Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 590 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биргелешкен бажы кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 1-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана Түркия Республикасынын Соода министрлиги Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан (мындан ары "Тарап" жана бирге "Тараптар" деп аталуучу);
1998-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуунун багытында;
ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн компетенттүү органдар болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы бекем түзүлгөн кызматташтыктын мамилелерин ырастап;
Тараптардын ортосунда түзүлгөн бекем кызматташтык мамилелерин баса белгилеп;
соодага көмөктөшүү аркылуу экономикалык өсүшкө бажы органдарынын маанилүү ролун билип;
маалымат алмашуу боюнча Тараптардын аракеттери товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана адам ресурстарынын эки тараптуу агымынын өрчүп кетишине көмөктөшүүсүн белгилеп;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Жалпы жоболор
1) Ушуну менен Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын бажы органдарынын ортосундагы бажы ишинде кызматташууга көмөктөшүү үчүн Биргелешкен бажы кеңешин (мындан ары "ББК" деп аталуучу) түзүп жатышат.
2) ББК 1998-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алат жана ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык өзүнүн функцияларын аткарат.
3) Тараптардын бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыктын бардык аспекттерин өнүктүрүү ББКнын жана анын жумушчу топторунун алкагында жүзөгө ашырылат.
2-берене. ББКнын функциялары
1) ББК Тараптардын ортосундагы бажы маселелери боюнча кызматташууну координациялайт, колдойт жана өнүктүрөт, ошондой эле кызматташуунун негизги чөйрөлөрүн жана багыттарын аныктайт.
2) ББК төмөнкү чөйрөлөрдө Тараптардын ортосундагы кызматташууну координациялайт:
а) бажы маселелери боюнча кызматташууну кеңейтүүгө көмөктөшкөн жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө;
б) бажы чек арасы аркылуу ташууну жеңилдетүү, жөнөкөйлөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу, натыйжалуу бажы жол-жоболорун камсыздоо максатында биргелешкен аракеттер аркылуу кызматташуу;
в) бажы саясатына жана жол-жоболоруна, бажыдагы укук коргоо ишине, программаларды модернизациялоого жана жеткирүүлөрдүн коопсуздугуна карата билим жана алдынкы практика чөйрөсүндөгү тажрыйба менен алмашуу;
г) ташылуучу товарлар жөнүндө маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында бажы жол-жоболорунда жана бажы текшерүүлөрүндө колдонулган технологияларды өнүктүрүү жана арттыруу;
д) маалымат алмашуу жолу менен бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
е) бажы маселелери боюнча укук коргоо ишиндеги кызматташуу;
ё) ББК зарыл деп эсептеген бажылык иш жаатындагы башка ар кандай маселелер.
3-берене. ББКнын түзүмү
1) Тараптар белгиленген тартипте өздөрүнүн өкүлдөрүн ББК мүчөлөрү кылып дайындайт жана экинчи Тарапты бардык өзгөрүүлөрү тууралуу кабарлайт.
2) Тараптардын бажы органдарынын жетекчилери ББКнын тең жетекчилери болуп саналат.
3) Зарыл болгон учурда, бажы органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери ББКнын жумушчу топторунун жетекчилери болуп саналат.
4) Зарыл болгон учурда, бажы кызматкерлери ББКнын жыйындарынын жана жумушчу тобунун мүчөлөрү катары катышат.
5) Ушул берененин 2- жана 3-пункттарында каралган кызмат орундары, экинчи Тарап белгиленген тартипте кабарланган шартта делегациянын башка мүчөлөрүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.
6) ББКнын алкагында жумушчу топтор болуп төмөнкүлөр саналат:
а) эл аралык кызматташуу жана окутуу боюнча жумушчу топ;
б) бажы маселелери боюнча укук коргоо иш чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча жумушчу топ;
в) тобокелдиктерди башкаруу жана бажылык контролдоо боюнча жумушчу топ;
г) маалыматтык технологиялар боюнча жумушчу топ;
д) бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жумушчу топ.
7) ББК башка бажы чөйрөлөрүндөгү кызматташууну өнүктүрүү үчүн кошумча жумушчу топторду түзө алат.
8) Жумушчу топтор ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана ББКнын жыйындарында кабыл алынган чечимдерди жетекчиликке алат.
