Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна |
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 13-мартындагы № 105, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо лицензиялоо системасын уюштуруу, анын ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүү, жер казынасын пайдалануу укуктарын токтото туруу жана токтотуу, лицензияга жана лицензиялык макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле лицензияларды трансформациялоо жана кайра тариздөө маселелерин жөнгө салат.
2. Жер казынасын пайдалануу чек арадагы суулардын жана башка көлмөлөрдүн нугунда же жээгинде ишке ашырылган учурларда жер казынасын пайдалануу укугу берилбейт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Минералдык чийки заттардын бардык түрлөрү боюнча жер казынасын, анын ичинде тузсуз, минералдык жана термалдык жер астындагы сууларды пайдалануунун бардык түрлөрү, төмөндөгүлөрдөн тышкары, лицензиялоого жатат:
- мамлекеттик каттоонун негизинде иштерди жүргүзүү;
- концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү;
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 4-бөлүгү менен белгиленген учурлар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Лицензия конкурстун, аукциондун, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарды жана аукциондорду өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өзүнчө жоболор менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү жүргүзүлөт:
- конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу берилүүчү жер казынасынын участокторунан тышкары, жер казынасынын участокторуна;
- жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер казынасынын участокторуна.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу казылмалардын билдирилген түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө өзгөчө укук берет.
Лицензиат жүргүзүлгөн геологиялык издөө иштери жөнүндө корутунду отчетту тапшыргандан кийин геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кен пайдалануу объектинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ болот.
8. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө укук берет.
9. Пайдалуу казылмалардын запастары Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастарынын мамлекеттик балансында катталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Пайдалуу казылмаларынын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын протоколунун негизинде лицензиат геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензияны пайдалуу казылмалардын кендерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ болот.
10. Пайдалуу казылмалардын кендерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия запастары Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмаларынын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы, ошондой эле СССРдин мурдагы компетенттүү ведомстволору (СССРдин Пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз ССРинин Пайдалуу казылмалардын запастары боюнча аймактык комиссиясы жана СССР Геология министрлигинин пайдалуу казылмалардын запастары боюнча борбордук комиссиясы) эсепке алган лицензиялык объекттерге берилет.
Жер астындагы сууларды лицензиялоо алар катталган жана Кыргыз Республикасынын жер астындагы сууларынын мамлекеттик эсебине коюлган шартта Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Пайдалуу казылмалар кендерин иштетүү максатындагы лицензия лицензиатка төмөндөгүлөргө карата өзгөчө укук берет:
- кен бөлүгүнүн чегинде, тиешелүү оң эксперттик корутундулар менен техникалык долбоор боюнча пайдалуу казылмалардын билдирилген түрлөрүнө тереңдикти чектөөсүз жер казынасын геологиялык изилдөөгө;
- пайдалуу казылмаларды иштетүүгө, анын ичинде кен бөлүгүнүн чегинде бардык керектүү даярдык иштерин жүргүзүүгө.
12. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казылмаларды иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка кен бөлүгүнүн чегинде техникалык долбоорго ылайык иш жүргүзүүгө укук берет.
2. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү
13. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын алуу үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү керек.
14. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын алууга өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча атайын бланкта берилет.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өтүнмө берүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин (протоколдун) көчүрмөсү же коллегиялык же жеке аткаруу органын түзүү жөнүндө башка документ (контракт, келишим);
- лицензия алууга өтүнмөнү өкүл берген учурда өтүнмө берүүчүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним кат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өтүнмө ээсинин карызы жок экендиги жөнүндө салык кызматынын маалымкаты;
- ушул Жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- скважинанын менчик ээсинин макулдугу - мындай скважина жеке менчикте турган учурда;
- пайдалануунун технологиялык схемасы;
- саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын корутундусу.
Зарыл болгон документтер тиркелген өтүнмө электрондук маалымат алып жүрүүчүдөгү фото көчүрмөсү менен бирге кагаз түрүндө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Өтүнмөлөр жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген графикке ылайык кабыл алынат жана катар номер ыйгаруу менен "Жер казыналары" маалыматтык системасына катталат, ошондой эле алар кабыл алынган убакытты көрсөтүү менен арыздарды кабыл алуу журналына кайталанып катталат.
16. Арыз ээлери жана жер казынасын пайдалануучулар менен кат алышуулардын баары "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга берилген өтүнмөдө көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт.
17. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алууга берилген өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө чечимди буйрук формасында чыгарат.
18. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимдин негизинде лицензия жана лицензиялык макулдашуу таризделет.
20. Ушул Жобонун 14-пунктунда аталган негиздерге таянып, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун өтүнмө ээсине берүүдөн баш тартылган учурда "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган күндөн тартып 3 айдын ичинде берилген өтүнмөлөргө баш тартылган учурдан тышкары суралган участокко берилген кийинки өтүнмө кезектүүлүк тартибинде каралат.
"Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдаланууга укук берилген же укук берүүдөн баш тартылган өтүнмө ээлерине 10 иш күндүн ичинде кат - чечимдин көчүрмөсү жиберилет.
21. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тизмеги толук берилбесе;
- маалымкатта, өтүнмөдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдуктарында, ишеним катта, жетекчини дайындоо жөнүндө чечимде ачык билинген каталар же күбөлөндүрүлбөгөн оңдоолор (мөөрдүн тагында, даталарда жана мазмунунда) бар болсо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте бенефициарлар жөнүндө маалымат берилбесе;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эгер өтүнмө берилген участокко пайдалуу казылмалардын 2-тобуна кирген жер казыналарынын участокторунан тышкары пайдалуу казылмалардын тигил же бул топторуна лицензия берилип калган болсо;
- эгер өтүнмө каралып жаткан учурда салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттын бир айлык колдонуу мөөнөтү өтүп кетсе;
- эгер өтүнмө берилген участок жер казыналарынын конкурстук жана аукциондук участокторунун чек араларына кирсе.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Бенефициарлар жөнүндө маалыматты берүү тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
211. Жер казынасын пайдаланууну жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген бенефициарлар жөнүндө маалыматтардын формасын (мындан ары - форма) толтуруу аркылуу жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлары жөнүндө маалыматты (мындан ары - бенефициарлар жөнүндө маалымат) берет.
Ушул Жобонун 213-пунктунда каралган учурда, формага жогоруда аталган пунктта аныкталган документтер тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
212. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо анын акционери же катышуучусу (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания (мындан ары - ачык компания) болсо, бенефициарлар жөнүндө маалымат ачык компаниянын акционерлери жөнүндө маалыматты кошпогондо берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
213. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициары (же бенефициарларынын бири) Кыргыз Республикасы же чет мамлекет болсо, формага Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик же башка органдарынан алынган, жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициары (же бенефициарларынын бири) Кыргыз Республикасы же чет мамлекет экендигин ырастаган ырастоочу кат же башка документтер тиркелет, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- бенефициар (же бенефициарлардын бири) болгон мамлекеттин толук аталышы;
- мамлекетке таандык болгон катышуу/акциялардын үлүшүнүн өлчөмү;
- мамлекеттин атынан бенефициар катары чыккан ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана юридикалык дареги (мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка орган).
Бенефициар мамлекет деп - Кыргыз Республикасы же чет мамлекет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин мамлекеттик бийлик орган дары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдары).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
214. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген форманын 3-бөлүмүн толтуруу аркылуу "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган коомдук кызмат адамынын белгилерине ээ бенефициарлар жөнүндө маалыматты берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
215. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси ар бир бенефициардын жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, жазууга, системалаштырууга, топтоого, сактоо, актуалдаштырууга, жайылтууга (анын ичинде үчүнчү жактарга берүүгө), жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине алардын маалыматтарын киргизүүгө (анын ичинен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында) макулдугун алууга милдеттүү, жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтар массивдерине (анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында), жеке маалыматтарды трансчекаралык өткөрүп берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык бенефициардын жеке маалыматтары менен башка иш-аракеттерди ишке ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугун алууга милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси бенефициардын тийиштүү макулдугун албаган, макулдугу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген же болбосо бенефициардын жеке маалыматтарына карата жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда каралган башка талаптар аткарылбаган учурда жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси маалыматка кол коюу жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жолу менен бенефициардын жеке маалыматтарына карата жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын талаптагыдай аткарылгандыгын ырастайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
216. Бенефициарга карата бенефициарлар жөнүндө маалыматтардан, ошондой эле ушул Жобонун 213-пунктунда белгиленген документтерден тышкары башка документтерди суроого тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
217. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин ээлик кылуу түзүмүндө "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык бенефициардын белгилерине жооп берген жеке жактар же болбосо мамлекеттер жок болгон учурда, форма тиешелүү талаага бенефициарлардын жоктугу жөнүндө белги менен толтурулат жана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
218. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин уставдык капиталындагы акцияларга же катышуу үлүштөрүнө кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын уставдык капиталдагы мындай акцияларга же катышуу үлүштөрүнө үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогорку башкаруу органынын добуштарына кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын жогорку башкаруу органынын добуштарына үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин башкаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жана/же чакыртып алуу укуктарын кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын башкаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жана/же чакыртып алуу укуктарына үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
219. Бенефициарлар жөнүндө маалыматтарга кол коюу жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси тарабынан берилген бенефициарлар жөнүндө маалыматтын толуктугун, тактыгын жана аныктыгын ырастайт. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан бенефициарлар жөнүндө маалыматтын берилбеши жана анык эмес маалыматтын берилиши "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтотууга негиз болуп саналат.
Бенефициарлар жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүү деп бенефициар, анын ичинде анын жеке маалыматтары, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык аны бенефициар катары аныктоочу белгилери, коомдук кызмат адамынын белгилери (болсо) жөнүндө жана ушул Жобого ылайык берилүүчү бенефициар жөнүндө кандай болбосун башка жалган, чындыкка дал келбеген, актуалдуу эмес (эски), адаштыруучу жана/же толук эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси тарабынан ушул Жобонун 21-5-пунктунда каралгандай бенефициардын анын жеке маалыматтарын пайдаланууга жана берүүгө тиешелүү түрдөгү макулдугунун алынбашы, жеке маалыматтардын бенефициардын макулдугун бузуу менен алынышы, бенефициардын макулдугунун жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга жана/же ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеши түшүнүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2110. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлар жөнүндө маалыматы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында жарыяланат жана жаңы лицензия берилген жана/же жер казынасын пайдалануучу тарабынан бенефициарлар жөнүндө маалыматтар жана/же бенефициарлар жөнүндө өзгөртүлгөн маалыматтар берилген датадан тартып 10 жумуш күндүн ичинде жаңыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2111. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында бенефициарлар жөнүндө төмөнкү маалыматтар жарыяланат:
- бенефициардын аты-жөнү, жарандыгы, туулган жылы, байланыш дареги;
- бенефициардын - коомдук кызмат адамынын (болсо) аты-жөнү, кызмат орду;
- эгерде жер казынасын пайдалануучунун бенефициары мамлекет болсо, мамлекеттин толук аталышы, мамлекеттин атынан бенефициар катары чыккан ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана юридикалык дареги (мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка орган);
- катышуу/акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (бар же жок).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2112. Эгерде жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционери же катышуучусу (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) ачык компания болсо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жарыяланат:
- ачык компаниянын аталышы, юридикалык дареги;
- катышуу/акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (бар же жок);
- фондулук биржанын аталышы, ачык компаниянын идентификациялык коду жана башка реквизиттери;
- фондулук биржанын веб-сайтына шилтеме, ошондой эле ачык компаниянын фондулук биржанын веб-сайтындагы веб-баракчасына шилтеме;
- ушул Жобонун 21-12-пунктунда каралган жер казынасын пайдалануучунун башка бенефициарлары жөнүндө маалымат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2113. Бенефициар жөнүндө маалымат өзгөргөн учурда, жер казынасын пайдалануучу мындай өзгөрүүлөр болгон датадан тартып 60 календардык күндүн ичинде ушул Жободо белгиленген тартипте маалыматтын формасын толтуруу жолу менен бенефициар жөнүндө жаңыланган маалыматты жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Бенефициар жөнүндө жаңыланган маалыматты бербөө же анык эмес маалымат берүү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтотууга негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2114. Бенефициарлар жөнүндө маалыматтар электрондук маалымат алып жүрүүчүдөгү фото көчүрмөлөрү менен бирге кагаз жүзүндө берилет. Маалыматтын ар бир барагы жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
2115. Бенефициарлар жөнүндө маалыматты үчүнчү жактардын алуусу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселеси боюнча комиссия
22. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселеси боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
23. Комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкү маселелерди кароо кирет:
- лицензияны трансформациялоо;
- лицензиялардын жана/же лицензиялык макулдашуулардын колдонуу мөөнөтүн узартуу;
- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды токтотуп туруу жана/же жокко чыгаруу;
- лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү;
- күрөөгө макулдук берүү маселесин кароо;
- жер казынасын пайдаланууга байланышкан башка маселелерди кароо.
24. Комиссиянын курамы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
25. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Комиссиянын төрагасы болот.
26. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басары жетектейт.
27. Комиссиянын жыйыны ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу болот.
28. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
29. Комиссиянын жыйындары тиешелүү материалдардын келип түшүшүнө же жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүнүн зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
30. Комиссиянын жыйыны, ошондой эле кабыл алынган чечим протокол менен таризделет. Комиссиянын чечимдери аларга кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
31. Комиссиянын чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү жазуу жүзүндө өзүнүн пикирин билдирүүгө укуктуу, мындай пикир Комиссиянын жыйынынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелет.
32. Комиссиянын жыйынынын протоколунан көчүрмө жер казынасын пайдалануучуга берилет же Комиссиянын жыйынынын протоколуна кол коюлган учурдан тартып 10 иш күндүн ичинде анын акыркы белгилүү дарегине жөнөтүлөт.
33. Чечимди кабыл алууда Комиссиянын мүчөлөрүнө белгилүү болбогон, жер казынасын пайдалануучунун пайдасына кошумча материалдар келип түшкөндө Комиссиянын чечими кайра каралат.
34. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жөнүндөгү чечим Комиссиянын жыйынынын протоколунан көчүрмөнү жер казынасын пайдалануучуга жөнөткөн күндөн тартып бир ай ичинде лицензиат аны кайра кароо боюнча кайрылган учурда Комиссия тарабынан кайра каралат.
4. Лицензиялоо шарттарын тариздөө жана лицензиялардын жарактуулук мөөнөтүн узартуу тартиби
35. Лицензиялык объектте иштерди долбоорлоого (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу казылмалар кендерин иштетүү, пайдалуу казылмаларды казып алууга байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү) лицензия жана лицензиялык макулдашуу конкурстун же аукциондун жеңүүчүсүнө берилет:
1) конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жыйынтыктарынын бекитилиши же аукциондук комиссия тарабынан протоколго кол коюлушу;
2) конкурстун жеңүүчүсү конкурстун объектинин жер казынасын пайдалануу укугун бергендиги үчүн жыйымды төлөгөндө же аукциондун жеңүүчүсү тарабынан жер казынасынын объекти үчүн жыйынтыктоочу наркы төлөнгөндө;
3) конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке өткөрүп бергенде;
4) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.
Жер астындагы сууларды иштетүүгө (алууга жана пайдаланууга) лицензиялар берилген учурда лицензиялык макулдашуу техникалык долбоорго экологиялык оң экспертизаны алуу шарттары менен сууну алууга (долбоорлоосуз) жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Лицензияны алуу үчүн чет өлкөлүк юридикалык жак лицензияны алганга чейин туунду компаниясын (100% үлүштүк катышуусу менен) Кыргыз Республикасында лицензиаттын аталышын жана дарегин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүшү керек.
37. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде аталган маалыматтарды камтыйт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин белгиленген үлүшүн лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде конкурстун же аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Лицензия лицензиялоочу органдын аталышы бар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн, катар номери жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде көрсөтүлгөн лицензиялоо боюнча маалыматтары бар белгиленген формадагы так отчеттуулуктагы бланк болуп эсептелет.
39. Лицензияны берүү үчүн мамлекеттик алым алынат.
40. Иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу менен лицензияны алгандан кийин лицензиат ушул Жобонун 54-пунктунда каралган учурлардан тышкары өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулар менен техникалык долбоорду түзөт жана аны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жер участогун берүү жөнүндө макулдуктун жана/же документтин көчүрмөсүн лицензиарга берет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен чектеш участоктордогу жана чек ара тилкесиндеги жер казынасын пайдалануу укугу пайда болгон учурда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты кошумча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Конкурс өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугу берилген жер казынасы объекттеринде иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу конкурстук шарттар менен каралган мөөнөткө, калган жер казынасынын объекттерине - лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнө берилет.
42. Иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуунун бардык шарттарын аткаргандан кийин, лицензиар тарабынан техникалык долбоорго ылайык иштерди жүргүзүүгө кийинки лицензиялык макулдашуу берилет.
43. Жер казынасын пайдаланууга лицензияланган объекттерге бир эле учурда лицензиялык объект боюнча делонун номери болгон жана 1:100000 масштабдагы кадастрдык топографиялык картадагы номер болгон кадастрдык алфавиттик-цифралык код берилет, ал объекттин төмөнкүдөй кадастрдык катар номерин көрсөткөн цифралардан жана тамгалардан турат: "Н" - мунай жана газ үчүн, "С" - көмүр үчүн, "М" - кымбат баалуу металлдардан башка металлдар үчүн, "А" - кымбат баалуу металлдар үчүн, "Т" - металл эместер үчүн, "В" - жер астындагы суулар үчүн, "Г" - мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүчү иштер үчүн жана ал лицензияларды каттоо журналына киргизилет, кагаз жана электрондук сактагыч түрүндөгү лицензиялык дело болуп түзүлөт.
44. Лицензиялык аянттын чектери 1:100000 масштабдагы электрондук топографиялык картага чыгарылат. Бурчтук чекиттердин координаттары 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасында (Kyrg-06) көрсөтүлөт. Ар бир лицензиялык аянт өзүнүн гана контуру менен чектелет. Мында кендин тоо-кен техникалык жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен лицензиялык аянт бир лицензияга таандык болгон бир нече жер казынасынын участокторун бириктириши мүмкүн. Лицензиялык аянттын чектери түз сызыктан төмөнкү учурларда четтейт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен кесилишкенде;
- өзгөчө корголуучу аймактардын чектери менен кесилишкенде;
- көлмөлөр (көлдөр, суу сактагычтар) менен кесилишкенде.
Лицензиялык аянттын өлчөмү чектелбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Пайдалуу казылмалардын кендерин иштетүү үчүн жана пайдалуу казылмаларды казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн кен бөлүгүнүн чектери 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасында (Kyrg-06) бурчтук чекиттердин үч өлчөмдүү координаттары менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Эгер өзгөртүлгөн чектер конкурстук жана аукциондук жер казынасынын участокторунун аянтына, ошондой эле пайдалуу казылмалардын 2-тобунан тышкары, пайдалуу казылмалардын бир тобунун колдонуудагы лицензиясына киргизилбесе, кен бөлүгүнүн акыркы өлчөмдөрү долбоорлоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат жана түзөтүлөт (карьердин бортторунун таралышын, тоо тектеринин жылып кыймылдоо зоналарын, жардыруу иштерин жүргүзүү ордунан жана иштетүүгө тоскоолдук кылган имараттар, курулмалар жана башка инфраструктуралык объекттер болгондо коопсуз аралыкты эске алуу менен). Лицензиялык аянттын контурун жана өлчөмүн аларды кичирейтүү же чоңойтуу жагына өзгөртүү учурунда, эгер чектеш аянт бош болсо, лицензиялык макулдашуу кошумча шарттарсыз кайра түзүүгө жатат. Эгер чектеш аянт бош эмес болсо, өзгөртүү чектеш аянттын лицензия ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана киргизилет.
47. Кен бөлүгүнүн кичине өлчөмүнүн айынан объекттин чектерин кадастрдык картада көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурларда объект 1:100000 масштабдагы кадастрдык картада алфавиттик-цифралык код менен чекит түрүндө белгиленет жана тиешелүү масштабда кошумча кесилген коштомо карта түзүлөт.
48. Иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу алынгандан кийин лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координаттарын кыскартуу жагына өзгөртүүгө болот. Кыскартуу жер казынасын пайдалануучунун арызы боюнча кыскартылуучу аянтта аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кабыл алгандан жана рекультивациялык иштерди аткаруу жөнүндө актыны бергенден кийин жүргүзүлөт.
49. Лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензиянын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Эгерде лицензиат лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берсе, анда жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарганга чейин лицензия жарактуу болот.
5. Геологиялык, кен казуу отчетун жана маалыматын берүү тартиби, ошондой эле техникалык долбоорлордун экспертизасы
51. Лицензиат иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашууга ылайык иштерди жүргүзүү мезгилинде жыл сайын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткарылган геологиялык жана тоо-кен иштери жөнүндө отчетту, ошондой эле өткөн жылдагы пайдалуу казылмалардын запастарынын кыймылы жөнүндө отчетту жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада жазуу жана электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.
52. Отчет берүү мөөнөттөрү:
- аткарылган геологиялык жана тоо-кен иштери жөнүндө отчет - кийинки жылдын 31-январына чейин;
- пайдалуу казылмалардын запастарынын кыймылы жөнүндө отчет - кийинки жылдын 1-мартына чейин.
53. Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалар жана уюмдар тарабынан каржыланган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу укуктарынын мезгилинде алардын менчиги болуп саналат, ал аяктагандан кийин жер казынасы жөнүндөгү маалымат акысыз түрдө мамлекеттин менчигине өтөт жана 6 ай ичинде Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фондго берилет.
54. Тиешелүү иштерди жүргүзүүгө техникалык долбоорлор, жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга долбоорлордон тышкары, өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына шайкештигине экспертиза өткөрүүгө жатат. Жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга долбоорлор экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештигине карата экспертиза өткөрүүгө жатат.
55. Техникалык долбоорлордун экспертизасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлөт. Жер казынасын пайдалануучу мамлекеттик экспертизанын ордуна өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо бөлүгүндө өзүнүн техникалык долбоорунун көз карандысыз экспертизасын өткөрүүгө кайрылууга укуктуу.
56. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылмалар, металл пайдалуу казылмалары, мунай жана газ кендери жана участоктору боюнча жер казынасын коргоо бөлүгүндө техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын өткөрүүгө жол берилбейт.
57. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылмалар, көмүр, металл пайдалуу казылмалар, мунай жана газ, ошондой эле пайдалуу казылмалардын башка түрлөрүнүн кендери жана участоктору боюнча, эгер техникалык долбоорлор менен бургулоо жардыруу иштерин жүргүзүү каралса, өнөр жай коопсуздугу бөлүгүндө техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын өткөрүүгө жол берилбейт.
58. Техникалык долбоорлордун экспертизаларын өткөрүүдө техникалык долбоорлорду жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна карата техникалык долбоорлордон тышкары, түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт, жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору боюнча техникалык долбоорлорду кайтаруу мөөнөтү 45 календардык күндөн ашпашы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Бардык зарыл болгон оң экспертизалык корутундуну алган техникалык долбоорсуз жана лицензиялык макулдашуусуз иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
6. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана токтотуу тартиби
60. Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айлык мөөнөткө, токтото туруунун себебин көрсөтүү жана эреже бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту берүү менен, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турушу мүмкүн.
Лицензияны аткарылган иштер жөнүндө отчет бербөө жана бонусту жана/же лицензиялык жыйымдарды төлөбөө негиздери боюнча токтото турууда лицензиянын аракети мөөнөтүндө ырастоочу документтерди тиркөө менен токтото туруунун себептерин жоюу тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлаган учурдан тартып кайра улантылган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Форс-мажордук жагдай пайда болгон учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун арызы боюнча форс-мажордук жагдайдын мөөнөтүндө токтотулуп турат. Ушундай арыз берилген күндөн тартип 10 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруудан баш тартууга укуктуу.
Эгер форс-мажордук жагдайлар аяктабаса же алардын кесепеттери жоюлбаса, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун жүйөлүү арызы боюнча токтото туруунун мөөнөтүн узартууга укуктуу.
62. Жер казынасын пайдалануу укугу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде каралган учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулат.
63. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү чечим Комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат, анда мындай чечим кабыл алуунун негиздери көрсөтүлөт. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотулушу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
64. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу, эгер бул үчүн негиз лицензиаттын күнөөсү боюнча эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын лицензиаттын аткаруусуна тоскоол болгон жеңилгис күч жагдайларынан улам пайда болсо жүргүзүлбөйт. Жеңилгис күч жагдайлары мүнөзүнө жараша Кыргыз Республикасынын тийиштүү компетенттүү органдарынын маалымкаттары менен ырасталат.
7. Жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
65. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу, ишкердик жүргүзүү жана өрт өчүрүү менен байланышпаган, өздүк муктаждыктар үчүн жеке адамдар жер астындагы сууларды алгандан жана пайдалангандан тышкары, милдеттүү лицензиялоого жатат.
Жер астындагы сууларды лицензиялоо жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте катталган жана жер астындагы суулардын мамлекеттик эсебине алынган скважиналар, булактар жана дрендер боюнча жүргүзүлөт.
66. Жер астындагы сууларды алууда жана пайдаланууда лицензиялык аянт чекит координаттары менен аныкталат. Жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга жер казыналарын пайдалануу укугуна бир лицензия боюнча бир жер астындагы суулардын кенин пайдаланууда суу алуу үчүн бир нече скважиналардын болушуна жол берилет.
67. Жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсүз сууну алуунун көлөмүн көбөйтүү учурунда "Сууну алуунун техникалык долбооруна толуктоону" түзүү талап кылынбайт. Мында лицензиат технологиялык схемага өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун жоктугу тууралуу жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү.
68. Скважинанын дебитин эсепке алуу менен бир скважинага жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга бир нече лицензия берүүгө жол берилет.
69. Жеке менчикте турган скважиналардын дебитин эсепке алуу менен жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга скважинанын менчик ээсинин макулдугу болгондо жол берилет.
8. Башка жоболор
70. Лицензиялык аянтта лицензиянын ээси пайдалуу казылмалардын табылган түрү лицензиясында камтылган лицензиатка табылган пайдалуу казылмалар тууралуу маалыматты сатып алууну сунуш кылууга укуктуу.
Лицензия менен каралбаган пайдалуу казылмалардын түрлөрү табылган учурда, жер казынасын пайдалануучу бул маалыматты аткарылган геологиялык иштер жөнүндө отчетко киргизүү менен бул тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү.
71. Лицензиат лицензия боюнча алган жер казынасын пайдалануу укугун Комиссиянын макулдугун алгандан кийин үчүнчү жакка күрөөгө берүүгө укуктуу.
72. Жер казынасын пайдалануу укугунун күрөөгө коюлушун каттоо үчүн жер казынасын пайдалануучу күрөө келишимине кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күрөө кармоочунун аталышын, анын жайгашкан жерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен күрөө келишимин түзүү жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле күрөө келишиминин жана ал боюнча күрөө келишими түзүлгөн, милдеттенмелерди камсыздоо келишиминин көчүрмөсүн бериши керек.
73. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келип түшкөн билдирүүлөрдү 30 календардык күнгө чейин карап чыгып жана лицензиялык макулдашууга жана күрөөнү каттоо журналга тиешелүү жазууну киргизүү менен, жер казынасын пайдалануу укугунун күрөөгө коюлушун каттоого милдеттүү.
74. Жер казынасын пайдалануу укугу күрөө предметинин эсебинен өндүрүлгөн учурда, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга соттун чечими жана тоорукта укуктун сатылышынын актысы сот аткаруучусу тарабынан же соттун аныктамасы менен бекитилген укуктун өткөрүп берилиши жөнүндө тынчтык келишими (эгерде өндүрүп алуу соттук тартипте жүргүзүлсө), же соттук эмес тартипте күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу жөнүндө келишим жана жаңы жер казынасын пайдалануучуга укуктун өткөрүлүп берилүүсүн күбөлөндүргөн документтер, же артка чегинүү келишими (эгерде күрөө предметинин эсебинен өндүрүү соттук эмес тартипте жүргүзүлсө) берилет.
75. Ушул Жобонун 74-пунктунда аталган документтер жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күрөө предметинин эсебинен өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун алган жак тарабынан 30 күндүн аралыгында берилиши керек.
Мындан тышкары төмөнкүлөр берилет:
- 2009-жылдын 1-апрелине чейин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү - жеке жак үчүн.
76. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык документтер келип түшкөндөн кийин 30 календардык күндүн аралыгында лицензияны башка жакка берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү, ага жаңы лицензия кайра таризделет.
77. Күрөө предметинин эсебинен өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун алган жак бонусту төлөөгө, ошондой эле лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Жаңы лицензиат лицензияны алган датага чейин бардык укуктар жана милдеттер, анын ичинде лицензиялык жыйымдар милдети, мурдагы лицензиаттын эсебине тиешелүү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Күрөө предметинин эсебинен өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун алган жакка укуктун өтүүсүнө чейин болгон лицензиялоонун бардык шарттары өтөт.
80. Күрөө предметинин эсебинен өндүрүүсүз күрөө келишими токтотулган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күрөө кармоочудан күрөө келишиминин токтотулушу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде лицензиялык макулдашууга жана күрөөнү каттоо журналга жер казынасын пайдалануу укугунун күрөөгө коюлушунун токтотулушу тууралуу тиешелүү жазууну киргизет.
81. Юридикалык жакты кайра уюштуруу учурунда анын укук мураскоруна (мураскорлоруна) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерине ылайык универсалдуу укук мураскорлугу тартибинде тиешелүү жер казынасын пайдалануу укуктары жана милдеттери өтөт.
Юридикалык жак бөлүнгөн же бөлүү жолу менен башка юридикалык жак түзүлгөн учурда лицензиялык аянт бөлүүгө жатпайт.
82. Техногендик пайда болуу объекттерин пайдалануу укуктарын лицензиялоо "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
83. Катышуучулардын (акционерлердин) өзгөргөнү тууралуу жер казынасын пайдалануучу ырастоочу документтерди тиркөө менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
84. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра каттоо жөнүндө кабарлоону алгандан кийин лицензиялык макулдашууга жер казынасын пайдалануучунун катышуучуларынын (акционерлеринин) курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизет.
85. Лицензиаттын, лицензиаттын ишканасынын жетекчисинин реквизиттерин, дарегин, укуктук статусун өзгөртүүдө лицензиат тиешелүү ырастоочу документтерди тиркөө менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт. Лицензия жана/же лицензиялык макулдашуу кайра таризделет.
86. Лицензиялардын жана лицензиялык макулдашуулардын, анын ичинде жокко чыгарылган лицензиялардын нускалары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде сакталат. Лицензиянын жана/же лицензиялык макулдашуунун түп нускасын жоготуп алган же пайдалануу мүмкүн болбогон учурда лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жуп нускасын берүүгө өтүнмө берет. Лицензиянын жана/же лицензиялык макулдашуунун жуп нускасында "Жуп нуска" эскерткичи жасалат.
87. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча өтүнмөлөр мамлекеттик же расмий тилде, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча атайын бланкта берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өтмө жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомуна ылайык күчүн жоготту)