Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 569
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 569 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу тармагындагы өлкөнүн потенциалын жогорулатууда колдоо көрсөтүү каралган. Долбоор төмөнкү беш компоненттен турат, аларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 20 млн. АКШ долларын бөлүп берүүдө, анын ичинен 50% кредит түзөт, 50% - гранттык каражаттар. Кредиттин төлөнүүсү 6 жылга жылдыруу менен 38 жылга берилет.
1-компонент - Табигый кырсыктарга даярдык жана чара көрүү системасын өркүндөтүү. Ушул компонентти ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу орган болуп саналат. Каржылоо 4 млн. АКШ долларын түзөт.
2-компонент - Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коопсуздугун жогорулатуу. Ушул компонентти ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу орган болуп саналышат. Каржылоо 12 млн. АКШ долларын түзөт.
3-компонент - Өзгөчө кырдаалдардан финансылык коргоо жана калкты камсыздандыруу системасын бекемдөө жана өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коому жооптуу органдар болуп саналат. Каржылоо 3 млн. АКШ долларын түзөт.
4-компонент - "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо - 1 млн. АКШ доллары түзөт.
5-компонент - Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн күтүлбөгөн чыгымдар. Каржылоо - масштабдуу табигый келип чыккан учурларда калыбына келтирүү иштерди жүргүзүү максатында башка компоненттердин каражаттарынын эсебинен бөлүштүрүлөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 294-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол койгон.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоого алып келбейт.