Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-февралы № 72
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жободо:
- 8-пунктунда:
экинчи абзацы "бөгөт коюу" деген сөздөрдөн кийин ", иликтөө" деген сөз менен толукталсын;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бузуулар" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктуңда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын анологдорун же прекурсорлорду жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;";
жетинчи жана сегизинчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бузуулар" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- кызыкдар болгон тараптар менен биргеликте баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, баңги камтыган жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, иштетүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн улуттук тизмелерин (тизмегин), ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон өлчөмдөрүн иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө жиберет;
- ички иштер органдарынын компетенциясына кирген баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштери боюнча криминалисттик коштоону, тергөөгө чейинки текшерүүнү жана тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашырат.";
- 10-пунктунда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде жүктөлгөн милдеттерди аткарууну күч колдонбогон ыкмалар камсыз кылбаса, кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, аларды жасаган адамдарды кармоо, ошондой эле өзүн-өзү коргоо үчүн кара күчтү, анын ичинде күрөштүн ыкмаларын же мушташты, атайын каражаттарды же куралды "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонууга;";
сегизинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун биринчи абзацындагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунун бешинчи абзацындагы "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "укук коргоо органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
"161. Кызматтын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
8-пунктчасындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21) кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, баңги камтыган жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, иштетүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн улуттук тизмелерин (тизмегин), ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон өлчөмдөрүн иштеп чыгууга катышат;";
- 10-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-февралындагы № 20 (3355) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |