Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 584
“Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1994-ж., №3, 85-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-статьясында:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы “калкты” деген сөздөн кийин “, ошондой эле өнөр жай объекттерин” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү “Аймакты” деген сөзгө чейин “Ушул статьянын 31-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда” деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүгү менен толукталсын:
“31. Өнөр жай комплекстерин куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аркылуу курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.”;
29-статьясынын үчүнчү абзацындагы “тиешелүү уруксатысыз” деген сөздөр “долбоордук-сметалык документтерге карата экспертизасынын оң корутундусу болмоюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36-статьяда:
а) 3-бөлүгүндөгү “, курулушка уруксат берилгени жана ал берилген мөөнөтү көрсөтүлгөн маалыматты” деген сөздөр “долбоордук-сметалык документтерге карата экспертизалардын оң корутундусу жана ал берилген дата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү “Курулуш ниетин ишке ашырууга жер участогун же белгиленген тартипти бузуу менен курулуш иштерине уруксат” деген сөздөр “Жер участогун жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн документтерди белгиленген тартипти бузуу менен берген” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 39-статьясынын 2-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41-статья. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугуна баа берүү
1. Курулган объект, ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин - башка ченемдик укуктук актыларга жана долбоордук-сметалык документтерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга тийиш болгон объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугуна баа берүү архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
3. Пайдаланууга киргизилүүчү жеке турак жай курулуш объектисинин ылайыктуулугун баалоо менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде ишке ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө билдирүүнү архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү. Эгерде объектти куруу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, билдирүүгө объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.
4. Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулуштардын комплексин курууда пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо капиталдык курулуштун объекттеринин ар бири боюнча өзүнчө ишке ашырылат.
Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга болбойт.”;
6) 45-статьясынын 1-бөлүгүндө:
а) он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) жыйырма биринчи абзацындагы “өзгөртүү” деген сөз “өз алдынча өзгөртүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 74-статьясынын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектура ишине чет өлкөлүк фирмалардын, уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын катышуусу Кыргыз Республикасынын лицензия-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.”.
2-берене
“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосту, 1991-ж., № 22, 700-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьясында:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, архитектура- курулуш иштери чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жекече турак үйдүн долбоорунун;”;
б) төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- долбоордук-сметалык документтерге карата экспертизанын оң корутундусунун.”;
2) 11-статьясындагы “уруксат” деген сөз алып салынсын;
3) 21-статьясында:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21-статья. Пайдаланууга берилүүчү жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо”;
б) 1-бөлүгүндөгү “Курулган” деген сөз “Пайдаланууга берилүүчү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндөгү “курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр “, архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгүндөгү “Курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “Архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене
“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүү боюнча долбоордук-сметалык документтерге экспертизаларды жасоо;”;
б) 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугуна баа берүү”.
4-берене
“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1195-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренесинин 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене
“Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1196-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренесинин 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти