Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 549
«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 215-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«215-статья. Доонун эскиришин колдонуу
1. Бузулган укукту коргоо жөнүндө талап доонун эскирүү мөөнөтүнүн өткөнүнө карабастан сот тарабынан кароого алынат.
2. Доонун эскириши ишке катышкан жактардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча гана сот тарабынан, иш боюнча соттун чечими чыгарылганга чейин колдонулат.
3. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн колдонуу жөнүндө ишке катышкан жактар тарабынан билдирүү соттун доодон баш тартуу жөнүндө чечимин чыгарууга негиз болот.
4. Негизги талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошо кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетет.
5. Башкы талап боюнча аткаруучу документти аткарууга көрсөтүү мөөнөтү өтүп кеткен учурда кошумча талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелинет.»;
2) 216-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Милдеттенмедеги жактардын алмашуусу доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөө тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.»;
3) 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 219-1-статья менен толукталсын:
«219-1-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү
Жаран бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылуусуна мүмкүн болбогон, андан көз каранды эмес себептер бар экенин даана күбөлөндүргөн жагдайлар бар болгон учурда сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурда жарандардын бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко койгон талаптарынын эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн жана бузулган укук сот тарабынан корголууга тийиш.
Бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылуусуна мүмкүн болбогон, андан көз каранды эмес себептер бар экенин даана күбөлөндүргөн жагдайлар бар болгон учурда сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурда юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), ишкердикти жүргүзгөн жарандардын, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучусунун (катышуучусунун, акционеринин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнүн объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктарынын бузулушунан коргоо жөнүндө сотко кайрылган талаптары боюнча эскирүү мөөнөтү кайра калыбына келтирилиши мүмкүн жана бузулган укук сот тарабынан корголууга тийиш.
Эгерде доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында болсо, жүйөлүү деп табылышы мүмкүн, ал эми бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо – доонун мөөнөтүнүн ичинде жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти