Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-декабры № 722
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Лицензия конкурстун, аукциондун, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилет.
5. Жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарды жана аукциондорду өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өзүнчө жоболор менен аныкталат.";
- 10-пункттун экинчи абзацындагы "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" деген сөздөр "Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
алтынчы, жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он төртүнчү абзацтагы "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" деген сөздөр "Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Лицензиялык объектте иштерди долбоорлоого (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу казылмалар кендерин иштетүү, пайдалуу казылмаларды казып алууга байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү) лицензия жана лицензиялык макулдашуу конкурстун же аукциондун жеңүүчүсүнө берилет:
1) конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жыйынтыктарынын бекитилиши же аукциондук комиссия тарабынан протоколго кол коюлушу;
2) конкурстун жеңүүчүсү конкурстун объектинин жер казынасын пайдалануу укугун бергендиги үчүн жыйымды төлөгөндө же аукциондун жеңүүчүсү тарабынан жер казынасынын объекти үчүн жыйынтыктоочу наркы төлөнгөндө;
3) конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке өткөрүп бергенде;
4) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.
Жер астындагы сууларды иштетүүгө (алууга жана пайдаланууга) лицензиялар берилген учурда лицензиялык макулдашуу техникалык долбоорго экологиялык оң экспертизаны алуу шарттары менен сууну алууга (долбоорлоосуз) жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берилет.";
- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин белгиленген үлүшүн лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде конкурстун же аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.";
- 49-пункттагы "бир жылдан эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 87-пункт менен толукталсын:
"87. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча өтүнмөлөр мамлекеттик же расмий тилде, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча атайын бланкта берилет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2, 3, 6-8, 19, 38-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери (мындан ары - конкурстун шарттары) конкурстук комиссия тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Комиссия тарабынан жер казынасын пайдалануу укугунун атайын шарттары катары мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъект аныкталат, ага конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кенди иштетүү максатында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү акысыз берүү, ошондой эле өткөрүп берилүүчү үлүштүн алгачкы өлчөмү жүргүзүлөт.
Конкурстук комиссия алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун шарттарына Кыргыз Республикасында конкурстун жеңүүчүсү тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны тариздөө үчүн мамлекеттин үлүштүк катышуусу 30 пайыздан кем эмес юридикалык жакты милдеттүү түрдө түзүү жөнүндө жобону камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке Кыргыз Республикасында конкурстун жеңүүчүсү тарабынан алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерди өздөштүрүү үчүн түзүлгөн юридикалык жакта акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бере алат.";
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи, он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке берилүүчү үлүштүн өлчөмү жөнүндө сунуш.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун катышуучулары жер казынасын пайдалануу максатында Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү мамлекетке 30 пайыздан кем эмес өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунуш берет.";
- 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Конкурстук өтүнмөлөрдүн материалдарын баалоодо жеңүүчү болуп эң жогорку баллды топтогон жана Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу максатында түзүлгөн, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке акысыз берилүүгө тийиш болгон юридикалык жактын уставдык капиталындагы эң чоң үлүштү сунуштаган катышуучу таанылат.";
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Конкурстук комиссиясынын протоколу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиялык макулдашуу жана (же) жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана (же) конкурс өткөрүүдө тыныгуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-44-пункттар менен толукталсын:
"41. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн ири жана орто алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү конкурстун протоколуна ылайык жеңген конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен түзүүгө тийиш.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү конкурстун протоколуна ылайык жеңген конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен түзүүгө тийиш.
42. Кыргыз Республикасында юридикалык жак акционердик коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында уюштурулган учурда конкурстун жеңүүчүсү тарабынан үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышына мамлекеттик каттоо жүргүзүлүүгө тийиш.
Акционердик коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү акциялардын саны, түрү жана номиналдык наркы көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында юридикалык жак түзүлгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин уюштуруу документтеринде аныкталган өлчөмдө уставдык капиталга толук көлөмдө акы төлөөгө тийиш.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмү пайыздык туюнтууда көрсөтүлүүгө тийиш.
43. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү тарабынан төмөнкүлөр берилгенде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат:
- акционердик коомдор үчүн - түзүлгөн макулдашууга ылайык акцияларга менчик укугу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке өткөрүүнү ырастаган, көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан берилген акционерлердин реестринен көчүрмөлөр;
- башка чарбакер коомдор үчүн - уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектти киргизүүнү ырастаган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр жана уюштуруучулардын (катышуучулардын) өзгөртүлгөн курамы менен уставынан көчүрмөлөр.
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин белгиленген үлүшүн конкурстун протоколуна ылайык жеңүүчү конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) аффилирленген жак - каалаган жеке же юридикалык жактар (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), алар бул жак тарабынан, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынуучу чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоого же аларга таасир этүүгө укуктуу, ошондой эле ага карата бул аффилирленген жак мындай укукка ээ болгон каалаган жеке же юридикалык жактар. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) дагы таанылат;
2) аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү ыкмасы, мында бул укук жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн кыйла көп өлчөмүн сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
3) кепилдик төгүм - аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан он эсеге ашкан, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздаган жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан аз эмес акча каражаттарынын суммасы;
4) мамлекеттин үлүшү - Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү, ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия таризделүүгө тийиш;
5) өтүнмө ээси - юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган чет өлкөлүк жарандар;
6) жер казынасынын объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер казынасын иштетүү же/жана геологиялык изилдөө үчүн арналган пайдалуу казылмалар чыккан жер же лицензиялык аянттар;
7) аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эң чоң өлчөмүн камтыган аукциондун жеңүүчүсү сунуш кылган ставка;
8) аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн аз эмес акча каражаттарынын суммасы;
9) аукцион объектинин баштапкы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн алгачкы бааны камтыган аукциондо тоорук башталгандагы алгачкы ставка, ошондой эле мамлекеттин үлүшүнүн алгачкы өлчөмү;
10) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөрүлгөн аукцион боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилет.";
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Алтындын жана күмүштүн кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке, анын ичинде чет элдик жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны ага тариздөө үчүн мамлекеттин 30 пайыздан кем эмес милдеттүү үлүштүк катышуусу менен Кыргыз Республикасында юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү. Мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү аукциондун жыйынтыгы боюнча аныкталат.";
- 12-пунктта:
бешинчи абзацта "баасын" деген сөз "ставкасын" деген сөзгө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта "келечектеги лицензиаттын уставдык капиталына катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына кайтарымсыз берүү жөнүндө жобону, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке кенди өздөштүрүү максатында аукциондун жеңүүчүсү тарабынан түзүлгөн юридикалык жакта акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бере алат.";
- 14, 57, 58, 60, 61, 65, 66, 68-пункттарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "баа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ставка" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Ишеним катта жер казынасынын объектин, аукцион өтүүчү датаны, ошондой эле аукциондун баштапкы ставкасын көтөрүүгө, аукциондун ставкасын көтөрүү укугун, анын ичинде мамлекетке өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн жогорулатуу, жыйынтыктоочу протоколго кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ошол адамдын аукционго катышуу боюнча ыйгарым укуктары чагылдырылууга тийиш. Аукционго катышууга ишеним каттын түп нускасы аукциондун уюштуруучусунда калат.";
- 56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56. Аукциондун баштапкы ставкасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бонустун өлчөмүнүн суммасына (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын наркына барабар белгиленген жер казынасынын объекти үчүн минималдуу баа;
2) аукциондук комиссия тарабынан аныкталган мамлекеттин үлүшүнүн алгачкы өлчөмү.
Өздөштүрүү максатында алтындын жана күмүштүн кендеринде мамлекеттин үлүшүнүн алгачкы өлчөмү 30 пайызды түзөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 561-пункт менен толукталсын:
"561. Аукциондун кадамынын чоңдугу төмөнкүдөй маанилерде белгиленет:
1) жер казынасынын объекти үчүн минималдуу баанын 10 пайызы;
2) мамлекеттин үлүшүнүн 1 пайызы.";
- 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57. Аукцион жер казынасынын объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды, жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүүнүн жана аукциондун жыйынтыктарын бекитүүнүн тартибин, жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана аукциондун кадамын жарыялоо менен башталат. Аукцион ачык формада өткөрүлөт.";
- 62, 63-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62. Аукциончу катышуучунун каттоо номерин жана ал сунуш кылган ставканы көрсөтүү менен ставканын ар бир жогорулашын белгилейт.
