Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 336, 2020-жылдын 26-июнундагы № 358 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына спорттун түрлөрү боюнча ай сайын берилүүчү стипендиялардын өлчөмүн, аны дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына стипендиялар дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү жылга каралган каражаттарынан төлөнөт.
3. Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары - спортчулары стипендиат боло алышат.
2. Стипендиялардын өлчөмү жана төлөп берүүнүн тартиби
4. Стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт. Стипендиялар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча - 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча - 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча - 4 категорияга бөлүнөт:
1) спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:
- I категория - 75,0 (жетимиш беш) миң сом;
- II категория - 60,0 (алтымыш) миң сом;
- III категория - 50,0 (элүү) миң сом;
- IV категория - 40,0 (кырк) миң сом;
- V категория - 30,0 (отуз) миң сом;
- VI категория - 20,0 (жыйырма) миң сом;
- VII категория - 10,0 (он) миң сом;
2) спорттун улуттук түрлөрү:
- I категория - 25,0 (жыйырма беш) миң сом;
- II категория - 20,0 (жыйырма) миң сом;
- III категория - 15,0 (он беш) миң сом;
3) спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:
- I категория - 20,0 (жыйырма) миң сом;
- II категория - 15,0 (он беш) миң сом;
- III категория - 10,0 (он) миң сом;
- IV категория - 8,0 (сегиз) миң сом.
5. Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Стипендияны дайындоо дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн критерийлерди спортчу аткарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат. Эгерде спорттун түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана Азия чемпионаты эки жылда бир жолу өткөрүлсө, анда мындай мелдештерде байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн стипендия эки жылдык мөөнөткө дайындалат. Мелдештердин бир нече түрүнөн спортчу байгелүү орундарды жеңип алган учурда стипендия эң жогорку көрсөткүч боюнча дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Стипендия дайындоонун критерийлери
6. Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча.
№ | Иш-чаралардын аталыштары | I категория | II категория | III категория | IV категория | V категория | VI категория | VII категория |
Ээлеген орундар | ||||||||
1 | Олимпиадалык оюндар (Паралимпиадалык оюндар) | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
2 | Сурдлимпиадалык оюндар | 1 | 2 | 3 | ||||
3 | Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары | 1 | 2 | 3 | ||||
4 | Азия оюндары (Азия Пара оюндары) | 1 | 2 | 3 | ||||
5 | Дүйнөлүк чемпионат: | |||||||
- чоңдор | 1 | 2 | 3 | 4-5 | ||||
- жаштар (ошондой эле U23) | 1 | 2 | 3 | |||||
- өспүрүмдөр (кадеттер) | 1 | 2 | 3 | |||||
6 | Азия чемпионаты: | |||||||
- чоңдор | 1 | 2 | 3 | |||||
- жаштар (ошондой эле U23) | 1 | 2 | 3 | |||||
- өспүрүмдөр (кадеттер) | 1 | 2 | 3 | |||||
7 | Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 | ||||
8 | Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 | ||||
9 | Ислам тилектештик оюндары | 1 | 2 | 3 | ||||
10 | Дүйнөлүк чемпионат - Дүйнөлүк кубок (паралимпиадалык түрлөрү боюнча): | |||||||
- чоңдор | 1 | 2 | 3 | 4-5 | ||||
- жаштар | 1 | 2 | 3 | |||||
- өспүрүмдөр (кадеттер) | 1 | 2 | 3 | |||||
11 | Дүйнөлүк чемпионат (сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча): | |||||||
- чоңдор | 1 | 2 | 3 | |||||
- жаштар | 1 | 2 | 3 | |||||
- өспүрүмдөр (кадеттер) | 1 | 2 | 3 | |||||
12 | А категориясындагы эл аралык мелдештер | 1 | 2 | 3 | ||||
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча
№ | Иш чаранын аталышы | I категория | II категория | III категория | IV категория |
Ээлеген орундар | |||||
1 | Жабык жайлардагы Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
|
2 | Пляждык Азия оюндары |
| 1 | 2 | 3 |
3 | Шахматтык олимпиада | 1 | 2 | 3 |
|
4 | "Спорт бардыгы үчүн" аттуу TAFISA дүйнөлүк оюндары |
| 1 | 2 | 3 |
5 | Дүйнөлүк күжүрмөн искусствосу оюндары |
| 1 | 2 | 3 |
8. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча
№ | Иш чаранын аталышы | I категория | II категория | III категория |
|
| Ээлеген орундар | ||
1 | Дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 |
2 | Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиада | 1 | 2 | 3 |
Эскертүү:
- спорттун командалык түрлөрүнө стипендия ушул Жобонун 6, 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык командага белгиленет, ошондой эле стипендия 2,1 коэффициент менен команда мүчөлөрүнүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт;
- спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча Азия оюндарында, Дүйнөлүк универсиадада жана Ислам тилектештик оюндарында байгелүү орунга ээ болгон спортчуларга стипендия ушул Жобонун 6-пунктунда аныкталган критерийлерге ылайык дайындалат;
- жабык жайлардагы Азия оюндарына катышкан спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча спортчуларга стипендия ушул Жобонун 7-пунктунда аныкталган критерийлерге ылайык дайындалат;
- Олимпиадалык (паралимпиадалык) оюндарга катышууга лицензия алган спортчуларга I категориядагы стипендия (Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык (паралимпиадалык) комитети тастыктаган күндөн тартып) дайындалат;
- Кыргыз Республикасынын спорт түрлөрүнүн жана спорт сабактарынын улуттук реестринин А тобуна кирген спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча А категориядагы эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга 5тен кем эмес өлкөдөн спортчулар катышкан шартта стипендия дайындалат.
- эгерде мелдеш "В" категориясында өткөрүлсө, анда стипендия бир категорияга төмөн, "С" категориясында өткөрүлсө эки категорияга төмөн дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Стипендиаттарды аныктоо тартиби
9. Стипендиаттарды аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- спортчунун арызы же машыктыруучунун рапорту;
- мелдештин протоколу;
- стипендияны которуу үчүн карталык эсеп;
- паспорттун көчүрмөсү.
10. Стипендияны төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- стипендиат Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамынан чыгарылганда;
- жекече пландарды жана келишим-контракттын шарттарын аткарбаганда:
- спортчу тыюу салынган препараттарды (допинг) кабыл алганда;
- допинг-контролдоодон (тигил же бул мелдешти тейлеген допинг контролдоочу инспекторунун тастыктоочу документтеринин негизинде) өтүүдөн баш тартканда;
- тапшырган документтер так болбогондо;
- стипендия алуучу каза болгондо, ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык дайынсыз жок болгон же каза болгондугу кабарланган деп таанылган учурларда;
- спорттук этиканы, спорт менен машыгуу режимин бузгандыгын ырастоочу документтер берилгенде;
- эл аралык мелдештерге чет мамлекет үчүн чыкканда;
- спорттук ишти токтоткондо.
11. Эгерде допингге каршы тийиштүү уюм тарабынан спортчуга карата допингге каршы эрежелерди бузушу мүмкүндүгүнө байланыштуу расмий спорттук иш-чараларга катышуудан убактылуу четтетүү түрүндө санкция колдонулган учурда, ага стипендия төлөө токтотулат. Допингге каршы эрежелерди бузуу фактысы тастыкталбаган учурда спортчуга төлөнбөй калган күндөрү үчүн стипендиянын суммасы төлөнүп берилет.
4. Өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия
12. Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине, чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиондоруна ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн стипендияларды төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин өмүр бою төмөнкүдөй өлчөмдөрдө ай сайын стипендия төлөнөт:
Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар:
1-орун үчүн - 30000 (отуз миң) сом;
2-орун үчүн - 25000 (жыйырма беш миң) сом;
3-орун үчүн - 20000 (жыйырма миң) сом.
Чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттар:
1-орун үчүн - 20000 (жыйырма миң) сом.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өмүр бою ай сайын төлөнүүчү стипендия ар бир наамга өзүнчө эмес, "Олимпиадалык оюндардын чемпиону", "Паралимлиадалык оюндардын чемпиону", "Олимпиада оюндарынын байге ээси", "Паралимпиада оюндарынын байге ээси", "Дүйнө чемпиону" титулдары үчүн берилет. Мында, эки же андан көп титул алган учурда стипендия эң жогорку суммада бир гана титул үчүн төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)