Загрузка документа…
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 553
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын “23” ноябры
№ 553 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инновациялык иштерди өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, сунушталган мыйзамдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдойт.
Ошону менен бирге, сунушталган мыйзамдын долбоорунун саясатына ылайык инновациялык иштерге кеткен чыгымдардан пайда салыгын чыгарып салууну колдонуу аркылуу маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү колдогон чарбакер субъекттердин демилгелерине дем берүү чаралары сунушталууда, ага төмөнкүлөр кирет:
1) илимий-техникалык жетишкендиктерди жайылтуу боюнча иштер;
2) колдонмо программалардын пакеттерин жайылтуу боюнча иштер;
3) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтуу боюнча иштер.
Мыйзамдын долбоорунда “илимий-техникалык жетишкендиктер”, “колдонмо программалардын пакеттери” деген терминдер колдонулууда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жок. Ченем чыгаруучу техникага ылайык мыйзамдын долбоорунун текстинде колдонулган бардык терминдердин (түшүнүктөрдүн) аныктамасы болушу керек, ал эми түшүндүрмө бөлүгүндө келтирилген бардык терминдер долбоордун текстинде ырааты менен колдонулууга тийиш.
Мындай терминдердин салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка тармактык мыйзам актыларында жок болушу ушул мыйзамдын долбоору кабыл алынып калган учурда, аны ишке ашырууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Белгилей кетүүчү нерсе, инновациялык иш боюнча жогоруда аталган жумуштар тиешелүү продукт (актив) түрүндө натыйжага ээ болот, алардын наркына бардык чыгымдар кошулат жана киреше алуу багытында ишине колдонгон учурда киреше алууга байланыштуу документ аркылуу ырасталган чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 193-беренесине ылайык жылдык жыйынды кирешенин эсебинен чыгарылууга тийиш.
Мында мыйзамдын долбооруна жаңы түшүнүктөрдүн (терминдердин) аныктамаларын берүүнү, ошондой эле долбоорду кабыл алуу зарылдыгынын эсептөөлөрүн жана финансылык-экономикалык негиздемелерин киргизүү зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт, мында берилген сунуштарды кароону максатка ылайыктуу деп эсептейт.