Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 543
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирбестен кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2018-жылдын 24-августу № 70-71) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
141-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- 13-пункту "алуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаза салуу менен байланышкан" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1) Ыйгарым укуктарын жана функцияларын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер болгон архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын ведомстволук бөлүнүштөрү жана ишканалары;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|