Загрузка документа…
|
| |
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна |
Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион (мындан ары - аукцион) өткөрүүнү даярдоо тартибин жана аны өткөрүү жол-жобосун жана ага потенциалдуу жер казынасын пайдалануучулардын катышуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо шарттарын, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн эсептешүүлөрдүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) аффилирленген жак - тике же кыйыр түрдө чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчүнө таасир этүүгө укуктуу болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укукка ээ болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) да таанылат;
2) аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
3) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эн чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
4) кепилдик төгүм - аукционго коюлуучу жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан он эсе ашык, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздоочу, жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
5) мамлекеттин үлүшү - Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү, ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия таризделүүгө тийиш;
6) арыз ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар;
7) жер казынасынын объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын иштетүү жана/же геологиялык изилдөө үчүн арналган пайдалуу кен чыккан жерлер же жер казынасынын участоктору;
8) аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эц жогорку бааны камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
9) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эң чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
10) аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
11) аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
12) алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын, ошондой эле мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
13) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы;
14) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аукциондорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (аукциондун уюштуруучусу) жүргүзөт.
4. Аукциондорду өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүү реестри жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү жана жыл сайын бекитилүүчү жер казынасынын участоктору боюнча жүргүзүлөт.
Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участогуна өтүнмө келип түшкөн учурда аукциондорду өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү ал реестрге киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөрүлгөн аукцион боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрин түзүү ушул Жобонун 4-тиркемесинде берилген критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Аукциондун уюштуруучусу бир аукционго жер казынасынын бир нече объекттерин коюуга укуктуу. Мында жер казынасынын объекттери тиешелүү номерлерди ыйгаруу менен өзүнчө лотторго бөлүнөт.
8. Аукционго катышуу үчүн төгүлгөн кепилдик төгүм, ушул Жобонун 74-пунктунда каралган учурлардан тышкары, аукциондун жеңүүчүсү болбой калган бардык өтүнмө ээлерине жана аукциондун катышуучуларына кайтарылып берилүүгө тийиш.
9. Кепилдик төгүмүн кайтарып берүү аукциондук комиссиянын жыйынынын аукциондун жыйынтыгы жөнүндө же аукционду өткөн жок деп таануу жөнүндө протоколуна кол коюлган учурдан баштап 30 банктык күндүн ичинде ишке ашырылат. Аукцион жокко чыгарылган учурда кепилдик төгүмүн кайтарып берүү аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан баштап 30 банктык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Аукционго катышуу үчүн жыйым, аукцион жокко чыгарылган же өтүнмө ээси аукцион башталганга чейин өзүнүн аукционго катышууга өтүнмөсүн (мындан ары - аукциондук өтүнмө) кайра сурап алган же аукционго катышууга жол берилбеген учурлардан тышкары, кайтарылып берилбейт. Жыйым кайтарылып берилген учурда ал 30 банктык күндүн ичинде өтүнмө ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш.
2. Аукционду өткөрүү процессин даярдоо
101. Алтындын жана күмүштүн кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке, анын ичинде чет элдик жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны ага тариздөө үчүн мамлекеттин 30 пайыздан кем эмес милдеттүү үлүштүк катышуусу менен Кыргыз Республикасында юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү. Мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү аукциондун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп аукциондун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынган аукцион өткөрүү жөнүндө чечим (мындан ары - аукцион өткөрүү жөнүндө буйрук) саналат, анда жер казынасынын объектин аукционго коюунун шарттары (мындан ары - аукциондун шарттары) каралган.
12. Аукциондун шарттары жер казынасын пайдалануунун түрүнө, жер казынасынын объектинин изилденишинин деңгээлине жана башка факторлорго жараша жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жер казынасынын объекти жөнүндө жалпы маалыматтарды;
- жер казынасынын объектинин геологиялык мүнөздөмөсүн;
- жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды;
- аукциондун объектинин баштапкы ставкасын;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик төгүмдүн өлчөмүн, ошондой эле аларды төлөө үчүн төлөм реквизиттерин;
- аукциондун кадамын.
Аукциондун шарттарына аукциондун уюштуруучусу аукциондун жеңүүчүсү үчүн милдеттүү болгон башка кошумча шарттарды (инвестицияларды жумшоо, квалификациялуу кадрларды тартуу, эксплуатациялоо, фабриканы куруу башталган мөөнөттөр, иш тажрыйбасы ж.б.) киргизүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектке кенди өздөштүрүү максатында аукциондун жеңүүчүсү тарабынан түзүлгөн юридикалык жакта акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бере алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Өткөрүлүүчү аукцион жөнүндө жарым жалпыга маалымдоо каражаттарына жана аукциондун уюштуруучусунун Интернет-сайтына ал өткөрүлүүчү датага чейин 45 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланышы керек. Жарыя жалпы пайдалануудагы башка маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарга кошумча жайгаштырылышы мүмкүн.
Жарыядан тышкары, аукционду өткөрүүнүн шарттары жана негизги талаптар аукциондун уюштуруучусунун Интернет-сайтында жайгаштырылат.
14. Өткөрүлүүчү аукцион жөнүндө жарыяда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;
- объекттин аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле пайдалуу казылманын түрү жана жер казынасын пайдалануунун түрү;
- аукцион өткөрүлүүчү жер, дата жана убакыт;
- аукциондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мезгили;
- жер казынасын пайдалануу объектинин баштапкы ставкасы;
- өткөрүлүүчү аукцион жана жер казынасын пайдалануу объекти жөнүндө материалдарды жана маалыматты алууга мүмкүн болгон телефон номери жана дареги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Аукционго катышуу үчүн өтүнмө ээси өзү же ишенимдүү адамы аркылуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аукцион өткөрүлүүчү датага чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен зарыл болгон документтерди тиркөө менен, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча, эки нускада аукциондук өтүнмөнү тапшырат.
16. Аукцион жөнүндө жарыя жарыялануучу датага карата аукциондун уюштуруучусунун Интернет-сайтында аукциондук өтүнмөнүн формасы жайгаштырылышы керек. Аукциондук өтүнмөнү почта аркылуу берүүгө жол берилбейт.
17. Аукциондук өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде толтурулат жана өтүнмө ээсинин ыйгарым укуктуу адамы кол коёт.
Аукциондук өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- уюмдун аткаруу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- эгер жак өзүнүн өкүлү аркылуу иш алып барса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген өкүлгө ишеним кат;
- кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
- аукционго катышуу үчүн жыйым төлөнгөндүгүн ырастаган документ.
- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.
Чет өлкөлүк юридикалык жак кошумча мамлекеттик реестрден белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилденген көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеген юридикалык жак экенин күбөлөндүрүүчү башка документти берет.
Кыргыз Республикасында катталган компаниялар, анын ичинде Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк компаниялардын филиалдары кошумча салык карызы жок экендиги жөнүндө салык кызматынын маалымкатын берет.
Аукциондук өтүнмөнү берүү өтүнмө ээсинин аукциондун бардык шарттарына макул экендиги катары каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Өтүнмө ээси берген документтердин бардык көчүрмөлөрү өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
19. Аукциондук өтүнмөгө тиркелген бардык документтер аукциондун уюштуруучусуна аукциондук өтүнмө менен бирге тапшырылат. Аукциондук өтүнмөнүн бир нускасы кабыл алынгандыгы жөнүндө белги басылган өтүнмө ээсине тапшырылат.
20. Өтүнмө ээси өтүнмө берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн аукциондук өтүнмөсүн кайра сурап алууга укуктуу.
21. Аукциондук өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабарлоо өтүнмө ээсине берилген аукциондук өтүнмөнү токтоосуз кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналат.
22. Аукциондук өтүнмөнү кайра сурап алуу аны берүү мөөнөттөрү сакталган шартта жаңы аукциондук өтүнмөнү берүү үчүн тоскоол болбойт.
23. Аукциондук өтүнмөлөрдү каттоо аукцион өткөрүү жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн аукциондук өтүнмөлөрдү берүүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде аукциондун уюштуруучусунун ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - аукциондун уюштуруучусунун кызмат адамы) тарабынан ишке ашырылат.
24. Аукциондун уюштуруучусунун катчысы берилген аукциондук өтүнмөлөрдү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына анын катталган номерин, келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен каттайт.
25. Аукциондук өтүнмөлөрду берүү аяктаган датадан кийин келип түшкөн аукциондук өтүнмөлөр катталбайт жана өтүнмө ээсине почта же аукциондун уюштуруучусунун кызмат адамы тарабынан ага кол койдуруу менен тапшыруу аркылуу кайтарылат, бул тууралуу аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына тиешелүү белги жазылат.
3. Аукциондук комиссия
26. Аукционду өткөрүү аукциондун уюштуруучусунун буйругу менен түзүлүүчү, курамы 5 адамдан кем эмес болгон аукциондук комиссия тарабынан ишке ашырылат.
27. Аукциондук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат. Аукциондук комиссиянын төрагалыгына жана катчылыгына аукциондун уюштуруучусунун өкүлдөрү дайындалышат.
28. Аукциондук комиссиянын катчысы аукциондук комиссия чечим кабыл алууда добуш берүүгө укуксуз, аукциондук комиссиянын жыйындарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди жүргүзөт, аукциондук комиссиянын жыйындарынын протоколун жазат жана добуш берүүдө аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
29. Аукциондук комиссия төмөнкүлөрдөн түзүлөт;
- аукциондун уюштуруучусунун өкүлдөрүнөн;
- кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн;
- аймагында жер казынасын пайдалануу укугуна объект жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлүнөн;
- аймагында жер казынасын пайдалануу укугуна объект жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынан.
30. Аукциондук комиссиянын курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
- аукционго катышуучу - юридикалык жактын уюштуруучулары же анын акыркы менчик ээлери болгон;
- аукциондун катышуучулары менен туугандык байланышта же аукциондун катышуучуларынын жетекчилери жана уюштуруучулары же алардын акыркы менчик ээлери болгондор;
- соттолгондугу жоюлбагандар.
31. Аукциондук комиссиянын мүчөлөрү аукциондук комиссиянын ишине тоскоол болгон негиздер аныкталган учурда, бул тууралуу аукциондук өтүнмөлөрдү кароо башталганга чейин аукциондук комиссиянын төрагасына кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
32. Аукциондук комиссиянын мүчөсү анын аукциондук комиссиянын курамындагы ишине тоскоол болгон негиздер аныкталган учурда, аукциондун уюштуруучусунун буйругу менен анын курамынан чыгарылат.
33. Эгер аукциондук комиссиянын чыгарылган мүчөлөрүнүн саны аукциондук комиссиянын курамынын жарымын түзсө, аукциондун уюштуруучусу аукциондук комиссияны толугу менен таркатуу жана жаңысын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
34. Аукциондук комиссиянын төрагасы аукциондук комиссиянын ишин жетектейт, жыйындын күн тартибин бекитет жана аукциондук комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат.
Аукциондук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын аукциондук комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
35. Аукциондук комиссиянын жыйыны эгерде ага аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышса мыйзамдуу болот.
36. Аукциондук комиссиянын чечими ачык добуш берүү жана жыйынга катышкан аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
37. Добуштар тең болуп калган учурда аукциондук комиссиянын жыйындарына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
38. Аукциондук комиссиянын чечимине макул болбогон аукциондук комиссиянын мүчөлөрү өз пикирин жазуу жүзүңдө билдирүүгө укуктуу, ал аукциондук комиссиянын жыйынынын протоколуна милдеттүү түрдө кошулууга тийиш.
4. Аукцион өткөрүүнүн тартиби
39. Аукцион өткөрүлүүчү күнү аукциондук комиссия берилген аукциондук өтүнмөлөрдүн аукцион өткөрүүнүн тартибине жана шарттарына (жер казынасынын ар бир объектине карата) шайкештигин текшерүү максатында карап чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Аукциондук өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча аукциондук комиссия аукционго катышууга жол берүү жөнүндө же болбосо жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Аукционго катышууга жол берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим аукциондук өтүнмөлөрдү кароо протоколу менен таризделет.
Аукциондук өтүнмөлөрдү кароо протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бардык катталган аукциондук өтүнмөлөр;
2) өтүнмө ээлери тарабынан кайра сурап алынган бардык аукциондук өтүнмөлөр;
3) аукционго катышууга жол берилген аукциондук өтүнмөлөр;
4) аукционго катышууга жол берилбеген аукциондук өтүнмөлөр, баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен;
5) протоколдун датасы жана аукциондук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн койгон колдору.
42. Аукционго катышууга жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат, эгер:
1) өтүнмө ээсинен аукциондук өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө арыз келип түшсө, бирок аукциондук өтүнмө өтүнмө ээсине кайтарып бериле элек болсо;
2) аукциондук өтүнмөнүн мазмуну өткөрүлүүчү аукциондун шарттарына шайкеш келбесе (башка жер казынасынын объекти, аукционду өткөрүү датасы көрсөтүлгөн);
3) өтүнмө ээси тарабынан документтердин толук тизмеси берилбесе, же берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
4) өтүнмө ээси (же анын өкүлү) аффилирленген жак же башка өтүнмө ээлерине (же алардын өкүлдөрүнө) карата жакын тууганы болсо.
43. Ушул Жобонун 42-пунктунда каралган баш тартуу үчүн негиздер өтүнмө ээсине аукционго катышууга жол берүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин жана аукцион башталганга чейин аныкталган учурда, аукциондук комиссия тарабынан аукциондук өтүнмөлөрдү кароонун протоколуна тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен бул өтүнмө ээсинин катышуусуна жол берүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
44. Аукционго катышууга жол берилген өтүнмө ээлерине жана аукционго катышууга жол берилбеген өтүнмө ээлерине аукциондук комиссиянын катчысы аукцион өткөрүлүүчү күнү, аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндө кабарлайт.
45. Аталган жактар аукциондук өтүнмөлөрдү кароонун протоколуна кол койдуруу менен тааныштырылат. Өтүнмө ээси кол коюудан баш тарткан, же жок болгон учурда протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
46. Аукцион өткөрүү башталганга чейин аукциондук комиссиянын катчысы катышуу үчүн келген катышуучуларды каттоого киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Аукциондун катышуучуларын (катышуучулардын өкүлдөрүн) каттоо ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аукциондун катышуучуларын каттоо барагында жүргүзүлөт жана аларга ыйгарылган каттоо номерлери бар табличкалар берилет.
48. Аукционго катышуу үчүн келген аукциондун катышуучуларынын өкүлдөрү каттоо учурунда төмөнкү документтерди көрсөтөт:
1) уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу юридикалык жактардын жетекчилери - ким экендигин күбөлөндүргөн документти;
2) жеке ишкерлер - ким экендигин күбөлөндүргөн документти;
3) катышуучулардын ишеним каттын негизинде иш алып баруучу өкүлдөрү:
а) ким экендигин күбөлөндүргөн документти;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним катты.
49. Ишеним катта жер казынасынын объектин, аукцион өтүүчү датаны, ошондой эле аукциондун баштапкы ставкасын көтөрүүгө, аукциондун ставкасын көтөрүү укугун, анын ичинде мамлекетке өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн жогорулатуу, жыйынтыктоочу протоколго кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ошол адамдын аукционго катышуу боюнча ыйгарым укуктары чагылдырылууга тийиш. Аукционго катышууга ишеним каттын түп нускасы аукциондун уюштуруучусунда калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Катышуучуларды каттоо аукцион башталаарга он мүнөт калганда аяктайт. Каттоо баракчасы аукциондук комиссиянын төрагасына тапшырылат.
51. Аукциондун катталган катышуучусу аукциондун катышуучусунун номери бар табличканы алат. Аукционго катышуучу катары катталбаган өтүнмө ээси аукционго катыша албайт.
52. Тоорук процессинде катышуучу катары катталбаган башка адамдын номери бар табличканы пайдалануусуна тыюу салынат.
53. Каттоо аяктагандан кийин аукциондун катышуучулары аукцион өтүүчү жайга чакырылат.
54. Аукцион өтүүчү жайда анын катышуучулары көрүүчүлөрдөн, аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнөн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн жана аукциондун катышуучулары болбогон башка адамдардан бөлөк жайгашуусу тийиш.
55. Аукционду өткөрүү аукциондун уюштуруучусу тарабынан келишимдик негизде тартылган же аукциондун уюштуруучусунун кызматкерлеринин ичинен тартылган аукциончуга тапшырылат.
56. Аукциондун баштапкы ставкасы жер казынасынын объекти үчүн минималдуу бааны камтыйт, ал өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыйт.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендеринде иштетүү максатында мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы өлчөмү 30 пайызды түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
561. Аукцион ачык формада өткөрүлөт. Аукциондун кадамынын чоңдугу баштапкы баанын 10 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
Иштетүү максатында алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерине аукциондун кадамынын чоңдугу төмөнкүдөй маанилерде белгиленет:
1) жер казынасынын объекти үчүн минималдык баанын 10 пайызы;
2) мамлекеттин үлүшүнүн 0,1 пайызы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Аукцион жер казынасынын объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды, жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүүнүн тартибин, жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана аукциондун кадамын жарыялоо менен башталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Аукциончу жер казынасын пайдалануу укугунун объектинин баштапкы ставкасын жарыялайт жана эсептөөнү баштайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Эгер аукциончу баштапкы бааны жарыялагандан кийин жана бул көрсөткүч үч жолу кайталангандан кийин аукциондун бир дагы катышуучусу өзүнүн каттоо номери бар табличкасын көтөрбөсө, аукцион токтотулат жана аукцион өткөн жок ден таанылат.
60. Бир табличка көтөрүлгөн учурда аукциончу өзүнүн табличкасын көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин, аукциондун кадамын эске алуу менен же болбосо ал аукциондун кадамынан жогору болсо, катышуучунун сунушун эске алуу менен ставканы атайт. Бир нече табличкалар көтөрүлгөн учурда аукциончу өзүнүн табличкасын биринчи болуп көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин атайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Аукциончу катышуучунун каттоо номерин жана ставкасын жарыялагандан кийин аукциондун катышуучулары табличкаларды көтөрүү жолу менен баанын жогорулашын сунуштоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Аукциончу катышуучунун каттоо номерин жана ал сунуш кылган ставканы көрсөтүү менен ставканын ар бир жогорулашын белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Аукциондун жүрүшүндө катышуучу тарабынан аукциондун кадамынан ашык бааны сунуштоого жол берилет. Ошол эле учурда баанын бир сунушу төмөнкү градацияга ылайык максималдуу кадамдан жогору болушу мүмкүн эмес:
1) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү;
2) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү;
3) объекттин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү;
4) объекттин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
631. Алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жүрүшүндө катышуучу тарабынан аукциондун кадамынан ашык ставканы сунуштоого жол берилет. Бул учурда, сунушталган бир ставка төмөнкү градацияга ылайык максималдуу кадамдан жогору болушу мүмкүн эмес:
1) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 5 пайызы;
2) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 4 пайызы;
3) объекттин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 3 пайызы;
4) объекттин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 2 пайызы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
632. Эгерде аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү аз болсо, анда мамлекеттин үлүшү төмөнкү градацияга ылайык аныкталат:
1) аукцион объектинин акыркы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 10 пайыз;
2) аукцион объектинин акыркы баасы он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү -15 пайыз;
3) аукцион объектинин акыркы баасы жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 20 пайыз;
4) аукцион объектинин акыркы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 25 пайыз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Аукционду өткөрүүдө аукциончу узактыгы он мүнөттөн ашпаган бир тыныгуу жарыялоого укуктуу.
65. Эгер аукциондун катышуучусу сунуштаган кезектеги ставка үч жолу жарыялангандан кийин аукциондун бир да катышуучусу өзүнүн каттоо номери бар табличкасын көтөрбөсө, аукцион аяктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Аукциондун жеңүүчүсү болуп номерин жана ал сунуштаган ставканы аукциончу акыркы атаган аукциондук катышуучусу таанылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аукциондун жыйынтыктарын тариздөө
67. Аукциондун натыйжасы аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) аукцион өткөрүлүп жаткан жер казынасынын объектинин аталышы;
2) аукционду өткөрүүгө катышкан аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы;
3) аукциондун жеңүүчүсүнүн аты (аталышы), юридикалык жактын реквизиттери же жеке ишкердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин маалыматы;
4) аукциондун объектинин баштапкы ставкасы жана аукциондун кадамынын өлчөмү;
5) катышуучунун номерин көрсөтүү менен аукциондун ар бир катышуучусунун акыркы сунушталган ставкасы;
6) жер казынасынын объекти үчүн бааны жана аукциондун жыйынтыгы боюнча белгиленген мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүн көрсөтүү менен аукциондун объектинин акыркы ставкасы;
7) аукцион өтпөй калгандыгы тууралуу маалымат (себептерин көрсөтүү менен).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) аукциондук өтүнмө түшпөсө же бир гана аукциондук өтүнмө берилсе;
2) эгер аукционго катышууга бир гана катышуучуга жол берилсе же эч кимге жол берилбесе;
3) эгер аукционго катышуу үчүн бир гана катышуучу катталса же эч ким катталбаса;
4) эгер аукциондун катышуучулары тарабынан баштапкы баадан жогору ставка сунушталбаса.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Аукцион жана/же кайра өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп таанылган учурда аукциондук комиссия, ал эми ушул Жобонун 68-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда аукциондун уюштуруучусу кайра аукцион өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат жана кайра аукцион өткөрүү датасын аныктайт.
Биринчи аукциондун жалгыз катталган катышуучусу кайра өткөрүлүүчү аукционго катышууга автоматтык түрдө жол берилди деп саналат.
70. Эгер эки аукцион катары менен өткөн жок деп таанылса, аукциондун уюштуруучусу бир жылдан кем эмес тыныгуу жарыялайт. Баштапкы тыныгуу аяктагандан кийин кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп таанылган учурда, аукциондун уюштуруучусу дагы бир жылга тыныгуу жарыялайт.
71. Өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол аукцион өткөрүлгөн күнү түзүлөт жана ага жыйынга катышкан аукциондук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана аукциондун катышуучулары кол коёт. Аукциондун катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
72. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол аукциондун уюштуруучусу тарабынан беш күндүк мөөнөттө бекитилет жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аукциондун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
721. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен Кыргыз Республикасынын аймагында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында юридикалык жак акционердик коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында уюштурулган учурда аукциондун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышына мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө тийиш.
Акционердик коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү акциялардын саны, түрү жана номиналдык наркы көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында юридикалык жак түзүлгөн учурда аукциондун жеңүүчүсү үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин уюштуруу документтеринде аныкталган өлчөмдө уставдык капиталга толук өлчөмдө акы төлөөгө тийиш.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууда өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмү пайыздык туюнтууда көрсөтүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Жеңүүчүнүн протоколго кол коюудан баш тартуусу, жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуш кылынган бааны төлөбөгөндүгү, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен аукцион жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин он беш банктык күндүн ичинде үлүштү мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзбөгөндүгү жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тартуу катары каралат.
Бул учурда уюштуруучу үч банктык күндүн ичинде жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алар сунуштаган кийинки жогорку ставкадан баштап кезектүүлүк тартибинде кийинки катышуучуларга сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөт катышуучу жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тарткан ар бир учурда колдонулат. Бул учурда аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алууга макулдугун берген катышуучу таанылат.
Жер казынасынын объектин пайдалануу укугунан бардык катышуучулар баш тарткан учурда, аукциондун уюштуруучусу аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайра аукцион өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Мында баш тарткан катышуучуларга кепилдик төгүм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- катышуучуларды каттагандан кийин аукционго катышуудан баш тартуу;
- аукциондун жыйынтыктарынын протоколуна кол коюудан баш тартуу;
- билдирилген сумманы төлөөдөн баш тартуу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен үлүштү мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзбөө;
- лицензия алуудан баш тартуу же аукцион өткөрүлгөн датадан тартып 30 күндүн ичинде лицензияны албоо;
- эгерде арыз ээси арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин аукционго катышууга өзүнүн арызын кайтарып алса.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 , 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
74. Аукциондун жеңүүчүсү тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүм жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аны төлөөнүн эсебине чегерилет. Калган сумма аукциондун жеңүүчүсү тарабынан аукциондун шарттарында көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча 15 банктык күндүн ичинде төлөнөт. Төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы аукциондун объектисинин акыркы баасынан ашкан учурда, ашкан сумма протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 банктык күндүн ичинде аукциондун катышуучусуна кайтарылып берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын жыйынтык суммасы аукциондун жеңүүчүсү тарабынан 15 банктык күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин тиешелүү кодуна мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Аукциондун уюштуруучусу бир айлык мөөнөттө аукциондун жеңүүчүсүнө жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна лицензия берүү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш.
77. Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, аукционду өткөн жок деп таануу же аны токтотуу жөнүндө протокол аукциондун уюштуруучусунун расмий сайтында чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен жарыяланышы керек.
78. Жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин (чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак үчүн), жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилгенге чейин аукциондун жеңүүчүсү 100% үлүштүк катышуусу менен туунду юридикалык жакты түзүшү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүшү керек.
79. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жер казынасынын объекти үчүн наркты толук төлөгөндүгү жөнүндө документтерди алган жана аукциондун жеңүүчүсү төмөнкүлөрдү берген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт:
- акционердик коомдор үчүн - түзүлгөн макулдашууга ылайык акцияларга менчик укугу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү менен чарбалык субъектке өтүшүн ырастаган, көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан берилген акционерлердин реестринен көчүрмөлөр;
- башка чарбалык коомдор үчүн - уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар чарбалык субъектти киргизүүнү ырастаган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр жана уюштуруучулардын (катышуучулардын) өзгөртүлгөн курамы менен уставынан көчүрмөлөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Лицензиялык макулдашууда кошумча өткөрүлгөн аукциондун ажырагыс шарттары болгон жана аукциондун жеңүүчүсү кабыл алган жер казынасынын объекттерин пайдаланууга карата негизги талаптар (инвестицияларды жумшоо, квалификациялуу адистерди тартуу, ишти баштоо, фабриканы куруунун мөөнөтү ж.б.) белгиленет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъекттин Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталында белгиленген үлүшүн лицензияны колдонуунун бардык мезгилинде сактоо жөнүндө милдеттенме лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Аукциондун жеңүүчүсү андан ары жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды аткарбаган учурда, ага алган милдеттерди аткаруунун мөөнөтүн кечиктирген ар бир күн үчүн жер казынасынын объектинин жер казынасын пайдалануучу төлөгөн наркынан күнүнө 0,1 пайыз өлчөмүндөгү айып санкциясы колдонулат.
6. Аукционду жылдыруу, аукционду жокко чыгаруу, аукционду жараксыз деп таануу
82. Белгиленген мөөнөттө аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон жагдайлар пайда болгон учурда, аукциондук комиссия тарабынан аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
- аукционду өткөрүү күнүндө белгилүү болгон аукциондук комиссиянын жыйыны үчүн кворумдун жоктугу;
- ал жеткис жагдайлар, ошондой эле өзгөчө жана мындай шарттарда болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо;
- аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон сот актысы болгондо.
Аукцион өткөрүлүүчү күнү аны өткөрүүгө тоскоол болгон жагдайлар пайда болгон учурда аукциондук комиссия, ал эми кворум жок болгон учурда - аукциондук комиссиянын төрагасы аукциондук комиссиянын жыйынын 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгер аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон жагдайлар 30 күндөн ашык мөөнөткө созулса, аукциондук комиссия же кворум жок болгон учурда анын төрагасы аукционду жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
83. Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим аукциондук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алынса, жаңы берүү мөөнөтү белгиленет.
Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшкөн аукциондук өтүнмөлөр ушул Жободо белгиленген тартипте катталат жана каралат.
Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымдоо аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя берилген тартипте жана ыкмада ишке ашырылат, ошондой эле өтүнмө ээлерине телефон жана факсимилдик байланыш каражаттарынын жардамы менен же электрондук почта аркылуу кабарланат.
84. Эгер жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим аукциондук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынса, анда мурда белгиленген берүү мөөнөтү өзгөртүлбөйт. Бул учурда мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат өтүнмө ээлерине ыкчам тартипте жеткирилет.
85. Аукциондун уюштуруучусу аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу:
1) аукционду өткөрүүнү даярдоо процессинде мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталган учурда аукционду өткөрүү датасына чейин 3 күндөн кечиктирбестен;
2) аукцион өткөрүү күнү:
- сот актыларынын негизинде;
- ал жеткис жагдайлардын натыйжасында.
86. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукционду жокко чыгаруу жөнүндө чечим аукциондун уюштуруучусунун буйругу менен таризделет. Аукцион жокко чыгарылган учурда мурда берилген өтүнмөлөр жана төлөнгөн кепилдик төгүмдөр өтүнмө ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш.
87. Мурун жер казыналарынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилген жана жер казыналарынын аукциондук участокторунун критерийлерине шайкеш келбеген жер казынасынын участоктору, эгер алар боюнча эки аукцион катары менен өткөн жок деп таанылса, аукцион өткөрүүдө тыныгуу жарыялоосуз реестрден чыгарылат.
88. Ушул Жобо берилген аукциондук өтүнмөлөрдү тариздөөгө жана аларга тиркелген документтердин тизмесине карата талаптардан тышкары, бул Жобо күчүнө киргенге чейин жарыяланган жана мөөнөтү жылдырылган аукциондорго карата колдонулат.
89. Ушул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн аукцион кызыкдар жактардын арыздары боюнча, эгер бул бузуулар тооруктун жеңүүчүсүн аныктоого таасирин тийгизсе, сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Аукционду жараксыз деп таануу тоорукту жеңген жактын жер казынасын пайдалануу укугунун жараксыз болуп калышына алып келет.
90. Тараптардын ортосунда пайда болгон жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
91. Өткөрүлгөн аукциондордун бардык материалдары, анын ичинде аукциондун бардык катышуучуларынын аукциондук өтүнмөлөрү жана алар берген документтер, аукциондорду өткөрүү датасына чейин кайра сурап алынган өтүнмөлөр боюнча документтерден тышкары, аукциондун уюштуруучусу тарабынан үч жыл бою сакталат.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Аукционго катышууга типтүү өтүнмө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, ______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________________,
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
__________________________________________________________________________,
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, катталган күнү жана каттаган орган,
дареги, банктык реквизиттери) атынан, (адам кайсы документтин негизинде иш алып
баргандыгы, эгерде өкүл ишеним кат боюнча иш алып барса - анда ишеним каттын
реквизиттери көрсөтүлөт) негизинде иш алып баруу менен.
Жеке жактар үчүн:
Мен, _______________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________________________________________________________,
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
____________________________________________________________________________,
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_______________________________________________________ дареги боюнча жашаган,
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
муну менен __________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
жер казынасынын участогу (участоктору) боюнча, ________________________________
______________________ лоту (лоттору) боюнча (орду жана убактысы) өтүүчү
аукционго катышуу тууралуу ниетимди билдирем.
Ушуга байланыштуу мен
- ___________________________________________________________________________;
- ___________________________________________________________________________;
квитанциясы (квитанциялары) боюнча __________________________________________
_____________________________________________________________________________
_______________________________________________________________ сом өлчөмүндө,
(жазуу менен)
кепилдик төгүм, ошондой эле аукционго катышуу үчүн
- ___________________________________________________________________________;
- ___________________________________________________________________________
квитанциясы (квитанциялары) боюнча __________________________________________
________________________________________________________________________ сом
(жазуу менен)
өлчөмүндө жыйым төлөдүм.
Аукциондун тооруктарында жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аукциондо сатып алынган участоктун жер казынасын пайдалануу укугунун наркын аукциондун шарттарында аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл төлөмдөрдү төлөөгө;
31) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбалык субъект менен Кыргыз Республикасында өзү түзгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө;
4) аукциондун уюштуруучусу тарабынан белгиленген жер казынасынын участогун аукционго коюунун ажырагыс шарттары болгон жер казынасынын участогун пайдаланууга карата талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда — Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун
81-пунктунда белгиленген айып санкцияларын төлөөгө.
Мен тооруктун жеңүүчүсү болуп таанылган жана кийин аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же жер казынасын пайдалануу укугунан баш тарткан учурда төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарылып берилбей тургандыгына макулмун.
Участоктун жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алганга чейин ушул өтүнмө аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен бирге жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өтүнмө ээсинин ортосундагы келишимдин күчүнө ээ.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. ____________________________________________________________________________.
2. ____________________________________________________________________________.
3. ____________________________________________________________________________.
4. Кепилдик төгүмдүн жана аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документи.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү берүүдө паспортту өзү көрсөтөт.
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу:
Дата 20___-жылдын "___" ______________
Кабыл алынды: _______________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызмат орду)
(так убакытты көрсөтүү менен өтүнмө кабыл алынган күн)
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу).
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо ЖУРНАЛЫ
Журнал таблица формасында түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблицанын мамычасында төмөнкү маалыматтар камтылат:
- каттоо номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык жак/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, колу;
- ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана орду;
- юридикалык жак үчүн: аталышы, каттоо номери жана датасы, каттаган органдын аталышы;
- дареги, телефону;
- кепилдик төгүмдү кайтаруу үчүн банктык реквизиттер жана эсептин номери;
- кепилдик төгүм төлөнгөн дата, төлөө тапшырмасынын мүнөзү жөнүндө маалымат;
- кепилдик төгүмдү төлөөнүн суммасы;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөнүн ырастаган документтин реквизиттери;
- каттоо датасы жана убактысы.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Аукциондун катышуучуларын каттоо БАРАГЫ
Каттоо барагы таблица формасында түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблицанын мамычасында төмөнкү маалыматтар камтылат:
- каттоо номери;
- табличка номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык жак/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, колу;
- ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана орду;
- юридикалык жак үчүн: аталышы, каттоо номери жана каттоо датасы, каттаган органдын аталышы.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Жер казынасынын аукциондук участоктору
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
Пайдалуу кендердин тобу | Иштин түрү |
1-топ - мунай жана газ | Геологиялык-издөө иштери |
Геологиялык чалгындоо иштери | |
Иштетүү | |
3-топ - калган пайдалуу кендер | Геологиялык-издөө иштери |
Геологиялык чалгындоо иштери (*) | |
Иштетүү (*) |
Эскертүү.
(*) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунан тышкары.