9) Жумушчу топтор өз ишинин жүрүшү жана натыйжалары тууралуу ББКга туруктуу билдирүүгө тийиш.
4-берене. ББКнын жыйындары
1) ББКнын жыйындары Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында кезеги менен жылына бир жолу өткөрүлүп турат.
2) Жыйынды өткөрүүнүн датасын жана күн тартибинин пункттарын Тараптар жыйын өткөрүүгө бир ай калганда макулдашууга тийиш. Башка маселелер талкуунун учурунда ББКнын жетекчилиги тарабынан сунушталышы мүмкүн.
3) Ар бир Тарап жыйындарга катышуу үчүн ББК аныктаган суроолорго байланыштуу башка өкмөттүк органдардын өкүлдөрүн жана эксперттерин чакыра алат.
4) Тараптардын өкүлдөрү ББКнын туруктуу жыйындарынын ортосунда шашылыш маселелер боюнча консультацияларды өткөрө алышат жана талкууланган маселе боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алып, аларды ББКнын кийинки жыйынынын протоколуна киргизе алышат.
5) ББКнын чечимдери Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кабыл алынат.
6) ББКнын жыйындарында кабыл алынган чечимдер, жыйындын аягында жетекчилер тарабынан кол коюлган жана Тараптар аткарууга кабыл ала турган протоколго киргизилет.
7) ББКнын жумушчу тили - англис тили, тиешелүү түрдө Тараптардын ортосундагы бардык корреспонденция англис тилинде жүргүзүлөт.
5-берене. Катчылык
1) Эл аралык кызматташууга жооптуу бажы органдарынын тиешелүү бөлүнүштөрү ББКнын катчылыгынын милдетин аткарышат.
2) Катчылык ББК жыйындарын өткөрүүдө уюштуруу жана башка жагынан колдоону камсыз кылууга милдеттүү.
3) Катчылык ББКнын күнүмдүк ишин колдоого жана координациялоого тийиш жана ББКнын жыйындарында кабыл алынган документтердин түп нускаларын белгиленген тартипте сактоого милдеттүү.
4) Тараптардын Катчылыгынын өкүлдөрү дайыма байланышта болууга тийиш жана зарыл болгон учурларда ББКнын жыйындарынын ортосунда жолугушууларды өткөрө алышат.
6-берене. Финансылык чыгымдар
1) ББКнын жыйындарына даярдануу жана аларды өткөрүү боюнча чыгымдарды кабыл алуучу Тарап которот. ББК кеңешмелерине катышуучулардын жана анын бөлүнүштөрүнүн иш сапардык чыгымдарын, эгерде башкасы каралбаса, Тараптар өз алдынча жабышат.
2) Ар бир Тарап ББК мүчөлөрүнүн жана анын бөлүнүштөрүнүн ишине байланыштуу бардык зарыл болгон чыгымдарды төлөйт.
7-берене. Башка макулдашуулар
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболору Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарды жана милдеттенмелерди козгобойт.
8-берене. Келишпестиктерди жөнгө салуу
1) Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан ар кандай талаштарды жана келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечишет.
2) Ар бир Тарап ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөгө, колдонууга жана оңдоолорду киргизүүгө, келип чыгышы мүмкүн ар кандай талаштарды жөнгө салууга тиешелүү консультацияларды экинчи Тараптан сурай алат.
3) Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык Тараптардын ортосунда өткөрүлүүгө мүмкүн болгон ар кандай сүйлөшүүлөр жана консультациялар, эгерде башка чечим кабыл алынбаса, жазуу жүзүндөгү суроо-талап келген күндөн тартып 20 күндүн ичинде башталышы керек.
9-берене. Толуктоолор жана оңдоолор
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун 10-беренеси менен аныкталган тартипте күчүнө кирген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделет.
10-берене. Күчүнө кирүүсү, узактыгы жана токтотулушу
1) Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум дипломатиялык каналдар боюнча күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени алган датадан тартып күчүнө кирет.
2) Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум белгиленбеген мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бирөөсү анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тараптын жазуу жүзүндө билдирмесин алган күндөн тартып колдонулушу 6 ай өткөндөн кийин токтотулат.
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлду, эки нускада, ар бири кыргыз, түрк жана англис тилдеринде, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы |
| Соода министри |
Алмаз Онолбеков |
| Рухсар Пекжан |