Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 575 токтому менен бекитилди
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Москва шаары, 2018-жылдын 28-апрели
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз-Россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп,
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-беренесинде:
- 3-пункту "эске алуу максатында," деген сөздөрдөн кийин "ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо Россия Федерациясынын мыйзамында белгиленген убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоону колдонбостон," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоо 2018-жылы Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайзаттарды түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгарууда 2018-жылдын индикативдүү баланстарына ылайык колдонулат.
5. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына иш жүзүндө ташып чыгарылбаган Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарларды Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып чыгаруу максатында товарларга берилген убактылуу бажылык декларациялар 2018-жылдын индикативдүү баланстарына ылайык ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо берилген жок деп эсептелет.".
2-берене.
Ушул Протокол дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин Макулдашуунун жоболору ушул Протоколдо кандай өзгөрүлгөн болсо, ошондой түрдө убактылуу колдоно башташат.
2018-жылдын 28-апрелинде Москва шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |