Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасынын дыйканчылык, жер кыртышын изилдөө жана агрохимия жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
7. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт земледелия Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
8. Институттун юридикалык дареги: 720027, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тимур Фрунзе көч., 73/1.
9. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен бирдикте жүргүзөт, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара иштешет.
2. Институттун ишинин максаты
10. Институттун максаты болуп Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн дыйканчылык, жер кыртышын изилдөө, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүү жаатындагы илимий-изилдөө иштери эсептелет.
3. Институттун милдеттери
11. Институттун милдеттери:
- агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири программасын ишке ашырууга багытталган дыйканчылыкты, жер кыртышын изилдөөнү, агрохимияны жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин иштеп чыгуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүү, дыйканчылык маданиятын жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, айылдык товар өндүрүүчүлөргө илимий-консультативдик жардам көрсөтүү, илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларды пропагандалоо;
- бөлүмдөр, лабораториялар жана тажрыйбалык станциялар жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн тематикалык пландарын, ошондой эле жумушчу программаларды жана аларды аткаруу методикаларын иштеп чыгуу;
- жайылтуу жана айыл чарба өндүрүшүнө илимий-методикалык жардам көрсөтүү пландарын иштеп чыгуу;
- дыйканчылык, жер кыртышын изилдөө, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илимий изилдөөлөрдү камтыган өндүрүштү колдоо.
4. Институттун функциялары
12. Институт өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоону жана жогорулатууну, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүүнү камсыздаган дыйканчылыктын илимий негизделген системаларын, прогрессивдүү технологияларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын түрдүү кыртыштык-климаттык зоналары үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогору өндүрүмдүү сортторун жана гибриддерин түзүү;
- дыйканчылыкты жүргүзүү системаларын жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу; аларды өндүрүштө жайылтуу үчүн өткөрүп берүү;
- жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу теорияларын жана ыкмаларын, жер кыртышын бонитирлөө методикасын өнүктүрүү, жер кыртышынын карталарын түзүү жана органикалык минералдык жер семирткичтерди колдонуунун ченемдерин жана мөөнөттөрүн аныктоо;
- изилдөө багыты боюнча ата мекендик жана дүйнөлүк илимдеги жетишкендиктерди изилдөө жана жалпылоо;
- чарба субъекттерине жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, дан, кант кызылчасын, пахта, жашылчаларды, картошканы, жер-жемиштерди жана жүзүмдү, май алынуучу өсүмдүктөрдү өндүрүү маселелери боюнча практикалык консультацияларды берүү;
- айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү, брошюраларды, баракчаларды жана плакаттарды басып чыгарууну уюштуруу, лекцияларды окуу, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- иштин профили боюнча илимий эмгектерди, жыйнактарды, монографияларды жана бюллетендерди басып чыгаруу; аспирантура, изденүүчүлүк, ошондой эле стажировка жана адистештирүү аркылуу илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу.
13. Институт илимий-изилдөө иштерин аткарууга жана айыл чарбада илимий-техникалык прогрессти камсыздоочу практикалык сунуштарды иштеп чыгууга жоопкерчилик тартат.
5. Институттун укуктары жана милдеттери
14. Институт илимий изилдөөлөрдү пландоо жаатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өзүнүн илимий-изилдөө иштеринин багытын аныктоого;
- илимий-изилдөө иштеринин учурдагы жана келечектеги пландарын, илимий кадрларды даярдоо, иштин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо пландарын жана башка долбоорлорду иштеп чыгууга;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте эл аралык уюмдар менен илимий кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө жана ассоциацияларга, бирикмелерге кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте чарба субъекттери менен келишимдерди түзүүгө;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоо үчүн конкурстарга катышууга;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
15. Институттун милдеттери:
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары менен билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого.
6. Институттун түзүмү
16. Институттун түзүмү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылгандан кийин Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
17. Институттун түзүмүнө Окумуштуулар кеңеши, административдик-башкаруу персоналы, илимий жана кошумча бөлүмдөр, эксперименталдык чарбалар, тажрыйбалык станциялар, таяныч пункттары жана үрөнчүлүк чарбалар кирет.
18. Айрым максаттуу долбоорлорду жана гранттарды аткаруу үчүн Институтта убактылуу чыгармачыл жамааттар жана чакан өндүрүштүк ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
19. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, талаа тажрыйбаларын түптөө, Институттун сунуштамаларын өндүрүштүк текшерүүдөн өткөрүү жана илимдин жетишкендиктерин жана айыл чарбадагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле жогорку репродукциялуу үрөндөрдү өндүрүү үчүн Институтта тиркелген түзүмгө ылайык төмөнкүлөр бар:
- Эксперименталдык чарба, Чүй облусу;
- Кант кызылчасы боюнча тажрыйбалык-селекциялык станция, Чүй облусу;
- Ысык-Көл тажрыйбалык-селекциялык станциясы, Ысык-Көл облусу;
- Пахта боюнча тажрыйбалык станция, Ош облусу;
- Нарын тажрыйбалык станциясы, Нарын облусу;
- Бүргөндү тажрыйбалык пункту, Баткен облусу;
- "Жаңы Пахта" үрөнчүлүк чарбасы, Чүй облусу.
20. Тажрыйбалык станциялардын, эксперименталдык чарбанын, үрөнчүлүк чарбанын жана таяныч пунктунун жетекчилерин директор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
21. Институт жылдык баланстык комиссияда тажрыйбалык станциялардын, таяныч пунктунун, эксперименталдык жана үрөнчүлүк чарбанын өндүрүштүк-финансылык ишинин жыйынтыгын карайт.
7. Институттун ишин уюштуруу
22. Институтту директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, 70 жашка чейинки курактагы тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармакта жетекчилик иш тажрыйбасы жана илимий (академиялык) даражасы бар адистердин ичинен дайындалат.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык директордун кызмат ордун ээлей албайт.
Директор өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Директор:
- Институтту жетектейт, ушул Жободо аныкталган укуктарды жана милдеттерди аткарат, Институттун ишине жоопкерчилик тартат;
- Институттун илимий-изилдөө жана өндүрүштүк ишинин жана анын илимий-эксперименталдык базасынын өнүгүү багыттарын аныктайт;
- Институттун илимий-уюштуруу ишин жетектейт;
- мыйзамдуулукту жана өндүрүштүк тартипти сактоону камсыздайт;
- Институттун Окумуштуулар кеңешинин ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, алардын кызматтык милдеттенмелерин аныктайт;
- Институтту контракттык негизде жогорку квалификациялуу илимий кадрлар менен камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чекте мүлктүн жана финансылык ресурстардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Институттун бекитилген түзүмүнүн, эмгек акы фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин бекитүүгө берет;
- Институттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун, уставдарын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча бекитет;
- сыйлоо жөнүндө колдонулуп жаткан жоболорго ылайык Институттун кызматкерлерине сыйлоо чараларын колдонот;
- эл аралык уюмдар менен илимий кызматташуу боюнча келишимдерди түзөт.
24. Институттун директорунун орун басары:
- Институттун курамына кирген тажрыйбалык станцияларды жана чарбаларды жетектейт;
- илимий-изилдөө иштерин пландоону жетектейт;
- жайылтуу ишин координациялайт;
- илимий эмгектерди жана илимий жетишкендиктердин материалдарын басып чыгарууну уюштурат;
- Институттун директорунун башка тапшырмаларын аткарат.
25. Институттун директорунун орун басарын Институттун директору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
26. Институттун Окумуштуу катчысы өз ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат:
- илимий изилдөөлөрдү пландоо жана координациялоо маселелерин тескейт;
- Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштурат;
- илимий-изилдөө иштери боюнча жыйынтыкталган жылдык жана корутунду отчетторду, жумушчу программаларды даярдайт;
- тематикалык пландын аткарылышын контролдойт.
27. Институттун Окумуштуу катчысын Институттун директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
8. Институттун Окумуштуулар кеңеши
28. Окумуштуулар Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп саналат.
29. Кеңеш директор, директордун орун басары, окумуштуу катчы, Институттун алдыңкы окумуштуулары, башка уюмдардын адистери менен окумуштууларынан турган курамда түзүлөт.
30. Окумуштуулар кеңешинин курамын Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бекитет.
31. Кеңештин төрагасы болуп Институттун директору, ал жок учурларда - директордун орун басары эсептелет.
Кеңештин катчысы болуп Институттун окумуштуу катчысы эсептелет.
32. Окумуштуулар кеңеши Кеңештин иш планында бекитилген мөөнөттөрдө, үч айда бир жолудан кем эмес чогулат.
33. Кеңештин милдеттери:
- Институттун илимий ишинин негизги багыттарын, илимий изилдөөлөрдүн пландарын жана жумушчу программаларды аныктоо жана талкуулоо;
- Институттун корутунду отчетторун, лабораториялардын жана тажрыйбалык станциялардын жетекчилеринин отчетторун угуу;
- өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сорт сыноого өткөрүп берүү жөнүндө материалдарды кароо;
- илимий кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу маселелерин кароо;
- диссертациялык иштердин темасын кароо жана бекитүү, диссертацияларды ачык коргоого сунуштоо максатында аларды апробациялоо;
- Институттун түзүмүн жана штаттык расписаниесин өзгөртүү, эмгек акыны төлөө жана кызматкерлерди сыйлоо менен байланышкан маселелерди талкуулоо;
- окумуштууларга кандидаттык жана доктордук диссертацияларды бүтүрүү үчүн чыгармачылык өргүүлөрдү берүү;
- профессор жана улук илимий кызматкер окумуштуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө материалдарды талкуулоо жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясына сунуштоо;
- тышкы пикирлерди кароо жана бекитүү;
- ири илимий эмгектерди, ачылыштарды, жаңы ойлоп табууларды жана алардын авторлорун мамлекеттик жана башка сыйлыктарга көрсөтүү, ордендер жана медалдар менен сыйлоо;
- ардактуу наамды ыйгарууга, анык мүчөлүккө (академикти) жана корреспондент-мүчөлүккө тандоого талапкерлерди көрсөтүү, ошондой эле башка мекемелер көрсөткөн иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
34. Жыйынга курамдын 2/3инен кем эмеси катышса, Институттун кеңеши чечимди кабыл алууга укуктуу;
35. Кеңештин чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
36. Эгерде жабык добуш берүү талап кылынбаса же Кеңеш жабык добуш берүү жөнүндө чечим кабыл албаса, чечимдер ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
37. Кеңештин чечими Институттун директору аны бекиткенден кийин күчүнө кирет.
9. Институтту каржылоо жана анын мүлкү
38. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- мамлекеттик жана коомдук, анын ичинде эл аралык уюмдардын гранттары;
- белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар, коммерциялык ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде түзүлгөн келишимдин негизинде алынган каражаттар;
- илимий-өндүрүштүк, илимий-билим берүү, басма жана башка иштерден түшкөн кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде эл аралык жактардын төгүмдөрү жана кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
39. Институтка бекитилип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратуралар, транспорт каражаттары, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлк негизги каражаттарды түзөт.
Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилет. Институттун оперативдүү башкаруусундагы мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
40. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
41. Институттун иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун ТҮЗҮМҮ
Эскертүү: чарбалардын илимий иштери Институтка бөлүнүп берилген финансылык каражаттардын чегинде каржыланат, өндүрүштүк иш өзүн-өзү каржылоонун эсебинен жүзөгө ашырылат.