Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-июну № 280
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Илимий-изилдөө институттарынын натыйжалуу ишин уюштуруу максатында, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Институттун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Институттун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысынын долбоорун белгиленген тартипте демилгелесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 12-июнундагы № 45 (3117) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А |