Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 548
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеенчороев М.К. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 548 токтому менен жактырылган |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеенчороев М.К. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин алтынчы абзацы менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык "жалпы негизги билим алуу учуруна карата 16 жашка чыккан адамдар жалпы орто билим берүү программасы боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга милдеттүү".
Мында негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзамдын долбоору менен жалпы негизги билим алган (5-9-класстар) жана жалпы орто билим берүү программасы боюнча (10-11-класстар) окуусун улантууну каалабаган адамдар үчүн акысыз милдеттүү башталгыч же орто кесиптик билим берүүнү киргизүү сунушталууда.
Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар бир бала билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу билим алууга укуктуу жана ага мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз башталгыч, негизги, орто жана акысыз башталгыч кесиптик билим алуу кепилденет.
Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин ченемдерин көңүлгө алып Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин алтынчы абзацын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык алдын ала эсептөөлөр боюнча Мыйзамды кабыл алуу окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын даярдоо, заманбап жабдууларды сатып алуу, окуу программалары жана материалдар менен методикалык камсыздоо, анын ичинде педагогикалык кадрлар менен камсыздоо үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүүнү талап кылат.
Бирок, Мыйзамдын долбооруна карата тиешелүү финансы-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес.
Мында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтары боюнча окуучулардын жыл сайын өсүшү болжол менен 4%ды түзөт (2017-жылы окуучулардын саны 1175780 адамды, ал эми 2018-жылы 1222661 адамды түзгөн).
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык 2017-жылга карата 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна жүргүзүлгөн талдоо орточо алганда бардык бүтүрүүчүлөрдүн 92%ы окуусун улантып жатканын көрсөттү, анын ичинен жалпы орто билим берүү программалары боюнча - 68,0%, башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча - 8,0% жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча - 16,0%, мында 9-класстан кийин окуусун улантпагандар 8%ды же 7623 адамды түзөт.
Окуучулардын жыл сайын 4%га өсүү арымын эске алганда 2020-2021-окуу жылында окуусун улантпаган окуучулардын саны 8575 адамга жетет.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн алдын-ала эсептөөлөр боюнча милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү ченемдерин киргизүү үчүн сарптоолорго республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757001500 (жети жүз элүү жети миллион бир миң беш жүз) сом, анын ичинен жалпы билим берүү уюмдарынын системасына - 182498600 (бир жүз сексен эки миллион төрт жүз токсон сегиз миң алты жүз) сом, башталгыч кесиптик билим берүү системасынын уюмдары үчүн - 277280000 (эки жүз жетимиш жети миллион эки жүз сексен миң) сом жана орто кесиптик билим берүү системасынын уюмдары үчүн - 297222900 (эки жүз токсон жети миллион эки жүз жыйырма эки миң тогуз жүз) сом талап кылынат.
Бирок, бул каражаттар 2019-жылга республикалык бюджетте каралган эмес.
Буга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунда каралган ченемдерди практикалык ишке ашыруу өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралардын комплексин кабыл алууну талап кыларын белгилей кетүү зарыл деп эсептейбиз.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдын долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин эске алуу керек.
Баяндалганды эске алуу менен, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн эсептөөлөр 2020-2021-окуу жылына болжолго негизделгендигине байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөөнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Мыйзамдын долбоору кабыл алынса инсандын, коомдун жана мамлекеттин прогрессивдүү өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүктүн жарала турганын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.