Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда мунайды жана мунай өнүмдөрдү жөнөтүү алкагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2016-жылдын 6-июну
(2017-жылдын 12-сентябрындагы, 2018-жылдын 28-апрелиндеги, 2019-жылдын 28-мартындагы Протоколдордун редакцияларына ылайык)
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Келишимде жана 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндө Декларацияда бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып,
2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода зонасы жөнүндө Келишимди жетекчиликке алып,
мунайды жана мунай өнүмдөрүн жөнөтүү алкагында өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүдөгү кызыкчылыктардан улам,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайды жана мунай өнүмдөрүн жөнөтүү алкагында Тараптардын кызматташуусунун шарттарын аныктоо болуп саналат.
2-берене.
Ушул Макулдашуу боюнча иштерди координациялоону жана ушул Макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөөнү төмөнкү компетенттүү органдар ишке ашырат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.
Компетенттүү органдары өзгөргөн учурларда, Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине ошол замат кабарлашат.
3-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары 2017-жылы Кыргыз Республикасында 2017-жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товарлар) ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана алар боюнча 2017-жылга индикативдик баланстарды бекитишет.
Товарларды кийинки жылдарда ички керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү эсепке алынган кийинки календарлык жылга мунай чийки заттары (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын коду (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 2709 00, автомобилдик бензин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 12 411 0, 2710 12 412 0, 2710 12 413 0, 2710 12 419 0 ичинен, 2710 12 450 0 ичинен, 2710 12 490 0 ичинен), дизель отуну (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 19 421 0, 2710 19 422 0, 2710 19 423 0, 2710 19 424 0, 2710 19 425 0, 2710 19 429 0 ичинен, 2710 19 460 0 ичинен, 2710 19 480 0 ичинен), реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2710 19 210 0) боюнча индикативдик баланстарды жана 2713 20 000 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН субпозициясына карата түшүндүрмөлөргө ылайык мунай кара чайырынын физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен мунай кара чайыры (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) боюнча протоколду (мындан ары - индикативдик баланстар жана протокол) бекитүү аркылуу үстүдөгү календардык жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан макулдашылат. Көрсөтүлгөн товарларды ташып чыгарууда ЕАЭБ ТЭИ ТН коддордун жана товарлардын аталыштарын жетекчиликке алуу керек.
Ар бир үстүдөгү календардык жылга индикативдик баланстарды жана протоколду тактоо Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ички керектөөнүн негизделген өзгөрүүсүн эсепке алуу менен учурдагы календарлык жылдын 15-августуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Тарап үстүдөгү календардык жылдын 5-сентябрына чейин Россия Тарапка кийинки календардык жылга индикативдик баланстарды жана протоколду түзүү боюнча сунуштарын берет, ал эми үстүдөгү календардык жылдын 15-ноябрына чейин 9 айдын ичиндеги индикативдик баланстардын жана протоколдун аткарылышы жөнүндө жана алардын үстүдөгү календардык жылы күтүлгөн аткарылышы тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берет.
Тараптардын компетенттүү органдары 2019-жылы Кыргыз Республикасында 2019-жылга мунай кара чайырын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана 2713 20 000 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН субпозициясына карата түшүндүрмөлөргө ылайык мунай кара чайырынын физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен 2019-жылга протоколду бекитишет, ал бекитилген датадан тартып пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.
(2019-жылдын 28-мартындагы Протоколдун редакциясына ылайык)
4-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин чарба жүргүзүүчү субъекттери (резиденттери) Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына товарларды жөнөтүүнү ишке ашыруу үчүн Тараптар шарттарды түзүшөт
5-берене.
1. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына индикативдүү баланстарда жана протоколдо каралган көлөмдө ички керектөө үчүн жөнөтүлүүчү товарларга карата Россия Тарабы ташып чыгаруунун бажы алымдарын албайт.
2. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына календардык жылы индикативдүү баланстарда жана протоколдо, ошондой эле индикативдик баланстарда жана протоколдо каралбаган товарларга карата каралган көлөмдөн ашыкча алып келинген товарларга карата Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык биримдигинин укуктарын түзүүчү бажыны жөнгө салуу алкагындагы эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, Россия Федерациясынын бюджетине ташып чыгаруунун бажы алымдары төлөөгө жатат.
3. Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык бөлүктөр бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарлар эсепке алуу максатында, ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо Россия Федерациясынын мыйзамында белгиленген убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоону колдонбостон, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгаргандай эле, Россия Федерациясында бажылык декларацияланууга тийиш.
4. Убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоо 2019-2024-жылдары Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайзаттарды түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгарууда 2019-2024-жылдарга индикативдик баланстарга ылайык колдонулат.
Товарларга карата убактылуу декларацияны берүүдө ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу индикативдик баланстарда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмү ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөсүз декларацияланган товарлардын топтолгон көлөмүнөн ашпаган товарлардын көлөмүнө карата товарларга убактылуу декларацияны чыгаруу учурунда колдонулат.
Ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу максаттары үчүн товарларды эсепке алуу төмөнкү учурлардын биринде, товарларга карата убактылуу декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмүнө жараша Россия Федерациясынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
товарларга карата убактылуу декларацияда көрсөтүлгөн товарлар берилүүчү айдын 15ине чейин товарларга толук декларацияны берүү, эгер товарларга карата убактылуу декларация товарлар берилүүчү айдын 1ине чейин берилсе;
товарларга карата убактылуу декларацияны берүү датасынан тартып 15 календардык күндүн ичинде товарларга толук декларацияны берүү, эгер ал товарларды берүү айында берилсе.
Эгер товарларга карата толук декларация ушул пункттун төртүнчү же бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганда берилсе, анда жалпысынан ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөөсүз декларацияланган топтолгон товарлардын көлөмү индикативдик баланстарда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмүнөн ашкан товарлардын көлөмүнө карата ташып чыгаруу бажы алымдары, ошондой эле товарларга убактылуу декларацияны каттоо датасынан тартып товарларга толук декларация боюнча ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруу датасына чейин эсептелген туумдар төлөнүүгө тийиш.
Ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу максаттары үчүн 1 календардык айдан ашкан берүү мезгили менен товарларга карата убактылуу декларацияны берүүгө жол берилбейт.
5. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына иш жүзүндө ташып чыгарылбаган Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарларды Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып чыгаруу максатында товарларга берилген убактылуу бажылык декларациялар 2018-жылдын индикативдүү баланстарына ылайык ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо берилген жок деп эсептелет.
(2018-жылдын 28-апрелиндеги, 2019-жылдын 28-мартындагы Протоколдордун редакцияларына ылайык)
6-берене
1. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына жөнөтүлүүчү товарлар ушул Макулдашууга ылайык, Россия Федерациясында ташып чыгууга бажы алымдары алынбаса, үчүнчү өлкөгө кайра экспорттолбойт.
Тараптардын компетенттүү органдары үстүбүздөгү календардык жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода статистикасынын маалыматы менен товарларды экспорттоо (импорттоо) жөнүндө статистикасынын маалыматын салыштырышат.
2. Ушул беренеде каралган кайра экспортко тыюу Кыргыз Республикасына Евразия экономикалык биримдигинин башка мүчө-мамлекеттерден алынып келген, чыгарылган өлкөсү Россия Федерациясы болуп саналган товарларга жайылтылат.
3. Мурда Россия Федерациясынан ташып чыгаруу бажы алымдары алынбастан Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймагына чыгарылган товарлар Кыргыз Республикасына кайра экспорттолгон болсо, ушул Макулдашуунун чегинде Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын аймагынан ташып чыгаруу бажы алымдары алынбастан алынып келген товарлар деп таанылат.
4. Россия Тарап ушул беренеде каралган кайра экспорттоого тыюу салууну бузган фактысын белгилеген учурда, Тараптар жана алардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 9-беренесинде каралган макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүшөт.
Эгерде ушундай жол-жоболордун жүрүшүндө Россия Тарабы дипломатиялык каналдар боюнча Кыргыз Тарабына кайра экспорттоо фактысы табылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү биринчи билдирүүсүн жиберген күндөн тартып, 2 айдын аралыгында өз ара алгылыктуу сүйлөшүүлөргө жетишпесе, Россия Тарабы ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 1-пунктунда каралган Кыргыз Республикасына товарларды алымсыз жөнөтүүнү токтотуп коюу укугун өзүнө калтырат.
7-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Тараптар бул Макулдашуунун, Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, инвестицияларды уюштуруу, иштетүү жана жүзөгө ашыруу жөнүндө Протоколдун жоболорун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге карата № 16 тиркеме) ишке ашыруунун алкагында Тараптар өз ара мамилелеринде инвестицияны колдонушат.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2 айдан кечиктирбей өз ара маалымат алмашуунун тартибин макулдашышат, атап айтканда, квартал сайын Тараптардын компетенттүү органдары бири-бирине Кыргыз Республикасына товарларды алып келүүнүн, чыгаруунун, өндүрүүнүн жана ички керектөөнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды беришет.
2. Тараптар өздөрүнүн компетенттүү органдары аркылуу өз учурунда маалымат менен, анын ичинде ушул Макулдашууну аткаруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу иштерге тиешелүү болгон өз мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларына карата маалыматтар менен алмашууну ишке ашырышат.
9-берене.
Тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна тоскоолдук түзгөн жагдайлар пайда болгон учурда, Тараптардын компетенттүү органдары пайда болгон тоскоолдуктарды жоюу жана ушул Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында тийиштүү кеңештерди өткөрүшөт.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана (же) колдонууда Тараптардын, компетенттүү органдардын ортосунда кеңештерди жүргүзүү жолу менен четтетилбеген каршы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр өзүнчө протокол тариздөө менен киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү тиешелүү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу ушул Макулдашууну колдонууну токтотууга укуктуу. Мындай учурда аталган билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин ушул Макулдашууну колдонуу токтотулат.
3. Ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу анын колдонуу мөөнөтүндө түзүлгөн келишимдерде каралган милдеттердин аткарылышына таасирин тийгизбейт.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 6-июнунда эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда, орус тилиндеги текст негизге алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |