Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна) |
Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс (мындан ары - конкурс) уюштуруу жана өткөрүү маселелерин, анын ичинде конкурстук комиссия түзүү, конкурсту даярдоо жана жыйынтыктарын тариздөө маселелерин жөнгө салат.
2. Конкурстар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын ар бир участогу боюнча жарыяланат жана өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Конкурска коюуга жаткан жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестри (мындан ары - Реестр) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жер казынасынын участокторун Реестрге киргизүү ушул Жобонун тиркемесинде берилген критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Конкурстук комиссия
6. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын ар бир участогу боюнча конкурс өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 7 мүчөдөн кем болбогон курамда конкурстук комиссия түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Конкурстук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат. Конкурстук комиссиянын төрагасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети дайындайт, добуш берүү укугуна ээ болбогон конкурстук комиссиянын катчысын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын төрагасы дайындайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү;
3) аймагында жер казынасын пайдалануу объекти жайгашкан, администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары.
Бул учурда төмөнкү адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:
- соттуулугу жоюлбагандар;
- конкурска катышуучу менен туугандык байланышта болгондор, же конкурска катышуучулардын жетекчилери жана негиздөөчүлөрү, же алардын аффилирленген жактары болгондор;
- конкурска катышуучулар же анын негиздөөчүсү менен эмгек мамилесинде тургандар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Конкурстук комиссиянын төрагасы конкурстук комиссиянын ишин жетектейт, жыйындын күн тартибин бекитет жана конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылат.
10. Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди жүргүзөт, конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколун жазат жана добуш берүүдө конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
11. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
12. Конкурстук комиссия өзү бекиткен регламентке ылайык ишин жүргүзөт. Конкурстук комиссиянын жыйыны ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
13. Конкурстук комиссиянын чечими конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйынга катышкан көпчүлүгүнүн добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
14. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
15. Конкурстук комиссиянын чечимине макул болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелет.
3. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү процесси
16. Конкурстук комиссиянын жумушчу органы болуп төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат:
- конкурсту өткөрүүнү уюштуруу;
- кыскача геологиялык маалыматты даярдоо;
- эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурстук өтүнмөлөрдү тапшыруунун мөөнөтү жана тартиби камтылган жарыяны басып чыгаруу жана жарыяны жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштыруу;
- конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана каттоо;
- эгер конкурс өткөрүүнүн шарттары боюнча концессиялык келишим же продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу түзүү каралбаса, конкурстук комиссиянын протоколунун негизинде конкурстун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берүү.
17. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак аныкталган учурда (жер казынасын пайдалануу укугу берилгенге чейин) конкурсант Кыргыз Республикасынын аймагында 100% үлүштүк катышуусу менен туунду юридикалык жак түзүшү керек жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык юридикалык жак катары мамлекеттик каттоону жүргүзүшү керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке Кыргыз Республикасында конкурстун жеңүүчүсү тарабынан алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерди өздөштүрүү үчүн түзүлгөн юридикалык жакта акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Конкурс өткөрүүгө чейин отуз күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети конкурсту жокко чыгарууга укуктуу. Бул учурда, ошондой эле конкурс болбой калса Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети конкурстук комиссияны таркатууга же курамын өзгөрүүсүз калтырууга жана жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
20. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта документтерди тандоо жүргүзүлөт. Экинчи этапта программалар, сунуштар, уюмдун экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана конкурстук комиссия аныктаган башка шарттар каралат.
21. Конкурска катышуу үчүн конкурстук комиссиянын жумушчу органы белгиленген форма боюнча конкурстук өтүнмө берет. Конкурстук өтүнмөдө өтүнмө берүүчү, жер казынасын пайдалануунун түрү жана жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар камтылышы керек. Конкурстук өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- уюмдаштыруучу документтердин жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - мамлекеттик реестрден мыйзамдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеген юридикалык жак болуп эсептелээрин ырастаган башка документ;
- жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк;
- чет өлкөлүк жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген өкүлгө ишеним кат, эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе;
- кепилдик төгүмдү жана конкурска катышуу үчүн жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документ;
- геологиялык маалыматтар пакетин сатып алуу жөнүндө маалымат;
- бюджеттин алдында салыктык карызы жоктугу жөнүндө салык кызматынын маалымкаты;
- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Чет өлкөлүк уюм берген уюмдаштыруучу жана башка документтер апостилдештирилген болушу керек жана алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдерде котормосу берилет.
23. Конкурстук өтүнмө жана ага тиркелген документтер конкурсту өткөрүү күнүнө чейин бир жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө эки нускада жумушчу органга кол менен тапшырылат. Конкурстук өтүнмөнү почта аркылуу берүүгө жол берилбейт. Документтерди берүүдө документтердин түп нускалары көрсөтүлөт. Документтерди ишеним кат боюнча берүүгө жол берилет.
24. Конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күнү жумушчу органдын расмий сайтында конкурстук өтүнмөнүн формасы жайгаштырылышы керек.
25. Конкурстук өтүнмө машиналык ыкма менен мамлекеттик жана расмий тилде толтурулуп, электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөн чыгарылышы керек.
26. Жумушчу органдын кызмат адамы берилген конкурстук өтүнмөлөрдү конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү каттоо журналына конкурстук өтүнмөдө анын катталган номерин, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен каттайт.
27. Конкурстук өтүнмө берүү күнү аяктагандан кийин келип түшкөн өтүнмө материалдары кабыл алынбайт. Өтүнмө берүүчүлөр каалаган убакытта өзүнүн конкурстук өтүнмөсүн кайра сурап алууга укуктуу.
28. Конкурстук комиссия документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча конкурстун экинчи этабына жол берүү жөнүндө же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
Экинчи этапка жол берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) конкурстук өтүнмөнүн мазмуну конкурстун шарттарына туура келбеши (башка жер казынасынын объектиси, конкурсту өткөрүү датасы көрсөтүлгөн);
2) өтүнмө берүүчү тарабынан документтердин тизмеси толук берилбеши же берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбеши.
29. Конкурстун экинчи этабына катышууга жол берилген өтүнмө берүүчүлөргө жана конкурстун экинчи этабына жол берилбеген өтүнмө берүүчүлөргө кабыл алынган чечимдер жөнүндө конкурстук комиссиянын катчысы 3 жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
30. Конкурстун экинчи этабына катышуу үчүн чапталган конвертте конкурстук комиссия белгилеген мөөнөттө төмөнкү документтер конкурстук комиссияга берилет:
- капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча техникалык-экономикалык эсептери менен кендерди өздөштүрүү программасы;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
- геологиялык чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүгүн ырастоо;
- пайдалуу казылмалардын кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алгандан кийин ишкананы эксплуатацияга киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш;
- конкурс объектисинде пайдалуу казылмаларды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча заманбап технологияларды колдонуу жөнүндө сунуш;
- өнөр жайлык экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана пайдалуу казылмаларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча чаралардын комплексин колдонуу жөнүндө сунуш;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо ыкмасы жөнүндө сунуш;
- иштегендердин жалпы санына карата ишке тартылган ата мекендик адистердин жана жумушчулардын катышы жөнүндө сунуш (конкурска чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар катышканда);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык пакет;
- жер казынасын пайдалануу укугуна бааны сунуштоо. Мында конкурсанттар жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген минималдуу баадан кыйла жогорку бааларды сунушташы мүмкүн;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке берилүүчү үлүштүн өлчөмү жөнүндө сунуш.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун катышуучулары жер казынасын пайдалануу максатында Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү мамлекетке 30 пайыздан кем эмес өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунуш берет.
Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым банк иштеген 5 күндүн ичинде кирешелерди бюджеттик классификациялоо элементинин тиешелүү кодуна, республикалык бюджеттин кирешесине которууга жатат.
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна жыйынтык баанын, бонустун суммасынын жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин баасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Конкурстун жеңүүчүсү төлөгөн кепилдик төгүмү анын жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна төлөө эсебине которулат. Конкурска катышуу үчүн киргизилген кепилдик төгүмү конкурстун шарттары менен белгиленген учурлардан тышкары, конкурстун жеңүүчүсү болбой калган бардык өтүнмө ээлерине жана конкурстун катышуучуларына кайтарылып берилет.
32. Конкурстук комиссия конкурстук өтүнмөлөрдү, документтерди жана материалдарды кароонун, конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечимди кабыл алуунун же конкурсту болбой калды деп таануунун тартибин, геологиялык маалыматтын пакети жана конкурска катышуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн ж.б. аныктайт.
33. Конкурстук комиссия өзүнүн жыйынында чапталган конверттерди ачат. Өтүнмө берүүчүлөр же алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү конкурстук комиссиянын бардык жыйындарына, ошондой эле чапталган конверттерди ачууда катыша алышат.
34. Конкурстук комиссия конкурстун шартында белгиленген мөөнөттө берилген материалдарды карайт, аларды конкурстун кабыл алынган шарттарына ылайык баалайт. Берилген материалдарды кароодо конкурстук комиссия геология, кен казуу иштери, экономика, каржылоо жана башкалар боюнча берилген материалдарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
35. Конкурстук өтүнмөлөр жана тиркелген материалдар конкурстук комиссия тарабынан баллдык система боюнча бааланат. Баллдык система боюнча материалдарды баалоо тартибин конкурстук комиссия белгилейт.
36. Конкурстун шарттарына ылайык конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө чечим алган баллдын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия тарабынан кабыл алынат. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
Конкурстук өтүнмөлөрдүн материалдарын баалоодо жеңүүчү болуп эң жогорку баллды топтогон жана Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу максатында түзүлгөн, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке акысыз берилүүгө тийиш болгон юридикалык жактын уставдык капиталындагы эң чоң үлүштү сунуштаган катышуучу таанылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Эгер өтүнмөдө берилген сунуштардын бири да конкурстун шарттарына жооп бербесе, же конкурстук өтүнмөлөр жок болсо, же бир гана конкурстук өтүнмө келип түшсө, конкурс болбой калды деп таанылат.
38. Эгер конкурс болбой калды деп таанылса жана жеңүүчү аныкталбаса, конкурстук комиссия жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кайталанган конкурста жеңүүчү аныкталбаса Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул жер казынасынын участогуна конкурс өткөрүүдөгү тыныгуу жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Конкурстук комиссиясынын протоколу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиялык макулдашуу жана (же) жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана (же) конкурс өткөрүүдө тыныгуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Конкурстун катышуучуларынын геологиялык маалымат пакети үчүн чыгымдары жана конкурска катышуусу үчүн жыйымдары кайтарылып берилбейт.
41. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн ири жана орто алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү конкурстун протоколуна ылайык жеңген конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен түзүүгө тийиш.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү конкурстун протоколуна ылайык жеңген конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен түзүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Кыргыз Республикасында юридикалык жак акционердик коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында уюштурулган учурда конкурстун жеңүүчүсү тарабынан үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышына мамлекеттик каттоо жүргүзүлүүгө тийиш.
Акционердик коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү акциялардын саны, түрү жана номиналдык наркы көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында юридикалык жак түзүлгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин уюштуруу документтеринде аныкталган өлчөмдө уставдык капиталга толук көлөмдө акы төлөөгө тийиш.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмү пайыздык туюнтууда көрсөтүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү тарабынан төмөнкүлөр берилгенде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат:
- акционердик коомдор үчүн - түзүлгөн макулдашууга ылайык акцияларга менчик укугу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектке өткөрүүнү ырастаган, көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан берилген акционерлердин реестринен көчүрмөлөр;
- башка чарбакер коомдор үчүн - уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъектти киргизүүнү ырастаган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр жана уюштуруучулардын (катышуучулардын) өзгөртүлгөн курамы менен уставынан көчүрмөлөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин белгиленген үлүшүн конкурстун протоколуна ылайык жеңүүчү конкурстук сунушта көрсөтүлгөн өлчөмдө лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун тиркемеси |
Жер казынасынын конкурстук участоктору
Пайдалуу казылманын түрү | Пайдалуу казылманын түрчөсү | Иштин түрү | Апробациялангандар жана Пайдалуу казылмалардын запастарынын мамлекеттик балансына эсепке алынгандар |
Көмүр |
| Иштетүү | 30 млн. тонна жана 30 млн. тоннадан көп |
Алтын |
| Иштетүү | 10 тоннадан көп |
Металлдар(*) |
| Иштетүү | Ири жана орточо кендер |
Руда эмес чийки зат | Каптоочу таштар, цемент өндүрүү үчүн акиташ, гипс, волластонит, кварцит | Иштетүү | Ири кендер |
Көмүр суутектүү чийки зат |
| Иштетүү | Ири жана орточо кендер |
(*) асыл, кара, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар кени конкурска кен талаасынын чегиндеги келечектүү аянт менен бирге коюлат.