63. Аукциондун жүрүшүндө катышуучу тарабынан аукциондун кадамын жогорулаткан ставканын сунушталышына жол берилет. Мында ставканын бир сунушу төмөнкү градацияга ылайык максималдуу кадамдан жогору болушу мүмкүн эмес:
1) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 5 пайызы;
2) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 4 пайызы;
3) объекттин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 3 пайызы;
4) объекттин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 2 пайызы.";
- 67-пункттун 4-6-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аукциондун объектинин баштапкы ставкасы жана аукциондун кадамынын өлчөмү;
5) катышуучунун номерин көрсөтүү менен аукциондун ар бир катышуучусунун акыркы сунушталган ставкасы;
6) жер казынасынын объекти үчүн бааны жана аукциондун жыйынтыгы боюнча белгиленген мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүн көрсөтүү менен аукциондун объектинин акыркы ставкасы;";
- 72-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол аукциондун уюштуруучусу тарабынан эки күндүк мөөнөттө бекитилет жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аукциондун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 721-пункт менен толукталсын:
"721. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен Кыргыз Республикасынын аймагында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында юридикалык жак акционердик коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында уюштурулган учурда аукциондун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышына мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө тийиш.
Акционердик коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү акциялардын саны, түрү жана номиналдык наркы көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында юридикалык жак түзүлгөн учурда аукциондун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин уюштуруу документтеринде аныкталган өлчөмдө уставдык капиталга толук өлчөмдө акы төлөөгө тийиш.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмү пайыздык туюнтууда көрсөтүлүүгө тийиш.";
- 73-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73. Жеңүүчүнүн протоколго кол коюудан баш тартуусу, жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуш кылынган бааны төлөбөгөндүгү, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен аукцион жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин беш банктык күндүн ичинде үлүштү мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзбөгөндүгү жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тартуу катары каралат.
Бул учурда аукциондук комиссия үч банктык күндүн ичинде жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алар сунуштаган кийинки жогорку ставкадан баштап кезектүүлүк тартибинде кийинки катышуучуларга сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөт катышуучу жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тарткан ар бир учурда колдонулат. Бул учурда аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алууга макулдугун берген катышуучу таанылат.
Жер казынасынын объектин пайдалануу укугунан бардык катышуучулар баш тарткан учурда, аукциондун уюштуруучусу аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайра аукцион өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Мында баш тарткан катышуучуларга кепилдик төгүм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- катышуучуларды каттагандан кийин аукционго катышуудан баш тартуу;
- аукциондун жыйынтыктарынын протоколуна кол коюудан баш тартуу;
- билдирилген сумманы төлөөдөн баш тартуу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен үлүштү мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзбөө;
- лицензия алуудан баш тартуу же аукцион өткөрүлгөн датадан тартып 30 күндүн ичинде лицензияны албоо.";
- 79-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жер казынасынын объекти үчүн наркты толук төлөгөндүгү жөнүндө документтерди алган жана аукциондун жеңүүчүсү төмөнкүлөрдү берген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт:
- акционердик коомдор үчүн - түзүлгөн макулдашууга ылайык акцияларга менчик укугу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү менен чарбалык субъектке өтүшүн ырастаган, көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан берилген акционерлердин реестринен көчүрмөлөр;
- башка чарбалык коомдор үчүн - уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектти киргизүүнү ырастаган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр жана уюштуруучулардын (катышуучулардын) өзгөртүлгөн курамы менен уставынан көчүрмөлөр.";
- 80-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталында белгиленген үлүшүн лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинде:
- 1-пункттагы "100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга" деген сөздөр "уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 4-пункттардагы "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга" деген сөздөр "Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7, 11, 12-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъект же мамлекеттик ишкана", "жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъект же мамлекеттик ишкана" деген сөздөр тийиштүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишкана жана чарбакер субъект", "уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишкана жана чарбакер субъект" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "Жер казынасын пайдалануу укугун жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге же мамлекеттик ишканаларга" деген сөздөр "Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондордун жана конкурстардын жеңүүчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасында түзүлүүчү юридикалык жактардагы акционердин (катышуучунун) укуктарын мамлекеттин атынан жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 13-январындагы № 2 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |