Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 69, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – ИИМ) ведомстволук бөлүмү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
(Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ИИМ буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын иши мыйзамдуулук, адамдын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, гуманизм, ачыктык жана айкындык, контролдо болуу жана отчеттуулук, жеке башчылык, баш ийүүчүлүк, кызматтык тартипти сактоо принциптерине негизделет.
4. Кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы жана фирмалык бланктары бар.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы";
- расмий тилде: "Служба по борьбе с незаконным оборотом наркотиков Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
6. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 80, почталык индекси 720021.
7. Кызмат өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүнүштөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
2. Кызматтын милдеттери
8. Кызматка төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, аларга бөгөт коюу, иликтөө жана бетин ачуу, ошондой эле аларды даярдаган, жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо жана табуу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алуу жана аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар тууралуу иштерди кароо;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, ошондой эле баңгиликтин алдын алуу маселеси боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жана таасири күчтүү заттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын функциялары
9. Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:
– Кыргыз Республикасынын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
– 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын тиешелүү бөлүмдөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттер аралык башка программаларды, эл аралык долбоорлорду аткарат;
– кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңги камтыган жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн улуттук тизмелерин (тизмектерин), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн алардын мааниге ээ болгон өлчөмдөрүн иштеп чыгууга катышат;
– Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетке баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга эл аралык квоталарды алуу үчүн маалыматтарды, ошондой эле Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети тарабынан белгиленген формалар боюнча статистикалык отчетторду берет;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, сатып алууга, пайдаланууга, соода жүргүзүүгө жана бөлүштүрүүгө лицензияларды, ошондой эле ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзиттөөгө уруксат берүүчү документтерди берет;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана белгиленген тартипте баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү эл аралык долбоорлорду ишке ашырат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө программалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө укукка каршы жосундардын алдын алуу боюнча профилактикалык ишти уюштурат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө ИИМдин комплекстүү программаларын жана пландарын, буйруктарын жана нускамаларын аткарат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алат жана аныктайт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
– Кыргыз Республикасынын ыкчам-иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзөт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
– белгиленген тартипте маалымат системаларын түзөт жана пайдаланат, ошондой эле ыкчам эсепке алуу иштерин жүргүзөт;
– ыкчам, архивдик жана башка материалдарды убактылуу сактоону жана пайдаланууну уюштурат;
– белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
– Кызматтын ишинин натыйжалары жөнүндө статистикалык маалыматтарды түзөт;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
– ички иштер органдарынын компетенциясына кирген баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштери боюнча криминалисттик коштоону, тергөөгө чейинки текшерүүнү жана тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашырат.
(Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын укуктары
10. Кызмат өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабай, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорду жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдама жана башка материалдарды сурап алууга;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча ИИМге сунуш киргизүүгө;
- жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, Кызматтын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылган укук бузууларды жана аракеттерди болтурбоону талап кылууга, ал эми ушул талаптар аткарылбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын көрүүгө;
- ички иштер органдары тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардан аларды күбөлөндүргөн документтерди жана башка документтерди текшерүүгө;
- эгерде жүктөлгөн милдеттерди аткарууну күч колдонбогон ыкмалар камсыз кылбаса, кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, аларды жасаган адамдарды кармоо, ошондой эле өзүн-өзү коргоо үчүн кара күчтү, анын ичинде күрөштүн ыкмаларын же мушташты, атайын каражаттарды же куралды "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонууга;
- Кызматтын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча жарандарды чакырууга, жарандардан түшүндүрмө, маалымкат, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн чыгарууга;
- бажы органдары менен өз ара аракеттенүүдө кол жүктөргө, багажга жана жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кароого;
- жарандарга, алардын буюмдарына, кол жүгүнө, багажына, автомототранспорттук каражатына жеке кароо жүргүзүүгө, эгер укук бузгандыгына жетиштүү негизде шектенүү болсо, предметтерди, каражаттарды, буюмдарды жана документтерди алып коюуга;
- мыйзамдарда каралган негиздер болсо, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабай, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдарынан сырткары) аймактарына жана имаратына, ошондой эле жеке жактар тарабынан жекече иштөө жана эмгектенүү үчүн колдонулуучу жайларга кирүүгө;
- жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер болгондо, өндүрүштүк, кампалык, соода жана кызматтык жайларды, транспорттук каражаттарды, ошондой эле товарларды, мүлктөрдү сактоонун жана колдонуунун башка жерлерине менчик ээсинин, же анын өкүлүнүн же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда кароого;
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана жумушчуларынан, ошондой эле жарандардан өз компетенциясынын чегинде зарыл болгон маалыматты, документтерди, түшүнүк каттарды алууга;
- кырсык, өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге баруу, шашылыш медициналык жардамга муктаж жарандарды медициналык мекемеге жеткирүү, кылмыш жасаган жактарды куугунтуктап, укук коргоо органдарына алып баруу үчүн жана кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон башка учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын багыттагы транспорт каражаттарынан башкасын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тоскоолсуз колдонууга;
- ички иштер органдары тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык максаттарда юридикалык жана жеке жактарга тийиштүү байланыш каражаттарын пайдаланууга;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду окууда жана изин суутпай издеө ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте пайдаланууга;
- өз компетенциясынын чегинде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө консультациялык, эксперттик жана кеңешме органдарды түзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын ишин уюштуруу
11. Кызматтын системасына башкармалыктар, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, топтор кирет.
12. Кызмат башчысы Кызматты жалпы жетектейт.
13. Кызмат башчысын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Кызмат башчысынын орун басарларын Кызмат башчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кызмат башчысы:
- Кызматты жетектейт жана ишин уюштурат, Кызматтын ишин жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
- Кызмат башчысынын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, өздүк курамдын функционалдык милдеттерин бекитет;
- Кызматтын кызматкерлерин кызматка дайындоо, которуу жана кызмат ордуларынан бошотуу, аларга атайын наам ыйгаруу, жумуштан бошотуу, тартипке чакыруу жазасын көрүү жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине сунуштарды киргизет;
- Кызматтын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставы менен белгиленген тартипте сыйлайт жана тартиптик жазаларды берет;
- өздүк курам менен кесиптик жана дене тарбия боюнча даярдыктан өтүүнү, аларды окутууну жана тарбиялоону камсыздайт, өздүк курамдын арасында кызматтык тартиптин жана мыйзамдын бузулушун болтурбоо боюнча чараларды көрөт;
- кызматкерлердин зарыл болгон жеке коопсуздук чараларын сактоосун, ошондой эле табелдик куралды, техникалык жана атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоосун контролдойт;
- өз компетенциясынын чегинде Кызматтын өздүк курамы тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кызматтын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга жиберет;
- акчаларды, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды, кредиттик жана эсептик милдеттерди, бухгалтердик отчётторду жана баланстарды алуу жана берүү үчүн негиз болуучу документтерге, ошондой эле келишимдерге жана ишеним каттарга кол коёт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жеке жана башкача эмгектенген, же ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенген жактарга баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө укукка каршы жосундарды жасоого көмөктөшүүчү шарттарды жана себептерди жоюунун зарыл чараларын көрүү керектиги тууралуу сунуштамаларды киргизүүгө укуктуу;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасынын иштешин, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылат;
– коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдардын талаптарынын, коррупцияга каршы стандарттардын сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону жүзөгө ашыруу аркылуу көрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Кызматтын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бекитилген штаттын санынын чегинде Кызмат башчысынын сунушу боюнча аныктайт.
16. Ыкчам кызматтык ишке байланыштуу маселелерди коллегиялык тартипте чечүү үчүн Кызматта 5 адамдан турган ыкчам кеңешме түзүлөт.
Кызматтын ыкчам кеңешмесинин мүчөлөрүнүн жеке курамын жана Ыкчам кеңешме тууралуу жобону Кызмат башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин ушул багытты тейлеген орун басары бекитет.
161. Кызматтын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматтын ишин контролдоо жана жоопкерчилиги
17. Кызматтын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөнөт жана контролдонот.
18. Кызматтын кызматкерлери укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Кызматтын кызматкерлери тарабынан юридикалык жактарга жана жарандарга келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.
7. Кызматты финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
19.Кызмат республикалык бюджеттен өз алдынча сап менен каржыланып, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылаййык бюджеттик, атайын жана валюталык эсептерине ээ болот.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу
20. Кызматтын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулат жана жоюлат.
21. Кызматтын иши токтогондо, анын жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.