Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 585
Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
2018-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ЧЕНЕМДЕРИ
Жоготуулардын аталышы | 2018-жыл | |
Жаратылыш газынын газ түтүктөрүндөгү жоготуулары | 28,86 млн. м3 | 9,5% |
Эскертүү:
млн. м3 - газ түтүгүндөгү жаратылыш газын ченөө бирдиги;
% - газ түтүгүндөгү жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.