдун катмарлануу даражасынын статистикалык көрсөткүчү.
Мындан башка дагы маанилүү көйгөй бул статистикалык маалыматтарда гана эмес ар кандай ведомстволордогу жалпысынан гендердик суроолор боюнча болгон жумуштарда маалымат алмашууда жана макулдашууда биргелешип аракеттенүүнүн жоктугу. Натыйжасында көптөгөн комплекстүү: миграция, көмүскө алектенүү, билим алуу менен эмгек рыногунун байланышы сыяктуу проблемалар гендердик ченем жактан талданбайт жана туура чечими табылбайт.
Бул жагдай мамлекеттик гендердик саясаттын аткарылбай жаткандыгынын фактору болгон гендердик теңчиликти жылдыруудагы улуттук механизмдин институттук алсыздыгын чагылдырат.
Ошентип азыркы убакта Кыргызстан үчүн гендердик теңчилик көйгөйлөрү актуалдуу бойдон кала берүүдө. Бул жетишерлик өнүкпөген экономиканын же саясий туруктуулуктун жоктугунун гана суроолору эмес: бул чөйрөдөгү көптөгөн натыйжалуу чечимдер бийликтин дагы, өлкөнүн жалпы калкынын дагы саясий эркинин жоктугунан жана гендердик суроолорго мамиленин деңгээлинин төмөндүгүнөн улам кабыл алынбай келет. Маанилүү жетишкендиктерге карабастан, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу бүгүнкү күндө биринчи кезекте мамлекет тараптан активдүү жумуш аткарууну жана туруктуу көңүл бурууну талап кылат.
Жагдайды талдоо гендердик теңчилик чөйрөсүндө бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр экендигин көрсөттү:
1. Институттук механизмдин алсыздыгы жана гендердик саясатты улуттук, аймактык жана сектордук деңгээлдерде ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин жоктугу.
2. Тукум улантуу жана үй-бүлө милдеттеринин жүктөмдөрүн туура эмес бөлүштүрүү, аялдардын көмүскө экономикасындагы жана маянасы аз өндүрүштөрдөгү, тейлөөдөгү, соодадагы тең салмаксыз эмгек рыногунун себебинен экономикалык алсыздыгы жана көз карандылыгы.
3. Теңдешсиздикти тереңдетүүгө жана жашоо сапатынын, анын ичинде саламаттык, билим алуу, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөшүнө алып келүүчү керектүү тиричилик жөндөмдөрүн алууга мүмкүнчүлүк берген функционалдык билим берүү системасынын жоктугу.
4. Гендердик басмырлоонун болушу жана укук системасынын алкагында бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши.
5. Чечим кабыл алуунун баардык деңгээлдеринде саясий катышуу чөйрөсүндөгү гендердик тең салмактуулуктун жоктугу.
3. Стратегиялык өнүгүүнүн көрүнүшү, максаттары жана артыкчылыктуу багыттары
Бул стратегия 2020-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген. Бул убакта гендердик теңчиликтеги жагдайдын кескин өзгөрүшүнө алып келе турган башкаруу жана гендердик көйгөйлөргө коомдук мамиле кылуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү аткарууга болот.
2020-жылга чейинки мезгилдеги гендерлик теңчилик чөйрөсүндөгү стратегиялык өнүгүүнүн өңүтү:
1. Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири болуп гендердик проблемага болгон бийлик жактан дагы, жалпы коомчулук жактан дагы мамиленин өзгөрүшү эсептелет. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуу укугу атайын чаралар менен колдоого алынып расмий институттардын деңгээлинде гана таанылбастан, жеке турмуш деңгээлинде дагы таанылат. Биринчи кезекте аялдар үй-бүлө жана мансаптын ортосунда тандоого дуушар болбогондой болуп өз турмушун контролдоо укугу таанылышы керек. Дагы бир маанилүү укук - бул нике өнөгүн тандоо мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда экономикалык же моралдык чектөөсүз өз каалоосу менен никеге туруу же ажырашып кетүү мүмкүнчүлүгү. Эркиндиктин жаңы даражасы аялдардын саясаттын жана башкаруунун баардык деңгээлдерине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өлкөнүн өнүгүшүнө аялдардын кошкон салымын көрүнүктүү кылат. Турмушта бул укуктарды ишке ашыруу коомдук аң-сезим жана башкаруу системасы менен иштөөнүн бир кыйла узагыраак мөөнөтүн талап кылганы менен, бул укуктар үчүн күрөштүн шарттары 2020-жылга чейин өзгөрүлүшү керек. Институттук, социалдык жана маданий тажрыйбалар чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү илгерилетүү коомчулук жана бийлик түзүлүштөрү тарабынан колдоого алынат.
2. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн гендердик демилгелердин чөйрөсүндө теңчилик маданиятын бекемдөө багытында ийкемдүү жумуш аткаруусунда жана мамлекеттин үлгүлүү жумуш берүүчү болуп калуусунда байкалат. Мындан сырткары, чечим кабыл алуудагы саясаттардын тең салмактуулугу жашоо сапатын жогорулатууга багытталган социалдык-акыйкаттуу программаларды жылдырууга көмөк болот. Башка жагынан алып караганда коомдук чөйрөдө гендердик басмырлоого чыдамсыздык маданияты коомдук-маанилүү ченем болуп, турмуш-тиричиликтин баардык аймактарына, анын ичинде эмгек этикасына жана ЖМКнын иш-аракеттерине таасир берет.
3. Мамлекет калкка кызмат кылуунун гендердик көз караштарына көбүрөөк маани бере баштайт. Мамлекеттин кызматтарынын тизмесине гендердик суроолорду эске алуучу механизм киргизилет. Мындан сырткары экономикалык активдүү калктын санынын арасында аялдардын үлүшүн көбөйтүү үчүн өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кол жетерлик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тармагын кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт. Кредиттик саясаттын өзгөрүлүшү менен жана ишкер айымдардын (анын ичинде элет жерлериндеги) кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен аялдардын экономикалык көз карандысыздыгынын деңгээли кескин жогорулайт.
4. Жергиликтүү бийлик менен активисттердин биргелешкен аракетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан колдоонун натыйжасында өлкөдө чоңдор үчүн билим берүүчү активдүү аракеттеги расмий билим берүү системасын толуктоочу система пайда болот. Бул "өмүр бою билим алуу" принциптерине негизделген система билим берүү чөйрөсүндөгү маңыздык өзгөрүүлөргө таасир берип, мектептеги окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртууга, жана чоңдор үчүн жаңы эмгек рынокторуна жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Үй-бүлө милдеттерин, анын ичинде балдарды тарбиялоо милдеттерин бөлүштүрүү бирдей болуп, калктын баардык муундары үчүн жашоо сапатын жакшыртууга алып келет. Мындан башка дагы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү жагдай өзгөрүлүп, энелердин жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчтөрү азайып, эркектердин саламаттыгынын көрсөткүчтөрү оңолот.
5. Функционалдык билим берүү системасынын иштешинин натыйжасында жакынкы он жылдыкта иш менен камсыз кылынуунун түзүлүшү өзгөрүлөт, тышкы жана ички эмгек миграциясынын деңгээли оңолуп, туруктуу калыпка келет, калктын басымдуу бөлүгү жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларынын кыймылы менен байланышкан жумушчу орундарында иштешет. Бул биринчи учурда аялдардын эмгек аракеттерин үй-бүлө милдеттери менен айкалыштыруусуна көмөк болот.
Узак мөөнөттөгү стратегиянын максаты жынысына, жашына, социалдык даражасына, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнө, гендердик окшоштугуна жана башка басмырлоого негиз болгон себептерге карабай Кыргыз Республикасынын адам потенциалын толук кандуу ишке ашыруу үчүн өлкөнүн жарандарына бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу институттук базаны түзүү.
Бул максаттарга жетүү үчүн төмөндөгү артыкчылыктуу маселелер багытында иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл:
- аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- функционалдык билим берүү системасын түзүү;
- гендердик басмырлоону жоюу жана аялдардын акыйкаттыкка жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
- чечимдерди кабыл алууда жана аялдардын саясаттык катышуусунда гендердик тең салмактуулукту жылдыруу.
Артыкчылыктуу маселелердин ар бири өзүнө узак мөөнөттө аткарылуучу бир нече суроолордун коюлушун жана чечилишин камтыйт.
Коюлган ар бир маселе төмөнкү ченемдердин ишке ашуусу аркылуу көзөмөлдөнөт жана чечилет:
- институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр;
- өкүлчүлүк деңгээли;
- аткарылган жумуштун натыйжаларына таасир берүү;
- кызыкдар тараптардын коомдук талкууларынын жана диалогдорунун мүнөзү, маңызы(9).
(9) Талдоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн модели, "Аялдар Парламенти: цифралардан сырткары" - IDEA Демократия үчүн жана шайлоолорду колдоого алуу эл аралык институтунун колдонмосунда сунушталган жана жазылган. Http.//www.idea.int/publications/wip2/upload/WiP inlay.pdf сайтынан караңыз.
Мындан сырткары, белгиленген артыкчылыктуу маселелердин алкагындагы коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн жөнгө салуу саясатындагы өзгөртүүлөр сунушталат.
4. Коюлган максаттарды жана маселелерди ишке ашыруу
Аталган Стратегияны жүзөгө ашыруудагы ийгилик көпчүлүк учурда бир катар факторлордон көз каранды жана ошол эле учурда ал төмөндөгүдөй милдеттерди, алдыга коюлган артыкчылыктуу багыттарды аткаруу менен аныкталат.
1. Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
Экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү гендердик теңчиликке жетүү натыйжасы, зор стратегия катары Пекинде (1995-ж.) БУУнун аялдардын абалы тууралуу төртүнчү конференциясында каралган жана Аракеттердин платформасында бекитилген(10). Кийинчерээк, БУУнун башкы катчысынын экономикалык жана социалдык укуктар боюнча Кеңешине (ECOSOC) болгон баяндамасында (1997-ж.) гендердик келечекти аялдардын ролу узак убакытка чейин таанылбаган социалдык жана экономикалык аймактарга киргизүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген.
(10) ППДнын 164-параграфтагы "Аялдар жана экономика" бөлүмүндө экономикалык чөйрөдөгү комплекстүү гендердик маселелери атайын белгиленет. Аялдардын даражасы тууралуу Комиссиянын Макулдашылган корутундуларында (2000) көрсөтүлгөндөй комплекстүү гендердик чаралардын стратегиясынын ролу, аялдардын жана эркектердин экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын нак аныктоодон жана алардын өнүгүү программаларына катышуусуна түрткү берүүдөн турат. Гендердик келечек өзүнө изилдөөлөрдү, талдоону, саясий тажрыйбаларды, бардык чөйрөлөрдөгү (анын ичинде экономикалык) пландаштырууну жана институттук өнүктүрүүнү камтый ала турган абалда болушу керек.
"Макро деңгээлдеги улуттук саясат менен микро деңгээлдеги экономикалык жана социалдык гендердик ролдордун тыгыз байланышы тактап белгилөөгө муктаж, - деп белгиленет экономикадагы аялдардын ролуна салыштырмалуу аялдардын даражасы боюнча Комиссиянын Макулдашылган корутундуларында (1997-ж.) - аны менен кошо каржы жана сооданы эркин кое берүү саясатынын, жана менчиктештирүүнүн аялдардын абалына берген таасирин баалоо зарыл"(11).
(11) 1997/3, параграф 23, Аялдардын даражасы боюнча Комиссия, 2000
Пекиндик Аракеттер платформасын ишке ашырууну талдоого арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында (2000-ж. июнь), мамлекеттердин Өкмөттөрү гендердик келечекти бюджеттик процессти иштеп чыгуу, өнүктүрүү, кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча процесстерге кошууну милдеттенме кылып алышкан.
Азыркы убакта өнүгүүдөгү гендердик-шартталган тоскоолдуктар мамлекет, рынок жана үй-чарба деңгээлдеринде каралат. Алардын бардыгы социалдык-экономикалык табиятка ээ болуу менен экономиялык теорияларда/моделдерде, өнүгүү стратегияларында кызыкчылыгы жана талаптары эске алынбаган аялдарга карата басмырлоонун көрүнүшү болуп саналышат.
Мындан сырткары, улуттук деңгээлде аялдар менен эркектердин экономикалык (мисалы ишкердүүлүк аракеттерин жүргүзүүгө жана ишканаларды башкарууга жетүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү) жана эмгек мамилелеринде (мисалы бирдей маяна, үй-чарба ишин баалоо) бирдей мүмкүнчүлүктөрү таанылат жана кепилденет(12).
(12) "Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укук жана мүмкүнчүлүк боюнча мамлекеттик кепилдөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2008-жылдын, 4-августу, N 184.
Экономикалык чөйрөдө, негизинен, иш менен камсыз кылуу тармагында аялдарга карата болгон басмырлоону жоюу үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу Кыргызстандын АБЖК боюнча эң маанилүү юридикалык милдеттенмеси болуп саналат(13). 2000-жылы кабыл алынган негизги фактору социалдык, анын ичинде гендердик теңсиздик болгон кедейликти жок кылууга багытталган Миң жылдыктын декларациясы жана миң жылдыктын белгиленген өнүгүү максаттары өлкөлүк деңгээлде маанилүү милдеттенмелер катары кабыл алынды. Кыргыз Республикасы үчүн эркектер менен аялдардын теңчилигин, аялдардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоочу үчүнчү максат иш менен камсыз кылуу жана башкаруу чөйрөсүндөгү теңсиздикти жоюу боюнча маселелерди чечүү аркылуу ишке ашуусу керек. Студенттердин топторундагы аялдардын жана эркектердин үлүшү; аялдардын маянасы менен эркектердин маянасынын шайкеш келиши; аялдардын калктын экономикалык активдүү катмарындагы үлүшү ушул натыйжалардын индикатору болуп саналат.
(13) Кыргыз Республикасы АБЖКга 1996-жылы кошулду.
Ошентип, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чөйрөсүндө артыкчылыктуу милдеттер төмөнкүлөр болот:
- Аялдардын коомдук өндүрүшкө жана өнүгүүгө кошкон салымын таануу - каттоо жана көрсөтмөлөө.
- Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн булактарын бекемдөө аркылуу экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу жана көмүскөдө иштөөдөн ачык эмгек рыногуна өтүү.
- Жумушчулардын - аялдар менен эркектердин талаптарын эсепке алган эмгек шарттарын түзүү, эмгек жана үй-бүлө милдеттерин айкалыштырууга мүмкүн болгон түзүлүштөрдү түзүү.
- Эмгек маянасындагы айырманы азайтуу, эмгек рыногундагы бөлүштүрүүнү аялдардын жана эркектердин алектенүүсүн диверсификациялоо аркылуу азайтуу.
Аталган артыкчылыктуу милдеттерди чечүү төмөндөгүдөй күтүлүүчү натыйжаларга алып келүүсү зарыл:
1) Улуттук эсептердин системасы үй эмгеги, көмүскөдөгү, формалдуу эмес экономикадагы, ИДПдагы гендердик талаптарды эске алуучу көрсөткүчтөрдү камтыйт, ошону менен катар аялдардын макро экономикалык көрсөткүчтөргө кошкон салымы эсепке алынат. Иш менен камсыз кылуу саясаты бүтүндөй республика боюнча алганда гендердик-акыйкатуу мүнөзгө ээ.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөрдөгү конкреттүү көрүнүштөр төмөндөгүдөй чагылдырылат:
- орточо мөөнөттөгү бюджеттин, жылдык бюджеттин болжолдору жана улуттук эсептердин системасы биргелештирген ар кандай макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган, гендердик ченемдери бар өнүгүү пландарынын гендердик талдоону киргизүүдө;
- статистикалык көрсөткүчтөрдө аялдардын рыноктук жана рыноктук эмес аракеттеринин түрлөрүн, көмүскөдөгү экономикада, үй чарба эмгегинде алектенерин чагылдырууда.
Өкүлчүлүк деңгээлде Стратегияны ишке ашыруу экономиканын өсүшүн камсыздоо үчүн эмгек рыногунда аялдарды катышуусун өзгөртүү боюнча бир катар чараларды кабыл алууну божомолдойт. Иштин жыйынтыктарына таасир этүү деңгээлинде: үй-чарба эмгегин таануу; каалаган жашоо деңгээлине жетүүгө керектүү болгон экономикалык ресурстар ченелбестен, алар микродеңгээлде кандай пайдаланылып же бөлүштүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Аялдардын рыноктук жана рыноктук эмес иштерге катышуусу тууралуу суроолор боюнча мамлекеттин, бизнес-түзүлүштөрдүн, жарандык коомдун институттарынын диалогу түзүлгөн.
2) Ишкердүүлүк чөйрөсүндө аялдарды институттук жана инфраструктуралык колдоо жумуш орундарын түзүү (түз) жана ИДП өсүшү (кыйыр) аркылуу жумушсуздук деңгээлин азайтып, алектенүү деңгээлинин жогорулашына көмөк болот. Укуктук жөнгө салуу сферасы көмүскө экономикасындагы эмгегин барктуу дагы, натыйжалуу дагы деп айтууга болбогон көптөгөн элдерге тарайт; Алектенүүгө болгон мамиле өзгөрөт - адамды коомдук-пайдалуу аракетке кошуу себеби боюнча кандайдыр бир мамилелер системасы катары.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр:
- бизнестин бардык этаптарында аялдардын ишкердүүлүгүн колдоочу инфраструктуралардын иштеп туруусу;
- жумуш орундарын түзүүгө мамлекет тарабынан тапшырыктар;
- эмгектик, социалдык мыйзам чыгаруу экономиканын бардык секторлоруна, иш менен камсыздоонун бардык түрлөрүнө колдонулат.
Өкүлчүлүк деңгээлдеги өзгөрүүлөр экономикалык активдүү аялдардын санынын өсүшүндө чагылдырылат (60%га чейин); эркектер менен аялдардын ортосундагы жумушсуздук деңгээлиндеги айырманын азайышы; формалдуу экономикадагы аялдардын санынын өсүшү. Жумуш жыйынтыктарына таасир берүү өз кезегинде коомдогу/коомдук өндүрүштөгү аялдын орду тууралуу патриархаттык көз караштардын өзгөрүлүүсү; аялдардын даражасынын экономикалык көз карандысыздык аркылуу күчтөнүүсү.
Диалог чөйрөсүндөгү прогресс ишкер аялдар менен банктардын, кредиттик мекемелердин, ошондой эле ишкердикти колдоочу жана иш менен камсыздоо маселелери боюнча жооптуу мамлекеттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланыш жиктери түзүлгөндүгүндө байкалат.
3) Иш менен камсыздоонун кандай гана түрлөрү, формалары болбосун үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчуларга калыстуу болуп, аялдар менен эркектерге бир убакта коомдук өндүрүшкө кошулууга жана тукум улоо, балдарды тарбиялоо боюнча аракеттерди аткарууга мүмкүндүк берет. Жумуш аткаруу татыктуу эмгектин мүнөздөмөлөрүнө ээ боло баштайт.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөрдүн деңгээлинде:
- эмгектин гендердик сезимдүүлүк шарты иштейт;
- ДМЧА аялдар үчүн жумуш ордуларын квоталоо тажрыйбасы киргизилген;
- үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчулар үчүн шарттарды түзүү аймагындагы эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптары аткарылат.
Өкүлчүлүк деңгээлинде мектепке чейинки окуу жайлары менен камсыздоону 40%га жеткирүү, ДМЧ аялдардын жумуш ордуларына муктаждыгын 20%га аткаруу пландаштырылат.
Коомдук коммуникациянын деңгээлинде профсоюздар, жумуш берүүчүлөр жана жумушчулардын ортосунда диалог өнүгөт.
4) Экономиканын ар кандай тармактарында эркектер утушта болгон гендердик тең салмаксыздык эмгек рыногунун негизги мүнөздөмөсү болбой калат, бул өз кезегинде вертикалдуу жана горизонталдуу бөлүштүрүүнүн кыскаруусу жана "бирдей баадагы жумушка бирдей маяна" принцибинин ишке ашуусуна алып келет.
Институттук жана жол-жоболук өзгөрүүлөр деңгээлинде кесиптик билим берүү мекемелериндеги өзгөчө адистиктерге жаш кыз-жигиттерди тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөр изилденет жана атайын чаралар колдонулат, ошондой эле аялдардын заманбап кесиптерге, квалификацияларга жетүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Өкүлчүлүк деңгээлдеги өзгөрүүдө эмгек рыногундагы бөлүштүрүүнүн төмөндөшү, аялдар менен эркектердин жумуш маянасынын айырмасы 20%га чейин азайгандыгы байкалат. Жыйынтыгында аялдардын адаттагы иш менен камсыз болуу түрлөрү тууралуу көз караштар өзгөрүлгөн, аялдар маянасы жогору болгон кесиптерди жана адистиктерди өздөштүрүштү.
Жалпы элдик коммуникациянын чөйрөсүндө эмгек жана иш менен камсыздоо рыногунун талаптарынын суроолору боюнча жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын ортосунда туруктуу диалог түзүлгөн.
2. Функционалдык билим берүү системасын түзүү
Гендердик теңчиликти орнотууда билим берүү чөйрөсү негизги ролдордун бирин ойнойт. Техниканы иштете билүүдөн баштап өз баласы менен мамиле түзүү жөндөмдүүлүгүнө чейин колдонула турган жалпыланган билимдердин жана жөндөмдөрдүн болушу экономикалык өсүү жана жашоо сапатынын жогорулашын камсыз кылуунун маанилүү курамы экендиги айкын. Кыргызстанда азыркы убакта чарба иштерин жүргүзүү жана жаңы кесиптерди өздөштүрүү менен байланышкан кууш кесиптик аймактарда функционалдык билим берүүнү жеткирүүчү катары иштеген ("АРИС", "GIZ", "чоңдорду окутуу борбору", ж.б. сыяктуу) көптөгөн уюмдар иштейт. Ошол эле убакта өлкөдө адамдын анын саламаттыгы, балдарына тарбия берүүсү же саясий катышуу мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан жалпы жашоо тиричилигиндеги билимдерин жана жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган функционалдык билим берүү системасы жок. Бүгүнкү күндө мындай билимдерди жана жөндөмдөрдү калк арасында таратуу гендердик теңчиликке жетүү процесстеринде гана маанилүү роль ойнобостон, жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берүүсү мүмкүн.
Жашоо тиричиликтин ар кандай аймактарындагы жагдайды анализдөө алардын ичинен функционалдык билимдердин жана жөндөмдөрдүн жетишсиздик себебинен эң көйгөйлүү болгондору төмөндөгүдөй сфераларда экендигин көрсөттү:
- социалдык өнүгүү жана өз-ара аракеттенүү: эрте жаштагы балдарды багуу, ошондой эле аларды психологиялык өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча жөндөмдөрдүн жетишсиздиги; ар түрдүү, көп маданияттуу коомдогу тиричилик жөндөмдөрүнүн жетишсиздиги; гендердик теңдешсиздик маселелери тууралуу аз маалыматтуулук жана аялдардын башкаруу деңгээлинин төмөндүгү;
- саламаттык: аялдардын дагы, эркектердин дагы тукум улантуу саламаттыгы тууралуу билимдердин жетишсиздиги;
- маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү: заманбап техникаларын, компьютерлерди, маалымат технологияларын жана интернетти колдонуу боюнча билимдердин жана жөндөмдөрдүн жетишсиздиги.
Жогоруда белгиленгендерге ылайык, функционалдык билим берүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттер:
- калктын жашоо-тиричиликке керектүү жөндөмдөрүн, анын ичинде ар түрдүү жана көп маданияттуу коомдогу тиричилик жөндөмдөрүн, ата-эне жөндөмдөрүн, тукум улоо саламаттыгынын маданияты менен байланышкан жөндөмдөрдү өнүктүрүү;
- жалпы өлкө боюнча активдүү аракеттеги функционалдык билим берүү системасын түзүү, анын ичинде окутуу модулдарын иштеп чыгуу, окшош окутуу программаларына кенен жетүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу жана калктын умтулуусун (үй-бүлөлүк билим берүү борборлорун, телекоттеждерди ачуу жана функционалдык билим берүүнү жылдыруунун башка формаларын өнүктүрүү аркылуу) шарттоо;
- формалдуу эмес билим алуунун ар кандай формаларынын техникалык инфраструктураны жакшыртуу (жалпы өлкө боюнча Интернетке жетүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү) жана бар болгон институттардын (мектептер, ФАПтар, ҮМБ) аракеттерин кеңейтүү аркылуу аракеттенүүсүнө шарт түзүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) Калк өзүнүн турмуштук жана кесиптик жөндөмдөрүнүн деңгээлин "өмүр бою билим алуу" принциптериндеги функционалдык билим берүүнү илгерилетүү системасы аркылуу жогорулата алат.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөрдүн деңгээлинде:
- ата-энелик, эркектердин тукум улоо саламаттыгы, ар түрдүү коомдогу жашоонун жөндөмдөрү, гендердик теңчилик жана аялдардын саясий катышы чөйрөлөрүндө керектүү тиричилик жөндөмдөрүн алуу боюнча окутуу модулдары иштелип чыккан жана активдүү түрдө колдонулат;
- үй-бүлөлүк билим берүү борборлорунун, "телекоттедждердин", жана функционалдык билим берүүнүн кыймылынын формаларынын инфраструктуралары түзүлгөн.
Өкүлчүлүк деңгээлинде: үй-бүлөлүк жана ата-энелик милдеттер үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында, биринчи кезекте эркектер менен аялдардын ортосунда тегизирээк бөлүштүрүлгөн; аялдардын жетекчилик жөндөмдөрдү алууга жана чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Кабыл алынган чаралар жыйынтыгы үй-бүлө жана ата-энелик милдеттерди бөлүштүрүүнүн адаттагы түшүнүктөрүнүн өзгөрүлүшүнө; аялдар чечим кабыл алуу процесстеринде кыйла активдүүрөөк болушуна; эркектердин саламаттык көрсөткүчтөрү (анын ичинде тукум улоо аймагында) жакшырышына; балдардын билим алуудагы жетишкендиктери жогорулашына таасир этет.
Жалпы элдик коммуникация чөйрөсүндө:
- бийлик менен калктын ортосунда аялдарды жана көйгөйлүү топторду чечим кабыл алууга катыштыруу менен туруктуу диалог түзүлдү;
- жергиликтүү коомчулуктарда кагылыш мүмкүнчүлүктөрү азайып, ар кандай этностук жана социалдык топтордун ортосундагы диалог оңолду.
2) Айылдагы аялдар жана ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн техникалык инфраструктураны жакшыртуу (жалпы өлкө боюнча интернетке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу) жана иштеп жаткан аракеттеги институттардын (мектептер, ФАП, ҮМБ) функцияларын кеңейтүү аркылуу формалдык эмес билим алууга жетүү шарттары түзүлдү.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр айылдагы аялдар жана ДМЧА арасында функционалдык билим берүүнү жылдыруу үчүн техникалык инфраструктура аракетинде көрүнөт.
Өкүлчүлүк деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдө айылдык аялдар жана ДМЧА жаңы кесиптерди алууга жана ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алышты, ошондой эле аялдардын маалымат коммуникациялык технологиялары колдонуп үйдө иштөөнүн жаңы түрлөрүн өздөштүрүү эсебинен үй-бүлө жана эмгек милдеттерин айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгы айылдагы жана ДМЧА кесиптик жана мансаптык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу адаттагы түшүнүктөрдүн өзгөрүлүшүнө; айылдагы аялдардын жана ДМЧА алектенүүсүнүн жана жашоо сапатынын түзүлүшү өзгөрүлүшүнө таасир тийгизди.
Коомдук коммуникациянын деңгээлинде бизнес түзүлүштөр жана айылдагы аялдар жана ДМЧА арасындагы жогорку технологиялык чөйрөдөгү потенциалдуу кызматчылардын ортосунда туруктуу диалог өнүгүүдө.
3. Гендердик басмырлоону жоюу жана аялдардын акыйкаттыкка жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
Эл аралык бир катар документтердин, анын ичинде бардык адамдар колдоно алга турган укуктар бекитилген Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (1948-ж.) болушу аялдарды коргоодо, анын ичинде гендердик басмырлоо жана зомбулуктан коргоодо дагы натыйжасыз болуп чыкты. 1979-жылы Башкы Ассамблея аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенция кабыл алды, анда юридикалык түрдө эл аралык деңгээлде макулдашылган аялдардын укуктары тууралуу принциптер белгиленген. 1994-жылы Башкы Ассамблея аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча эл аралык нормалардын биринчи расмий жыйнагы болгон Аялдарга карата зомбулукту жоюу тууралуу декларацияны кабыл алган. 1995-жылы өткөрүлгөн БУУнун аялдардын абалы боюнча IV эл аралык конференциясында эки маанилүү документ - Пекин декларациясы жана Пекиндик иш-аракеттер платформасы кабыл алынды. Биринчи документ БУУнун мүчөлөрү болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун баардык түрлөрүн жоюу жана алдын алуу боюнча аракеттеги чечкиндүүлүгүн тастыктады. Кыргыз Республикасы жогорудагы баардык эл аралык документтерди ратификациялап, өз жарандарынын коомдук жана жеке турмушунда басмырлоого жана зомбулукка жол бербөө боюнча чараларды көрүү тууралуу милдеттенмелерди алды.
Ошону менен бирге, бийликтин гендердик басмырлоо жана зомбулук темаларына болгон көңүл буруусу сөз түрүндө гана калды. Кыргыз Республикасынын Конституциясы басмырлоого, анын ичинде жыныстык белги боюнча басмырлоого тыюу салат. "Эркектерге жана аялдарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы дагы аялдарга карата басмырлоонун баардык түрлөрүнө тыюу салат, бирок бул Мыйзамды аткарбоонун кесепеттери жөнөтүү нормаларына гана ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу тууралуу гана айтат. Ошентип, Кыргыз Республикасы мыйзамдарында гендердик басмырлоо үчүн бекитилген жоопкерчиликтин жоктугу укук колдонуучу тажрыйбалардын аялдарга карата жашыруун жана ачык басмырлоо учурларын этибарлоону шарттайт.
Эреже катары, гендердик кылмыштардан жабыр тарткандар өз укуктарын коргоо үчүн кайрылбайт, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин аялдарга карата кылмыштар үчүн жоопкерчиликти караштыруучу көп беренелери жеке жана жеке-коомдук айыптоо иштеринин катарына киргизилген. Мындай учурлар боюнча кылмыш иштери жабыркаган тараптан кайрылуунун болушу жана кылмышты далилдөө базасын түзүү жабыркаган адамдын өзүнө жүктөлгөндүгүнүн аркасында ачылат, бул болсо жапа чеккен адамдын керектүү билиминин, убактысынын, жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн болушун талап кылат.
Укук бузуулардан юридикалык коргоо жол-жоболорунун татаалдыгы, укук коргоо органдарында коррупциянын болушу, квалификациялуу адвокаттык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардын көпчүлүк бөлүгү өз укуктарын коргоо үчүн акыйкат системасына кайрылбагандыгына алып келет. Натыйжасында, гендердик негиздеги кылмыш жана укук бузуу учурлары кылмыштык, администрациялык жана четке кагуу статистикаларынын арасында калат. Гендердик маселелерди эске алуу жана ишбилгилик индикатор катары кабыл алынбаган кадрларды тандоо системасынын ачык-айкын эместиги, аймактык милиция инспекторлорунун, нөөмөттүк бөлүктөрүнүн кызматчыларынын, ИИО менен прокуратуралардын тергөөчүлөрүнүн гендердик тең салмактуу эмес курамы жабыр тарткан аялдардын ишенбөөчүлүгүн жаратат жана алардын укук коргоо түзүмдөрүнө кайрылуусунун дагы бир тоскоолдугу боло алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын аткаруу боюнча Парламент жактан дагы, прокуратура органдары жактан дагы контролдун начардыгы, гендердик белгилер боюнча кылмыштар жана укук бузуулар, үй-бүлө мамилелер чөйрөсүндөгү жарандык иштер ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү, аталыкты аныктоо, алименттерди төлөө, ж.б. боюнча сот тажрыйбасын жалпылатуунун жоктугу дагы аялдардын укугун коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн процессуалдык нормаларды мыкты деңгээлге жеткирүүгө тоскоолдук кылат.
Ошентип, гендерлик басмырлоону жоюунун артыкчылыктуу милдетинде жана аялдардын сот акыйкаттыгына жетүүсүн кеңейтүүдө төмөнкүлөр коюлат:
- акыйкатыкка жетүүнүн укуктук жана институттук механизмдерин бекемдөө;
- гендердик басмырлоо жана зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү системасын өнүктүрүү;
- гендердик басмырлоо жана зомбулукка чыдабастык маданиятын өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) Гендердик басмырлоо жана зомбулук суроолорун жөнгө салуу аймагында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук базасынын натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлдү; мыйзам долбоору дайындалды жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу актыларына өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Сот тажрыйбасы дайыма мөөнөтү менен жалпыланып жана анализденип турат: системалык негизде Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин жана улуттук ченемдик укуктук актыларды аткаруусуна контролдоо жүргүзүлүп турат. Зарыл болгон статистикалык көрсөткүчтөрдү көз карандысыз баалоо жүргүзүлгөн; статистикалык маалыматтарды чогултуу системасы кайрадан каралып чыгып, каттоонун жаңы формалары киргизилген. Укук коргоо органдарынын системасындагы гендердик кылмыштар үчүн жооптуу болгон түзүлүштөр аныкталган; алардын функционалдык милдеттери иштелип чыккан жана бекитилген; гендердик тең салмактуулугун сактоо талаптарын эске алуу менен кадрларды тандоо механизминин тунуктугу камсыздалган.
Институттук деңгээлдеги өзгөрүүлөр гендердик кылмыштар чөйрөсүндө укук колдонуу тажрыйбасын көзөмөлдөө механизминин аракеттенишинде көрүнөт.
Өкүлчүлүк деңгээлдеги өзгөрүүлөр гендердик кылмыштар менен күрөшүүгө бөлүнгөн түзүлүштөрдө жумушка тартылган кадрлардын гендердик суроолорду эске алуусуна жараша гендердик тең салмактуулук принциптеринде куралгандыгында көрүнөт. Бул артыкчылыктуу багыттын алкагында кабыл алынган чаралардын таасири басмырлоо жана зомбулук чөйрөсүндө укук колдонуу тажрыйбаларын гендерлештирүүгө багытталат.
Коммуникация чөйрөсүндөгү өзгөрүү гендердик кылмыштар менен күрөшүү жана гендердик басмырлоонун алдын алуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп дайындалган түзүлүштөрдүн калк менен болгон байланышты үзгүлтүксүз кармоосунун негизинде укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жогорулашынан көрүнөт.
2) Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо боюнча кызматтардын стандарттары иштелип чыгып, күнүмдүк аракеттерге киргизилген. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүп, профилактика жумуштарын аткарат. Өлкөнүн калкы улуттук тынымсыз линияларды жана атайын интернет порталдарын активдүү колдонот. Гендердик суроолорду эске алчу адвокаттардын тобу гендердик басмырлоо жана зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам берүү боюнча аялдардын жана гендердик өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз аракеттерди жүргүзүүдө; акысыз юридикалык кеңеш берүү тармактары иштеп жатат. "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жыл сайын коомдук кризистик борборлору үчүн мамлекеттик тапшырык аткарылат; жергиликтүү бюджеттерде гендердик зомбулукту алдын алуу максатында каражаттар бөлүнүп турат. Сот, укук коргоо жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын, аны менен кошо жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуучу окутуучу программаларына тийиштүү темалар киргизилген; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоодо жана тестирлөөдө алардын гендердик билимдери эске алынат. Эл аралык тажрыйбалардын негизинде гендердик зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө программалары иштелип чыккан жана киргизилген; программа каражат жана адам ресурстары менен жетишерлик деңгээлде камсыздалган; аталган программанын иштеп баштоосу үчүн Администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын Кодексинде өзгөрүүлөр кабыл алынган;
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр гендердик зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн, анын ичинде ӨЭУ арасында мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу механизмине негизделген кызматтардын өнүккөн системасынын аракетинде билдирилет.
Өкүлчүлүк деңгээлинде кызматтардын системасы менен жынысы, жашы, гендердик окшоштугу, сексуалдык багыты жана басмырлоого себеп боло турган башка негиздерге карабай баардык жарандар колдоно алат. Жыйынтыгында гендердик кылмыштар менен болгон күрөш натыйжалуу болот.
Жалпы элдик коммуникация чөйрөсүндөгү өзгөрүү коомчулукта гендердик кылмыш жана гендердик зомбулук көйгөйлөрүн талкуулоого багытталган диалог өрчүп жаткандыгынан көрүнөт.
3) Гендердик басмырлоого чыдабаган маданиятты өнүктүрүү максатында басмырлоо концепциясы жана бул концепцияны укуктук колдонуу жолу иштелип чыккан жана киргизилген. Бул концепцияны ишке ашыруу үчүн ЖМКнын, билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрү жана массалык таасир берүүнүн башка формалары колдонулат;
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, бизнес түзүлүштөрдүн жана ЖМКнын документине багыт берүү үчүн басмырлоонун баардык түрлөрү менен, анын ичинде гендердик басмырлоо менен күрөшүүгө арналгандыгында көрүнөт.
Узун аралыктагы келечекте коомчулуктун жана мамлекеттин басмырлоо проблемаларына болгон мамилеси өзгөрүлөт жана коомчулукта гендердик акыйкаттык, басмырлоо жана зомбулук көйгөйлөрүнө талкуулоого багытталган коомдук диалог өөрчүп жатат.
4. Чечим кабыл алууда гендердик теңдештиктин кыймылы жана аялдардын саясий катышуусун кеңейтүү
Кыргызстандагы аялдар кыймылы акыркы он жылдыкта гендердик теңчиликке жетүүдө кээ бир маанилүү ийгиликтерге жетүүнү камсыздады, бирок аялдар дагы эле чечим кабыл алуу процесстеринде толук катышпайт.
Эл аралык коомчулук көп убакыт аралыгында аялдардын саясий процесстердин баардык жактарында катышуу укугунун концепциясына жактоо жана колдоо көрсөткөн(14). 1981-жылы Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу тууралуу конвенция күчүнө кирди. Аталган Конвенция баардык катышуучу өлкөлөргө саясий жана коомдук турмушта аялдарга карата басмырлоонун баардык түрлөрүн жоюу милдеттерин жүктөйт. БУУнун Экономикалык жана социалдык Кеңешинин N 15 Резолюциясында (1990-жыл) жетекчи аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөнкү максаттык индикаторлору сунушталган: 1995-жылга 30% жана 2000-жылга 50%.
(14) htpp://wvvw.developmentandtransition.net/Stati.35+M545700465e6.0.html
1995-жылы болуп өткөн Аялдардын абалы боюнча бүткүл дүйнөлүк төртүнчү конференцияда 30 пайыздык орто аралык индикатордун жетишкендиктери аз экендиги белгиленген. Ошондо эл аралык коомчулук аялдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнүн Пекиндик Аракеттер Платформасы аталышындагы комплекстүү программасын кабыл алган. Аялдардын саясий турмушка катышуу бөлүгүндө АБЖК жоболоруна ылайык, бул платформада саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү боюнча чаралар аныкталган. Анда "гендердик тең салмактуулукту" камсыз кылуу жана бийликти, чечим кабыл алууну баардык деңгээлдерде бирдей, башкача айтканда 50гө 50 кылып адилеттүү бөлүштүрүү максаты жазылган. Мындан башка дагы Платформада Өкмөттөргө жыл сайын чечим кабыл алуу тармактарында коомдук фигура болгон айымдар тууралуу маалыматтарды чогултуу, талдоо жана таратуу боюнча чакырыгы орун алган.
Беш жылдан кийин дүйнө өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын да жетекчилери Миң жылдыктын декларациясын жана андан кийин - МӨМдү кабыл алышты. МӨМдү ишке ашыруу аракеттеринин алкагында дүйнөлүк коомчулук коюлган максаттарга жетүү үчүн ишке ашуу мөөнөттөрү макулдашылган так иш-чараларынын зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алды. Айта кетчү нерсе, гендердик теңчилик үчүнчү максат болуп саналат жана бул жагдай аялдар менен эркектердин турмуштун бардык аймактарындагы теңдиги - экономикалык, социалдык, саясий жана маданият - туруктуу жалпы өнүгүүнү камсыз кылууга керектүү нерсе экендигин таанууну тастыктайт. Коюлган максатка жетүүнүн жүрүшүн баалоонун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - аялдардын улуттук парламенттердеги кеминде 30 пайыздык өкүлчүлүгүнүн болушу. МӨМ индикаторлорунун камтуусу аныктама боюнча чектелүү болгону менен, Миң жылдыктын Декларациясында аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыздоо суроолорун жактоосу жана ар бир адамдын башкаруу процесстеринин бардык деңгээлдеринде чечим кабыл алууга катышуу укугун колдоосу ачык чагылдырылат. Натыйжада аялдардын ыйгарым укуктарынын саясий процесстин бардык тараптарынан жана башкаруунун баардык деңгээлдеринде кеңейишинин маанилүүлүгү таанылат.
Эл аралык милдеттенмелерди жана улуттук мыйзамдардын нормаларын ишке ашыруу төмөнкүлөрдү аткаруу зарылдыгы менен шартталат:
1. Аялдардын саясий жетекчилигин илгерилетүү.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат органдарында гендердик багыттагы кадр саясатын өнүктүрүү.
3. Чечим кабыл алуунун баардык деңгээлдеринде аялдардын өкүлчүлүгүн 50%га чейин жогорулатуу.
Көрсөтүлгөн артыкчылыктуу милдеттерди чечүү төмөндөгүдөй күтүлүүчү жыйынтыктарга алып келет:
1) Мамлекет, Кыргыз Республикасында аялдардын саясий жетекчилиги үчүн ылайыктуу шарттарды түздү.
Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөрдүн деңгээлинде төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр болот: аялдардын саясий активдүүлүгүн бардык деңгээлдерде колдоо жана жетекчи аялдардын потенциалын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматта дагы жогорулатуу боюнча социалдык тапшырыктын механизми ишке киргизилди жана аракетте. Өкүлчүлүк деңгээлиндеги өзгөрүү аялдарды алга жылдыруу боюнча бир катар атайын (аффирмативдик) чараларды кабыл алууга таянат. Мамлекеттин өзгөчө көңүл бура турган аймагы - айыл жергесиндеги жетекчи аялдар, ошондой эле жаш аялдар, ДМЧА топторундагы жана этностук азчылыктардагы аялдар болушу керек. Жыйынтыгында, кабыл алынган чаралар аялдардын саясий жетекчилигин колдоо боюнча мамлекеттик органдардын аракет тажрыйбаларын гендерлештирүүгө таасирин тийгизет.
Жалпы элдик коммуникация чөйрөсүндө аялдардын саясий жетекчилигин өнүктүрүүнүн ылайыктуу чөйрөсү салттык жана жаңы медиалардагы гендердик суроолорду эске алган маалыматтык саясатты илгерилетүүнү өнүктүрүү аркылуу калыптанат жана мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарынын, анын ичинде саясий партиялардын ортосунда аялдардын саясий жетекчилигин колдоо жана жылдыруу боюнча маселелери тууралуу диалог түзүлөт.
2) Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрлар саясаты гендерлик багытталган жана жетекчи аялдардын өзгөчө көйгөйлүү топтордогу өнүгүүсүнө көмөк болот.
Институттук, процедуралык өзгөрүүлөр:
- гендердик экспертиза кадрлар саясатынын милдеттүү бөлүгү, жана отчеттордун баардык формаларына киргизилген;
- гендердик анализ өзүнө ар тараптуулук - этностук, муундук, аймактык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү боюнча, ж.б. суроолорду камтыйт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын баардык деңгээлдеринде гендердик окутуу жана гендердик компетенцияны жогорулатуу милдеттүү норма болот.
Өкүлчүлүк деңгээлинде: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта тандоо, аттестация жана жылдыруу боюнча комиссияларда аялдар жана эркектер - мамлекет кызматкерлери бирдей абалда турат. Гендердик суроолор боюнча жооптуу адамдардын функциялары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын биринчи адамдарына жүктөлгөн. Аталган артыкчылыктуу багыт боюнча кабыл алынган чаралар узун аралыктагы келечекте мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрлар саясаты кызматчылардын үй-бүлөлүк ролдорун, алардын атайын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүүсүнө алып келиши керек.
Жалпы элдик коммуникация чөйрөсүндөгү өзгөрүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарда кадрлар саясатынын суроолорун талкуулоо үчүн туруктуу карым-катнаш аянтчалары орун алгандыгынан жана кызматчылардын профсоюздары менен мекемелердин жетекчилеринин ортосунда диалог түзүлгөндүгүнөн көрүнөт.
3) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын баардык деңгээлдеринде гендердик тең салмактуулук түзүлгөн.
Институттук, процедуралык өзгөрүүлөр:
- атайын чаралар, анын ичинде гендердик квоталоо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрлар боюнча жумушунун негизги принциби болуп калган;
- кадрлар резерви (улуттук/ведомстволук) гендердик тең салмактуулук принциби боюнча түзүлөт;
Өкүлчүлүк деңгээлиндеги өзгөрүү: аялдар менен эркектер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын баардык деңгээлдеринде бирдей даражадагы абалды ээлешет. Мамлекеттик саясат социалдык акыйкаттыкка жетүү жана натыйжалуу өнүгүү максатында жалпы топтордун кызыкчылыгын эске алуу менен түзүлөт.
Жалпы элдик коммуникация чөйрөсүндө: Медиада жана коомдук мейкиндикте мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы гендердик тең салмактуулукту колдоо боюнча атайын чаралардын маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана колдоо идеялары чагылдырылат.
5. Жөнгө салуу саясаты
Өткөн 20 жыл ичинде мамлекеттүүлүктүн түзүлүшү менен (саясий, экономикалык социалдык институттар жана жол-жоболор) бирге өнүгүүнүн негизги суроосу жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселеси болду. Экономикалык кооперация жана өнүгүү өлкөлөрүндө бир нече жылдан бери жөнгө салуу саясатынын тажрыйбаларын жалпылоо, документтештирүү, жана ийгиликтүү натыйжаларды чогултуу иштери жүрүп жатат(15).
(15) Nick Malyshev. The Evolution of Regulatory policy in OECD countries.//Regulatory Policies in OECD Countries. From Interventionism to Regulatory Governance, Paris, 2002; OECDReviews of regulatory reform: regulatory policies in OECD countries, OECD-2002//ISBN 92-64-19893-8.
Кыргызстанда жөнгө салуу саясатынын концепциясынын өнүгүүсүнүн негизги фактору эл аралык финансылык түзүлүштөрдүн жана донорду уюмдардын экономиканы нормативдердин деңгээлинде бошотуу талаптары болду. Биринчи жолу жөнгө салуу саясатынын деңгээлинде "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ишкердикти жөнгө салууга багытталган, нормативдик-укуктук актылардын долбоорун кабыл алууда жөнгө салуучу таасирди талдоо (ЖСТТ) процедурасынын милдеттүүлүгүн белгилөөчү, жана ЖСТТ методикасында чагылдырылды(16).
(16) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-октябрындагы N 603 "Нормативдик-укук актыларынын ишкердүүлүк субъектилеринин аракеттерине болгон жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖСТТ) методикасы тууралуу" токтому.
Аталган ЧУАларды ишке ашыруунун биринчи тажрыйбалары мамлекеттик кызматкерлердин мындай анализдерди жүргүзүү жөндөмдөрүнүн жоктугу, жоопкерчиликтүү институттар тарабынан ЖСТТ жол-жоболорунун ишке ашуусун көзөмөлдөө үчүн ыйгарым укуктардын жетишсиздиги, жалпы мамлекеттик институттардын, анын ичинде мыйзам чыгаруучу укук маданиятынын төмөндүгү менен байланышкан кыйынчылыктарга чалдыкты.
Өлкөнүн стратегиялык программалык документтер мамлекеттин эркин экономикалык саясатты, адам укуктарынын концепциясын жана туруктуу өнүгүүнү жактоосун белгилейт. Демек, ушул Стратегия жөнгө салуу саясатынын негизги принциптерин мамлекеттик башкаруунун баардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде гендердик саясатка киргизүүнү максат кылып коет. Жөнгө салуу саясатынын ыкмаларын гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегияга киргизүү жаңы жана биринчилик болуп, берилген саясаттын ар кандай агымдарын биргелештирүүгө, гендердик стратегияны өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги стратегияларына киргизүүгө жардам берет.
Бул Стратегия, гендердик теңчиликке жетүүнүн адаттагы стратегияларынан айырмаланып, иштетип көрүү аркылуу түзүлөт, жана өнүгүү маселелерин чечүүдө сектор аралык биргелешип аракеттенүүнү өөрчүтүп, тармактык саясаттардын маселелерин түзүүгө катышпайт.
Жөнгө салуу саясатынын принциптерин гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук гендердик стратегияга жана УИПка киргизилиши, буга чейинки аракетте болгон гендердик пландардын каталуу жактарын оңдоо багытындагы аракет.
Буга чейинки гендердик пландардын каталуу жактарын анализдөө, жөнгө салуу саясатындагы төмөнкү артыкчылыктуу маселелерди бөлүп чыгарууга мүмкүндүк түзөт.
1) Башкаруунун бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликке жетүүнүн улуттук институттук механизмин өркүндөтүү;
2) Гендердик саясатты ишке ашыруу үчүн нормативдик укук базаны жана укук колдонуучу тажрыйбаларды жакшыртуу;
3) Улуттук гендердик статистиканы эл аралык милдеттенмелер менен байырлаштыруу жана стандартташтыруу;
4) Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө гендердик суроолорду эске алуучу стандарттарды киргизүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) Гендердик теңчиликтин принциптери баардык башкаруу чечимдеринин курамындагы бөлүк болуп, улуттук институттук механизм теңчилик саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарга жана компетенцияларга ээ.
2) Гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү мыйзамдуулук менен байырланган нормативдик укуктук база мониторинг жана отчет тийиштүү мамлекеттик анын ичинде укук колдонуучу органдарды гендердик ченөө тартибинде өзүнүн аткарылуусун текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү механизмдерди колдонууну камсыз кылып, аракетте болууда. Контролду жүргүзүүдө мамлекеттик органдар жарандык коомдун уюмдары менен өнөктөштүктө иш алып барат.
3) Гендердик теңчилик саясатынын аймагындагы өзгөрүүлөр аялдардын жана эркектердин тиричилигиндеги ченемдерди толук камтыган сан жана сапаттык индикаторлордун комплекси аркылуу байкалат жана статистикалык жактан катталат.
4) Гендердик суроолорду эске алган мамлекеттик кызматтар ар кандай катмардагы эркектердин жана аялдардын талаптарына жана керектөөлөрүнө ылайык келип, адамдык потенциалды колдоого/өнүктүрүүгө жөлөк болууда.
Күтүлүүчү натыйжалардын төмөнкү көз караштары аларга жетишкендик катары катталат:
- сунушталган мамлекеттик кызматтарга гендердик ченемдерди киргизүү үчүн институттук өбөлгөлөр иштелип чыккан жана сунушталган мамлекеттик кызматтар боюнча гендердик дезагрегацияланган статистика, чуа менен кошо аракетке киргизилген;
- өкүлчүлүк деңгээлинде: мамлекеттик кызматтар акыйкаттуу, басмырлоо тоскоолдуктары жок сунушталат, жана аялдар менен эркектердин ар кандай топторунун, анын ичинде эң көйгөйлүү топтордун дагы кызыкчылыгына жана керектөөлөрүнө жооп берет;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматтарды сунуштоо аймагындагы тажрыйба аракеттерин гендерлөө ишке ашырылат;
- гендердик суроолорду караштыруу менен аракеттенген мамлекеттик органдарга жетүүдөгү тоскоолдуктарды жоготуу үчүн мамлекеттик органдар, жарандар жана бизнес-түзүлүштөрдүн ортосунда туруктуу диалог түзүлгөн.
6. Стратегияны ишке ашыруу процесси
Процессти башкаруу
Бул Стратегия башкаруучу чечимдердин куралы болуп эсептелет. Аталган Стратегияны ишке ашыруу, орто мөөнөттөгү гендердик теңчиликке жетүүнүн улуттук пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аракеттери аркылуу аткарылмакчы.
Стратегияга тиркелген УИП-3, аны ишке ашыруунун биринчи этабы болот. Ошону менен бирге бул документ Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүк өнүгүү программасынын 2012-2014-жылдарга карата ажырагыс бөлүгү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гендердик басмырлоону жоюуга арналган укуктук жана институттук өзгөрүүлөргө багыт алган өлкөдө гендердик теңчилик саясатын илгерилетүүнү максат кылат.
2020-жылга чейинки Стратегияда белгиленген узак мөөнөттөгү артыкчылыктуу маселелерди тактоо боюнча чечим, орто мөөнөттөгү пландарды ишке ашыруудагы илгерилөөлөрдү мониторингдөө жана баалоонун негизиндеги маалыматтарга жараша кабыл алынат.
Стратегияны ишке ашыруу процесси башкаруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) гендердик теңчиликке жетүү боюнча узак мөөнөттөгү артыкчылыктуу маселелерин жылдыруудагы алдыга жылышуулар боюнча саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн орто мөөнөттөгү пландардын ишке ашуусун системалык түрдө талдоо жана баа берүү;
2) орто мөөнөттөгү пландарда белгиленген демилгелерди ишке ашырууга сарпталган каражаттардын, аны менен кошо гендердик теңчиликке жетүү боюнча УИП-3 ишке ашырууну бюджеттөөнүн негиздүүлүгү;
3) бюджеттик жана бюджеттик эмес булактарды жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын кошо эсепке алып, эң шексиз финансылоо булактарын аныктоо;
4) гендердик теңчиликке жетүү боюнча узак жана орто мөөнөттөгү артыкчылыктуу маселелерди ийгиликтүү жылдыруу үчүн ылайыктуу жөнгө салуучу-башкаруучу чөйрөнү түзүп берүү;
5) гендердик теңчиликке жетүү боюнча УИП-3түн аракеттерин жана иш-чараларын ишке ашыруу үчүн керектүү болгон ылайыктуу шарттарды түзүү;
6) гендердик теңчиликке жетүү аракеттеринин УИП-3түн ишке ашуусунун алдыга жылуусун мониторингдөө жана баалоо системасын ишке киргизүү, бекилген максаттар менен маселелерден четтөөлөрдү аныктоо, алардын себептерин тактоо жана гендердик теңчиликке жетүү саясатынын орто жана узак мөөнөттөгү артыкчылыктуу маселелерине керектүү оңдоолорду киргизүү.
Гендердик теңчиликке жетүү боюнча аракеттердин УИП-3түн ишке ашыруу боюнча бардык катышуучулардын жана кызыкчылыгы бар жактардын аракеттеринин бирдиктүүлүгү Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри тарабынан жалпы координацияланат.
Бул Стратегиянын гендердик теңчиликке жетүү аракеттеринин УИП-3түн ишке ашуусунун алдыга жылышын мониторингдөө жана баалоо боюнча жумушчу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыздоо министрлиги чыгат.
УИП-3тү ишке ашырууда аткаруу бийликтеринин негизги маселелери төмөнкүлөр болот:
а) керектүү бюджеттик каражаттарды тартуу;
б) насыялык донордук каражаттарды тартып келүүнү координациялоо;
в) борбордук, тармактык жана аймактык аткаруучу бийликтин органдарынын аракеттерин биргелештирүү;
г) жеке аймактагылардын жана жарандык коомдордун гендердик теңчиликке жетүү УИП-3тү ишке ашырууга катышуусуна институттук шарттарды түзүп берүү;
д) чараларды аткаруу жана УИП-3түн иш-аракети боюнча так координация.
Финансылык камсыздоо
Стратегияны жүзөгө ашыруу УИП-3түн иш-чараларын бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы булактар аркылуу каржылоо менен өз ара байланышкан гендердик теңчиликке жетишүү боюнча орто аралыктагы улуттук иш-аракеттер планын аткаруу аркылуу ишке ашырылат.
Тендер саясаты чөйрөсүнүн чыгымдары бюджеттин орто аралыктагы болжолунда жана ар жылкы республикалык бюджетте чагылдырылат.
Кыргыз Республикасынын орто аралыктагы өнүгүү программасынын алкагында, анын ичинде жакынкы 2012-2014-ж.ж. аралыгында, ички каржы булактарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана каржылоо үзгүлтүгүн, толуктоочу, анын ичинде эл аралык донор уюмдарынын бюджеттен тышкары каражат булактарын издөө зарылдыгын көрсөткөн тендер саясаты жаатындагы саясатты жүзөгө ашыруунун жалпы керектөөсүнүн бюджети аныкталат.
Мониторинг жана баа берүү
Гендердик теңчиликке жетүү боюнча аракеттердин УИП-3төгү маселелерди аткарууну мөөнөтү менен мониторингдөө жана баа берүү аны ишке ашыруунун алдыга жылышын байкоодогу натыйжалуу аспап болуп, төмөнкү аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт:
1) УИП-3кө жана Стратегияга түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу алдын ала саясий чечимдерди кабыл алуу;
2) тендер теңчилигин өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын жалпы өнүгүүсүнө берген алардын таасирин баалоону жүргүзүү.
Кызыкдар болгон бардык жактар менен макулдашылган гендердик теңчиликке жетүү боюнча аракеттердин УИП-3 андагы индикаторлордун системасы менен кошо берилген документтин алкагында 2012-2014-жылдарга белгиленген артыкчылыктуу маселелерди илгерилетүүнүн жылыштарын мониторингдөө жана баалоонун ажырагыс бөлүгү болуп калат. Пландын чараларын/аракеттерин мониторингдөөчү жана баалоочу индикаторлор сан жана сапат сыяктуу мүнөздөмөлөргө ээ.
Мониторингдин жана баалоонун комплекстери төмөнкүлөрдү байкоого жана ченөөгө жардам берет:
- сарпталган ресурстардын эсебин эске алуу менен пландаштырылган маселелердин орто мөөнөттөгү аткарылуусун мүнөздөөчү индикаторлордун жардамы менен Планды аткаруунун мөөнөт аралык натыйжаларын;
- натыйжалардын индикаторлору аркылуу, коюлган максаттарга жана маселелерге жараша акыркы натыйжаларды.
Мониторинг жүргүзүү жана баа берүү - мониторингдин натыйжаларынын толук сүрөттөмөсүн түзүү үчүн берилген Стратегияны ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыздоо министрлигине тийиштүү "маалымат агымдарын" такай берүү менен анын биринчи этабын - УИП-3тү аткарууну баалоону түшүндүрөт.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде УИП-3түн ишке ашуусунун натыйжалуулугу маал-маалы менен бааланып турат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишкендиктер ийне-жибине чейин талданып, "опурталдуу" жерлер, УИП-3тү аткаруудагы жана коюлган маселелердеги кемчиликтер аныкталат. Алынган натыйжалардын негизинде төмөнкүдөй саясий чечимдер кабыл алынат:
- башка мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча;
- Стратегияны жана УИП-3тү ишке ашыруунун кийинки кадамдары боюнча;
- ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды сарамжалдуу пайдалануу;
- донордук коомчулуктар менен биргелешкен аракеттердин деңгээлин жакшыртуу;
- коомдун гендердик теңчилик саясатын ишке ашыруунун натыйжаларынан көбүрөөк канааттандыруу.
7. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар
Стратегиянын максаттарын жана милдеттерин ийгиликтүү ишке ашырууга таасирин тийгизген объективдүү жана субъективдүү факторлор кездешет. Тобокелдиктерди төмөндөтүү жана Стратегияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо зарыл, алардын ичинен төмөндөгүлөрдү белгилесек болот:
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен Стратегияны жүзөгө ашырууну каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгү;
- жооптуу мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча зарыл координациянын жана макулдашылган аракеттердин жоктугу, анын сектордук жана территориалдык программалар менен иш-аракеттер пландарында комплекстүү гендерлик мамилени колдонуунун үзгүлтүктүүлүгүнөн жана ыраатсыздыгынан улам көрүнүп турушу;
- гендерлик көйгөйлөр менен алектенишкен эл аралык уюмдар, коомдук жана башка бирикмелер тарабынан колдоого алуунун жетишсиздиги, анын ичинде, аталган чөйрөдө эл аралык донорлор менен өнөктөштөрдүн көмөктөшүүсүндөгү начар макулдашылгандыктын жана координациялануунун жыйынтыгы;
- Стратегиянын максаттарына жетишүү үчүн мыйзамдарды өзгөртүү, бир катар институттук жана жөнгө салуучу чараларды кабыл алуу зарыл, демек, бардык кызыкдар тараптарды канааттандырган чечимдердин варианттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга узак мезгил талап кылынат;
- өлкөдөгү социалдык-саясий туруксуздук.
Саналган коркунучтардын алдын алуу же жоюу үчүн алардын пайда болгондо эле зарыл аракеттерди жана иш-чараларды кабыл алуу болжолдонот. Мониторингдин жана баалоонун эффективдүү системасы Стратегиянын милдеттерин жүзөгө ашыруудагы кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды текшерип турууга мүмкүндүк берет.
Аталган Стратегияны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО жарандык сектор менен конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнүн астында тыгыз жана макулдашылган түрдө иш алып баруусу зарыл.
Гендер саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Стратегияны жүзөгө ашыруунун жана баалоонун бардык этаптарында жарандык коомдун активдүү катышуусун камсыздоо менен жана гендердик маселелерди чечүүнү колдоого алууга кызыкдар эл аралык жана донорлук уюмдарды тартууну ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы Стратегияны жүзөгө ашырууну координациялоо функциясын дайыма аткаруусу зарыл.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖСТТ | - | жөнгө салуучу таасирди талдоо |
АРИС | - | Кыргыз Республикасындагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
ИДП | - | ички дүң продукт |
УДП | - | улуттук дүң продукт |
КГЧ | - | комплекстүү гендердик чаралар |
АБЖК | - | аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча конвенция |
ДМЧА | - | ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
УИП | - | улуттук иш-аракеттер планы |
УИП-3 | - | Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттеринин улуттук планы |
ИИО | - | ички иштер органдары |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
ФАП | - | фельдшердик-акушердик пункттар |
МӨМ | - | Миң жылдыктын өнүгүү максаттары |
ҮМБ | - | Үй-бүлөлүк медицина борборлору |
CEDAW | - | аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча конвенция |
GIZ | - | Герман маалыматтык кызматташтыгы |
PISA | - | Экономикалык Кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан ишке ашырылган окуучулардын билиминин жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы |