Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасында мал чарба жана жайыт жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту".
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт животноводства и пастбищ Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Институттун юридикалык дареги: 724827, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе атындагы совхоз, Институт көчөсү, 1.
8. Институт Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен бирдикте өз ишин жүргүзөт, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара иштешет.
2. Институттун максаты
9. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мал чарба, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иштери болуп саналат.
3. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери:
- чыгарылган породаларды сактоо, өркүндөтүү, генетикалык ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана айыл чарба малынын жаңы породаларын жана типтерин түзүү.
- табигый жайыттарды жакшыртуунун технологиялары менен ыкмаларын иштеп чыгуу, тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун чыгаруу, алгачкы үрөөнчүлүктү уюштуруу;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорунун селекциялык асыл-тукум иши жаатындагы илимий-өндүрүштүк иштерин координациялоо;
- илимий изилдөөлөрдүн тематикасын, методикасын, жумушчу программаларын жана аларды аткаруу боюнча календардык пландарды иштеп чыгуу;
- агрардык илимдин жетишкендиктерин үгүттөө жана айыл чарба практикасына киргизүү, окууларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, мал чарба жана тоют өндүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча илимий эмгектерди, сунуштарды жарыялоо;
- мал чарба жана тоют өндүрүү багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен мал чарба жана тоют өндүрүүнүн маселелери боюнча биргелешкен инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызматташуу.
4. Институттун функциялары
11. Институт өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн породалык райондоштуруунун жана азыктуулугун өркүндөтүүнүн селекциялык-генетикалык программаларын жана методдорун иштеп чыгуу;
- жаныбарларды көбөйтүүнү жакшыртуунун заманбап биотехнологиялык методдорун иштеп чыгуу;
- айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларынын, типтеринин, линияларынын жана түркүмдөрүнүн селекциялык жетишкендиктерин апробациялоо;
- республиканын мамлекеттик асыл тукум заводдорунда асыл тукум иштерин жүргүзүүнү уюштуруу, контролдоо жана көзөмөлдөө;
- мамлекеттик асыл тукум заводдордун иш зоналарында асыл тукум продукцияларын жана асыл тукум материалдарын сатуу;
- асыл тукум мал өстүрүүчү асыл тукум фермердик чарбаларга илимий-методикалык жардам көрсөтүү;
- табигый жайыттар менен чабындыларга үстүнкү бетин, түп тамырынан бери жакшыртуучу жана сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү кургакка, суукка чыдамдуу, илдетке жана зыянкечтерге туруктуу сортторун түзүү, жапайы өсүүчү тоют чөптөрдү жана жарым бадалдарды, алардын үрөндөрүн тоют өсүмдүктөрүнө киргизүү;
- сугат жерлердеги ургаалдуу тоют өндүрүүнүн илимий негиздерин иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоонун интегралдык ыкмаларын иштеп чыгуу;
- которуштуруп айдоо системаларын, прогрессивдүү технологияларды киргизүү боюнча тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчү фермерлерге методикалык сунуштарды берүү, консультативдик-маалыматтык жардам көрсөтүү;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторуна апробациялоо;
- коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, табигый жайыттарды баардык менчик формалардагы чарбалар тарабынан пайдаланууну жакшыртуу.
- белгиленген тартипте илимий-изилдөө жана жайылтуу иштеринин пландарын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу, алар боюнча жогору турган уюмдарга отчетторду берүү.
12. Институт айыл чарбасында илимий-техникалык прогрессти камсыздоочу илимий-изилдөө иштерин аткарууга жана практикалык сунуштарды иштеп чыгууга жоопкерчилик тартат.
5. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт илимий изилдөөлөрдү пландоо жаатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өзүнүн илимий-изилдөө иштеринин багытын аныктоого;
- Институттун профилине ылайык келүүчү илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык иштердин учурдагы жана келечектеги пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, изилдөө иштерин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздоого;
- адистерди окутуунун жана аяктаган илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү боюнча дыйкан, фермердик жана башка типтеги чарбаларга методикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн план-программаларын түзүүгө;
- чет элдик илимий борборлорго окумуштуулар менен аспиранттарды командировкага, окууга жана стажировкага жиберүүнү уюштурууга;
- өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар, эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен илимий кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аларга ата мекендик агрардык илимди көрсөтүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар менен илимий кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- аспирантура жана докторантура аркылуу адистерди даярдоого, илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга.
14. Институттун милдеттери:
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары менен билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого.
6. Институттун түзүмү
15. Институттун түзүмү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылгандан кийин Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
16. Институттун түзүмүнө Окумуштуулар кеңеши, административдик-башкаруу персоналы, илимий жана кошумча бөлүмдөрү жана мамлекеттик асыл тукум заводдору кирет.
17. Айрым максаттуу долбоорлорду жана гранттарды аткаруу үчүн Институтта убактылуу чыгармачыл жамааттар жана чакан өндүрүштүк ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
18. Илимий-эксперименттик иштерди жүргүзүү, изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүштө текшерүү жана илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү үчүн Институтта тиркелген түзүмгө ылайык төмөнкүлөр бар:
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Оргочор" мамлекеттик асыл тукум заводу;
- Нарын облусунун Нарын районундагы "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум заводу;
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы М.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" мамлекеттик асыл тукум заводу;
- Нарын облусунун Кочкор районундагы "Кочкор" мамлекеттик асыл тукум заводу;
- Талас облусунун Талас районундагы "Талас" мамлекеттик жылкы заводу;
- Нарын облусунун Нарын районундагы "Нарын" мамлекеттик жылкы заводу;
- Ош облусунун Ноокат районундагы "Көк-Бел" мамлекеттик асыл тукум жылкы фермасы;
- Талас облусунун Талас районундагы "Талас" мамлекеттик жылкы заводу ипподрому менен.
7. Институттун ишин уюштуруу
19. Институтту директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, 70 жашка чейинки тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармакта жетекчилик иштен тажрыйбасы жана илимий (академиялык) даражасы бар адистердин ичинен дайындалат.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык директордун кызмат ордун ээлей албайт.
Директор өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин буйруктарын, нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Директор:
- Институтту жетектейт, ушул Жободо аныкталган укуктарды жана милдеттерди аткарат, Институттун ишине жооп берет;
- финансылык тартипти сактоону, эсепке алууну жана отчет берүүнүн тууралыгын, Институттун ыкчам башкаруусунда болгон мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлеринин эмгектик укуктарын сактоону камсыз кылат;
- мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды коргоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылат;
- кызматкерлерди жумушка алат жана аларды жумуштан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Институттун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- финансы каражаттарын тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет элдик валюталардын эсептерин жана башка эсептерди ачат;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча мамлекеттик асыл тукум заводдордун, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат орундарына дайындайт жана ээлеген кызматтарынан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин бекитүүсүнө чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин Институттун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы фондунун чегинде берет;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча Институттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун, уставдарын бекитет;
- жогору турган органдарда, арбитраждык, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Институттун атынан башка мекемелер менен, анын ичинде чет мамлекеттердин мекемелери менен келишимдерди түзөт;
- эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө Институттун кызматкерлери менен жамааттык келишимди түзөт;
- өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
21. Директордун орун басары:
- илимий-изилдөө иштерин пландоо боюнча жетекчиликти ишке ашырат;
- Институттун түзүмүнө кирген мамлекеттик асыл тукум заводдордун өндүрүштүк-финансылык иштерине жетекчиликти ишке ашырат;
- илимий-методикалык жана жайылтуу иштерин координациялайт;
- илимий иштерди жана илимий жетишкендиктерди пропагандалоо боюнча материалдарды басып чыгарууну ишке ашырат.
22. Институттун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Окумуштуу катчы:
- илимий-уюштуруу жана маалымат бөлүмүнүн иштерин жетектейт;
- илимий-изилдөө иштеринин учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгууну координациялайт;
- Институттун илимий-изилдөө иштери жөнүндө пландарды жана отчетторду жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет;
- Окумуштуулар, илимий-методикалык кеңештердин иштерин уюштурат.
24. Институттун окумуштуу катчысын Институттун директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
8. Институттун Окумуштуулар кеңеши
25. Окумуштуулар кеңеши Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп саналат.
26. Кеңеш директор, анын орун басары, окумуштуу катчысы, Институттун алдыңкы окумуштуулары, адистер жана башка уюмдардын окумуштуулары кирген курамда түзүлөт.
27. Окумуштуулар кеңешинин курамын Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бекитет.
28. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы Институттун директору, ал эми ал жок учурларда - директордун орун басары болот.
29. Окумуштуулар кеңешинин катчысы болуп окумуштуу катчы эсептелет.
30. Окумуштуулар кеңеши Кеңештин иш планында бекитилген мөөнөттө үч айда бир жолудан кем эмес чогулат.
31. Окумуштуулар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун илимий-изилдөө иштеринин келечектүү багыттарын кароо;
- илимий-изилдөө, жайылтуу иштеринин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун кароо;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторун жана Институттун илимий жана жайылтуу иштери жөнүндө маалыматтарды кароо;
- Институттун түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- илимий эмгектерди, сунуштамаларды, баракчаларды, брошюраларды ж.б. басып чыгаруу боюнча редакциялык коллегиялардын пландарын кароо;
- эл аралык илимий борборлор менен чыгармачылык кызматташуу жана координациялоо маселелерин талкуулоо;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жаш окумуштуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди координациялоо;
- илимий жетекчилердин, окумуштуулук даражага изденүүчүлөрдүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрү жөнүндө отчетторун угуу, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү, эл алдында коргоого сунуштоо максатында диссертацияларды апробациялоо;
- окумуштууларды мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга жана наамдарга көрсөтүү; илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулардын атындагы медалдарга жана сыйлыктарга көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет-катышуучуларынын академияларынын анык мүчөлүгүнө (академигине) жана корреспондент - мүчөлүгүнө көрсөтүү, ошондой эле башка уюмдар көрсөткөн иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
- кандидаттык жана докторлук диссертациялык иштерди аяктоо үчүн окумуштууларга чыгармачылык өргүү берүү боюнча өтүнмөлөрдү кароо;
- бөлүмдөрдүн, лабораториялардын башчыларынын жана илимий кызматкерлердин бош кызматтык орундарын ээлөө үчүн конкурс боюнча же контракттык негизде тандоо;
- илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө материалдарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына белгиленген тартипте өтүнмө берүү;
- селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо материалдарын кароо жана оң чечим чыккан учурда селекциялык жетишкендикти бекитүү жөнүндө жогору турган уюмга өтүнүч берүү;
- баланстык комиссиянын жана мамлекеттик асыл тукум заводдордун директорлорунун отчетторун угуу;
- Окумуштуулар кеңешинин компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алуу жана жокко чыгаруу.
32. Жыйынга курамдын 2/3 кем эмеси катышса, Окумуштуулар кеңеши чечим кабыл алууга укуктуу;
33. Катышкан кызматкерлердин 51%дан кем эмеси добуш берсе, анда Окумуштуулар кеңешинин чечими кабыл алынды деп эсептелет;
34. Чечимдер ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук жана окумуштуулук наам берүү маселелери боюнча Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулуудагы нускамага ылайык жашыруун добуш менен кабыл алынат
35. Илимий-методикалык кеңеш тематикалык пландарга жана башка илимий материалдарга ылайык жумушчу программаларды, илимий-изилдөө иштеринин аткарылышынын календардык пландарын карайт. Илимий материалдарды талкуулайт жана жарыялоо үчүн корутунду берет.
9. Институтту каржылоо жана мүлкү
36. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- мамлекеттик жана коомдук, анын ичинде эл аралык уюмдардын гранттары;
- эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар, коммерциялык ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде, белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде алынган каражаттар;
- илимий-өндүрүштүк, илимий-билим берүү, басма жана башка иштерден түшкөн каражаттар;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде эл аралык жактардын мүчөлүк акылары жана кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
37. Акча каражатын толуктоо үчүн Институт ишканалар, уюмдар, фермердик чарбалар жана башка юридикалык, жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий-консультативдик жана башка кызматтарды көрсөтүүгө рыноктук өз ара мамилелердин негизинде келишим түзүшү мүмкүн.
38. Институтка бекитилип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратуралар, транспорт каражаттары, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда болгон мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
39. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырылат.
40. Институттун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун ТҮЗҮМҮ